п»ї

Нооруз-2011 майрамы - Москвада
2011-жылдын 21-мартында ВВЦда Кыргызстан Соода Үйүнүн "Гүлчөтай" кафесинде улустун улуу күнү болгон Нооруз Майрамын утурлап, дасторкон жайылып Москва шаарында иштеген кыргызстандык мекендештер чакырылды. Бул аземди уюштургандар Кыргыз Биримдиги коому жана Кыргызстандыктардын союзу коомдук уюмдарынын бирикмеси болду. Майрамдык аземдин биринчи бөлүгү саат 12.00дө башталып, алмустактан келаткан ата-бабалардын жолун жолдоп, Нооруз күндү жаңы жыл деп эсептеп, жаңы күндө жамандык менен арамдыктан алыс бололу деген тилектер менен Алас айтылды. Келген эл аштын куту болгон сүмөлөктөн ооз тийишти. Көңүл эригиткен күүлөр, мукамдуу музыка коштогон ырлар, шайыр бийлер майрам шаңына шаң кошуп, жердештерибиз чын пейили менен майрамдаганы, мусулмандардын жаңы жылын тоскону келгени байкалып жатты. Биринен-бири алгоолошо микрофон алып, куттуктоо сөз айтып, шаңкылдап ырдаган кыз-келиндер майрамдын көркүн ого бетер ачып турду.
Майрамдык аземдин экинчи бөлүгү кечки саат 18.00дө башталды. Кечки майрамдык дасторконго Москва шаарынын тургундары катары көптөн бери жашаган аксакалдар жубайлары, бала-чакасы менен келишти. Кечки Нооруз Умай Эне, Кыдыр Атанын ак батасы менен башталып, Алас айтылып, сүмөлөк таркатылды. Алып баруучулар Тамара жана Айжан кызуу сүйлөп, кызыктуу оюндарды уюштуруп, коноктордун көңүлүн көтөрүштү. Улан Кошматов өзүнүн куттуктоосу менен кошо орус элинин ырларынан созолонтуп ырдап берди. Жаш ырчылар Уланбек "Ошол да тоолук кыргызбы", Сүйүнбек "Сулууларга" аттуу ырларын тартуулашты. Ал эми "Кыргызстан Аялдар" коомунун өкүлү Бурулча Таңатаровна "Ала Тоо" аттуу ыры менен көпчүлүктүн эсинде калды. Ишкер мырза Аскар Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр төктүсүн" төккөндө дүркүрөтө кол чаап коштоп турушту. Майрамдык маанай тартуулаган Нооруз-2011 аземи эсте каларлык өтүп, аны уюштуруучуларга жана алып баруучуларга аксакалдар тарабынан ыраазычылык билдирилди. Нооруз-2011 майрамын өткөрүүгө спонсорлук кылган "CONTACT" системасы боюнча акча которуу жүргүзгөн Русславбанкына да ыраазычылык билдирилди.

"Нур" пресс.




"Сүмөлөк"

Энелердин ойлоп тапкан тамагын,
Даамдуулугун, шириндигин карагын.
Айжан алып кел сүмөлөктү бул жакка,
Каалоомду айтып, чыпалагым салайын.

Кыскартылган сөзбү деймин сүмөлөк,
Суу - мөмө - көк - дегенден алынган.
Умай энемдин, энелердин тамагын,
Тилек кылып, кел ооз тийип көрөйүн.

Жаздын башы майрамдардын айысын,
Жылда келчү мартта келип калыпсың.
Бир айда эле эки майрам бир келип,
ВДНХда көптөр менен тааныштым.

Умай энемдин кабыл болуп тилеги,
Аман-эсен ушул жылда жүрөлү.
Жылда болгон жаңы жылдын жарчысы,
Сүмөлөктү сый тамак деп билебиз.

Маматжан Парпиев (Маки)
Майлы-Суудан 8 (905) 734-96-31




Москва аралаган кыргыз поэзиясы
Улуу майрам Ноорузду утурлай Москва шаарындагы "Кыргызстан" соода борборунда "Москва кайрыктары" аттуу чыгармачыл жаштардын поэзия кечеси өткөрүлдү. Чыгармачылардын башын бириктирген мындай иш- чара "Нур" компаниясы жана "Нур реклама" гезити тарабынан уюштурулду.

Кечеге жаңыдан колуна калем кармап поэзия дүйнөсүнө багыт алган жаш калемгерлерден тартып, бир канча китептери чыгып, акындардын катарын толуктай баштаган инсандар да келишти.
Алгач саламдашып кечени ачкан алып баруучу Айжан Мамасадыковадан сөз алган "Нур реклама" гезитинин ээси Багыт Бапанов гезиттин чыгуу тарыхына жана анда чагылдырылып келе жаткан жаш калемгерлердин ырларынан турган "Москва кайрыктары" аттуу рубрикасына токтолуп, күндөн - күнгө ырларын көтөрүп келген жаштардын катары арбып жатканын белгиледи. Андан соң калыстар тобунун мүчөлөрү Ооганбек Станбеков, Асылбек Эгембердиевдер сөз сүйлөшүп, акын Айталы Жандаров, Бактыгүл Сейитбековалар өз калеминен жаралган ырларын окуу менен бирге жаш калемгерлерге жакшы ыр жаралыш үчүн улуу классиктердин китептерин көп окуп, талбай эмгектенүү керек деген кеңештерин беришти.
Келме кезек ырга келип Москванын татаал шартында көр оокат менен эле чектелип калбай, калемин кошо ала жүрүп, Россиядан алган таасирлерин, Ата журтка, туулган жерге, ата-энеге болгон сагынычтарын ак кагазга чиймелеген чыгармачыл жаштар кезек менен ыр окушуп, көпчүлүк ыр сүйүүчүлөрдүн кулагынын кычуусун кандырышты. Ошондой эле алардын ырлары
атайын түзүлгөн калыстар тобунун элегинен өтүп, алдыңкы орунга чыккан Айжан Мамасадыкова, Адашкан Пирматов, Бахтияр Орозалиев, Ильяз Тургунов, Абдыкерим Бекмурзаевдер атайын дипломдорго ээ болушту. Ал эми калган катышуучулар грамоталар жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.
Ошондой эле кеченин жүрүшүндө
Нооруз майрамынын урматына карата арча түтөтүп алас айтылып, "Кыргызстан" соода үйүндөгү "Гүлчөтай" кафесинде даярдалган сүмөлөктөн кечеге келген 400 гө жакын конокко ооз тийгизишип, жакшы каалоо тилектер айтылды.
Ат таптасаң тулпар болот, куш таптасаң шумкар болот,- демекчи бүгүн жаңыдан ыр дүйнөсүнө аттанган жаш улан-кыздар бир күнү тапталып белгилүү акындарыбыз Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев, Жолон Мамытов жана башка залкарлар сыяктуу кыргыз адабиятында аты алтын тамгалар менен жазылып кала турган таланттар тандалаар.
Талантты багыш керек дешет. Бир пайыз талант болсо 99 пайызы эмгек деп бекер айтылбаган чыгаар. Терең билим менен талбаган эмгек гана жараткан берген талантты андан ары такшалта алат. Ошол эле учурда эзелтен ар бир эл өз таланттарын ар убак колдоп, өнөрү андан ары өсүшү үчүн моралдык да, материалдык жактан да камсыздап келген. Ал эми мамлекетибиздин жагдайы өз арыгыңды өзүң чап да, өз арабаңды өзүң тарт кейпинен арыла албай турганда өнөрлүүлөр өз кара күчүнө гана таянууга аргасыз болушууда.
Бирок чыгармачыл адамдарга материалдык жактан гана эмес жөн гана көңүл буруу да чоң каниет болоору белгилүү. Андыктан чыгармачылардын башын бириктирген, ушул сыяктуу кечелер да жаш таланттардын демине дем кошуп, эргүү болоору талашсыз.
Баарынан да "Нур реклама" гезити жана калыстар тобунун көмөгү менен гезитке чыгып жүргөн ырларды бириктирип китеп кылып басып берүү демилгеси чыгармачыл жаштарды андан ары да калеминин сыясын кургатпай, дагы ар кандай тематикадагы көптөгөн жаңы ырларды жаратышына түрткү болду окшоду. Поэзия кечесиндеги дагы бир жакшы саамалык "Нур реклама" гезитинин колдоосу менен "Москва кайрыктары" аттуу адабий клубдун түзүлүшү болду. Аталган клубдун жетекчилигине Айжан Мамасадыкова бир добуштан шайланып, ага 20 калемгер мүчөлүккө өтүштү.Албетте поэзия сүйүүчүлөрдүн мындай клубу жаш калемгерлердин чыгармачылыгына дагы жаңы шык жаратып, ыр чыйырында такшалуусуна көмөктөш болот деген ишеничтебиз.

Турсунбу Жусупбекова.

Жакында "Нур реклама" гезитинин демилгеси менен "Москва кайрыктары" аттуу ыр жыйнак китеби жарык көрмөкчү. Гезит бетине ырлары чыккан калемгерлерибизди жана ырга шыктуу, калеми курч кыз-уландарды тез арада редакция менен байланышуу-га - чакырабыз. Байланышуу телефондору: 8-925-780-36-76, 8-926-120-56-91






кыргыз тилиндеги гезит "Нур реклама"









??.??