п»ї

  Бар бол кыргызым

Тамашоунун алып баруучусу Эрмек Нурбаев:
"Кыргыз жаштарынын духуна баа бердим"
- Эрмек Москвадагы жердештериңе Кыргызстандан кандай жанылыктарды ала келдин?
- Кыргызстандагы айрым көйгөйлөрдү кошпогондо айрыкча КВН жаатында эң жакшы жаңылыктар менен келдим. Негизги айта кетчү нерсе 2010-жылдагы тамаша шоу лигасынын 3-сезону өтүп жатат. Бизде 200дөн ашык уюшкан командалар ойноп көп ийгиликтерге жетиштик. Кубанарлык жагы Арто Азия боюнча чемпиондукту жеңип алдык.
- Кыргызстандагы түзүлгөн КВН командалары менен Москвадагы түзүлгөн КВН командаларынын кандай айырмачылыгы бар?
- Менимче, эки өлкөдө түзүлгөн командаларынын КВНге болгон такшалууларынан башка айырмачылык деле жок. Айрыкча, мен азыр биринчи жолу КВН уюштурулуп жаткандыгына карабай Россия өлкөсүндө билим алып жаткан кыргыз жаштарынын духуна мекенине болгон урмат сыйына баа бердим. Себеби, өзүңүздөр күбө болгондой москвалык орус кыздарга кыргыз тилин үйрөтүп, ыр ырдатып, негр улутундагы жигитке Манас айттыруу не деген саамалык, өзүнчө баалуулук. Ал эми Москвада эмгектенип жатышкан жердештердин маанайы, дүйнө таанымы бөтөн жерде жүрүшкөндүктөрүнө карабай бирин-бири колдоосу айтып бүткүз. Анткени Мост Дружбага окшогон бир топ кайрымдуулук ниетинде түзүлгөн фонддор бар экен. Бул КВН да мына ушундай уюшкан фонддордун демөөрчүлүгү менен өттү десем болот. Ал эми Кыргызстандын алдыңкы чемпион командаларына сөз жок. Дегеним, Орто Азиянын чемпиону же болбосо Казакстан командаларын жеңип алуу бул оңой эмес.
- КВНдин жүрүшүндө Кыргызстан командаларын Москвага алып келем дедин. Качан алып келейин деген оюң бар?
- Биринчиси, күн жылысын. Кыргызстанга салыштырмалуу аба ырайы бир топ суук экен. Эгер шарт туура келип калса Москва облусунун шаарларын кыдырып гастролдоп КВН өткөрүп, мекендештерге жакшы эсте каларлык маанай тартууласакпы деген ой бар.
- Финансылык маселе кандай болот?
- Кудай буюрса бул маселе да оң жагына чечилип калгысы бардыр. Кыргызстанда деле КВН командаларын колдоп демөөрчүлүк кылган мен деген патриот мырзалар бар. Москвада да спонсор болобуз дегендер чыгып жатат.

Маектешкен
Турдайым Аширапбай кызы.




  Баш кесмек бар, тил кесмек жок

Эмгек мигранттардын көйгөйлөрү чечилет
"Уккан кулакта жазык жок" дейт. Угулган каңшаарга караганда өткөн март айынын жыйырма жетисинде Кыргызстандан Кыргызстан ички иштер министири Казакбаев Руслан Айтбаевич келип Москва элчилигинин кеңсесинде, Москвадагы кыргыз коомдук уюмдун жетекчилеринин башын кошуп жыйын өткөрүптүр. Бул маалыматты Ала Тоо коомунун орун басары Алтай Иманалиевден тактап сураганыбызда ал төмөнкүлөргө токтолду.
Анын айтымына караганда жыйында Кыргызстан ички иштер министири Казакбаев Руслан Айтбаевич жана Кыргызстандын Москвадагы атайын элчиси Чиналиев Улукбек Кожомжарович, Ала Тоо коомунун жетекчиси Жамила Бегиева, Кыргыз аялдар коомунун жетекчиси Бурулча Төрөбекова, Кыргызстандын Москвадагы Диний башкармасынын өкүлчүлүгү Максат Канкыбаев, Элдик Чындык коомунун өкүлчүлүгү жана башкалар катышып, Россияда эмгектенип жатышкан мигранттардын көйгөйлүү маселелери каралды. Каралган меселелердин негизгиси болуп Россия өлкөсүндө эмгектенип жатышкан кыргыз миграттарынын айрымдарынын жоготулган паспортко күбөлүктөрдү алуу ж. б документтердин акыркы мезгилдеги ортомчулардын кийлигишүүсү менен асман чапчыган баасынын өсүшү катуу сын көз караш менен талкууланды. Бөтөн эл жерде каза таап өтүп кеткен жаш наристелерди Москва аймагына жерге бере албагандыгы жөнүндө сөз болуп, бул көйгөй маселеси кийинки талкууга дагы койулмакчы болду. Жогорудагы көтөрүлгөн маселелер Москвадагы элчилик менен коомдук уюмдардын ортосунда дагы бир каралып андан кийин министирликке сунушталышын Казакбаев Руслан Айтбаевич талап кылды.
Сөз арасында жыйын катышуучулары Москва элчилигинин өкүлчүлүгүн капталдан качырып, Элчиликти эмнеге эл менен эмессиңер деген сыяктуу сөздөр менен жөөлөп өтүштү. Буга Элчиликтин өкүлчүлүгү унчукпай кутулду -дейт Алтай Иманбеков.
Москвада коомдук уюмдар менен элчиликтин ортосунда ар дайым "Бир жеңден кол, бир жакадан баш" болсо эмгек мигранттардын көйгөйлөрү чечилерине ишенебиз.

Турдайым
Кожомбердиева




Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз коомчулугунун маданий иш чаралары
Санкт-Петербуг шаарында күндөн күнгө кыргыз улутундагы Россиянын жараандыгын кабыл алгандар көбөйүүдө . Мына ушуга байланышта кыргыз улуттук маданиятын, адабиятын , үрп-адаттарды кыргыз тилин өркүндөтүп өстүрүү үчүн жана унутуп калбаш үчүн Санкт-Петербуг шаарындагы кыргыз диаспорасынын председатели К.Кутунаевдин жетекчилигинде коомдук иштер жакшы жолго коюлууда.

Диаспоранын карамагындагы маданий массалык комиссиясынын жетекчиси Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Манас 1000 медалынын ээси Өктөм Мамаева баш болуп бир канча маданий иштер болду. Анын активдүү катышуучулары ССРдин маданиятынын жана Кыргыз маданиятынын отличниги Манас 1000 медалынын ээси Эргешова Чынара Жоробаевнанын уюштуруусунда "2011-жылдагы АлаТоо жылдызы" сулуулар конкурсу болуп өттү. Конкурсту Абдиев Акыл алып барды. Иш чараларды жүргүзүү кыздардын зирек зээндүүлүгүн, тапкычтуулугун, өнөр шык, улуттук каада салт үрп адаты унутпай кенен россия мамлекетинде кимдигибизди унутпоо максатында өткөрүлдү. Конкурстун жыйынтыгында Болотбекова Нурзат Чүй областынын сулуусу биринчи оорунду ээлеп музыкалык центр менен, экинчи орунду Сафаралы кызы Дильфуза Ош областынан, үчүнчү орунду Темирова Айсулуу Ош шаарынын сулуулары алышып, Ысык-Көлгө жолдомо менен сыйланды. 2011-жыл 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата кыргыз диаспорасынын төрагасы К.Кутунаев, спонсордук көмөк көрсөткөн "Дом Тургенева" атындагы мигранттарга жардам берү коомунун директору Абжапаров Алмаз Торомамытович , Эргешова Ч.Ж. биргеликте "Кана эмесе кыздар" темасында кыздар ортосундагы таймашууну өткөрүштү. Ош областынын "Курманжан Датка", Жалал-Абад областынын "Жоогазын" командаларынын ортосундагы оюндун жүрүшүн Ашимов Өмүрбек Абдымаматович алып барды. Сынакка активдүү катышкан Айсулуу Темирова, Айжан Мырзабаева, Султанова Тамара, Шайыр кызы Тамара, Алтынбек кызы Айжаркын ж.б. баалуу сыйлыктар менен сыйланып, жыйынтыгында "Курманжан Датка" камандасы жеңип чыкты.Жеңип чыккандарга арнап Өктөм Мамаева төмөнкү ырды окуп берди:
Ала-Тоонун көркөмдүү ак куулары,
Асыл ойду ширеген акылдуулары.
Аруу сезим орноп аппак кардай,
Ар бириңди жууп өттү акыл cуулары.

Тоодой куба так дилиңде туйласын,
Тамыр күч толуп бошко турбасын.
Тагдыр татаал тайгак жолдордо,
Талаада мусапырлык каар бузбасын.

Кар алдында баш бакан байчечекей,
Коркун бузат суук ичекей.
Күчүңөргө күч кошуп ширетилген болоттой,
Каршылыкты жеңгиле болсоңор да назиктей.

Жаз келет жаркырап күмүш нурдуу,
Жадырап аалам жайнап силер сырдуу.
Жагынып турсун ак калпак жигиттер,
Жан жыргаткан улуулук ырахаттуу.

Келгин куштай жүргөн жерди баалайлы,
Коом өзгөрдү элден артта калбайбы.
Кыска өмүрдө музда калган ак куудай,
Кышта дагы жаздай көрүп жашайлы !

8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата Санкт-Петербургдагы диаспорасы тарабынан коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн граматалар менен төмөндөгү аялдар сыйланды: Мамаева Өктөм, Токтобаева Зина, Шералиева Айгул, Уразова Бүсайра, Капалова Бүбүсайра, Мырзамамытова Назира, Жарматова Дарыйка, Бубаева Калдаркан, Төрөканова Батма, Бакирова Мира, Асанбаева Зарина, Шеримкулова Жыпара, Жолдошева Гүлмира. Майрамга карата аялдарга каалоо тилек айтып ырчы аткаруучулар Токтобаев Керим , Ашимов Өмүрбек, Бекмаматова Тахминалар өздөрүнүн өнөрүн көрсөтүшүп жалпы кеченин конокторуна жагымдуу ырларды тартуулашты.

г.Санкт-Петербург Шерматова Чынара




кыргыз тилиндеги гезит "Нур реклама"









??.??