п»ї

  Өнөрүң болсо өргө чап

Тамаданын таң калтырган таланты
Тамада жөнүндө төрт ооз сөз:
Биз сөз кыла турган тамаданын аты-жөнү Мамасадыкова Айжан Балтабаевна - Жалал-Абад шаарында жашайт, үй-бүлөлүү.Эмгек жолун 1994-жылы Ош шаарындагы Ю.Гагарин атындагы гимназияда пионер вожатый болуп баштаган. Андан киийн Сузак районунун П.Жуманазаров атындагы орто мектебинде, 1998-жылдан 2008-жылга чейин Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде жөнөкөй методисттен баштап кафедра башчылыгына чейинки кызматтарда иштеген.Эки ыр жыйнагынын автору, Кыргыз Республикасынын Билим берүү отличниги. Тамадалык кызмат боюнча он жылдык стажы бар. Курманбек - 500, Жалал-Абад -130 мааракелерин шаардык масштабда алып барган. Ыр кесеге, тойлорго, мааракелерге, юбилейлерге жана корпоративдик иш-чараларга байма-бай алып баруучулук кылган. Азыркы учурда Москва шаарындагы Эл аралык инвестициялык банктын кызматкери. Жакында "Нур реклама" гезити уюштурган "Москва кайрыктары" аттуу конкурсунун жеңүүчүсү болду. Эң кызыгы, Айжан биз берген суроолорубуздун дээрлик бардыгына ыр жана жорго сөз менен жооп берди. Эмесе, урматтуу гезит окурмандары, ушул маекти сиздердин назарыңыздарга сунуштайбыз.

Айжан, сизди жакшы тамада, тойлорду жакшы алып барат деп уктук, өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз.
Балтабай кызы Айжан,
Жылым тоок, жылдызым кой
Төрөлгөм март этектеп,
Турганда жылдыз толуп,
Келечек өмүрүмдө,
Жангым бар,
Акындардын асманында,
Өчпөгөн жылдыз болуп.
Атым менин коюлган Айжан делип,
Ай дегени көктөгү жарык берген.
Жан дегени пендемин кудай деген,
Насибимди жер үстүндө терип жеген.

Сузактын Кызыл-Сенгир айылында,
Төрөлгөм бүлөсүндө кызматчынын.
Той-топур, эл чогулган мааракеде,
Бой жетип, тамадалык кызмат кылдым.

Кесибим болсо тилчи (орус тили жана адабияты), үйрөткөмүн өзүбүздүн балдарга, тили буруу элдерге (түрктөргө) кылым баскан кыргыз тилди, уюткулуу улуу элдин нарк-насилин барктаймын, алмустактан келаткан, ата салтын сактаймын, учурунда алгамын, тил үйрөтчү билимден, ыр жазам төгүп дилимден, ыр жазууга дилгирлигим билинген, ошентип эки китеп чыгаргамын, азыр да аз эместир, эл ичинде угарманым.
Тамада болуп калышыңызга эмне себеп болду?
Өтө олуттуу себеп деле жок. А табиятымдан көпчүлүктүн көңүлүн буруп сүйлөгөндү жактырам.
Жараткан өңдөн-түстөн бербесе да,
Таланттан өнөр-шыктан кур койбоду.
Чогулган той-тамаша, мааракеде,
Адатым бар ыр арнап, айта койчу.
Негизинен мектеп партасынан баштап эле алып баруучулук кылчумун. Анан студенттик мезгил, иштеген учурларда дагы көбүрөөк алып бара баштадым. Тойлордун бардык түрүнө тамадалык кылдым: бешик той, сүннөт той, кыз узатуу, үйлөнүү той, маараке, юбилей ж.б.
Тамадалык кылуунун, тойду жакшы алып баруунун сыры эмнеде?
Тойго тойдой керек мамиле,
Топуратпай элди баштагын.
Көңүлдөрүн буруп өзүңө,
Туура сүйлөп, сүрдөп, шашпагын.

Коноктордун карап көңүлүн,
Мүмкүн болсо сүйлө ыр менен.
Ким болбосун: улуу, кичүүбү.
Сүйүнүшөт алса ыр белек.

Уюштуруп түрдүү оюнду,
Кызыктыргын ар бир конокту.
Кыска сүйлөп, жеткире билгин,
Айта бербей узун жомокту.
Өзүңүз да жакшы ыр жазат турбайсызбы. Эки китебиңиз жарык көрүптүр. Тамадалыкта да ар бир сөзүңүздү куюлуштуруп, ыр менен айтат дейт. Мунун канчалык чындыгы бар?
Ооба,
Ошондой болгон учур бар,
Жазылып калат жаңы ырлар.
Келип турат оюма,
Ыр жаңырып дагы ырлар.

Китептерим тууралуу,
Жакшы сөздөр айтылды.
Ыр жазуу да жакшы экен,
Көтөрдү кыйла баркымды.
Кандайдыр бир тойдун же кеченин жакшы өтүшү тамадага байланыштуу дейт, бул туурабы?
Кече жакшы өтүшү мүмкүн,
Көңүл коштук эгер болбосо.
Сүйлөп жатсаң кызык сөздөрдү,
Сени уккан адамдар болсо.

Тамада бул - тойдун ажосу,
Болбойт тойдо анын кожосу.
Чындыгында сага гана тийиштүү,
Тойдун мыкты болуп, болбошу.

Тойдо эл мас болуп калса акырына чейин алып барбай, таштап кетип калган тамадалар болот экен. Эгер сиз тамадалык кылып жаткан тойдо көпчүлүк мас болуп калса, алардын көңүлүн өзүңүзгө кантип бурасыз?
Албетте, таштап кетип калуу туура эмес. Ишимдин таппай катасын, ошол мас болгон киши да, эл алдында аябайт менден батасын. Демек, мен мас болгон элдердин көңүлүн, өзүмө бура алам, жогоруда айткандай, мастардан да дуба алам. Бул деген менин профессионал тамада катары "кесиптик сырым". Ага учуру келсе күбө болорсуздар.
Чоң ыракмат, Айжан бүгүнкү кызыктуу маегиңиз үчүн. Сизди дайыма тамада катары той үстүнөн көрөлү. Чыгармачылык ишиңизге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз. Ылайым, бар болуңуз, бай болуңуз.

PS: Эгер Сиз туулган күн, үйлөнүү үлпөтү, юбилей, маараке өткөрө турган болсоңуз, жакшы көргөн же сыйлуу адамдарыңызга арноо ырларын жаздыргыңыз келсе Айжан тамадага кайрылыңыз.
Байланышуу телефондору:
8 (926) 738-53-54, 8 (925) 780-36-76

Маектешкен: Айнура Каипкулова




  САНДАН - САНГА

АБДЫРАХМАН
ПАЛВАН
Баш сөз
Ар бир нерсенин сааты болот тура. Антпегенде мындан жети жыл мурда кулагым чалган Абдырахман палван жөнүндөгү баянды ушугезге дейре сары майдай сактап жүрбөсөм керек эле. Мына эми сааты чыгып, айтылуу Лейлек жергесинин Кулунду айылынан чыккан Абдырахман палван баянын "Нур" газетасына жарыялоону ылайык таптым. Баса, бул баянды мага ушу таптагы КР парламентинин депутаты Малик Осмонов деген палван агам айтып берген эле. Эмесе, ошол баянды канчалык деңгээлде кагаз бетине түшүрө алганыма өзүңүздөр күбө болуңуздар, ардактуу окурмандар.

Күрөш жылдызы
"Артта калган ХХ кылымдын 70-жылдары кыргыз күрөшүндө өтө чоң бурулуш болгон. Ушунакай бурулуштарды жараткандардын катарында Абдырахман палван деген болгон. Бою 175 см.деги ак жүздүү, жылтыр сулуу, периштелүү Абдырахман палвандын атагы бүтүндөй Фергана өрөөнүнүн ичи-койнун аралап,болуп турган кези экен. Бир көргөн жанды өзүнө тарткан Абдырахман палвандын күрөш асманында жылдызы жанып турган чагы. Мен айтылуу палванды дал ошол жылдары көрүп калдым. Ошол жылы Өзбекстандын 1-секретары Шарап Рашидовичтин демилгеси менен Совет-Абадда бир айга чукул күрөш өнөрүн эл сынына тартуулоочу палвандардын таймашы болуп өттү эле. Ошондо Абдырахман палванды көргүсү келген биздин Барпы айылдын тургундары түп көтөрө көчүп барышкан. Өнөр көрсөтүлүүчү жайга туш-туштан жеңил машинелер менен атактуу палвандар келишти. Ошолордун бардыгы жалгыз гана Абдырахман палван менен күрөшүүнү эңсешип, кезекте турушту. Эмне үчүн мындай болуп калды? Себеби, ушуга чейин жалаң бой-келбети зор палвандар гана жеңишке жетишип келген болсо, Абдырахман палван бой-келбети кичинекей адам деле жеңиштин туу чокусуна чыга аларлыгын далилдеди. Канчалаган оор салмактагы палвандардын бирин калтырбай оңго-солго жембаштыктай эле чаап жатты. Элдин дуулдаганын айтпа. Улут-улутка карабай калышты. Тажикпи, өзбекпи, кыргызбы, айтор, баарысы Абдырахманга жан тартышып, көрсөткөн өнөрүнө ичтеринен ыраазы боло алкап турушту. Эң кызыгы, адатта тегерек тарткан аянтта жуп-жубу менен 20-30га жакын палвандар күрөшүшчү. Ал эми Абдырахман ортого чыкканда, башка палвандарга эл назар салбай коюшчу, натыйжада Абдырахман гана түгөйү менен кең аянтта жалгыз күрөшчү. Абдырахманда жеңилүү ызасын тартуу деген такыр жокко эсе эле...
(Уландысы кийинки санда)
Акылбек МАМАДАЛИЕВ,
КР Жазуучулар Союзунун мүчөсү.






кыргыз тилиндеги гезит "Нур реклама"









??.??