![]() |
![]() |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
"НУР САНДЫК" Миң уккандан бир көргөн Кыргыз жигиттери өз ишкердигин Москвада да көрсөтө алды. Алардын аракети менен кыргыз мигранттардын башын бириктирген шаарча пайда болду. Аны биз Москвада "Кыргыз шаарчасы" - деп атап койдук, анткени Москванын бир эле жеринде кыргыздын кыз уланы иштеткен "Кг -312", "Шерине", "Мельница", "Ала-Тоо", "Сулайман Так" кафелери жана билярд залы каз- катарынан тизилип көз жоосун алат. Өзгөчө "Сулайман-Так" кафеси абасы таза көл жээгинде жайгашып, көз ирмемге кыргыз жергесине барып келгендей элес калтырат. Бийге ылайыктуу чоң залы таза аба жутканга ыңгайлуу жайкы сереси кимди да болсо өзүнө тартып турат. Анда эмесе мекендештер өз каалоңуздар менен кыргыз кафелерин тандап алып таң аткыча эс алыңыз. Анткени аты аталган беш кафе тең күнү-түнү кызмат көрсөтөт. Албетте "Кыргыз шаарчасынын адреси кандай экен деп кызыгып сурасаңыз, окурман. Эмесе, миң уккандан бир көргөн демекчи Партизанская метросунан 5 минуттук аралыкта жайгашкан аты аталган беш кыргыз кафесине келип, баардык кафелерден даам татып, таң аткыча бийлеп, чер жазып туруңуздар. "Нур" пресс Баталар Мигрант кызга Кыргыздан чыккан баламын го, Кырынан коюп барагымды. Кыйыла карап, көз кырын салган Кыздарга жолдойм саламымды. Кырк кыздан чыккан кыргыз аты, Кылымдап жашайт кыргыздын салты. Кагылайын кыргыз кыздары, Кор тутпа элиңдин ыйманын, баркын. Каныкей кийген элечегин, Кыргызга берген келечегин. Кымбаттап багып өстүргөн, Кыйналды байкуш энең сенин. Кыздарга айтаар насаатым, Кор болуп жолдо калбагын. Кыйынчылык болуп жатса да, Кымбатына кишинин барбагын. Кызыкпа башка улут элдерине, Кыргыз кызы ушул делбегиле. Кымбаттуу элиң жаныңда эмес, Кылчайган эле жигитти карай бербегиле! Кыргыздын туусу желбиреп турат, Кыргыз экениңди белгилеп турат. Кыргыздын кызы эң арзан деп, Кыр - кырдан маалым келди деп турат Ойго салба эне - атаңды, Ошолор берсин батаңды. Ойсоңдоп жолдо такси тоспой, Ойлоно жүр өзүң катаңды. Орусту туурап чачыңды бузба, Ой кыргыз эмесмин деп кашыңды бузба. Орду жок иштерге бара берип Окшуп анан ашыңды куспа. Бир күндө он деп мактанганың бар, Буралган жаштыгын саткандарың бар. Билип келечек турмушун, Бисмилла деп абийирин жапкандарың бар. Ар кандай улутка багынбагыла, Айланып, жанып кагылбагыла. Ата - эненин мээнетин эстеп, Айткан сөзгө таарынбагыла Эки жашка Саламатсыздарбы туушкандар ай, Кызыбыз кетти деп куушкандар ай. Артынан барып ак жоолук салып Каалоо айтып аны жуушкандар ай. Эки жаш тойдун ырысы, Эргитет тоо кымызы. Эки жашты достоштурган, Кыргыздын бир сулуу кызы. Келин бала саламатсың, Чоң жашоо көздөй баратасың. Ишиңди колдон ала коюп, Маңдайыңды толо бала бассын. Барган жериңен багың ачылсын, Банкаңан варенье, салат чачылсын. Байытып кайын журтуңду, Бакыт нур, ыйман силерге кабылсын. Жылдын кызыгы жаз болсун, Жин шайтан жерде аз болсун. Короо толо кой маарап, Жылкы, уй, өрдөк, каз болсун. Бактияр Орозбеков Таластан, тел: 8-967-118-98-81 Мигрант жигитке Балам, Москвага сапар тартканы турасың, Атаңдын айтканын жакшылап угарсың. Аракка жакын жаның бар эле, Алкымыңды акырын тыярсың. Алсыз болбой кубаттуу бол, Жайсыз болбой турактуу бол. Ар кандай улут ичинде, Адепсиз болбой, уяттуу бол. Акыл эстен кетпей жүр, Ата-энеңди эстей жүр. Ашыкча сөз айтпай жүр, Жакыныңды барктай жүр. Уйкудан башың арылбай, Жүрө бербе жан балам. Эсиңде болсун артыңда, Балдарың, алган жар калган. Бизди кой баккын бүлөңдү, Кылбагын ишти күнөөлүү. Сарптабагын акчаңды, Болбосо себеп жүйөлүү. Жазды жаз иште, күз иште, Башың жетсин ар ишке. Үй - бүлөңө жетпесе, Башыңды сайып дагы иште. Кандай болгон күндө да, Белиңди бууп бекемдеп, Көптүн-көлдүн ичинде, Аман жүрүп эсен кайт. Айжан Мамасадыкова Тел: 8-925-780-36-76 Нур-сандыктын СМС бурчу А.0022 Кыргыз бир туугандар ынтымактуу, бири-бирибизге күйүмдүү бололу. Кыргыз кыздар, ыймандуу болгула! Адилет, м. Печатники, тел: 8 (925) 111-08-21 А.0023 Кыздар, жазда сүйүү башталат дегендей, ар бириң бир канча жигитти сүйүп калбай, бирди эле тандагылачы Улан, м. Бауманский, тел: 8 (926) 042-21-28 А.0024 Эжеке, кандайсыз? Тынч болуң, ишиңизге ийгилик, сагындым сизди, апамдай болуп калыпсыз, көрүшкөнчө бетиңизден өөп. Нуржамал, м. Автозаводская, тел: 8 (926) 196-77-50 А. 0025 Салам "Нур реклама" гезити, жамааты,көп окуймун силерди, арзуу кылам мен дагы, ыр жазуучу калемди Мейликан,Лейлектен, тел: 8 (926)701-56-05 А. 0026 Мааниси жок жазылган кээ бир ырлар, уйкаштыкты сактаса ыр жазгычтар, жакшы ырларга рахмат айтып окуймун, сын пикирчи мен ушундай кокуймун Чынара, Кара Суудан, тел:8 (926) 125-47-32 А. 0027 Бекер келген экемин ай,эми кантип кетемин тел: 8 (964) 518-78-18 А. 0028 Салам "Нур реклама" гезити! Сиздерге Алла ыраазы болсун. Жараткан ишиңиздерди оңунан кылсын. тел: 8 (929) 978-32-42 А. 0029 "Нур реклама" гезити мага абдан жакты, Тюменде да сатылса жакшы болот эле. тел: 8 (905) 824-97-40 А. 0030 Москва мага жашоонун бейнесин (образын) үйрөттү, бирок кыргызыма текеберчиликти жана теңсиздикти, өзүмчүлдүк жана өз башынчалыкты тартуулады тел:8 (926) 769-24-74
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||