Кыргыз коомдук уюм - Россияда

"Ата-Журт" - Кыргыз диаспорасы
Бул жолу гезитибизде, Екатеринбург шаарындагы мекендештерибиз тууралуу кепти улап, мындагы "Ата-Журт" Кыргыз диаспорасы тууралуу баяндайбыз.

Екатеринбургда Свердлов областтык коомдук уюму "Ата-Журт" - Кыргыз диаспорасы 1995-жылы уюшулган. Өзүнүн 15 жылдык эмгек жолунда улут кызыкчылыгы менен катар Свердлов областында жашап жана эмгектенген мекендештердин ар кандай жагдайларда жеке укуктарын коргоо, жумушка жайгаштыруу, бош убакыттарын туура уюштуруу, улуттук каада-салтты жана үрп-адаттарды сактоо, ыймандуулукка жана тазалыкка үндөө багыттарында иш алып барып келет.
Акыркы мезгилдерде эмгек мигранттарынын агымы күчөп, анын ичинде аялдар жана жаштар көп келип, ошого жараша алардын көйгөйлөрү да өсүп бараткандыгына байланыштуу аялдар жана жаштар маселелери боюнча да өзүнчө иш алып барууга туура келүүдө.
Бүгүнкү күндө Бусурманкулов Кадырбек Өкүмбековичтин жетекчилигинин астында: орун басарлар Каримов Камчыбек жана Полотбеков Матмырза, юрист Кулназаров Руслан, маданий-массалык иштер боюнча жооптуу Курбанбаев Урматбек, аялдар маселелери боюнча Орозбаева Гулизат, жаштар жана спорт иштери боюнча Кадыров Алтынбек, диний иштер боюнча, Кыргыз Республикалык муфтиятынан атайын дайындалган өкүлү Сатыбеков Жаркынбай диаспоранын курамында эмгектенишүүдө.
Диаспорага кайрылган мекендештердин суроо-талаптары РФнын мыйзамдарына жана мамлекеттер аралык келишимдерине жана башка тиешелүү документтерге ылайык так жана туура чечилүүсү үчүн Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу менен тыгыз байланышта жүргүзүлүүдө. Уюм өкмөттүк жана коммерциялык болбогондуктан өзүн-өзү каржылайт. Каражат маселесин диаспоранын жетекчиси Кадырбек Өкүмбекович көп учурда өзү көтөрөт. Ошондой эле, диаспорага өз демилгелери менен жардам берген патриот, ишкер жигит-кыздарыбыз да келип турушат.
Мекендештерибиз жеке жана үй-бүлөлүк маселелер боюнча да, ден-соолугу тууралуу да (ооруп калып догдурга көрүнүүгө документтери туура эмес болсо, акчасы жок үйүнө кете албай жаткандыгы, аферисттерге алданып ишсиз же айлыксыз калгандыгы, көзү өтүп кеткендердин сөөгүн жерине жөнөтүү сыяктуу) ар кандай көйгөйлөр менен кайрылып турушат. Албетте, аларга мүмкүн болгон жардамдар көрсөтүлүп жатат.
Тактай кетүүчү нерсе, Свердлов областындагы "Ата-Журт" Кыргыз диаспорасын Кыргызстандагы "Ата-Журт" партиясы менен байланыштырып жанылышкан учурлар кездешет. Булар аттары окшош эки башка институттар болуп эсептелишет.

"Ата-Журт" Кыргыз диаспорасынын дареги:
Екатеринбург шаары, Техническая көчөсү, үй номери 23
ДК ВОС/ Маданият үйүнүн имараты, 1-кабат тел.: 8 (343)-373-03-51
Свердлов областындагы "Ата-Журт" Кыргыз диаспорасынын жамаатынын иштерине ийгиликтерди каалайбыз! Бар болгула, мекендештер!

"Нур пресс"




РОССИЯГА КЫРГЫЗДЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ КҮЙГӨН САЯСАТЧЫЛАРЫБЫЗ КЕЛИШЕТ
Урматтуу Мекендештер!
Ким Кыргызстандын келечегин ыйык көрсө келе жаткан парламенттик шайлоодо кыргызымдын эр жүрөк,ар намыстуу, чын дили менен Кыргыз элине күйгөн эр азаматтарыбызды колдошубуз керек, жана ага милдеттүүбүз. Акыркы он тогуз жылдын ичинде Кыргызстандын чиновниктери элибиздин байлыгын тоноп жок кылышты. Биз К.Бакиев бийлике келгенде жакшы болот деп чоң үмүттө, ишеничте болгонбуз. Бирок таптакыр тескерсинче болуп азыркы убакытта биздин Ата-Мекенибиз оор абалда турат. Ушул эки жолку революциянын болушуна эмне себеп болду? Бул суроого жоопту бардыгыбыз билебиз. Эми биз ар бирибиз өлкөбүздүн келечеги үчүн өтө сергек мамилелерди жасашыбыз керек.
Акыркы мезгилде турмуш-тиричиликтин сапатынын төмөндөп кетишине байланыштуу Кыргызымдын жаш жигиттери жана кыздары, жогорку билимдүү врачтары, мугалимдер жана башка стратегиялык интелегентция Россияга, Европага жана башка чет өлкөлөргө тентип кетти. Эртең биздин балдарыбызды ким окутат, ким даарылайт? Ушундай адамдын жанын какшайта турган саясаттар болуп келди. Азыр ойлоно турган мезгил өтүп бара жатат. Бүгүн ойлонбосок эртең кеч болуп калат. Мурунку Кыргызды тоноп, уурдап, жеп үйрөнүп алган саясатчыларга бүгүн жол бербейбиз деп мен терең ишенем. Биз акыркы мезгилде байкаган, чыныгы Кыргыздын келечегине күйө турган төмөнкү эр азаматтарыбызга ишенебиз жана колдойбуз. Бул төмөнкү Кыргызымдын патриоттору: Мирослав Ниязов, Адахан Мадумаров, Ибрагим Жунусов, Исмаил Исаков, Курсан Асанов, Мелис Мырзакматовдор.
Ким Кыргыздын тилин билбесе Кыргызды сыйлабаса, Мамилекеттик ишке кабыл алынбашы керек. Кыргызга бириге турган мезгил жетти. Провокацияга алданбашыбыз керек. Кыргыздын келечегине күйгөн саясатчыларыбыз келип Россиядагы Кыргыздар менен жолугушуу өткөрүп кетсе абдан жакшы болоор эле. Биз бүткүл Россиядагы Кыргыздын диаспоралары парламенттик талапкерлер менен жолугабыз деп терең ишенебиз.
Сиздерди терең урматоо менен
Бөрүбай Садыбыкасович,
Бишкек шаары.




КЕЛГИЛЕ, МЕКЕНДЕШТЕР,
БИР МУШТУМДАЙ БОЛОЛУ!
Ассалому алейкум, урматтуу мекендештер!
Көптөн бери бир нерсе жүрөгүмдү өйүп, жанымы кыйнап жүрөт. Кимдир бирөөгө айтайын дейм, бирок айтсам эле бир нерсе өзгөрүп кетээрине көзүм жетпейт. Акыры ойлонуп гезит аркылуу бардык кыргызстандыктарга айтып, жарыялагым келди... "Сага баары бир болсо мага деле баары бир"- деп Тата Уланга окшоп кол шилтейин дейм, бирок анте албадым.
Урматтуу мекендештер, Манас бабабыз түптөгөн Кыргыз мамлекетинин келечеги ар бирибиз үчүн маанилүү болушу зарыл. "Көп түкүрсө көл болот" деп коюшат эмеспи, андыктан келгиле баарыбыз чогуу аракет кылып кыргыз деген атты бийик көтөрүп, намызыбызды сактап калайлы. Же баарыбыз ушунчалык кайдыгер болуп баратабызбы? Көптөгөн адамдардан угуп калам, "Ээ, гражданство алсам эле болду, ушул жакта жүрө берем, Кыргызстанга барган менен пайда жок" дешет. Кантип эле өз мекенибизден безип качып калдык. Өзүбүздүн бейиш төр мекенибизден чындап эле качып калдыкпы? Эч ишенгим келбейт, оо кудай, биздин бешенебизге ушул күндөр жазылды беле? Биз эмне үчүн өнүккөн мамлекет боло албайбыз? Жок дегенде кошуна мамлекеттерге тең келе албай калдыкпы, алар деле эгемендүүлүккө биз менен тең жеткен эле. Бүгүн алар ким? Биз ким? Билбейм, түшүнбөйм, же биздин атка минерлер бийликке баргыча баатыр, бийликке барганда эле маңкурт болуп калышабы? Ойлоп ойдун түбүнө жете албайм, ал жагы биз үчүн караңгы.
Ай, кудай ай, кудай ошол 20 жылдык эгемен убагыбыз текке кетти. Ошол эле президент сөөрөйлөр маңкурт болбогондо ушул күндөрдү байкуш кыргызым көрмөк эмес. Болгон 5 млн. элибиздин тең жарымы ар кайсы жерлерде ар кимдин көзүн карап кул болуп жашабайт элек го. Кайсы жерден ката кетирдик, оо кыргызым, бизге дагы бир күнү күн
тийээр, бул үмүт ар бир кыргыздын жүрөгүндөгү илгери үмүт экенине ишенем.
Келгиле мекендештер, бир муштумдай түйүлөйлү, ошондо бизди эч ким талкалай албайт. Качан болбосун "тиги жерде кыргыздарды уруп кетиптир, тиги жерде кыргыздарды алдап кетиптир" - деп угам, ушундай нерселерге жол бербейли. Кыргыз үчүн жан күйгүзөлү, бири бирибизге жардам берели. Себеби, биз улуу Манастын урпагыбыз.
Эстебес Мамытов,
Москва шаары.