Жылдыздар дүйнөсү

Айчүрөктүн "Ала-Тоо"
периси май айында өткөрүлөт
КРнын эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева март айында "Ала -Тоо периси" аттуу конкурс уюштурмак. Январь айында болгон жеке концертине катуу даярданып жүрүп, аябай чарчагандыктан, бул долбоорду май айына жылдырган.
Эми май айында болчу "Ала -Тоо" периси аттуу конкурста биринчи орунга 100 миң сом, экинчи орунга 50 миң сом, үчүнчү орунга 1000 сом байге коюлган экен.


Эрлан жубайы менен
танго бийлейт
Ырчы Эрлан Андашев "Мистер шоу бизнес" долбоорунун финалына катышарын уксаңыз керек. Калган 9 мырзадан айырмаланып, Эрлан мырза бий сынагына келинчеги Перизат менен танго бийлеп чыгаары белгилүү болду. Учурда, тынымсыз бийге даярданып жаткан жуптардын үй-бүлөсүндө жакында эле жакшы жаңылык болуп, жеңебиз Перизат, комузда кол ойноткондугу үчүн Президенттик стипендияга арзыса, андан калбай Эрлан "Мистер шоу бизнестин" финалына чыкты.


Сема бизнес менен алектенип…
Бир аз эс алуудан кийин Сема мырза кайрадан чыгармачылыгына билек түрө киришүүдө. Бир нече ырларды жаздырып бүттүм, алдыда дагы чоң-чоң пландарым бар, аларды ишке ашырууга аракет кылам. "Буга чейин жеке бизнес менен алектенип жүрүп, чыгармачылыктан кичине арттап калдым" - деген ырчы учурда "Бири куудул бири ырчы" ж.б дагы бир нече проектилерге катышып жатканын билдирди.



Замир кыздуу болду
"Жар-жар" аттуу ыры менен үйлөнүү үлпөт тойлордун көркүн ачышкан кош жылдыздар Эллада менен Замир кыздуу болуп, кубанычтары койнуна батпай турган учуру. Таңкы саат алтыда, Бишкек шаарынын экинчи төрөт үйүндө Эллада көз жарды, ымыркайдын салмагы 3кг 300гр. Наристенин жытына мас болгон жубайлар ымыркайга мусулман ысымынан ыйгарабыз деп турган чактары. Наристенин келечеги кең болсун деп, эки жашты кызуу куттуктайбыз.



Тата Уландан жаңы клип
Кыргыздын этно-акыны Тата Улан башка ырчылардан айырмаланып, кыргыздын көйгөйүн чагылдырган бир нече ырларды жаратып келгени жалпыбызга белгилүү. Алардын арасында, "Карындашым", "Баары бир", "Алча" ж.б ырлары бар экенин билебиз. Эми ошол "Карындашым" аттуу ырына жараштырып, жаңы клип тарттырып коюптур. Кыргыздын кыздарына күйүп-бышкан жигиттин жаңы клибине эми массалык -маалымат каражаттарынан күбө боло аласыңар.


Бекчоро концертке кызуу
даярданууда
Жакында боло турчу "Мистер шоу бизнес" аттуу концертке алдыга озуп чыккан он ырчы эми финалдан ат салышмакчы. Алардын арасында өзгөчө стилдүү Бекчоро да бар. Ырчы атаандаштарынан айырмаланып сынакка кызуу кам көрүп жаткан кези. "Бизге "аскердик милдет", "акыйнек", "жаңылмач" жана "бий" -деген төрт тапшырманы беришти. Азыр бир гана ошол концертке даярданып, өзүмдүн күчүмдү сынап көрөйүн деп жатам"-дейт ырчы.


Лутфилла эми "диний"
ырларды ырдайт
Жаш ырчы Лутфилла атасынын өтүнүчү менен эми жалаң диний ырларды ырдап чыкмакчы. "Быйыл атам ажыга барып келгенине байланыштуу, мени Алланы мактаган диний ырларды гана ырдап чык деген сунушун киргизди, мен элдин баласы болгондуктан, "дин" темасына арналган ырларды ырдап чыгууну туура көрүп, атамдын сунушун четке кага алган жокмун", - деген ырчы Өктөмбай уулу Дүйшөнбек ажыга кайрылып, "Адам бол" деген ыр жаздырганга жетишкен. Буюрса, бул ырды жакында элге тартуулайм деп турган чагы.



Назира Искендерден
темир тулпар белекке алды
Көгүлтүр экран жылдызы Назира Айтбекованын тилинен гана чаң чыкпай, иштеген ишинен да чаң чыгып учурда Замана студиясында эмгектенип жаткан учуру. 14-февраль сүйүшкөндөр күнүндө Назира айымдын жолдошу Искендер "HONDA CRV" үлгүсүндөгү темир тулпар белек кылып, Назираны дагы бир ирээт сүйүнттү десек болот. Эми теле алып баруучу жөө жүрбөй, темир жоргосу менен кайкалап гана жүрмөкчү.

Бетти даярдаган: Айназик Бердалиева