ЖАН ДҮЙНӨ
Секс жаатындагы ачылыш ээлери
Эгер Нобел сыйлыгы секс жаатындагы ачылыштар үчүн да ыйгарылса алиге чейин бир канча киши бул сыйлыктын ээси болушмак. Анда эмесе секс тармагындагы ачылыштардын ээси ким экенинен учкай кеп.


Беата Узе жана Европадагы ири секс индустрия
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Германияда аялдардын абалы ыйлагыдай абалга туш болгон. Алардын көбү проституция менен жан багып калышат. Ошондо Беатанын үч курбусу бирдейинен боюна бүтүп калганда Беата уурдалган машинка менен жатык жана жеткиликтүү тилде календардык ыкма менен бойго бүтүрүүдөн сактануу туурасындагы макаласын жазат. Андан соң басмакананын жумушчулары менен 5 фунттан басып берүүнү сүйлөшүп, натыйжада 2000 брошюра чыгарып, болгону тыйынга сата баштайт. Анын макаласы ордунда сатылып кетет да, кайра дагы бир канча ирет басууга туура келет. Ошентип улам чыгарганы улам сатылып олтуруп, 16 жылдан кийин Беата он миллион доллар иштейт. Андан соң дүйнөдө биринчи жолу секс-шоп ачып, кийинчерээк киностудия уюштуруп, андан кийин, түнү көрсөтүүчү эротикалык канал ачат.
Натыйжада бүгүнкү күндө Америкада жана бүтүндөй Европада секс-шоп магазиндер иштебеген бир да шаар жок. Жадагалса азыр Россияда да интим - магазиндерде 2000ден ашык аталыштагы продукциялар пайда болуп, бул нерсе нормалдуу көрүнүшкө айланып калды.


Өбүшүү эркектин өмүрүн узартат
Немец окумуштуулары аныктагандай өбүшүүнүн бир канча пайдалуу жактары бар экен. Айрыкча эркек кишилердин өмүрүнүн узак болушуна өбөлгө болот. Күнүгө эртең менен жумушка жөнөөр алдында жубайы менен өбүшүп коштошкон эркек жөн гана "кечке жолукканга чейин" деп кеткен эркекке караганда 5 жылга көбүрөөк жашаарын айтышат окумуштуулар.
Тил жана эриндер өбүшүүдөгү негизги курал экени баарыбызга маалым. Дал ушул эки курал эркектин өмүрүн узартууда ачкыч катары саналып,ал гана эмес өмүр узартуучу дары катары карасак болот экен.
Ал эми геронтологдордун айтуусунда өбүшүү стресстен арылууга жардам берип, эрте карып кетүүнүн жолун алат. Айрыкча эртең мененки өбүшүүнүн узагыраак созулушу эркекти терс эмоциядан арылтат. Анткени узакка созулган өбүшүү учурунда өнөктөштөр көздү жумуп, кенен дем алат, бул учурда кишидеги стресс менен терс энергия сыртка чыгып дене бош ташталып, эс алат. Ошондой эле эриндин айланасына, ээкке түшүүчү бырыштардын алдын алып, эриндин айланасына гимнастика болот экен.


Маргарет Сангер жана
горманалдык контрацептер
Маргарет көп үйбүлөлүү кедей үй-бүлөдө төрөлөт. Ал кезде элдер бойго бүтүрбөөчү жалгыз презерватив деген гана каражатты билишчү. Анын үстүнө АКШда бул каражатты пайдаланууга да тыюу салынган эле. Ошондо көп бала менен энесинин кандай кыйналып жатканын көрүп, кичинекей Маргарет сөзсүз чоңойгондо бойго бүтүрбөөчү "дары" ойлоп чыгам деп өзүнө сөз берет. Кийин жолдошунун өзүнө белек кылып берген баалуу буюмдарын жашыруун сатып акча чогултуп белгилүү биолог Георгий Пинкусу менен өз оюн бөлүшүп, 1960-жылы бойго бүтүрүүдөн сактоочу горманалдык таблетканы ойлоп чыгат. Бүгүнкү күнү анын контрацептери турмушта кеңири пайдаланылып келе жатат б.а бир укол менен 3 айга чейин кош бойлуулуктан сактануу ж.б каражаттар бар.


Кызык экен
Секске тыюу салынган
айрым фактылар

1.Великобритания.
Секс - жети өлчөп анан гана…
Бул өлкөдө кокустан таанышып эле калганын төшөк ичинде чечишүү мүмкүн эмес. Качан гана жакындан таанышып, баарын жети өлчөп бир кескенден кийин гана секс жөнүндө сөз болушу мүмкүн. Эгер жаңы эле таанышкан же бейтааныш аялга секс сунуш кылган эркекти 180 евро айып төлөө же 3 жылдык түрмө күтөт.

2. АКШ
Аялдар презерватив
сатып ала албайт
АКШнын штаттарында презерватив колдонууга жол берилбейт. Мыйзам чыгаруучулар ар кандай СПИД ж.б венерикалык оорууларга карабастан бул нерсени колдонууга таптакыр тыюу салган учурлар бар. Маселен, Коннектикуте, Висконсинеде презервативдер жашыруун сатылып келет. Ал эми Калифорнияда презервативди рекламалоого жол берилбейт. Эң кызык мыйзам Луизиане шаарында : Мында эч бир жерден аялдар презерватив сатып ала алышпайт. Мындай мыйзам бузууга туш болгон аял затын жогорку көлөмдөгү айып күтүп турат.

3. Ирландия.
Секс - балалуу болуш үчүн гана
Эгер бул өлкөгө сапар алсаңыз бойго бүтүрүүдөн сактоочу каражаттарды көбүрөөк алып алганыныз оң. Анткени бул жакта мындай нерселерди сатып алуу өтө эле татаал маселе. Мындагы мыйзамчылардын көз карашында секс- жалаң балалуу болуш үчүн деп эсептешет

4. Гавайи.
Кызынын кылыгына ата энеси жоопко тартылат
Эгер экзотикалуу чөлдө жылаңач аял затын кезиктирип аны менен катнашууну кааласаңыз, өз каалоңузду орундатышыңыз албетте мүмкүн, бирок сиздин жасаган кадамыңыз үчүн сизге өнөктөш болгон аял затынын жаш курагы он сегизден жогору болуш керек. Андай болбосо ал үчүн ата энеси жоопко тартылат. Аларга албетте жеңил ойлуу кыз тарбиялаганы үчүн деген айып коюлат.

5. Венгрия.
Секс караңгыда гана
Венгриянын борбору болгон Будапеште өнөктөштөргө сүйүшүүгө караңгыда гана уруксат берилет. Эгер жыныс катнашты жада калса өз үйүндө болсо да свет жарыгында кошулса айып төлөнөт. Кызыгы ар бир катнашка барган түгөйлөрдү ким аңдып жүрөт болду экен деген суроо туулат.

6. Италия.
Эркектерге тыюу
Мында көл жээгинде аялдар гана чечинип жүрө алышат. Ал эми эркектерге жылаңач жүрүүгө болбойт. Анан да Италиянын Тропея шаарында көл жээгинде толук, мүчөсү начар аялдар да жылаңач жүрүүгө тыюу салынат.

7. Кытай.
Жылаңач бутту караба
Эгер Кытайга барып калсаңыз жылаңач аялдарды каалашыңызча карай бериңиз, бирок бут жагы жылаңач турган аялдын буту сиз үчүн эмес. Мындай учур аларда кемсинтүүчүлүк, орой кабыл алынып, жада калса бир канча күн темир тордо күн кечирип калышыңыз мүмкүн.

8. Израил.
Порного тыюу
Бул өлкөдө порно көрүүгө катуу тыюу салынган. Эгер ал жакка мейманчылыкка барып мейманкананын бөлмөлөрүнүн биринде порно көрүп жатып кармалгандарды да кеминде 3 жылга түрмөгө кесиши мүмкүн.

АСТРОТӨЛГӨ
25-январдан 25- февральга чейинки
астро төлгө
кой ЖЫЛДЫЗЫ
Жума ичинде сүйүктүү адамыңыз менен араздашып калышыңыз мүмкүн. Анткени чырдын башы сиздин түгөйүңүздүн турмушта алдыга умтулуу аракети сизди канааттандырбай, жашоого кайдыгер карагандыгы кыжырыңызга тиет. Эгер үйлөнүү алдында турсаңыз бул убакытка белгилебей эле койгонуңуз оң. Ал эми февраль айында кой жылдызындагылар тегерегиндегилер менен жогорку деңгээлде сүйлөшүп, досторунун арасынан активдүүлүк жактан эле эмес лидерлик, уюштуруучулук сапаты боюнча да жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алат. Жетекчилер менен жакшы тил табышып, карьера жактан жогорулоого жакшы шарт түзүлөт.

Букачар ЖЫЛДЫЗЫ
Бул жумада ден соолугуңузга кам көрүңүз. Өзгөчө илгертен келе жаткан ооруларыңыз болсо этият болуңуз. Ошондой эле сиздин дарегиңизге карата айтылган орунсуз ушак кептерге жол бербеңиз. Феврал ичи сиз карьераңызды жогорулатуу үчүн жеке амбицияңызды ачык көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөр болот. Сиз алдыдагы максаттарыңызды так аныктап алдыга жылууга аракет кылыңыз, буга энергияңыз жетишээрлик..Ошондой эле кошумча билим алууга да ыңгайлуу ай. Саякатка чыксаңыз кайдыгер кайтпайсыз.

ЭГИЗДЕР ЖЫЛДЫЗЫ
Январ айынын акыркы жумасында эгиздердин көпчүлүгү жеке турмушун башка нукка бурууга муктаж болушат. Эски көрүнүштөрдү чанып, жаны байланыштар, сүйлөшүүлөргө жетишет. Ушул дем менен февраль ичи да энергияңыз артып жаңы тажрыйбаларга, кошумча билимге ээ болосуз. Илим-билим жаатында эмгектенген эгиздерди ийгилик күтөт. Сүйүктүүңүз менен болгон мамилеңиз чыңдалат.

БӨЙӨн ЖЫЛДЫЗЫ
Жума ичинде үйбүлөңүздө жана коллективиңизде жеке мамилелер чыңдалат. Жуманын башында курч, жоопкерчиликтүү маселелердин үстүндө сүйлөшүүлөр жүрүп, анын жыйынтыгы көңүлүңүздү ачат. Ал эми февраль айы мурда чечилбей келген пландарыңыздын ишке ашышына ыңгайлуу ай. Бирок бул убакка чейин ал нерселер дыкат ойлонулган болуш керек. Анткени бир нерсени тобокелчиликке салуу мезгили эмес. Бул жылдыз ээлери үчүн романтикалуу мамилелер ийгиликтүү болуп, жалгыз жүргөндөр жаңы сүйүү сезимдерине кабылышат.

АРЫСТАН ЖЫЛДЫЗЫ
Жуманын башталышы ден соолугуңузга кам көрүүнү сунуштайт. Дем алыш күндү үй-бүлөңүз менен өткөргөнгө аракет кылыңыз. Дем алышта той же башка мероприятиялар болушу мүмкүн.Февраль айында арстандардын коомдук мамилелерде активдүүлүгү артат. Эгер ишиңизде лидерликти каалап турсаңыз ал сизге эле эмес сиздин жаныңыздагыларга да тиешелүү. Февраль ичи ишиңиз орундалат. Ал иш өзүңүзгө да жагат. Бул айда келбетиңизге да көңүл бөлүп, массажга же профилактикалык жайларга да барууну унутпаңыз.

БИЙКЕЧ ЖЫЛДЫЗЫ
Үй-бүлө ортосунда балдардын керектөөлөрү үчүн финансылык чыгым болушу мүмкүн. Акча маселесинде үнөмдөөнү унутпаңыз, болбосо акча жетишсиздик көйгөйү жаралышы мүмкүн.
Февраль айында ишиңизде активдүүлүгүңүздү көрсөтө билсеңиз баары жайында болот. Ал үчүн сиздин энергияңыз деле жетиштүү болот. Андыктан коллективиңизде өзүңүздү көрсөтө билиңиз. Кесиптештериңиз менен да мамилеңиз жакшырат. Жеке жашооңузда жагымдуу окуялар болуп, жаңы таанышуулар жана жолугушуулар көбөйөт.

ТАРАЗА ЖЫЛДЫЗЫ
Жума ичинде депрессияга туш болуудан сактаныңыз. Үй-бүлөңүз менен болгон мамиленин жакшы болушуна көңүл бурсаныз бул абалга туш болбойсуз. Жылдын экинчи айында таразаларды спорт, күрөш, чыгармачылык иштерде ийгилик күтөт. Мындан сырткары турак жай куруп, оңдоо иштерин жүргүзүүгө да ыңгайлуу ай.

ЧАЯН ЖЫЛДЫЗЫ
Бул жылдыз астында төрөлгөндөр жума ичинде сиздин дарегиңизге айтыла турган ушак кептерге даяр болуңуз. Ушактын кайдан чыкканын иликтейм десеңиз пайда таппайсыз. Андыктан жылдыздар көңүл бурбай, эмоцияңызды кармай билүүнү сунушташат. Февраль айында үй ичиндеги оңдоо иштерин бүтүрүп аласыз. Ошондой эле кыска убакытка сапарга аттанып, ийгиликтүү кайтасыз.

ЖААЧЫ ЖЫЛДЫЗЫ
Бул жумада жакындарыңыз жакшы кабар алып келет. Алар менен материалдык маселелерди талкуулоодон алыс болуңуз. Эч кимге карыз бербей, карыз албаганга да аракет кылыңыз. Кийинки айда маанилүү маселелердин үстүндө сүйлөшүүлөр бир канча динамикалуу болот. Бирөөлөр тууралуу кандай ойдо экениңизди ачык айтып, ким менен пикирлеш болууну тандап мамиле кыласыз. Айдын аяк ченинде финансылык абалыңыз жакшырып, каражат маселеси ийгиликтүү болот.

ТЕКЕЧЕР ЖЫЛДЫЗЫ
Жеке амбицияңыз ашынып, өзүңүздүн пландарыңыздын, идеяларыңыздын ишке ашышына күч үрөйсүз. Бирок, баары эле сиз ойлогондой боло бербейт. Баарын терең көз карашта караганга аракет кылыңыз. Ал эми февралда өзүңүздүн сырткы келбетиңизге өзгөчө көңүл буруп, гардеробуңузду жаңылоо үчүн жакшы убак. Анткени сизге көңүл бөлгөндөр көп болуп, сүйлөө манераңыз, кыймыл аракетиңиз бары өзгөрүшү мүмкүн.Сиз кайсы ишти баштасаңыз да ийгилик коштойт. Активдүү иштеп, финансы жагы да жакшырат. Кирешенин келиши да чечкиндүү, тайманбастыгыңызга көз каранды болот.

СУУ ПЕРИ ЖЫЛДЫЗЫ
Жума ичинде духовный жактан кризиске кабыласыз. Жашооңузга жаңы нерселерди киргизүүгө шашылбаңыз. Феврал айы болуп көрбөгөндөй активдүүлүктү алып келет. Сиз ишенимдүү, чечкиндүү болуп, жашоого болгон күрөш күчөйт. Азыр баарын өзүңүз чечип, баарын өз колуңузга алгыңыз келет. Бирок жаңы нерселерди баштап, ага энергияңызды коротууга ылайыктуу мезгил эмес. Андан көрө спортко, эс алууга көңүл бурганыңыз оң. Ошондой эле алдыда романтикалуу байланыш түзүлүшү мүмкүн, бирок ал мамилени сиз жашыруун сактайсыз.

БАЛЫКТАР ЖЫЛДЫЗЫ
Досторуңуз менен мамилеңиз салкындашы мүмкүн. Эгер буга жол бербейм десеңиз анча мынча айтылган сын пикирлерге ачуулануунун кереги жок. Эмоцияны башкара билсеңиз конфликтен алыс болосуз.Февраль ичи да жаңы досторду табууга ашыкпаңыз. Ички туюмуңузга карап иш кылыңыз. Мүмкүн болсо бул айды эс алууга арнаганыңыз оң.