Кыргыз таксист кыз - Москвада
Россияга жалаң эле эркектер эмес, аял- заттары да иш издеп көп келип жатканы белгилүү.
Бүгүн биздин редакцияда Москвада таксист болуп иштеп жүргөн жердеш жаш кызыбыз мейманда.

- Чоң кыз өзүңдү тааныштырып айтып кетесиңби?
- Аты-жөнүм Индира Садырбаева, Бишкектен боломун. Көк-Жарда үйүм бар. Москвада жүргөнүмө 5 жыл болду.
- Москвага эмне максат менен келип калдың эле?
- Элдер катары мен деле машина алайын деп, үй алайын деп, алдыма максаттарды коюп Москвага иштегени келдим. Иш таап автосалондо иштедим. Москвада 18 күндүк автомойканын окуусун да окудум. Без выходных машина жууп иштедим. Тапкан акчамы оборот кылайын, машина алып сатсамбы деп Литвага барып келдим. Ал да болгудай эмес, машина менен Кыргызстанга кете турган болсоң жолдо рекеттер көп дейт, жолдо милийсаларга акча бересиң дейт. Кыскасы, бул план болбоду. Чогулткан 4миң доллар менен Бишкекке бардым. Бишкеке барып апакай өзүмө 9ка машина алдым, анан жер алдым рассрочкага. Акырында Бишкекте үй куруп, таксовать кылып жүрдүм. Бишкекте жумуш жок. Кайра машинамды жерге алмаштырдым. Кайра Москвага келип өзүм бизнес кылам деп мойканы арендага алдым. Алган арендамын иши жүрүшпөй калды. Бир күнү мага келген жакшы клиент менен таанышып калдым, ал Одинцова шаарынын губернатору экен. Ошол мени канатынын астына алды. Губернатор мени көрүп, чечимге келип өзүнчө бир автомойка сатып алды. Азыр ошол мойканы иштетип атамын. Ошол жерде эле 8 бөлмөлүү үйдө Нургул экөөбүз жашайбыз.
- Азыр ишиң ошол мойкада болуп атабы?
- Мойкада ар дайым эле иш боло бербейт. Ошол үчүн ошол киши мага капкара 99 машина сатып берди. Мойкада иш жок болгондо Москвада таксовать кылып каламын. Жаан жаап калса кайра мойкага кирип машина жууп каламын.
- Документтериңдин бардыгы барбы, толукпу?
- Жок, эч нерсем жок. Өзүм Кыргызстандын жаранымын. Документтерим жок эле жүрөмүн, жолдо ГАИлер деле токтотпойт, текшербейт деле. Даже, машинамдын техосмотру жок. Машинамы айдап эле жүрөмүн. Жолдо нарушение кылбай жүрө берсең токтотпойт экен.
- Индира, биздин укканыбызга караганда Москвада кыргыз бомждор бар экен сен аларга жардам берип жүрүпсүң, бул туралуу айтып бербейсиңби?
- Ооба, Москвада 8 чакты кыргыз бомж бар. Мен 3 айдан бери бир организацияга кошулгамын. Үйлөрү жок, көчөдө калгандарга жардам берүүчү кришноиддер жана крестяниндердин жардамдашуу организациясы. Биздин мечиттеги мусулмандар мындай кылып жардам бере албайт, жардам кылса да мен көргөн жокмун. Мен өзүм адамдарга жардам кылганды жакшы көрөмүн. Ушул организация жетимдерге, карыларга, анан үйү жок бомждорго жардам берет.
- Алар менен кантип таанышып калдың?
- Москвада таксовать кылып жүргөндө клиент айтып калды ушул апаратурамды бир жерге жеткизип берчи -деп. Жолдо таныштык , Слава мен ушундай организацияда иштеймин, жакырларга жардам кылабыз -деди. Анда мен, мен да адамдарга жардам кылганды жакшы көрөмүн, мени да кошуп алгылачы мен да жардам кылайын дедим. Давай, деп телефон номеримди алып алды. Өзү да мага таң калды, ушундай дагы адамдар бар экен-деп. Анан көп убакыт өтпөй булардын организациясы менен тааныштым. Каякка күч жетпей баратса мени ошол жакка келгин, бизге машина керек деп чакырышат. Анан ошол бомждорду көрүп ойлоно баштадым. Менин үйүм бар, крышам бар, жаткан жерим бар, тамак ашым бар, тигилер байкуш кантсин жамгырда калды деп, ойлоно баштадым. Анан мен да акча чыгара баштадым, мин рубл, 1500 рубль чыгарам үйдө тамак жасап берели деп. Анан ошол тамакты бомждорго беребиз. Бомждорго тамак берерде да жөн бербейбиз, биринчи кудай тууралуу түшүндүрөбүз анан ичпегиле, наркотик колдонбогула түз жүргүлө - деп акыл-насаат айтабыз.
Бул туралуу чогуу жашаган Нургүлгө да айтып аны да өзүмө кошуп алдым. Бир күнү оорукчан кыргыз бомждун бирисине боорум ооруп квартирама алып барып жуундуруп, киймин жаңылап берейин деп сүйлөшүп турсак, бир шустрий кыргыз бомж жаш бала келип, бул кыргыздарга ишенбе, алар сени алдап алып барып, иштетип кидала кылып, кууп жиберет деди. Мен тиги кишиге жүр эми кеттикпи десем, - жок мен барбаймын деп отказ кылып койду.
- Азыр ал кыргыз бомждордун абалы кандай, кийим-кечеси бар бекен ?
- Азыр аларга жылуу кийим керек. Кыш да жакындап аба суук болуп калды. Кээ бирилери дубленка кийип жүрөт, бутунда летный сандалиясы менен жүрөт. Алардын түнөгөн жерлери да мосттордун алдында, бир жылуу бурчтарда каропка таап алып аны төшөнүшүп укташат экен. Вокзалдарда да милициялар буларга уктаганга уруксат беришпейт -дейт. Азыркы убакта алардын абалдары оор,- дейт Индира.
Индиранын бул окуясын угуп, бир жагынан анын жетишкендиктерине кубанып, бир жагынан анын айткан кыргыз бомждорун угуп кайгырдык.
Индира кызыбызга ар дайым иштерине ийгилик каалайбыз. Сага ар дайым жакшы клиенттерди берсин, сен башкаларга жардам кылсаң, сага кудайым жардам кылып, жолуңду ачсын!

P.S. Биздин редакция, бул "8 кыргыз бомжду" уккандан кийин чындыгын аныкташ үчүн тезинен Москвадагы Казань вокзалында жердеш бомждорго Индиралар аларга тамак берерде барып жолуктук.
Айылда - балам Россияда иштеп акча таап жүрөт - деп үмүт менен күткөн кайсыл ата-эненин балдары булар, эмне болуп, көчөдө бомж болуп калгандарын газетабыздын кийинки санында толук жарыялайбыз...

Уландысы кийинки санда.
"Москвада 8 кыргыз бомж"


Кыргыз бомждорго кийим кече, тамак-аш, акчалай же башка жардам берип кол узата турган кайрымдуу жердештер болсо "Нур реклама" гезитинин редакциясына кайрылыңыздар.
Түз телефондор: +7(495) 625-39-78, 8 (926) 120-56-91