Мамбашчыларынын жеке жашоолору
Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши" дегендей, өлкө башчыларынын атын угуп эле келебиз. А, бирок, алар жашап жаткан өмүрлүк жары менен кантип таанышканы тууралуу баарыбыз эле биле бербесек керек.
Анда, Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин өлкө башчыларынын жеке турмушунан бир шиңгил.

Поездден таанышкан Курманбек Бакиев жана Татьяна
Таанышуу: Кыргызстандын Акаевден кийинки эле экинчи президенти Курманбек Бакиев өзүнүн өмүрлүк жубайы Татьяна менен Россиянын Куйбышев атындагы политехникалык институтунда окуп жүргөн кезинде таанышкан. Кычыраган кыштын февраль айында Татьяна Ферганадан Куйбышевге келе жаткан курбу кызын поездден тосуп алганы темир жол вокзалына барат. А Татьянанын курбу кызы менен Курманбек Бакиев Жалал-Абаддан бери чогуу келет. Анан албетте, Курманбек Бакиев кыздардын баштыгын көтөрүшүп, аларды таксиге салат. Бир нече убакыт өткөндөн кийин үйлөнүшөт. Татьяна Бакиеванын эстегенинде, Курманбек Салиевичтин ата-энеси, бир туугандары алардын үйлөнүшүнө каршы болушкан экен. Өзүнүн апасы да кызынын болочок жарын көрбөй жатып эле каршы болуп, Курманбекти көргөндөн кийин, унчукпай калган. Ал эми Курманбек кайнатасы менен "беш" болуптур.
Балдары: Марат жана Максим деген эки уулу бар. Ал эми никесиз балдары азырынча толук тактала элек.
Хоббиси: Курманбек Бакиев бокска абдан кызыгат. Ошондуктан, күндө эртең менен эрте туруп чуркап, спорт залга барып, бокстун кол кабын кийип, бир нече убакыт ойнойт. Андан сырткары классикалык адабиятты сүйүп окуйт. Курманбек Салиевичтин дагы бир хоббиси ууга чыгуу.


Студенттик кечеден таанышкан Аскар Акаев жана Майрам
Таанышуу: Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев болочок жубайы Майрам менен 1969-жылы Ленинграддагы кыргыз студенттеринин кечесинде таанышып калган. Алар барган кечеде бийге сынак болуп, Аскар Майрамды бийге чакырган. Жакшы бийлегендиги үчүн экөөнө биринчи орунду беришкен. Таанышканына бир жыл болгондон кийин, тактап айтканда 1970-жылы үйлөнүп, турмуштун оош-кыйышын бирге көрүшкөн. 16 жылда 14 батир алмаштырып, оор турмушта жашашкан. Ошого карабастан илимге көп көңүл буруп, илимди таштаган эмес. Ошол убакта Акаевдердин үй-бүлөсүнүн байлыгы, текчеде жыйылып турган китептери эле.
Балдары: Аскар эки уул, эки кыздын атасы. Уулдары Айдар, Илим, кыздары Бермет жана Саадат, учурда очор-бачар болуп өздөрүнчө кеткен. Туң кызы Бермет менен уулу Айдар Ленинградда, Саадат менен Илим Фрунзеде төрөлгөн. Уул-кыздарынын баары чет мамлекеттерде билим алышкан.
Хоббиси: Аскар Акаев илимпоз болгонгобу же, бала кезинен калган адатыбы, айтор убактысынын көбүн китеп окуу менен өткөрөт.


Интернет аркылуу баш кошкон Николя Саркози жана
Карла Бруни
Таанышуу: Франциянын президенти Николя Саркози өмүрлүк жары Бруниге электрондук дарек боюнча жолугуу тууралуу кат жөнөткөн. Таанышкандан 3 айдан кийин, тагыраак айтканда 2008-жылдын 2-февралында Елисей сарайында болгон.
Балдары: Экөөнүн никесинен балдары жок. Бирок, Николянын биринчи никесинен үч баласы бар. А.Карланын биринчи күйөөсүнөн бир уулу бар.
Хоббиси. Саркози футболдун сүйүүчүсү жана велосипедди көп тебет. Экөө бирге живописке жана музыкага кызыгат.
Эс алуу: Бактылуу жубайлар Брунинин төрөлгөн жери Франциянын Кап-Негр деген жерине барып эс алганды жактырышат. Саркози камыр тамактарды жакшы көрөт.


Академиядан таанышкан Ангела Меркель жана Иоахим Зауэр
Таанышуу: Ангела жана анын жолдошу Иоахим Зауэр 1984-жылы экөө иштеген Илимдер Академиясынан таанышышкан. Ал учурда Иоахимдин аялы бар болчу, бирок көп убакыт өтпөй эле ажырашып кеткен.
Үйлөнүү: 1998-жылы үйлөнүшкөн.
Балдары: Германиянын федералдык канцлеринин тилекке каршы балдары жок. А жолдошунун биринчи никесинен эки баласы бар.
Хоббиси: Иоахим (химик) жана Ангела (физик кесиби боюнча) - толук карама-каршылык. Ангела, саясатчы болсо, күйөөсү профессор. Ангела футболду жактырат, жолдошу жактырбайт. Экөөнүн жакшы көргөн нерсеси, дачасында жер-жемиштерин өстүрүү жана чогуу саякатка чыгуу.
Эс алуу: Дачасынан сырткары, жубайлар Европанын курортторуна барып эс алганды жактырышат. А.Меркель болсо Орусияны айланып чыккысы келет. Буюрса ал ою да жакында ишке ашат. Анткени канцлердик мөөнөт бул жылы бүтөт. Тамак жагынан Ангела алдына киши салдырбайт. Картошкадан жасалган шорпо, пирог жана балыктан жасалган тамактарды мыкты жасайт.


Самолётто таанышкан Виктор Ющенко жана Екатерина
Таанышуу: Украинанын экс-президентинин сүйүүсү элдикинен башкача. Экөө самолётто кошуна орундукта отуруп таанышышкан. Самолёттон түшкөндө бири-биринен кичине болсо да кабардар болуп калышкан. Екатеринаны ата-энеси дыйкан болгон экен. АКШга кара күч керек болуп, ошол жакка барып, кайра өз өлкөлөрүнө келгилери келбей койгон. Екатерина ошол жакта төрөлсө да, патриот болгон. А чоңоюп калган кезде АКШнын мамкатчысынын үйүндө кызмат кылчу. 14 жашында Украинанын жаштар союзуна мүчө болуп кирген.
Үйлөнүү: Бул боюнча Екатерина кыскача эле айтып жүрөт: "Биздин үйлөнүү тоюбуз кичинекей эле чиркөөдө болгон". Виктор Андреевич романтикага жакын эмес. Экөөнүн үйлөнгөнүнө бир топ жыл болсо да, башка президенттердей болуп, аялы менен маңдай-тескей отуруп, шам алдында тамак жей элек.
Балдары: Виктордун 5 баласы, 2 небереси бар.
Хоббиси: Юшенконун үй-бүлөсү адабият менен искусствону абдан баалаган адамдар. Алардын чоң китепканасы жана иконалардын коллекциясы бар. Екатерина интерьерлердин дизайны, тамак-аш менен алектенет.
Эс алуулары: Дайыма Карпат, Крым, Альптыда эс алышат. Виктор лыжа тебүүгө абдан кызыгат. А тамак жагына келсек, Виктор салатты Екатеринадан да жакшы жасайт.


Айназик Бердалиева,
Интернет булактарынан алынды