п»ї
Москва кайрыктары
Тоолор
Тоолордо тоодой сыр жатат,
Тоолордо тоодой ыр жатат.
Тоолорум деп тоолуктар,
Тоолорум деп ырдашат.
Тоолорго барсаң ар убак,
Ачылат анда көңүлүң.
Аралап бассаң арчасын,
Оң жакта учат кекилик,
Сол жакта коён секирип,
Бутактан бутак бекинип,
Көңүлүң чөксө тоого бар,
Тоолоруң сени даарылайт
Өзүм каарып барсам да
Тоолорум менин карыбайт.

Иляс Тургунов
Кара-Жайдан
8 (916) 789-44-87

Периштем
Бийлеп соккон наз жүрөгүм сен деди,
Билбейм, кантип арбап алдың сен мени?
Периштедей көркүң көрүп тамшанар,
Пенделердин баары жүргөн жердеги.

Ал эле эмес шыңгыр күлкүң укканда,
Аста каалгып канат какпай куштар да,
Куштарлана кулак түрүп калышар,
Кудурети жетпей такыр учканга.

Садагам ай, не кетирдиң айламы?
Сага деген сезим гүлдөй жайнады.
Көөхардай ажарыңан айбыгып,
Көзүн ымдап, жылмайууда Ай дагы.

Боолголоп туйбасам да этегин,
Боз баркыттай барктуу болор эртеңим.
Жар чакырып Ыраймалы, Бегимдей,
Жаңыртабыз махабаттын эртегин.

Туйлап соккон наз жүрөгүм сен деди,
Туурума кондурайын мен сени.
Канча жылдар жылса дагы эскирбей,
Калсын сүйүүм таңгалдырып пендени!..

Акылбек Мамадалиев,
Сузактан 8 (967) 137-70-03

Сурануу
Үй-бүлөлүү бир келинге кезигип,
Сүйгөнүмдү сурабачы суранам.
Көрбөй калсам эгер бир күн эзилип,
Күйгөнүмдү сурабачы суранам.

Билбейм канча эзилемин дагы мен,
Көрмөйүнчө туралбаймын аны мен.
Түшүмдөн да кетпес болду карааны,
Түбөлүккө бир болсом дейм ал менен.

Жүрөгүмө ээлик кылып алдың бейм,
Сени дайым эңсегеним эңсеген.
Билип туруп билмексенге саласың,
Асылзаадам, кандай жансың деги сен?

Макул болчу жолугууга чакырсам.
Арманым жок таңды бирге атырсам.
Суранарым жүрөгүңдөн орун бер!
Алоолонгон сезим оту басылсын.

Сүйүү деген жалындаган от беле?
Аны басар дары сенде жок беле?
Ак сүйүүмө өзүң болчу дарыгер.
Суранамын сунушума жок дебе !

Азамат Кулманбетов,
Тел: 8-926-058-58-10
Айганышым

Айганышым - айдай кызым медерим,
Жараткандан тартуулаган белегим.
Капалансам жубатаарым,
Кубанычымды тең бөлүшөөр зирегим!

Айганышым гүл кызым жароокерим,
Мезгил агып бойго жетип келесиң.
Карагат көз, боюң шыңга суйкайып,
А мен үчүн баягы эле секелексиң!

Боорума имерип жыттай албай,
Энелик мээримди чача албай,
Садагалап жалынып сүрөтүңө,
Алыстамын, кусадармын
Сагынычым баса албай!

Уулдарым - канатым

Уулдарым - оргуп аккан тунук булагым,
Шылдыраган үнүңөрдө кулагым.
Непада кошулбасын киргил суу деп,
Агымыңа сереп салып турамын.

Уулдарым - кош канатым бутагым,
Ысысам көлөкөлөөр чынарым.
Турмуштун ызгаар суугу каптаса,
Силерсиңер баш пааналар турагым.

Уулдарым өмүрүмө жарык берген чырагым,
Жарыгыңан кайрат-кубат аламын.
Көңүл чөгүп, бугум жазаар кез келсе,
Ийиниңе башым жөлөөр ынагым.

Байсалова Майрам,
Жалалабаддан
Москва шаары 8 (964) 594-30-17
Ойлорубуз
түз болсун

Агымыңда жүрөбүз Москванын,
Айлап, жылдап иштеп акы алабыз.
Азбы-көппү тааныш, тууган арттырып,
Аз убакыт көрүшпөсөк сагынабыз.

Эл катары мен да келгем айылдан,
Эстеп айтсам бир жыл өттү арадан.
Эх, убакыт өтө берет турбайбы?
Эрктүү, күчтүү курак өтүп баратканы.

Бөтөн элде жүрөбүз кадырданып,
Боорум ооруйт туура эмес кеп укканмын.
Бир карын майды бир кумалак чиритип,
Бирөөсүнүн айынан жаманатпыз.

Жеңил ойлуу ойлошуп кыргыз кызын,
Жемелеп өзү айтты кыргыз уулум.
Башка улуттун жигитин тандап алып,
Бой салып колтукташып баратканын.

Туура эмес жолдо жүрсө ал кызыбыз,
Тууганбыз кеңеш берүү парзыбыз.
Түйшүгү, дарты бар да ал айласыз,
Теңирим түз жол берсин суранабыз.

Ойлорубуз түз болсун замандашым,
Оозунуп айтайынчы укчу алдын.
Оо дүйнөгө узап кетсек кокусунан,
Оймоктой жакшы сөзүң ооздо калат.

Абакирова Гүлзада,
Жалал-Абад облусу,
Базар-Коргондон.
8 (926) 658-77-87
Классташтар

Бир мектепте бирге окуган классташтар,
Эң кымбаттуу жандай көргөн курбулар.
Бирге ойнойлу өмүрдөгү жаштыкты,
Эми келбес кайтып ушул жаштыгым.

Бир келген ай окуучулук күндөрүм,
Токтободуң убакыттын өткөнүн.
Сагынамын окуучулук күндөрүм.
Кайтып келбейт бул өмүрүм, жаштыгым.

Коштошуу күн бүгүн келди мектебим,
Кайтып келбейм сагынамын мен сени.
Билип берип он бир жыл бир талыкпай,
Кеч болсо да ыраазымын силерге.

Далай-далай кызык сонун күндөрдү,
Өткөргөнбүз бир мектепте өмүрдү.
Эстеп кайра ушул күндү партадан,
Эми келбейм сенден алыс баратам.
Сагынычты жазып бирге курбулар,
Окуучулук күндү эстеп кайрадан.

Бекишов Мырзаболот,
Токтогулдан.





кыргыз тилиндеги гезит "Нур реклама"









??.??