п»ї

  Жылдыздар дүйнөсү

Асема эксклюзивдүү концерт коёт
22-23-апрелде ырчы жана актриса Асема концерт берем деп жүгүрүп жүргөн кези. Асеманын айтымына караганда, концерти башка ырчылардан айырмаланып, өзгөчө болот. Ырчынын жолдошу Акжол да келинчегине жардам берип, колуна кол , бутуна бут болуп жүргөн чактары.


Айгерим атасы менен Иранда
Өзүнүн кылыгы менен кыргыздын эле эмес, башка өлкөнүн жигиттеринин жүрөгүнө чок салып жүргөн Расул кызы Айгерим 28-март күнү атасы менен Иранга учуп кетти. Чыгармачыл үй-бүлөгө Ирандын элчилиги тарабынан атайын чакыруу баракчасы келген эле. Эми бардык мусулман мамлекеттеринен барган таланттуулар мусулман жаңы жылын Иранда белгилеп, Ирандыктарга ыр майрам тартуулап келишмекчи. Айгерим өз кезегинде "Нооруз" майрамга арналган ырын ырдайм деп даярданып жатат.


Аалы филармониядан кетти
Эсиңиздерде болсо керек, январдын аягында "Эл ырчысы Эстебес" тобу жоюлат экен" деген имиштер тарап, журналисттер Улуттук Филармониянын эшигин кагып, директор Замирбек Үсөнбаевдин шайын оодарган. Атургай Замирбек мырза "Учур" гезитине "жакында "Эл ырчысы Эстебес" тобун таратат экен" деген имиштер коомчулукка тарап кетти. Бул туура эмес. Эки фольклордук топтун башын бириктирип, чачыранды кылбай, чоң программа менен иштешсе кандай болот (?) деген ой жаралган. Ушундан улам, "А.Үсөмбаев атындагы топ калып, Эстекемдин аты өчүп калат" деген туура эмес кептер таралууда. Биз эч качан Эстекемдин атын өчүрбөйбүз. Бул жөнүндө бир жыйынтыкка келе элекпиз. Жеке өзүмдүн варианттарым да бар. Аны да ойлонуп атам" деген маалымат берген. Эми Замирбек Үсөнбаев өзүнүн жеке варианттарын ишке ашырганбы же аталган топту биротоло таркатайын дегенби айтор, кечээ жакында эле "Эл ырчысы Эстебес" тобунун көркөм жетекчиси, төкмө акын Аалы Туткучев Улуттук Филармониядан чыгып кетиптир" деген кабар уктук. Муну кандай түшүнсөк болот?.. "Карга карганын көзүн чукубайт" дечү эле илгери... Ал эми "фольклорду туура түшүнөт" деген Замикеге эмне болгон? Болгондо да намыстуу, таланттуу, тилинен чаң чыкканча ырдаган төкмө акын Аалынын жумуштан кеткени элге жагымдуу кабар эмес. Бул тууралуу төкмө акынга байланышка чыкканыбызда, уюлдук телефону өчүк болуп чыкты.


Жамиля Муратова жагымдуу кече өткөрдү
Белгилүү композитор жана ырчы айым Жамиля Муратова 28-март күнү саат 20:00дө Бишкектеги "Гудзон" түнкү клубунда чыгармачыл кечесин өткөрдү. Кечеге Жамилянын шакирттери, чыгармачыл достору, тааныштары, мыкты санаалаштары катышып, көңүлдүү өттү. Аталган кече "Жалгыз сага жакын келди" деп аталып, кече ар кандай сынактар, шоу-программа менен коштолуп, аягы 80-90-жылдардагы дискотека менен жыйынтыкталды. Кечеге келгендер жакшы эс алып, үйлөрүнө көңүлдүү кайтышты. Дагы бир баса белгилеп кете турган нерсе, кечеде Жамиля Муратова жалаң гана жаңы чыгармаларын тартуулады.


Ильяз Андаш Нью Йоркто ырдады
Жаштардын арасынан таланты менен өзгөчөлөнгөн ырчы жигит Ильяз Андаш жакында эле Нью Йорк шаарында болуп кайтты. АКШнын Нью Йорк, Вашингтон, Чикаго шаарларында жашаган кыргыздар дайыма уюшуп алып өздөрүнүн көңүлүн ачканга акчасын аянбайт. Аталган майрамдык салтанатты "Кыргыз клаб" уюму уюштуруп келет. Буга чейин аталган уюм Бактыгүл Бадыева, Гүлнур Сатылганова, Каныкей, Мирбек Атабеков сыяктуу ырчыларды чакырып келишкен. Ильяз Нью Йоркто ырдап гана тим болбостон бир ырына клип тартканга да үлгүрдү. Эми ал клипти жакын арада теледен көрүп каласыздар.


Жеңишбектин Москвага келиши күтүлүүдө
Десе, атактуу акын Женишбек мырза Москвага иштегени келет экен дебеңиз. Төкмө акын Жеңишбек ЖУМАКАДЫР (Токтобеков) учурда Москвадагы кыргыз жердештерине концерттик программа даярдоо менен алек. Төкмө акындын концерти Россия шаарларын май айында араламакчы.

Лутфилла ырчылыктан режиссерлукка өтөт
Жаңыдан эл оозуна алынып келе жаткан "патриот" ырчы жигит Лутфилла ырчылык гана эмес, режиссерлук билимди да алып жатканы сүйүнтөт. Жазгы сессия башталып, режиссерлук чеберчилиги боюнча ырчы жигит экзамен бермекчи. Ал экзаменде 3 мүнөттүн ичинде мыкты клип жаратуу тапшырмасы коюлган. Анапия Райымбекованын "Ак Шоокум" деген ырына клип тартам деп камданып турган чагы. Клипти мыкты тартып, "5" деген баа алам деп ишенип жатат.


Автандил катуу эмгектенип жүрөт
Автандил аттуу ырчы жигит болсо, жаздын деми менен жанданып, жакшы чыгармалардын үстүнөн талыкпай эмгектенип жүргөн кези. Буту-бутуна тийбеген жигит "Каркырам" деген ырын жаздырып бүтүп, радиолорго берди. Эми Автандилдин угармандары ырчынын дагы бир жаңы чыгармасын уга алышат.
Бетти даярдаган:
Айназик Бердалиева






кыргыз тилиндеги гезит "Нур реклама"









??.??