п»ї
Москва кайрыктары
Тилегеним адилеттүү падыша
Ким бар экен адилеттүү падыша,
Кетишти го жалганы көп падыша.
Күүлөнүп катуу катуу сүйлөп алып,
Кыйнашты го карыны да жашты да.

Падышалык көзгө алтын көрүнөбү,
"Позор" болуп башка өлкөгө бөлүнөбү.
Адамдын убалына калып кетип,
Адашып бөтөн үйгө жөлөнөбү.

Падышабыз өтө эле акылдуу экен,
Туулган жерин көрө албай жүрөт экен.
Өз атасын өз энесин кордоп алып,
Өзү өскөн жерине келбейт экен.

Бизчелик адам каны төгүлөбү,
Элибиз эки топко бөлүнөбү.
Дүнүйөгө адам жүзү өзгөрүп,
Бир туугандар бирин-бири сөгүнөбү.

Оо кыргызым текеберлик болбойлучу,
Ок жаадырбай жашообузду оңдойлучу.
Түндүк түштүк эки тарап бөлүбөй,
Түбөлүккө бир туугандай бололучу.

Эми кандай падыша болор экен,
Адилеттүү атына коноор бекен.
Же кыргыздар ынтымакка келгенче,
Акыр заман, кыямат болор бекен.

Кыргыз үчүн дуба кылып кудайга,
Кыргыз үчүн жалкоо болбой кызматка.
Жерди сатып, элди атпай алдабай,
Болгулачы адилеттүү падыша.

Тилек тилеп жатамын жараткандан,
Тилегимди кабыл кылчы жараткан.
Кыргыздарга адилеттүү падыша бер,
Сактагының эки жүздүү адамдан.

Каныбек уулу Мухамбет,
Кара-Кулжадан
8 (926) 350-40-52


Кыргызстаным
Ак калпактуу, Ала-Тоолуу Кыргызстаным,
Абасы таза суулары дары замандаштарга айтамын.
Алакандай жерибизди барктайлы,
Алтын-күмүш мекенибизди сатпайлы.

Ордолуу Ошту карасаң,
Жашылча жемиш жайнаган.
Шыңгыр добуш Ак буура,
Шаар ортосунда жайгашкан,
Суктанам Сулайман тоосуна

Касиеттүү кереметтүү Ыссык-Көл,
Көңүл ачып эс алганы барып көр.
Дүнүйө эли кызыгып көлүбүзгө,
Өткөрбөйлү чет элди төрүбүзгө.

Жалал-Абаддай шаарларды биз баалайлык,
Алтындан дарбазасы, таң калаарлык.
Курманбек баатырдын бул мекени,
Арсланбап жаңгагы өзгөчө экени.

Бабам Манас урпактарын эстесем,
Талас суусу Казакстан менен чектешкен.
Чыңгыз, Чубак, Чолпонбайлар туулушкан,
Жашоодо бири ырдап, бири жазып кубулушкан.

Нарындын дарыясын кимдер билбейт,
Тоолорунун чокусу асман тирейт.
Дордой атка конушуп спортчулар,
Улактан баш байгени бербейбиз деп.

Өрүк зарлуу кичинекей Баткеним,
Москвага келгендер өрүгүнөн ала келсин.
Ыйман жолун бек кармашат жердештер,
Өркүндөй бер өсө бер мекендештер.

Жети облус борбору Бишкек шаары,
Оң жагында Карабалта, Кемин шаары.
Ар дайым бар болгунуң Кыргызстаным,
Сен бар үчүн бир өзүңө сыймыктанам.

Кенжебек,
Кара-Кулжадан 8 (925) 196-53-53


Жаз-Эне
Жадырап жазым келди күлүмсүрөп,
Жылуулук дем күч берип, алга сүрөп.
Эч талыкпа, келечегиң алдыда деп,
Күлө карап, жакшы тилек үмүттөнтөт.

Жаз келгенде артыкча сезим келет,
Кыз-жигитке түбөлүк сүйүү берет.
Үй-бүлөлүү кадырман кыргызымдын,
Ынтымактуу жашоосу бекемделет.

Жароокер да, боорукер да жаз мезгили,
Оңолот жүрүм турум кыз сезими.
Түйшөлүп, жакшы иштеп алыс жерде,
Ишеничти актайын деп ата-энеме.

Жаз менен Эне окшош эмне үчүн?
Жылдыздуу жылуулукту берет экөө.
Ошондуктан унутпайлы кыргыз элим,
Жаз-жарыш, Эне-асыл деген сөздү.
Нуржамал Айтбаева,
Кара-Суудан, 8 (926) 196-77-50


Сагындым ата өзүңдү
Аска-Тоомсуң, кубатымсың, белимсиң,
Мына быйыл токсон жашка келипсин.
Кудайыма ыраазымын атаке,
Токсон карды көрсөтүптүр көрүпсүң.

Токсон жашты көрө бербейт баары эле,
Өзүңүздү жаштай сезем дагы эле.
"Парпы абам" - жакшы киши эле дегенде,
Атам тирүү жүрөт деймин дагы эле.

Атам менин тоом жана тирегим,
Өзүң менен сыймыктанып жүрөмүн.
Балаңдын ой-тилеги ишке ашып,
Жүзгө чейин сого берсин жүрөгү.

Ата сиздин айткандарыңыз эсимде,
Келме келтирем, күндө жатары-дегендик.
Көптү сактап! Көптүн катары-дегендик,
Көп нерсе бар, көп маани бар өзүңдө.

Атама арнап, ыр жаратып олтуруп,
"Көп" - дегенге токтолгонго таң калба.
Көпкө чыксаң, эли-журтуң көп болот,
Себеби көп, бул - сөздү айтып жаткандын.

Токсонго чыккан атамды,
Сагынып жазып жатамын.
Ырды окуп берсе чебирең,
Берерсиң ата батаңды.

Аябайм каалоо сөзүмдү,
Сагындым ата өзүңдү.
Китебим чыгып калса эгер,
Бүт кыргыз тааныйт өзүңдү.

Алыскы Москва жеринде,
Айта берсең кабар көп.
Ар жерде аркыл иш кылдым,
Азыраак акча табам деп.


Маматжан Парпиев (Маки),
Майлы-Суудан
тел. 8 (905) 734-96-31.


Түштүк кызына
Сүйдүм сени түштүк кызы татына,
Көңүл бурсаң жетээр элем баркыңа.
Кулдук уруп ата энеңе бармакмын,
Баш ийебиз ата баба салтына.

Көңүл бурбай көлүң алыс дегендей,
Көптөн бери келе атасың кебелбей.
Мени сага махабаттын желеси,
Байлап койгон торго түшкөн эмедей.

Аман болуп жашасам да жүз жылы,
Эстээр элем сени бирок ар күнү.
Толгон айдай жылдыз менен оролгон,
Турсам бассам сен гана ойлоном.

Сүйүү тагдыр адам менен ойногон,
Махабаттын дарыясына бойлогом.
Колуңдагы оюунчугуң болдум го,
Ыргытсаң бир кемилип койбогон.

Түшүнбөдүм сени кандай мүнөзүң,
Сен да мендей адамды күтөрсүң.
Толкуп ташкан махабаттын деңизин,
Тар кайыкта калагы жок сүзөсүң.

Улан Болотов
Түп району, Сары-Дөбө айылы
8 (926) 042-21-28


Жанбиргем
Жанбиргем жандай көргөн,
Жашоомдун балысың сен.
Алыстан чарчап келсем,
Алмалуу багымсың сен.

Билемин сезип жүрөм,
Сен дагы сагынганың.
Кызганычтан туман тагып,
Тагдырга таарынганың.

Турмуштун ачуу тузун,
Аргасыз таттыкпы биз.
Ортодо бала сүйбөй,
Арманда калдыкпы биз.

Көргүм келет мен өзүңдүн,
Кайын ата болгонуңду.
Келиндин чайын ичип,
Көп жашка толгонуңду.

Жан биргем жандай көргөн,
Аз күндө көрүшөрбүз.
Турмуштун туз насибин,
Кайра тең бөлүшөрбүз.

Жамантаева Калия,
Баткенден 8 (926) 879-29-88





кыргыз тилиндеги гезит "Нур реклама"









??.??