ЫР САПТАРЫ

Москва кайрыктары
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет

Эх, кыргызым, ойлончу, эсти жебе,
Эне-атаңдын айтканын эски дебе.
Тарыхты сен тарс салган менен,
Таңдайыңа сайылат эски жебе!

Какшап келем: доо кетип балдарыңа,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
Бурмаладык тилди деп кантип айтам,
Бабалардын байыркы арбагына?!

Уу чалканды мойнума артам дагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы?!

Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!

Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!!!

Алтынбек Имаилов.


Урматтап атын Манастын
Манас деп ураан чакырып,
Улутумдун атасы деп,
Мекенимде болсун,
Уюткулуу борборум.
Калсын "Манас" аталып,
Урматтап атын Манастын,
Кубанып борборду атайлык,
Улуу абройлуу аталык.
Кыргызым эч качан,
Урушпайлы бишкектешип,
Кабылан ата колдосун,
Улутумдун ишин оңдосун.

Манас, Манас, Манас деп,
Ар балаадан калас, деп

Манас деп ураан чакырып,
Улутумдун улуу атасы,
Маанайыбызды көтөрүп,
Уюткулуу элимдин,
Мекенимдин борборун,
Касиетүү ат менен,
Мактанып, кубанып,
Кыргызым "МАНАС" атайлык,
Манас ата колдосун,
Урпактарын дайыма,
Миң жылдарга узакка,
Улуу касиет улансын.

Манас, Манас, Манас деп
Ар балаадан калас, деп

Манас деп ураан чакырып,
Улутумдун улуу атасы,
Манкурттуктан арылып,
Улуу - кичуүү биригип,
Мекенимде болсун.
Урмат, сый жана биримдик,
Канат бүтүп элиме,
Улуулук болсун жергемде,
Касиеттүү аталар,
Урпактарына калтыраар,
Кутман касиет элиме,
Уюткулуу кыргыз жергеме.

Манас, Манас, Манас деп
Ар балаадан калас, деп.

Ибираимова Таштанбубу
Буудайчиевна


Айназик
В этот день ты родилась среди лучей,
Жизнь твоя теперь течёт как ручей.
Первое день рождение как первый шаг босиком,
Ты принела счастье и любовь в этот дом.

Айназик - это имя ты навеки богом обрела,
В семье ты очаг любви и радость каждого дня.
Пусть этот день будет для тебя благим,
Ведь с этого дня мир стал совсем иным.

Айжибека Азаматова,
Москва.




"Нур" гезитим

Мен дагы калем алып колума,
Ыр саптарын жазайын деп ойлодум.
Элим окуп көтөрүлсө маанайы,
Мен ошондо эң бактылуу боломун.

Мен баштадым, мына минтип баштайын,
Угуп турчу, көңүл бурчу жазайын.
Эң биринчи ынтымака чакырган,
Нурун чачкан "Нур гезитин" мактаймын.

Ата-Журтту, Ала-Тоону даңтаган,
"Нур" гезитин ар санын алып окуймун.
Ыйман, макала, рубрикаларын окуп чыгып,
Сканвордун калтырбай баарын толтурдум.

Каалаймын чын жүрөктөн талыкпасын эмгегиң,
Канчалаган кыргыздарга кубат бердиң, дем бердиң.
Наристенин татынакай тилегиндей,
Мына бүгүн "Нур" гезити нуруңду чачып сен келдиң.

Биз ынтымактуу элбиз

Жакшынакай жүзүңдөгү жылдызың,
Кара тору буудай өңдүү кыргызым.
Бир туугандай, бир боорумдай көрөмүн,
Бүт оюмду силерге мен бөлөмүн.

Ар кылды улуттар арасында жүрөсүң,
Салам айтып, жылмайыңкы күлөсүң.
Бириң Чүйдөн, бириң Өзгөн, Айдаркен,
Москвада баарың бир үй-бүлөсүң.

Келгилечи, биз ынтымак элбиз го,
Кайсы жерде болбосун, метродо же көчөдө.
Саламдашалы бири-бирибиздин абалыбызды сурайлы,
Кыйналган болсок, колдон келген жардамыбызды кылайлык,
Бизде ошондо ынтымак болот, ырыс болот, баары болот.

Бурмагүл Коронова,
Айдаркен, Сур айылы.


Айылды сагынам
Алтыным, тулуп - өскөн айлым,
Биле албаймын сенден канча алыстамын.
Өзүңдөн бир топ жерге узап келип,
Балалыгым өткөн жерим сагынамын.

Айылым - киндик каным тамган жерим,
Пайда болду сенден узап менде сезим.
Теңей албай мен өзүңдү башка жерге,
Сагынычым жүрөгүмө толгон кезим.

Сагындым туулган жер - сени,
Сагыныч мени эзбечи.
Саргайтпай күздүн өңүндөй,
Сагыныч менден кетсечи.

Сагындым туулган айлымды,
Садагам айтчы айыбымды.
Өзүңдү таштап мен келип,
Алыстап сенден калдымбы.

Аракты жек көрүп
Ичпей коюу кыйын бекен аракты,
Ичкенден соң чыгарса чыр-чатакты.
Арак менен калыңдашып достошсоң,
Алат экен адамдык бүт сапатты.

Арак алып болгон баардык сапатты,
Мушташтырып жарды кашты, кабакты.
Эл аралап эркин жолдо жүрө албай,
Эң жаманы бетти жерди каратты.

Жүрө берсең жаман менен достошуп,
Узабастан арак менен ойношуп.
Көзүңдү ач, кеч эмес го ойлонгун,
Кетип жүрбө жашооң менен коштошуп.

Жоро Асанов,
Кадамжай.


Тирилик

Он эки саат бою идиш жуумай,
Он эки саат бою тике турмай.
Буттарын араң суйрөп үйгө барып,
Таң заардан көзүн ачат колу сыздай.

Колдору, жүзү эле эмес жалгыздыктан,
Байкуштун жүрөгүн да бырыш баскан.
Мейли дейт кыйналсам да, кысталсам да,
Бүлөмдү кем - кетиксиз багып жатам.

Ушундан тапканыма үй тургузуп,
Уулума той өткөрүп, кыз чыгардым.
Жашообуз жаман эмес эл катары,
Жумуш берген орустан кагылайын.

Ошентип таңдан кечке иштесе да,
Оруска ыраазымын деген жан бар.
Апалар бүт тирилик мойнуңарда,
А кайда жүрөт экен ата жандар.

Айжан Мамасадыкова,
Жалалабад.