ВРАЧТЫН КЕҢЕШИ
Доктор Кенже Узаков
Дермато-венеролог высшей категории
Центр медицины имени "Розина"
Тел: 8 (926) 921-14-23, 8 (915) 134-19-44
Лицензия: 99-01-001265

Суроо: Мен поездде келе жатып оору жуктуруп алган окшоймун. Москвага келгенден бери колдорумдун салаалары, ичим, чатыма майда бүдүр нерселер чыгып күндө кечинде кычышып жатат. Комнатадагы балдар дагы мага окшоп денелери кычыша баштады бул кандай оору?
Жооп: Сиз котур ооруусун жуктуруп алышыңыз мүмкүн. Андай оору кечинде кычышып баштайт, айрыкча жумшак терилеринен башталат, чатта, чурайда, колтукта, курсакта, салааларда болот.
Суроо: Үч күн мурун бир келин менен жыныстык байланышта болдум эле. Эртең менен турсам заарам эки ача болуп, сайра кылылбай калыпмын, ачышып атат, эмне кылуу керек?
Жооп: Анда сиз гонорея ооруусун жуктуруп алыпсыз. Тез арада анализ тапшырыш керек, болбосо кийин уруксуз болуп калышыңыз мүмкүн, потенцияңыз төмөндөйт, үй-бүлөңүз болсо аялыңызга жугат.
Суроо: Чачымдын түшкөнү күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Тырмактарымдын түсү өзгөрүп, өңү өчүп калды, сынып укаланып жатат.
Жооп: Мындай ооруулар кан азайганда кездешет же организмге витамин жетишпегенде же венерикалык ооруулар боюнча (сифилис), грибок болгондо кездешет.
Суроо: Ресторанда идиш аяк жууп иштегенден бери, колума майда бүдүрлөр чыгып ала турган болду. Суу чыгып жарасы ылжырап кетет, жарылат, канайт, аябай кычышат, эмне кылсам болот?
Жооп: Колуңузда экзема же аллергия оорусу болушу мүмкүн. Мындай оорулар көбүнчө идиш-аяк жуугандарда, пол жуугандарда кездешет. Доктурга көрүнүп дары жаздырып алганыңыз туура. Эң жакшысы жумушуңузду суу кармабаган ишке которгонуңуз оң болот. Болбосо дарылагандан кийин да кайталана бериши мүмкүн.

Буга окшогон тери жана жыныстык оорулар менен ооруп калсаңыздар докторуңуздан консультация алсаңыздар болот.




Аборт жасатуу боюнча Кыргызстан эң жогорку көрсөткүчтө турат
Кыгызстанда 12-19 жашка чейин аборт жасаткан кыздардын саны көбөйүп кеткендиги тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 6-октябрда өткөн тегерек столдо маалымдады.
- Эгер Улуттук статистикага кайрылып көрсөк, 2008-жылдан 2009-жылга чейин 1 миң 233 кыздын катталганы билдирди. Көпчүлүк аборт жасагандар 20-24 жашка чейин болуп жатат. Азыркы учурда жаш кыздар бойго бүтүрбөөнүн алдын алуучу атайын дары-дармектерди колдонуунун жолун билбей жаткандан, ушул проблемага кабылып жатабыз. Мисалга алып көрсөк өлкөдө 14-49 жашка чейин аялдар 31,2% гана алдын ала бойго болтурбоочу дарыларды колдонот.-деп билдирет министр.
- Биздин кыздар үй-бүлө курууга алдын ала даярданып, врач менен кеңешип дары дармектерди колдонуп жүрсө, Кыргызстанда мындай көрүнүш аз болмок. Эненин жана наристелердин өлүмүнүн саны 100миңге, ал эми ай-күнүнө жетип оңунан төрөлгөн наристелер 69,1%(2009), 2008-жылы-58,9% түзөт. Ушунун баарына жаштарыбыз олуттуу көңүл буруп, келечегине жоопкерчилик менен караса эненин жана наристелердин өлүмү аз болмок. Дарыларды өз убагында колдонсок өлкөбүздө бул тема курч маселеге айланмак эмес - деп билдирет С.Абдикаримов.


Байге уткуңуз келеби?
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, алкоголик - бул арактын аркасынан кууп ичип, акыры алкоголизм оорусуна кабылгандар. Трудоголик - иш десе ичкен ашын жерге койгон, үй - бүлө, бала - чакасын, ал гана эмес эс алууну да эсинен чыгарып иштегендер.
Ал эми ШОПОГОЛИК деген ким?
Туура жообун тапсаңыз, 8 (926) 712-66-09 номерине СМС жөнөтүп, байгеңизди алып кетиңиз.

ДҮЙНӨ

Кытай аэропорту НЛО айынан кайрадан жабылды
Кытайдын Баотоу шаарында НЛОнун самолеттор менен кагылышуу кокустугун алдын алуу максатында аэропортту жабууга туура келди. Шанхай жана Пекинден учуп келишкен самолеттордон үч рейс үзгүлтүккө учурап, НЛОнун карааны радар экрандан жоголгончо аэропорттун үстүндө айланып учуп жүрүштү Башка эки рейс жакынкы Ордос жана Тайюань шаарларына жөнөтүлдү.Бир нече күбөлөр Баотоу аэропортунан эки километр аралыктан асмандагы жапжарык шоолаларды көргөндүгүн айтышты. Дагы бир күбө видекамерага тартып алууга үлгүргөн, бирок андан так обьектти көрүүгө мүмкүн эмес. Июнь айынан бери мындай инцидент Кытайдын территориясында НЛО пайда болду деген кабардын сегизинчиси болуп эсептелет.

Америка лидери шайлоо жөнүндө
АКШнын президенти Барак Обама Кыргыз Республикасынын элин жана өкмөтүн парламенттик шайлоонун уюшкандыкта өткөндүгү менен куттуктады.
"Байкоочулар тарабынан добуш берүү учурундагы кээ бир мыйзам бузуулар катталган, бирок негизинен шайлоо кампаниясы атаандашчыл жана демократиялык мүнөздө өткөндүгүн белгилешти. Чет элдик жана эл аралык байкоочулар шайлоо процессин эркин түрдө байкоого мүмкүнчүлүк алышты. Албетте, АКШ мамлекетинин Кыргыз коомчулугунда жана анын демократиялык негизде өнүгүүсүндө активдүү роль ойногону мени кубандырат" - деп билдирет Б. Обама

Миллиардга жакын адам ачарчылыкта
Бириккен улуттар уюму (ООН) ачарчылык кризисине кабылган 22 мамлекеттин тизмесин аныкташты.
Алар: Афганистан,Тажикстан, Ангола, Бурунди, Борбордук Африка Республикасы, Чад, Конго, Кот- д Ивуар, КНДР,Конго Демократиялык Республикасы, Эритрея, Эфиопия, Гвинея, Гаити, Ирак, Кения, Либерия, Сьерра- Леоне, Сомали, Судан, Уганда, Зимбабве. Мына ушул аталган мамлекеттер ачарчылык кризисинен чыга албай келишет. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 925 миллион адам көбүнчө эртең мененки, түшкү жана кечки тамаксыз калышат. Ачарчылык зынданынан чыга албай келе жаткан мамлекеттердин көпчүлүгү Африкада жайгашкан. Ал эми кыргыз бийкечтерге эскертерибиз, тажик досторуңардын мекени да ушул тизмеде...

10.10.10.
Англияда 2010-жылдын 10-октябрында саат 10дон 10 мүнөт 10 секунд өткөн учурда Найам Бонд аттуу кыз жарык дүйнөгө келди. Бөбөк Англиянын Лондон шаарынын төрөт үйлөрүнүн биринде төрөлгөн. Врачтардын айтуусу боюнча убактысынан 8 жума эрте туулса да Найманын ден соолугу жакшы. Наристенин энеси 20 жаштагы Килли Херн жергиликтүү кафеде официант болуп иштеген. Толгоо иш убагында кармап, Килли кафеден ары төрөт үйүнө жеткирилген. Ал эми нумерологдордун айтуусу боюнча алты ондуктун дал келиши 100 жылда бир кайталанчу өтө бактылуу учур.


"Нур" пресс.