п»ї
  Ыйман бар жерде ырыс бар

Арам жолдон алыс бол!
Канкыбаев Максат Байышевич
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Москва шаарындагы өкүлү
e-mail: muftiyat.moskva@mail.ru
+7926 0694744, +7985 9724025

- Кыргыз кыздарыбыз Москвада башка улуттун өкүлдөрү менен зина иштерин кылып акча табууда, алардын тапкан акчасы адалбы же арамбы? (Ислам).
- Динибизде зина чоң күнөө болуп эсептелет. Ыйык Курандын Исра сүрөөсүнүн 32чи аятында "Зинага жакындабагыла, анткени ал эң ыплас, жаман жол" деп баяндалат. Зина кылуу гана эмес ал ишке жакындоо да харам, б.а. зинага алып бара турган нерселер да харам. Мисалы, кыз менен баланын никесиз жалгыз калуусу, бири биринин колдорун шахват (кумардануу) менен кармоолору жана өбүшүүлөрү .Ал эми суроого кайрылчу болсок, кыргыз кыздарынын башка улуттун өкүлдөрү менен болобу, өз улутунун өкүлдөрү менен болобу, зина үчүн акы алып жатабы же акысызбы, бардык түрлөрүндө зина иши харам жана эки тарап тең чоң күнөөгө батышат. Тилеке каршы, кээ бир эже-карындаштарыбыз акча табабыз деп бул ишти кесип кылып жүрүшөт. Албетте, бул жол менен табылган акчада эч кандай берекет болбошу анык. Пайгамбарыбыздын(с.а.в.) хадисине карасак "Харам менен азыкталган дене бейишке кирбейт" деп айтылат. Дагы бир жерде Пайгамбарыбыз (с.а.в.) сапарда чарчап, чаңга бөлөнгөн, чачтары уйпаланган, колдорун асманга көтөрүп: " Оо Раббим, оо Раббим!!" - деп Аллага жалбарган адамды баяндайт, бирок анын жегени, ичкени, кийими харам дейт, абалы ушундай болгон адамдын дубасын Алла Таала кантип кабыл кылсын деп баяндайт. Кандай гана харам жол болбосун уурулук, кумар, паракорчулук, сүткөрлук ж.б.у.с. жолдор менен табылган акча харам болуп эсептелет.
- Үйлөнгөнүбүзгө 7 жыл болду. Келинчегимдин ден-соолугуна байланыштуу балалуу болгонубуз жок. Келинчегимдин макулдугу менен нике кыйып, 2чи аял алып жашасам күнөө болбойбу? (Малик).
- Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын аты менен! Негизинен, Ислам динибизде мусулман адамга 4 аял алууга уруксат берилген. Бул уруксат Ыйык Курандын Ниса сүрөөсүнүн 3-аятында төмөнкүчө баяндалат: " Өзүңөргө жаккан башка аялдардан экөөнө, үчөөнө жана төртөөнө үйлөнө бергиле. А эгер адилетсиздик болот деп корксоңор, анда бирөөнө гана, же болбосо кол астыңардагылар (менен чектелгиле). Бул зулум кылбооңорго жакыныраак " Бул аятты үстүртөдөн эмес, терең маанисине көңүл бурган адамга эки же үч аялга үйлөнүш оңой эле экени, ошол эле убакта алардын арасына адилеттүү мамилени сакташы татаал экени маалым болот. Экинчи аялга үйлөнүүнүн эң негизги шарты - эки аялынын ортосунда күйөөсүнүн адилеттүү болушу. Адилеттүүлүктү сактай алалбасам керек деген адамга экинчи аял алуусу харам болуп эсептелет. Адилеттүү мамиле бул эки аялына бирдей мамиледе болуусу, убакытты экөөнө тең бөлүүсү, экөөнө тең бирдей шарт түзүп берүүсү, тамак-ашынан баштап кийим- кече, жашай турган жайына чейин. Эң таң калыштуусу, азыркы учурда кээ бир адамдардын биринчи аялынын кабары жок эле экинчисин ала бер деген үгүттөөлөрү. Ушул сөздөрдө Куранда талап кылынган адилеттүүлүк мамиле барбы?!!! Бул учурда адилеттүүлүк эмес чоң бир кыянат бар деп айта алабыз. Биринчи аялынын кабары жок болсо кантип күйөөсү адилеттүү мамиле жасай алат? Ал эми Малик бир тууганыбыздын суроосуна жооп бере турган болсок, келинчегиңиз экинчи аял алууңузга макулдугун билдирсе, экинчи аял алууңузга уруксат берилет, эгерде сиз жогоруда айтылып кеткен нерселерде экөөнүн ортосунда адилеттүү мамиледе болсоңуз.

Маектешкен
Турсунай Баетова.




  Ыймандуулук - адеп ахлактын башаты

Илгери сахабалар заманында бир адам: -
- Балам үч жашка чыкты эми мындан ары тарбия берсем болот Бирок кайсы багытта деп сураганда, анда сахаба:
- Сиз балаңызга тарбия берүүдө үч жылга кечигиптирсиз, себеби бала эненин курсагында жаткан мезгилден баштап тарбиялануусу шарт деп жооп бериптир. Демек, жаштар биз тарбия алууда канча жыл кечигиптирбиз аны Акматбеков Авазбек ажы менен баарлашып ой болүшүп көрсөк.
- Авазбек ажы, сизди бүгүнкү жаштардын ыймандуулугу, адеп ахлагы канааттандырабы?
- Жок деп айтыш кыйын. Себеби металдын да эки бети болот. Эл ичи токой. Токойдо не бир түркүн жан жаныбар турдуу өсүмдүктөр бар сыяктуу эле Аллах жараткан адамдар арасында деле ар турдуу инсандарды табууга болот. Бүгүнкү күндө ыймандуулар андан көп, ыймансыздар мындан көп. Беш кол бирдей эмес. Мисалы Москвадагы мусулмандардын борбордук мечитинде кыргыздын кыздарынын ичинде диний билим алып жүргөндөр бар. Ал эми Аллах анын бетин ары кылсын кээ бир келин кыздардын жоругун угуп төбө чачын тик турат.
- Кечиресиз, ошол келин кыздардын адаттан тыш адепсиздигине кыргыз мырзаларынын да кошкон салымы бар го деп ойлойм...
- Албетте, "кош алакан чабылса, карс эткен үн чыгат" Аял - эне, эже, карындаш, кандан бүткөн кызын экендигин унутпаш керек. Эгер бүгүн бүрөөнүн кызына кордук көрсөтсөң эртең сенин кызыңа бирөө кордукту эки эселеп көрсөтөт. Муну эске албаган киши наадан. Экеинчиси аял-үйдүн куту Эркектин адалдан таап келген оокат ашын ысырапгерчиликке учуратпай балдарды туура тарбияда өстүрүү аялдын милдети болуп саналат. Тилекке каршы азыркы мырзалардын дээрлик көпчүлүгү турмуш тиричиликтин оодук оордугун аялдарга жүктөп, аялдардын тапкан тутканын көзөмөлгө албай калышты. Мунун өзү күнөө. Шарият жолу менен караганда ушул болуп жаткан окуялардын жоопкерчилиги эркектердин мойнунда. Себеби, үй-бүлө ээси.
- Азыркы Москвадагы жашоо, аял-эркектердин журум туруму өзүнүзгө маалым. Айрыкча айрым кыз келиндердин маселесин кантип жолго койсо болот?
- Илгери эле "кызга кырк үйдөн тыюу" - деп, азыр ал заман эмес, "атадан алдын уул өтүп, энеден алдын кыз сүйлөгөн" заман келген.Ошентсе да ар бир ата-эненин балдарына каалаганы жакшылык. Деген менен жаман айтпай жакшы жок, ар бир ата-эне алыс жуукта жургон уул кыздарын көзөмөлгөалышса. Мүмкүнчүлүк болсо, кыз келиндерди Москвага тыюу салынса. Аллах ырыскыны адалдан сепкен, адал эмгек менен терип жейли. Менин мусулманчылыктагы парзым билгенимди айтып коюу болуп саналат.

Маектешкен
Турдайым
Аширапбай кызы.




Жарты нан жарты киши болуп жардамга келди
"КайМос" кайрымдуулугун улантууда
Бир мусулман о дүйнө сапар тартаарыиа жакын түш көрөт, түшүндө ээн талаа эрме чөлдө эч кими жок жардамсыз кыйын ахыбалга туш болот Ошол мезгилде жанынан 30 атчан адам өтүп кайрылбай кетет. Андан кийин 5 атчан киши өтөт Алар ал ахыбал сурашат бирок жардам бере албасын айтышат. Ошол мезгилде мунжу, майып аксаган адам келет да арсар абалда жаткан анын башын жөлөп кандай жардам керектигин сурайт. Ошондо ал: -Мага отуз атчан киши кез келди алар жардам бербеди, андан кийин беш атчан киши келип алар да жардам бере албасын айтып өтүп кетишти. Анан кантип, жарым жан сен мага жардам бермек элең - дегенде ал :- Ооба, мен сага жардам бере алам . Себеби, сен бир кезде курсагы ачкан эч кими жок жетим баланы бүтүн эмес жарты наның менен курсагын тойгузуп жардам берген элең. Мен сенин ошол жарты наныңмын, жарты киши болуп сага жардамга келдим. Эгер сен ошондо жарты нан эмес бүтүн нан бергениңде азыр мен сага бүтүн киши кейпинде келмекмин- деди. Хадистеги бул баяндын жандырмагы ааламдардын айтымында мындайча чечилет.
Отуз киши отуз күндүк туткан орозоң, беш киши беш маал окуган намазьң, жарты наның жетим-жесирге берген кайыр-садака берген зекетиң.
Мына ушундай мусулманчылыктын парзын туу тутуп Мухаммед пайгамбарыбыздын улуулугун даңазалап, сахабалардын жолун жолдоп, жетимдин мандайынан сылап, жесирдин көз жашын аарчып жыгылганды тургузуп, колдон келген жакшылыгын бөтөн эл бөтөн жерде мусаапырчылыктын күнүн кечирип келе жаткандыктарына карабай КайМос фондунун жигиттери дале болсо элине кайрымдуулугун көрсөтүп; келе жатышат.
Айта кетсек фонддун активдүү мүчөлөрү Таштемиров Гуламидин, Үсөнөв Кадырбек, Турдуев Сыран, Салибаев Кеңеш, Мусаев Айбек жана башка Кайрагач айылынын баш көтөргөн бир катар жигиттери кечээ жакында Улустун улуу күнү Ноорузду утурлап, "Өзгөн" кафесинде Москвадагы мигранттарга майрамдык маанай тартуулашты. Ошону менен катар кыргыздын улуттук оюндарын уюштуруп, кол күрөш, гир көтөрүү, лотерея ойнотушуп жеңүүчүлөрдү аныкташты.
Ошону менен катар дагы бир айтса арзыгарлык иштеринин бири Москвада иштеп жүрүп көзү өтүп кеткен жердештерибизди өз фонддорунан каржылап мекенине жөнөтүп жатышкандыктары жашыруун эмес жана аларга арнап ар дайым куран окутуп турушкандыктары чыныгы мусулманчылык иш десек жаңылышпайбыз.
Мына, окурман мусулман пендесинин бараар жери о дүйнө түбөлүктүү үйү, барса келбес жайы. Албетте бизге Аллах о дүнүйө бул дүнүйө жакшылык шарапатынан баарыбызга КайМос фондунун жигиттери кайрымдуулук кылган даража, берешен жоомартты насип эткен болсун. Албетте, жогорудагы хадисте баяндалгандай өзүбүзгө ыраа көргөн жакшылыкты ар бир мусулман пендесине да ыраа көргөндүгүбүздүн өзү чыныгы даанышман пайгамбарыбыз Мухаммед алейхис саламдын үммөтү экендигибизден кабар берет

Т. Кожомбердиев





кыргыз тилиндеги гезит "Нур реклама"









??.??