Кайдасың кыргыз жигити?
Жашым жыйырмадан ашып калды. Кыргыз жигити менен таанышып, сүйлөшүп, мамилебиз туура келсе турмуш курайын деген жакшы ойлорум бар эле.. Ошентип жүрүп кокусунан телефон аркылуу бир жигит менен таанышып калдым, көктөн издегеним жерден табылды деп кубанганымды айтпа. Эртеси эле жолугушууга чакырды, Бауманский метрого. Оюмда кафеге алып кирет болуш керек деп колумдан келишинче жасанып алдым. Кычырай кийинген, узун бойлуу, келишимдүү жигит метронун чыга беришинде телефондо бирөө менен сүйлөшүп жатыптыр. Бир аз күтүп туруп, сүйлөшүп болгондон кийин жолугушууга чакырган адамдын телефонуна чыксам. ошол маңдайымдагы жигит көтөрүп жатпайбы.
- Мен жаныңызда турам.
- Келип калдыңбы?- мени көздөй басып келип:
- Кандайсың, дагы бир жолу таанышып коелу-деп колун сунду. Кайрадан тааныштык. Шыпылдайт тим эле, бир аз сүйлөшүп тургандан кийин эле. "Кеттикпи?" - деп суроосуна жооп күтпөстөн мени жетелей жөнөдү. "Эмне мынча шашылыш, - десем, "Ой кызык экенсиң, сени менен жакшылап таанышайын деп жатпаймынбы, мен ойлогондой кыз экенсиң" - деп мени сүйлөтө койбой эле өзү жөнүндө айтып жатты. Аябай кызыктуу,маанилүү сүйлөйт экен. Барган жерибиз этаж үйлөрдүн арасындагы эски гараждардын аркасы болуп чыкты.
- Эмнеге бул жакка келдик?
- Квартирага жүр десем болот эле, бирок өзүң билесиң эл көп, бизди сүйлөштүрө койбойт,андан көрө, кел таанышканыбызды белгилеп коелу деп койнунан бир "чекушка" арак 200 граммдай колбаса сууруп чыкса болобу.
- Сиздин кафеңиз укмуш го?
- Эмне жигиттер менен биринчи жолу таанышып жатасыңбы, бул жерде кафе-мафесиз эле ушинтип таанышса деле болот,- деп, кыскасы, арагын да өзү ичип, колбасасын да өзү жеп, сөзүбүз бүтүп кетмей болдум.
- Мен метро жакка барбай эле коеюн, паспортумду албай чыгып алыптырмын, өзүң кете аласыңбы?
- Ооба, кете алам.
- Жакшы экен,телефон чалып тур, сен мага аябай жагып калдың, жакында өзүмдүн квартирама көчүрүп алам - деп ошол турган жерибизде кала берди.
Эмне деген таанышуу, эмне деген жолугушуу деп бушайман болуп кетип бараттым. Бир айга жакын телефондо сүйлөшүп жүрдүк,жолукканга менде убакыт болбоду. Телефондо тим эле жаныңды эритип сүйлөйт да, коштошордо "Акча салып койчу"-десе бир тууганым суранып жаткансып, салып коем. Күндөрдүн биринде телефонума кайра-кайра СМС келет. Карасам, баягы жигит "Мага телефон чалып койчу, жаным" дептир. Кайдагы жаны, таанышканына бир ай болбой жатып "жаным" деп жазганын көрбөйсүңбү? Эмне дээр экен деп телефон чалдым.
- Кандайсың, сагындырып кайда жүрөсүң?
- Сагынгыдай мен сизге ким элем?
- Кызык экенсиң го, сүйлөшкөн кызымсың да, мен болсо жигитиңмин
- Тамашакөй экенсиз.
- Тамашасы жок эле, жарым сааттан кийин Бауманскийге кел, күтөм,- деп адатынча жооп күтпөстөн телефонду өчүрүп койду, Мейли барса барып, жакшылап байкап көрөйүнчү, мүмкүн мүнөзү ушундай шашмадыр деген ой менен жөнөдүм.
Метронун чыга беришинде адаттагыдай телефондо сүйлөшүп турат.
- Келдиңби, жаным,жаман күттүрдүң го?
- Болгону беш мүнөт кечигипмин го?
- Мейли, кыскасы мындай, квартирамдагы эки жигит менен мушташып кеттим. Азыр чыгып кеткиле десем, акчабызды кайтарып бер деп жатышат, бир жарым миң рубль кайтарышым керек экен,сенде болсо берип тур, эртең түштөн кийин берем.
- Жанымда жок эле.
- Эмне квартираңа таштап койдуң беле?
- Ооба.
- Барып алып келе кой, мен күтүп турам алтыным, жардам кылбасаң болбойт.
- Мейли бир саатан кийин келем,- деп кете бердим. Жолдо ойлонуп баратам эмне кылсам берсемби, бербей эле койсомбу. Ойлонуп-ойлонуп олтуруп,бир сааттан кийин сураган акчасын алып келип бердим. Кайра-кайра рахмат айтып "Шашылып турам, эртең сөзсүз жолугабыз, выручать кылдың, куда кааласа бир жарым миңди үч миң кылып кайтарып берем"- деп, жан алы калбай сүйлөп жатты. Мен болсо эртеңки күнгө үмүт менен карап кете бердим. Андан бери канча жолу эртеңки күн болду. Телефон чалсам көтөрбөйт, СМС жазсам жооп келбейт. Бир күн эмес эки жыл өттү. Үч миң эмес, үч тыйын да кайтарган жок. Кайдасың, шыпылдаган кыргыз жигити???

Айжан Мамасадыкова
Пайдалуу өсүмдүктөр

БЕТТЕГИ ТАКТЫ ПЕТРУШКА, АШКАБАК КЕТИРЕТ
Кээ бир айымдардын беттеринде айрым себептерден, мисалы, төрөттөн же оорудан улам так калып калат. Мындай кезде тактан арылууга петрушка менен ашкабак жардамга келет.
Ашкабактын чийки уругун (куурулбаганын) кабыгынан ажыратып, идишке салып, абдан майдалап алыңыз. Алынган масса канча болсо, ошончо суу кошуңуз. Сүттөй суюктук келип чыгат. Эми суюктуктун жарымынан келе тургандай өлчөмдө бал кошуп аралаштырыңыз. Масканы күнүгө 30 мүнөттөн коюу керек. Акыры бет агарып чыга келет.
Петрушканын 100 грамм уругун 0,5 литр аракка салып, 2 аптага караңгы жерге тыныктырып алуу кажет. Анан даяр тундурманы беттеги тактарга сүйкөө керек. Жаңы петрушканын өзүн да жеп, тамырын чайноо да пайдалуу.


ЧАЧ КӨП ТҮШӨ БАШТАСА...
Чычырканактын мөмөсү менен жалбырагы чач көп түшүп, таз болуу коркунучу күтүлгөн кезде колдонулат. Дегеле чач бекем болуу үчүн деле колдонсо болот.
Чычырканактын 2 аш кашык кургатылган мөмөсү менен жалбырагын идишке салып, үстүнө 2 стакан кайнаган суу куюп, 2-4 саат демдөө зарыл. Анан сүзүп алып, даяр дарыны эртең менен кечинде тамактан мурун жарым стакандан ичүү туура. Ичкенден тышкары ар күнү кечинде чачтын түптөрүнө сүйкөө да керек.


КҮНГӨ КҮЙҮП КАЛБОО ҮЧҮН
Күнгө күйүп калбоо үчүн кээ бир пайдалуу кеңештер. Аптап күндөрү сыртка чыгуудан мурун 2-3 стакан минералдык суудан ичүү керек. Алоэнин сөөгү да бетке пайдалуу, ал бетти күнгө күйүүдөн сактайт жана беттеги кызылды кетирет. Күнгө каршы лосьон:
- 1 стакан чычырканактын майы
- 1/2 стакан уксус
- 1 чай кашык йод же 1/4 стакан демделген чайдын заваркасы
Бардык аралашманы катуу аралаштырып, дененин ачык жерлерине колдонсо болот. Бул лосьон ультрасыя түздүү нурларды өткөрбөйт. Күнгө күйүүдөн сактайт.