Кыргыз Республикасынын Президенти Р.Отунбаеванын Орозо айт майрамы менен куттуктоо сөзү

Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Орозо-айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын. Орозо кармаган бардык мусулмандарга орозоңуздар кабыл болсун деп айтамын.
Бул ай орозо туткандар үчүн чоң сыноонун айы болду. Адал эмгекке, ак тилекке, аруулукка ыйык Рамазан айы элди асыл сапатка бурду. Туура эмес жолго азгырылбай ыйман жолу менен гана барууга күчтүү эрк керек экени кимге болсо түшүнүктүү. Рамазан айы ушундай эркти сынаган ай болду.
Орозо-айт майрамынын бир өзгөчөлүгү адамдарды бири-бирине жакындатып, биримдикке өбөлгө түзөт. Азыркы заманда адамдар бири-биринен алыстап, мамилелер сууп бара жатканда ушул күнү ар бир мусулмандын үйү бардык адамдар үчүн ачык. Ак тилегин билдирип "айт-маарек" деп айтып келген ар бир кишиге арналып дасторкон жайылып турат.
Ыйык Рамазан айы, андан кийинки Орозо-айт майрамы биздин баарыбызды кечиримдүү болгонго, элдерди бир туугандык достук мамилеге багыттайт.
Ыйык Куранда "эртең дүйнөнү топон суу каптаса да, бүгүн сен дарак тигип кой" деп айтылат. Башкача айтканда ар бир адам бүтүн нерсени бүлдүрбөй, тескерисинче жаңы нерсени жаратып, жаратман эмгекке дилин бурууга тийиш. "Үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнай" турган мезгил келди. Элибиз ынтымактуу болсо бардык кыйынчылыктарды жеңе алабыз, чачылган жыйналат, жаралар айыгат, жергебизге береке толот.

Урматтуу мекендештер!
Сиздерге тынчтык жана ынтымак- ырашкерлик каалаймын! Ыйман нуру ар бир мекендешибиздин жүрөгүндө уяласын. Боорукер сезим менен Рамазан айында жасаган соопчулук, жакшылык иштериңиздер мындан ары да улана берсин! Куттуу Кыргызстаныбызды Улуу Жараткан өзү колдосун! Ар бир үйгө ачык асман, береке, жарык жана жылуулук берсин! Ылайым элибизден оомат кетпесин!


  Айтыңыздар маарек болсун!

Орозо айт майрамыңыздар менен!
Урматтуу мекендештер жалпыңыздарды Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайм! Мекенден, туулган жерден алыста иштеп, жашап жүрүп, отуз күн кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Сыноонун, тазалыктын, адалдыктын, аруулуктун айы болгон рамазан айында ар бир үйгө Алла Таала кут, береке берет дейт. Жаман ой-пикирлерден, арам жолдон арылып жакшы ниет менен туткан орозоңуздар кабыл болсун. Эли - журтубузга, жерибизге тынчтык орносун. Береке-кут толсун. Бул жакта иштеп тапкан байлыгыңыздарга Алла Таала береке берип, дайыма жакшылыктарга ийгиликтерге жетишип жүрө бериңиздер. Майрамыңыздар менен!
Мына ушул ыйык Орозо айт майрамына улай Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо күнү жакындап келатат.
Азис мекендештер, 10-октябрда ынтымак-ырашкерлик менен өлкөбүздүн келечеги үчүн жанын үрөп күрөшөт деген саясий партияларга өз добушубузду берели!

"НУР реклама" гезитинин
ээси Багыт Бапанов




Депутаты хотят снять запрет на пребывание в России ВИЧ-инфицированных иностранцев
08.09. 2010, ИА "ГАРАНТ, В Госдуме зарегистрирован законопроект, устраняющий недостатки правового регулирования обеспечения государственных гарантий защиты семейных ценностей, материнства и детства, провозглашенных в Конституции РФ и Семейном кодексе.
Согласно действующему законодательству значительные трудности совместного проживания на территории России с членами своей семьи испытывают ВИЧ-инфицированные иностранные граждане. В соответствии с Федеральным законом "О правовом положении иностранных граждан в Российской Федерации" установлен запрет на получение разрешения на временное проживание, вида на жительство или разрешения на работу ВИЧ-инфицированным иностранным гражданам и лицам без гражданства. Выданные же ранее разрешения аннулируются при выявлении опасных заболеваний. Кроме того, ВИЧ-инфицированные лица подлежат депортации.
Законопроект направлен на устранение указанных препятствий. Если указанные категории лиц имеют детей или супругов, являющихся гражданами РФ, для них предлагается сделать исключения из общих правил.


РОССИЯДА 15 ГРАДУСТАН
ЖОГОРУ СПИРТ ИЧИМДИКТЕРИ ТҮНҮ САТЫЛБАЙТ
Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан баштап кечки саат 10дон эртең мененки 10го чейин спирт ичимдиктерин сатпоо тууралуу закон чыгарылды. Бул законду чыгаруунун максаты алкоголизмдин себебинен жасалып жаткан криминал чөйрөнү кыскартуу болуп эсептелген. Бул убакытта спирт ичимдиктерин саткан магазин, супермаркеттерде да эскертүү жазылып, сатуучулар спирт ичимдиктерин сатып алуучулардын суранганына да көңүл бурушпайт. Бирок ага карабай түнкү клуб, кафелерде спирт ичимдиктери сатылып жатат. Аларга тыюу салынган эмес. Милиция органдарынын бул закон жогорку деңгээлдеги жыйынтыкка жетпестигин айтса, маркетологдор бул закондон көптөгөн соода түйүндөрү жабыркашын анализдешкен. Аталган закон учурда Россиянын бүт аймактарында аткарылып жатат.


РОССИЯДА МИЛИЦИЯЛАР
ПОЛИЦИЯ БОЛУШАТ
zakonoproekt2010.ru сайтына Россиянын Президенти Дмитрий Медведевдин 6-августтагы милициянын законун полиция законуна алмаштыруу боюнча жарыясынан кийин бул проекти элдин талкуусуна коюлган. Аталган сайтка киргендерге бул закондун проектин окуп чыгып өз пикирин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Бул проектте милиция деген сөздү гана эмес анын арасында полициянын аткаруучу милдеттери менен алмаштырылып толукталган. Аталган жаңы закондун проекти 11 главадан жана 57 статьядан турат. Россиянын Ички Иштер министрлигинин жетекчиси Рашид Нургалиевдин айтуусу боюнча бул жаңы закондо укук коргоо органдарынын аткаруу кызматтары кеңейтилген. Аны менен гана чектелбестен ички иштер кызматкерлеринин финансы маселелери да жолго коюлуп федералдык бюджет тарабынан чечилери бекитилген.
Жаңы проекти ишке ашырууда ИИМдин составы 20 пайызга кыскаруусу күтүлүүдө. 2010-жылдын 1-октябрынан баштап ИИМ кызматкерлери штаттан чыгарылып, кайрадан аттестациядан өтүшмөкчү. Аттестациядан өтпөй жана кыскартууда калган ИИМ кызматкерлери башка жумуш орун кароого мажбур болушмакчы.