п»ї

  Нур сандык

Баталар
Бабабыз Бакайдан калган ак бата,
Баатырың Эр Манас алган ак бата.
Энебиз Каныкей берген ак бата,
Эзелтен айтылып келген ак бата.
Ооба, кылымдардан кылым карытып келе жаткан баталар, бүгүнкү күндө мурдагыдан да чоң мааниге ээ болуп бара жатат десек болот. Анткени элибизде жакшылык иштер күндөн-күнгө көбөйүп, ар бир үйдө наристелер көз жарып, уул үйлөнүп, кыз чыгарылып, мааракелер өтүп жаткан кез. Андайда элибиздин алакан жайып тилегени эле ак бата, Баталарды бир нече топко бөлүүгө болот:
- Жаңы төрөлгөн балдарга бата,
- Сүннөт батасы,
- Кыз узаткандагы бата,
- Уул үйлөгөндөгү бата,
- Үйлөнүү үлпөтүндөгү бата,
- Жаңы орозгерлерге бата,
- Үй той өткөргөндөргө бата.
- Маараке ээлерине бата,
- Жалпы бата ж.б.
Төмөндө окурмандарыбыз жыйнап жана өздөрү толуктаган баталарды сунуш кылабыз:

Нооруз батасы

Саламатсыздарбы туугандар,
Салты экен жаңы нерсени жуугандар.
Сагынып келип бул жерге,
Саламыңды окуп тургандар.

Нооруз майрамыңыздар кут болсун,
Босогоңуздар толо бут болсун.
Төрүңүздөргө кут консун,
Ар дайым үй бүлөңүздөргө ырыскы сүт толсун.

Түшүмдүү болсун күзүбүз,
Жакшылыкта болсун түшүбүз.
Каардуу болсун кышыбыз,
Көңүлдүү болсун тышыбыз.

Сулуу болсун жазыбыз,
Аман болсун башыбыз.
Ысык болсун жайыбыз,
Кут болсун март айыбыз.

Баарыңыздарга бакыт нур болсун,
Байланган жакшылык кур болсун.
Баскан изибиз кудайга жагып,
Бакыт тост сөзүм ушул болсун.

Алдыда жалаң той болсун,
Аллах мээримиңде ой болсун.
Айланган ырыскыны кармап калып,
Артыбыз уй, торпок, бээ, кой болсун.

Мал-жанды тоого айдасын,
Маңдайда булбул сайрасын.
Маанай жакшы күлкү болуп,
Макалдаш сөздөр жайнасын.

Түбөлүк китеп оң болсун,
Түбүңдө китеп он болсун.
Түркүн жемиш өсүмдүк,
Түшүмүңүздөр мол болсун.



Бахтияр Орозбеков,
Таластан
8 (967) 118-98-81


Жаңы төрөлгөн уулга бата
Оо жараткан өзүң жалга!
Жакшылыгыңдан тайба.
Ыйман берип ылдыйда жөлө,
Ымыркайынан ырыска бөлө.

Кесепеттүүнүн сөзүнөн сакта,
Кескинин көзүнөн сакта.
Кара жердин төшүнөн сакта,
Касиетсиздин өзүнөн сакта.

Агаларына атчы болсун,
Инилерине башчы болсун.
Бир туугандан көп кыл,
Бүт тарабын төп кыл

Ченемсиз билим бер,
Чексиз илим бер.
Өргө кулатып ташын,
Узун кыл өмүр жашын.

Жаңы үйлөнгөндөргө бата
Ээрчишип эгиз козудай,
Өмүрдүн көктөмүн өрдөгүлө.
Төркүнүм деп, кайын деп,
Эки журтту бөлбөгүлө.

Дасторконуңар бөксөрбөсүн,
Пейилиңер өзгөрбөсүн.
Кендириңер кесилбесин,
Жүрөгүңөр эзилбесин.
Куттуу үйдөн бешик ыры ырдалып,
Эч нерседен кем болбогула.
Наадандарга тең болбогула

Кармаганыңар алтын болсун,
Саябаныңар салкын болсун.
Кийгениңер баркыт болсун,
Башыңарга бакыт консун!

Жакшы сөзгө канатташ болгула,
Жакшылыкка жамаатташ болгула,
Кармашкан колуңар үзүлбөй,
Ырыскылаш, табакташ болгула.

Өмүрүңөр узун, ден соолугуңар чың
Дасторконуңар жайыл болгула,
Укум-тукумуңар көбөйүп,
Өзүнчө бир чоң айыл болгула!



Айжан Мамасадыкова
тел: 8-925-780-36-76
Жалал-Абаддан

Жалпы бата
Оо жараткан алла!
Жарды кылба малга,
Уул-кызды эгизден бер
Телегейи тегизден бер,
Дилиңде асыл ой болсун,
Билгенибиз той болсун,
Узун өмүр жаш берсин,
Кетпес дөөлөт бак берсин.

Бир уулуң жер оодарар дыйкан болсун.
Кырманга кызыл батпай ырыс толсун.
Бир уулуң эл башында султан болсун.
Үйүңдөн мейман кетпей, кутка толсун!

Өмүр көчүң байсалдуу болсун.
Өзгөдөн өтүп атактуу болсун.
Кыздарың кылымда жок сулуу болсун,
Бешене аурасы улуу болсун.
Жигит пири Шаймерден жылоолосун,
Теңир сүйүп бейкут жашоо ыроолосун.



Улан Болотов
Түптөн,
тел: 8-926-042-21-28


Нур-сандыктын СМС бурчу

А. 0011 Сатсалова Самара Москвадасызбы? Кабарлашыңызчы. (Алтынбек. Москва ш. тел 8(926) 950-47-01)
А. 0012 Бакиевге: Хан жайлоо Каркыраны саттырганча, Баткенден өрүк терип сатпайт белең, Ырысбек, Баяман жана элди аттырганча, Нашакор Максиминди атпайт белең. ( тел 8-926- 042-21-28)
А.0013 Салам "Нур реклама" гезити баарыңарга чоң жетишкендиктерди каалаймын, Москвадагы жердештерге чоң салам. ( Санк Петербургдан, Низа
8 (904) 611-57-42 )
А.0014 Бакыт, сүйүү, ден соолукту, Алып келсин ушул жаз, Орундатып тилектерди, Оомат берсин ушул жаз. (Диля. Жалал Абад +7(996) 777-68-14-03)
А.0015 Ченде жок баатыр чыкты Камбаралы. Тез эле Бакиевди жандап алды. Сандалып аяк жакка неге барды. Акыры Талас эли таяктады. (Улан м. Бауманская.тел 8-926-042-21-28)
А.0016. Адашкан кыргыздар! Аллахтан коркуп, туура жолду тандайлы. (тел 8-926-285-10-95)
А.0017. Экономикасы начар өлкөнүн эли саясатчы, экономикасы жакшы өлкөнүн эли саякатчы (Акылбек, Балашиха ш.тел: 8-967-137-70-03)
А.0018. Мухаммед сени сүйөм жаным! Менин кечиккен махабатым, сүйүүмсүң. (тел: 8925-189-16-28)
А.0019 Анекдот: Кыз балкондо туруп, өтүп бараткан жигитке: - Мени зордуктап салабы деп коркуп жатам. Анда жигит:-Кантип зордуктамак элем, сен балкондо турсаң. -Мен азыр ылдый түшөм да - дептир кыз. (Аймончок, м. Чистый пруд, тел: 8-909-694-64-37)
А. 0020 Думаете, приятно слышать про отца которого я даже не знаю. (Айка, тел: 8-926-976-03-01)
А. 0021 Айжан! Поздравляю с днем рождения" Желаю счастья, любви и исполнения всех желаний, успеха во всех делах! (Ира,м. Дмитроевская тел: 8-916-363-55-67)
СМС - жөнөтүү телефондор: тел: 8-925-780-36-76




  Кеңеш сурайм, сизден окурман!

Айымгүлгө келген кеп-кеңештер:
Гезитибиздин өткөн санында, Нурсандык рубрикасында Айымгүл аттуу кызыбыз окурмандардан кеңеш сураган эле. Айымгүл, окурмандардын сага айткан кеп-кеңештерин окуп көрүп, өзүң жыйынтык чыгар.
- Айымгүл сага менин кеңешим, кызыңдын атасын таап, жолуктур. Өзүңдү кызыңдын ордуна коюп көр. (Кенжегүл, Оштон, тел: 8-925-823-54-60)
- Айымгүл эже, атасын көрсөтпөсөңүз да айтып коюң, кийин кеч болуп калат.
(тел: 8-906-768-87-20)
- Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт демекчи, атасы менен тааныштырыш керек. (ДОМ тел: 8-906-768-87-20)

Төмөндө өз тагдырынын эртеңи тынчсыздандырган Зууранын катын сунуштайбыз, окуп оюңузду айтыңыз:
- Эл катары окууну бүтүп ЖОЖго тапшырдым. Жаңы жашоо, жаңы адамдар, жаңы чөйрө. Он сегиз жашымдын жазында алгачкы сүйүүмө кезиктим. Анын кандай адам экенин билген сайын жакшы көрүүм күчөй баштады. Ал менин жашоомдун мазмунуна айлана берди. Бизди бүт жатакана билчү, айрымдар мага таң калчу, ушундай да болобу деп. Себеби улуту түрк (кыргызстандык) болчу. Башымда түркүн ойлор: ата-энем укса эмне дейт, тууган-урук, дос-душман деги койчу. Акыл калчап көпкө ойлондум, баары бир сүйүүмдөн кече албайт болчум. Мен үчүн Зуфардын сүйүүсү башкы орунда эле. Ошентип 3 жыл өтүп кетти, бул жыл ичинде бири-бирибиздин ата-энелерибиз да билип, башында каршы болушса да кийин көнүп кетишти. Мен 3-курсту, ал 5-курсту аяктадык. Андан соң мен окуумду уланта албадым, Москвада иштеген эгизим чакырып туруп алды. Бири-бирибизсиз жүрө албай калгандыктан бирге келдик. Мен эгиз бир тууганым, эжемдер менен бирге, Зуфар Москва районунда
достору менен жашай баштады. Күндөрдүн биринде метродо жолугушуп, сүйлөшүп турсак кыргыз балдар негедир бизди жекире карап өтүп жатышты. Түшүнбөдүм. Анан эскалатордо чыгып келе жатсак, эки кыргыз жигит бизге карап сөгүнүп жатпайбы. Үйгө маанайым чөгүп кайттым. Бул жөнүндө эжемдерге айтып бердим, көрсө Москвада кыргыз кыздар менен тажик балдардын мамилеси опурталдуу маселе турбайбы. Ошол бойдон биз көрүшпөскө келиштик. Анткен менен жүрөккө буйрук берип болбойт экен. Улуту башка экени биздин аруу махабатыбызды, үмүт-тилектерибизди жокко чыгарабы? Кыргызстанда мындай окуяга туш келбей ушул жерге келип... Кандай дейсиз, окурман, мындан ары эмне кылышым керек? Мен ага ишенем, себеби алам деген ак ниети болгон үчүн 4 жылдан бери абийириме тийген жок. Буйруса, күздө той, сиздерден чыдамсыздык менен жооп күтөм.
Зуура Калмаматова
PS. Урматтуу окурман, Зуурага айтаар кеп-кеңешиңиздерди СМС аркылуу 8-925-780-36-76 телефонуна жөнөтүңүз.


"Эгернизмдер"
- Эгер бейишти кааласаң, күнөөдөн алыс бол! (тел: 8-926-285-10-95)
- Эгер бүгүн кечинде келбесең, анда аялыңа телефон чалып, экөөбүз жөнүндө баарын айтып салам. (Мира, тел: 8-964-704-38-24)
- Эгер мени менен дагы беш жыл жашасаң, менден алган отуз беш миң сомду кечип жиберем. (Гулбара тел: 8-905-752-42-36)
- Эгер квартирада сага тиктеп-тиктебей бирөөсү күңгүрөнүп өтсө, анда ал сени жактырбайт, орусча айтканда "терпеть не может". (Элмира, тел: 8-925-161-17-88)
- Эгер бешенеңе жазылганы ошол болсо, тагдырыңа таарынбай эле кой. (Перизат, тел: 8-925-795-95-28)
- Эгер сени алам десем, сүйүнгөнүңдөн жүрөгүң жарылып кетет чыгар. (Азамат, тел: 8-926-058-58-10)
- Эгер Москвада турмушка чыккың келсе, ошол жигитиңдин апасына квартирант болуп жашап, ага жалаң гана жакшы сапаттарыңыд көргөз, дайыма шылтоо таап белек берип тур. (Мелис, тел: 8-929-968-11-35)

Бетти даярдаган:
Айжан МАМАСАДЫКОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Нур реклама"









??.??