Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  БАШАЛАМАН

ТУРМУШТАН ТАМГАН ТАМЧЫЛАР
Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет дегендей турмуштун дайрасында чамындыдай кайда гана акпайсын. Анын сыңарындай туулган жерими таштап, бөтөн эл, бөтөн журтта күн көрүп келе жатканыма да беш жылдын жүзү болуптур. Не деген өтмүштөрдү баштан кечирбедим. Эмесе, шиңгил-шиңгилдерин назарыңыздарга сунуштамакчымын.
Көзү көгөргөн, курсагы өзөргөн бозбаш өткөндө Москвада метро менен баратып, каратору, бир бозбаш балага көзүм түшүп калды. Көзүнүн оң ыптасы көгөрүп, таяк жегени байкалат. Карасам кыргызга окшоштой. Негедир кыргыз көрсөм, көңүлүм алып учкан жаным, дароо жанына барып кепке тарттым:
- Кандайсың жигит?
- Аа, жакшы, - көңүл суз ооз учунан жооп берди.
- Не иш менен алексиң?
- Ошо иштин жоктугунан көчөдө каңгып жүрбөймбү, байке
- Каап, качантан бери ишсизсиң?
- Беш айдан бери
Андан ары жашоодон аябай кыйналгандыгын, айылдагы ата-энесине акча жибере албай арасат ойдо экенин, иштейин десе керектүү документ чогултканы акчасы жоктугун айтып мууну-жүүнү бошоду, байкуштун. Ал тургай көзүнүн не себептен көгөргөнүн да айтып берди. Көрсө, чогуу жашаган квартирасындагы бир байкенин муздаткычынан (холодильник) тамагы жоголуп кетет. Анан "Иштебей үйдө жатасың, сен жебегенде, сенден бөлөк ким жемек эле?" деп сабап салыптыр. Бирок мен жеген эмес болчум деди. Куру дооматка кабылып, таяк жегенине боорум ооруган бойдон колуна 200 рубль карматып, жетер жериме жеткенде эки башка жолго түштүк. Байыртан бери меймандос касиетти көөнө боюна сиңирген кыргыз качан тамак үчүн кырылчу эле? Кыскасы мээ чырмаган ойлордун жетегинде заманага чыйт түкүрүп бараттым…

Адашкан пенде
Ушуреки эл сөзү башка тарапта кандай экенин билбейм, бирок Россияда аябай эле күчүнө киргендиги анык. Алгачкы общиналык доордогудай 20-30дай адам жашаган резинадай чоюлчаак квартираларда укмуш сүйүүлөр кездешет. Айрыкча, апасы менен тең аялга үйлөнгөн жигиттер жүздөп саналат. Бир ирет мындан 2 жылы илгери метро 1905те жашап калдым. Таңсулуу(аттары өзгөрдү) деген атына заты жарашкан 45 жаштагы татынакай эже бар эле. Медицина тармагында иштегенгеби чын жашынан алдаганча жаш көрүнчү. Күйөөсү балдары менен Кыргызстанда экен. Тыпылдап басканы да, күлгөнү да, айтор кандай аракетте болсо да адамды өзүнө тартып турчу. Жашырганда не? Эркектаналардын баары ашык болдук. Калемгер болгонума байланыштуу түн ичи уктай алчу эмесмин. Ошондой күндөрдүн биринде төшөгүмөн туруп, түн бир оокумда дааратканага барсам эшик бек. Ичинен аял менен жигиттин махабатка балкыган дабыштары угулууда. Тууй, энеңди десе! Аста артка кайттым. Келсем бөлмөдө Таңсулуу эже менен 19 жаштагы Балбай деген жигиттин орду бош. Баары түшүнүктүү болду. Сыр бербей жатып алдым. Эртеси күнү түндө такыр эчтеке болбогондой экөө эч кимге шек бербей жүрүшөт. Баласындай болгон баланын башын айланткан эже көзүмө жыландай элестеп, "Шуркуя болбой жерге кир!" деп ичтен сөгүп жаттым. Тетири жүргөн пендени Кудай бир күн жазалайт дейт. Кесири балдарына тийбесе экен…

Акылбек Мамадалиев, Балашиха шаары

Диниңди өзгөртсөң, турмушуң оңолобу?
26-март күнү Малика экөөбүз Алексеевская метросуна чакыруу билети менен КМШ мамлекеттери биригип өткөрүп жаткан Нооруз майрамына бардык. Өз улутунун кийимин кийген тажик киши тосуп алды. Ары өтсөк кыргыз көйнөкчөн келин бизди утурлап чыкты. Шаңдуу музыка жаңырып, көпчүлүк ортодо чаңытып бийлеп жүрүшөт. Бизге орун даярдап беришти. Олтуруп олтура электе эле өзбек жигит орусчалап молитва окуп кирди: "О боже! О всевышний, ты велик! Я тебя люблю и верю! ж.б." Бардык коноктор ордуларынан туруп жигиттин айтканын кайталап жатышты. Малика мени, мен аны тиктейм. "Оо, жараткан! Кечире көр! Билбеген уу ичет деген ушул го",- деп апсаламибиз пир болуп олтуруп калдык. Көрсө, биз КМШ мамлекетинен келген улуттардын Христианствону кабыл алган сектасы уюштурган майрамга барган турбайбызбы. Эмне деген шумдук, башкасын кой, кыргыз улуттук кийимин кийип, колуна кыргыз комузун кармаган кыз-жигиттердин кубарып-кумсарган өңдөрү, кудай таануу жана Иса жөнүндө айткандары, өздөрүнчө жыйын куруп алгандыгы оозубузду ачырды. Ушунча болду, аз да болсо маалымат алып кетели деп, алар менен акырындап тааныша баштадык. Мен чай таркатып жаткан жигиттин жанына барып сурадым.
- Я иранский таджик. Кажется вы здесь первый раз. Это христианское общество - деди. Гүлбайра Ноокаттан, "Слово жизни" чиркөөсүндө Иса таануу курсунда окуйт экен. Кайын сиңдиси Рахат экөөнүн кудай тааныганына 11 жыл болуптур.
Кутман - Өзгөн районунан, конокторго мындай деген сөзүн айтты: "Асмандын паспортун алгыла, Жердеги паспортуңар убактылуу. Асман паспортун алып, кудайды таанысаңар, кудай силерге каалаганыңарды берет".
Айгүл - Бишкектен: "Ар базар күнү Текстильщики метросунда кыргыздардын жыйыны болот. Теңир жыйыны деп аталат. Сиз да келиңиз, көрөсүз, кудай сизден жардамын аябайт", - дейт. Кыскасы, алды он бир жыл, арты үч жылдан бери "Өз кудайына" кызмат кылгандар менен баарлашып, айтар сөзүбүздү таппай, "Ырахмат чайыңарга биз баралы",- дегенге араң жарап, чыкканча шаштык. Айтор, кудай силерге берет, кудайдан сурагыла деген чакырык менен кайрылып жатышты чогулгандар. Булар иштебей эле тез-тез жыйын өткөрүшүп, элди үгүттөп олтурса, акчаны кайдан табат деген суроого жооп таппай турганымда чачы өскөн, төшүн түк баскан түрк кептенген киши мусор сала турган чоң полиетилен капты көтөрүп элден акча жыйнап жүрдү. Тим эле баласына берип жаткансып, шаша-буша капка акча салып жаткандарды көрүп, кудайыңар ушинтип берет турбайбы деп өз суроомо өзүм жооп таап турдум.
Жарык дүйнөгө ыңаалап келип, азан чакырылып ат коюлуп, мусулмансың деп Ислам дини ыйгарылган кыргыздарыбыз ата-бабанын диний мурасын четке кагып, "Иса-улук, Иса-биздин кудай, Иса бизди жыргатат, Исага кызмат кылгыла",- дегендерине жол болсун. Анчалык Иса кудайы аларды жыргатса, Москвадан эмне издеп келишти да эмнеге жер кезип жүрүшөт? Дегеним Рахат аттуу Ноокаттык кыз: "Кудайды тааныганыма 11 жыл болду. Курская метросунда комуз кружогум бар. Турмушка чыга элекмин. Мени ушул динди кабыл алган жигит эле албаса",- дегенин угуп, сулуучасынан келген, кара тору, узун бойлуу, кара каш, кой көз, кара чачтуу Рахатка бир чети боорубуз ооруду. "Балким, диниңди өзгөрткөнүң үчүн бактың ачылбай жаткандыр байкушум",- дедим ичимден. Замандаш, кудай өз тирилигиңерди өзү өткөргүлө деп алты саныбызды аман кылып, акыл берген. Ошондуктан кесир жолго түшүп, бөтөн динге өтүп, турмуш жыргалчылыгын издебей эле койгулачы! Бул кылыгыңар менен жараткандын мыйзамына каршы чыгып жатпайсыңарбы!

Малика жана Айдай.

Бир ай бою кар күрөп алдандык
Москвага келгениме 3 ай болду. Келип эле балдардын сунушу боюнча этаж үйлөрдүн үстүндөгү кар күрөгөнү ишке кирдим. Бир ай бою 5 бала болуп кар күрөп иштедик. Бизди ишке алган Андрей иш бүткөндө, бир айдан кийин бизге 100миң рубль бериш керек эле. Кийин иш бүткөндө Андрейди издеп таба албай койдук, же офисин билбейбиз, же телефону жок. Өзүнүн берген телефонуна чалсак бир орус аял алат, Андрей деген немени тааныбаймын деп. Ошентип алданып калдык жердештер. Башка жердештериме айтаар элемин, ишке кире тургандар иш жеринин адресин толук билип, договор түзүп анан ишке киргиле. Бизге окшоп алданып калышыңарды каалабайбыз. Көчөдөн эч качан ишке жүргүлө десе барбагыла-дейт, Бакыт Бейшенов


"НУР" пресс
Кыргызстандык ата -
энелердин эсине!
Саламатсыздарбы кыргызстандык ата - энелер!
Москвага уул - кыздарыңыздар иштейбиз деп келип жатышат. Келгенден эле жыргап кеткени жок, биринин иши жүрүшсө, экинчиси иш тапмак түгүл, жегенге аш таппай жүргөнү жүздөп саналат. Уулуңуздардын бөтөн жерде тентип-темселеп, нан сурап калышын, кызыңызардын ач курсактын айынан улутуна карабай, ичи челектей болгон кишилерге жер төшөк болушун каалайсызбы?! Мындай заман курмандыгы болгуңуз келбесе, уул-кызыңызды Москвага жөнөтпөңүз, суранам!
Жок, балдарым иштебесе тирилигибиз өтпөйт десеңиз, анда төмөнкү кесиптердин бирине окутуп, кесипке ээ кылып анан жөнөтүңүз: повар, парикмахер, маникюр, пекарь, кулинар, электрик, сантехник, маляр жана башка күндөлүк турмушту тейлөөчү кесиптерге үйрөтүңүз. Же эмне кызыңыздын 12 саат бою тынбай уборкада, посудамойкада иштешине, уулуңуздун дворник, грузчик болушуна макулсузбу? Айтор, сиздерге айтарым, Москваны акчанын бейишиндей элестетпеңиздер.
Айжан Мамасадыкова.

PS. Москвадагы мигранттардын жашоо шартын жакындан билгиңиз келсе, "Нур реклама" гезитин калтырбай окуп туруңуздар.





кыргыз тилиндеги гезит "Нур реклама"




а ­е¦Є.НҐй«