ЖАН ДҮЙНӨ

Кытайдын төшөк маданияты же
Дао "сүйүү" тууралуу

Кытай элинин көпчүлүгү сексуалдык жашоолорунан толук канааттанышат. Заманбап кытайлардын жыныстык жашоого болгон көз караштары кытай маданияты аркылуу чагылдырылат. Конфуций, "Сүйүү - биздин жашообуздун башталышы жана аягы. Сүйүүсүз жашоо жок" - деп айткан.
Кытайлыктардын Дао сүйүүсү боюнча кыскача маалымат берүүнү эп көрдүк.


Кытайдын төшөк маданияты
Кытайлыктар социалдык планда - конфуциандар, ички дүйнөсүнөн - даостор деп экиге бөлүнүшөт. Байыркы Кытайда сүйүүнү ар башкача кабылдашкан. Секс жана никени башкача түшүнүшкөн. Үйлөнгөндөр гана төшөк кумарына бата алышкан. Жыныстык катнашта бат-бат жана ар кандай ыкманы билген эркектер абдан бааланган. Кытайдын адабияты жана живописи төшөктүн техникасын айтып турган. Табыптар төшөк кумарын жашоону узартуучу дары катары карашкан. Жан кумардын ар түрдүү формалары оорууларда жазылган. Бирок, мындай китептерди элге таратууга катуу тыйуу салынган. Ал эми төшөк жаатында үйрөнүүгө атайын эротикалык сүрөттөр колдонулган.


Дао сүйүү
Мындан 2 миң жыл мурун даонун байыркы жаратуучулары сүйүү жана секс тууралуу өзүнүн окурмандарына ачык жазышкан. "Дао сүйүү" теориясы бир канча кылым кытайлыктардын сексуалдык мамилесин жөнгө салып келди.
Биздин намысыбыз ички энергиянын запасынан агат. Даосизм жыныстык катнашууну узак жашоонун белгиси катары карайт. Адам туура тамактаныш керек, ошондо гана Даонун төшөк практикасына үйрөнө алат. Ал "цзин" деп аталат.
Кытайда философтор төшөк катышуусун адамдын жашоо системасынын толук бөлүгү кылышкан. Кытайлыктардын үрп-адатында секс - адамдын жашоосунун негизги бөлүгү, жана буга эч кандай тоскоолдуктарды кылышпайт.


Кытай өбүшүүсү
Кытай өбүшүүсү тууралуу мифтер бар. Батыш эли кытайлыктар өбүшүү дегенди билишпейт, - дешет. Бирок, кытайлыктар америкалык, же болбосо француздар сыяктуу жолукканда эле чопулдашып өбүшүшпөйт. Бирок бул жерде, беттен өбүү боюнча сөз болбогонун окурман өзүңүз жакшы түшүнүп турсаңыз керек. Бул жакта эринден өбүү боюнча сөз болуп жатат. "Кытайлыктар эринден өбүшпөйт" - деген ишеним кайдан пайда болгондугу боюнча айтуу кыйын. Кытайлыктардын төшөк жашоосун изилдеген Ван де Вельде жашоосунун аягына чейин мындай калп ишенимди толук аныктай алган эмес. "Идеалдуу нике" деген китебинде, "Япондор, кытайлар жана индиялыктар биздин түшүнүк боюнча өбүшпөйт. Алар ооз менен өбүшкөндүн ордуна бири-бирине мурун менен дем беришет" - деп жазганы бар.


Дао менен машыккандар көп жыл жашайт
Чжан Линин берген маалыматына караганда, Дао сүйүүсүнүн изилдөөчүсү 111 жашка чыгып, анын беш уулу 98ден 117 жашка чейин жашашкан. Чжан Ли Дао ыкмаларын жакшы билгендиктен, көп жыл жашаган. Андан абалдары үйрөнүп, өздөрүнүн балдарына атасынан алган билимди балдарына берген.


Жаңы кошулгандарга:
- Жыныстык жашоону жаңыдан баштагандар өтө дүүлүгүп кетпей, өзүн-өзү карманышы керек;
- Жыныстык жашоого жаңы кошулган эркек, өтө сулуу эмес айым менен жатыш керек. Ошондо, өзүн жоготпой, сексуалдык оргазмды жакшы алат.


Эротикалык өбүшүү
Дао сүйүүсү тууралуу китептердин баарында эле эротикалык өбүшүү тууралуу жазылган. Бирок, жыныстык катнаштан кийинки орунга койгон. Эротикалык өбүшүүдөн аял да, эркек да бирдей рахат ала алат. Бир учурда эле жан кумарына батып, ошол эле учурда өбүшүп да туруу керек. Өбүшүү учурунда, эркек-аял бири-бирин катуу дүүлүктүрүп жиберишпеши керек.


Үрптөн өбүү
Көпчүлүк эркектер аялдардын үрпүнөн өпкөндө алар акылын жоготуп коёт, деген ойдо болушат. Аялдардын төшү ар кандай болгону менен, көбү эле үрпүнөн өпкөндө дүүлүгүп, кээ бирлери оргазм алганга чейин барышат. Үрптөн өпкөн кээ бир аялдарга жакпайт. Мамакты кармаганда акырын кармаш керек. Анткени аялдардын төшү башка органдары менен тыгыз байланышта.


Төшөктөгү каталар:
Эркетин жана аял кишинин жүрүм-турумунан алардын сексуалдуулугун баамдаса болот. Ал эми төшөктөн көп нерсе көз каранды болот. Кээ бир учурларда эки төшөк өнөктөрү өздөрүнүн тескери жүрүм-турумдары менен төшөк жашоосун бузуп да алышат.
Мындай бузуп алууларды кайталабоо үчүн сексологдор төмөнкү кеңештерди сунушташат:
- Эч качан ырахат албай калганыңызды өнөктөшүңүзгө билгизбеңиз;
- Өнөгүңүз менен кумарга батаардан мурун 2 стакандан ашык вино же болбосо алкоголдук ичимдиктерин ичпөөңүз зарыл;
- Бир ыкманы кечке колдонуудан качканыңыз дурус. Андай ыкма сиздин өнөгүңүздү чарчатып жибериши мүмкүн. Ошондуктан сиздин өнөгүңүзгө жага тургандай төшөк ыкмаларын колдонуңуз.
- Ар кандай оор төшөк ыкмаларын колдонбой туруңуз. Эгер өнөгүңүз андай ыкманы жактырбаган болсо сизге эле оор болуп калышы мүмкүн.
- Маанайыңыз түшүп турган учурда төшөк кумарына батпашыңыз керек.


Даярдаган
Каным Каныбекова