Якутча сабак берген кыргыз мугалим
"Кышында катуу суукта талаада калгамын" - деп, көзүнөн жаш кылгырып, үнүн өзгөрүлгөнүн байкадым.
Жашоо турмушубузда эмнелерди гана башыбыздан өткөрбөйбүз, эмнелерге гана күбө болбойбуз. Жердештерибиз кандайдыр бир кызыктуу окуяларга күбө болуп же башынан өткөзсө биздин редакцияга кайрылсын. Башыңыздан өткөн окуяны эл менен чогуу бөлүшөлү. Биздин редакцияга конокко келген, Максут акенин башынан өткөн окуяларын сурап маекке тарттык:
- Максут аке, өзүңүздү бизге таанытып анан сиз Якутияга кантип барып, якуттардын балдарына, якутча сабак берип калгансыз, бизге баяндап бербейсизби?
- Жакшы болот. Аты жөнүм Максут Тиленов, Карасуунун Жаңы Арыгынан боломун. 1982-жылы Казакстандан Индустриальный Педогогический Институтту бүтүргөмүн. Андан кийин Ала-Букада 1жыл мугалим болуп иштедим. Оюмда, ушул сибир жакка барып бир иштесем деген пландарым бар эле. 1983- жылы чемоданымы алып, үй менен коштошуп Якутияга жолго чыктым. Якутияга келип, керектүү жерге дипломдоруму көргөздүм. Алар мени ишке кабыл алып, шаардан 360 км алыстыкка түндүккө бир мектепке жөнөтүштү. Ал жактын жолу жалаң саз, токой болгону үчүн самолет менен барасың. Барсам, бир айыл экен "Устьтатта" -деген.
- Анан, жерлешип, мектепте кол эмгектен сабак берип иштеп калдым, биринчи күндөрү орус тилинде сабак берип жүрдүм. 5-6 ай өткөндөн кийин Якут тилин үйрөнүп, Якут тилинде кадимкидей сабак бере баштадым. Якут тили түрктөрдүн тилдерине жакын, анан алардын 44 тамгасы / алфавити бар. Эсептери биздикине окшош болуп кетет, бир, эки, үч дегендей. Анан, тилди өздөштүргөндөн кийин мектепте өзүнчө класс ачтым, кино кою боюнча, ж. б. Анан кылган иштерим менен алардан айырмаланып калдым. Ызат-сыйга, кадыр-баркка ээ болуп, дегендей, кандайдыр бир чогулуш болсо деле, той- тамаша болсо деле ар дайым мени чакырышып, элдин алдында алып жүрүштү. Бул жер шаардан алыс болуп, жол саз -токой болгондуктан, ооруп калгандар үчүн атайын вертолет келет эле. Кышында жол тоң болуп кайра жол ачылат.
- Якут эли кандай эл экен, дини кандай ?
- Якут эли өзү мейман дос эл, келген конокко бар немесин бардыгын коет. Өзүлөрү отко сыйынышат. Эмне дегенде якуттарды кышында 50-60 градус суукта от куткарат, ошондон болуш керек. Ошол үчүн отко катуу сыйынышат. Анан, якуттар үйлөнүү тойу, ж.б шаң- шөкөттөрдө же жаңы үйгө көчүп келгенде, ошол жерде даярдалган тамактардан аз аздан алып, биринчи жолу отко ташташат, бул ырым ошол отту урматтаганын билдирет! От жакшы күйүп кетсе якуттар сүйүнүшөт, бизди кабыл алды -деп.
- Өзүңүздүн кыргыз болгонуңузду кандай кылып тааныттыныз?
- Мени якуттар нутча-нутча дечү эле, бул нутча деген немеси орус-дегенди түшүндүрөт, өзүм сары болгонум үчүн мени орус деп жүрүшүптүр. Акыры кыргызмын деп айтып, мекеними картадан көргөзүп жүрүп өзүмү тааныттым. Якуттарга сабиз эгишти үйрөттүм. Дарбыз дагы эгип көрдүк кичине-кичине болуп бышып чыкты, жүзүм эксек бышпай койду. Якуттарга, жер жемишти өстүрүштүн жолун үйрөттүм. Якутияда жай айы кыска 1.5 ай болгону үчүн, жер жемиштин чыгышы да кыйын эле. Анан, аш (плов) басчумун. Той тамаша болгон жерлерде менден суранып калышат плов кылып берчи -деп.
Бир күнү шаарга чогулушка келип калдым, көчөдө ак калпакчан аксакал кетип атканын көрүп калып, аркасынан ава, ава эле ава, - деп кыйкырсам аркасын такыр карабайт, чуркап барып алдынан чыгып, колумду берсем якут адам, көрсө бул жазуучу киши экен. Жазуучу болгону үчүн Фрунзеге келгенде Сооронбай Жусупуовдун үйүндө конок болуп, ал киши ошол ак калпакты кийгизиптир. Чынын айтканда Якутияда жүргөндө, Кыргызстанды катуу сагынат элем. Бир кыргызды көрүп калсам бир туугандай көрүшөт элек. Өзүм 2-3 жылда Кыргызстанга бир келип кетчүмүн.
- Ошол убакта Сибирде иштеп жүрсөңүз алган айлыгыңыз жакшы болсо керек эле, ээ?
- Ошол убакта союзда иштегендердин бардыгы эле 70-80 рубль алат эле. Бул айлык менен үй-бүлөнү бакчубуз. Менин айлыгым Якутияда коефиценттер кошулуп 350 рубль алат элем. Ал убакта бул айлык, эң жогорку айлык болчу. Иштерим ийгиликтүү болуп, айылдан районго билим берүү тармагына которушту, көп өтпөй эле мени шаарга билим берүү тармагына которушту. Ошентип, толугу менен 12 жыл иштеп келдим. Өзүмдүн жаштыгым Якутияда өттү. Үйлүү-жайлуу болдум, балдарымды окутуп атамын кудайга шүгүр.
- Максут аке, Якутияда өзүңүз суукта калып, бир өлүмдөн калыптырсыз айтып бербейсизби?
- Ооба, Ал жак аябай эле суук болчу. 50 градус суук, ал жакта жылуу болуп эсептелчү. Якуттар шоферлорду аябай жакшы сыйлайт. Эмне дегенде шоферлор (өлүм) жаман жолдордон продукты ташып келишет, суукта жол жүрүш аябай кыйын болгондуктан болсо керек. Техника деген неме бузулуп калат эмеспи. Бир жакка чыкканда өлүмгө эле кетип аткандай сезилет. Жолго 3 машинадан кем жөнөтчү эмес.
Мектепте иштегенимде 2 машинам бар болчу, газ 53, совхоз суранганынан, шаардан жем алып келип бере турган болдук.
Шаарга барып жүк алып кайра жолго чыктык, жолдо шоферлор ар бир 4-5 км.де эле эс алып олтурушуп алышты. Анан мен ага чыдабай, аларды укпай түндөсү баса берип атпаймбы. Сыртта катуу суук, кыш, каар, жерге түкүрсөң, түкүрүгүң таш-муз болуп түшөт. .. Анан, машинамды айдап келатып, айылга 30 км.калганда, түндөсү машинам токойдун ортосунда өчүп калса болобу. Эми, өлөт -деген ушул экен-деп, баягы адам баласы эмнелерди гана ойлобойсуң, көзүңөн жаш жөн эле кетет, сыртка чыгып капотту ачып ары-бери карадым, эмнеге өчкөнүн билбеймин. Жакшылап карасам бензо-насос отказ бериптир, ошентип эмне кылышымды билбей, өлөт деген ушул экен деп, кайра кабинага кирип, кудайдан жалбарып, колумду жайып алып, кудайдан сурана баштадым, - айланайын кудайым, машинам жүрүп кетсин, кудай мени талаага таштап, тоңдуруп арам өлтүрбө, алыстагы эне атамды, бала чакамды көргөз, күнөөлөрүм болсо кудайым мени кечире көр ..... кудайым бир гана сага ишенем, сенден башка жок, - деп. Анан, алсырап, эмне кылышымды билбей машинамдын ключун кайра салып жүргүзүп көрсөм, машинам от алып жүрүп кетсе болобу. Сүйүнгөнүмдү, кубанычымы, кудайга болгон ыраазычылыгымды айтпай эле коеюн. Ошондо, көзүмдөн өзүнчө эле жаш тынбай тамчылаганына таң каламын. Ошондон кийин кудайды өтө сыйлап урматтап, улуулардын сөзүн уга турган болдум.
Андан башка окуя айтсам. Мен чыныгы 64 градус суукту көрдүм. Катуу суукта такыр дем алалбай калат экенсиң, мойнуңдагы шарф менен оозуңду, бетиңди жаап, эки ирет оройсуң, как танкистсин, бетиңди жапкан шарфты чертип көрсөң, кадимкидей эле таш, так-так деп- таштай үн чыгат. Көздөрүң, кирпиктериң бири-бирине жабышып калат. Басканда оорлошуп басасың. Ошентип Сибирде суукта жашап, жашоонун ысык суугун жакшы билип, жашоо кандай экенин жакшы баалап калдым. Сөз менен айтканда бул окуялар укканга жөн эле башталат, бирок өзүңдүн башыңдан өткөндө бул башкача дүйнө. Бул окуяларды башыман өткөргөндөн кийин, мурунку кыйын жашоо, азыркы жашоомду жеңилдетти. Эмне дегенде, жашоонун эң кыйын сыноолорунан өттүм.
- Азыркы күндө эмне иш кыласыз, каердесиз?
- Азыркы күндө Москвада үй бүлөм менен чогуу турамын. Өзүмдүн жакшы ишим бар, кудайга шүгүр баардыгы өз жолунда кетип атат.
- Максут аке, маегиңизге чоң ыракмат. Өзүңүзгө сибирдегилердей ден соолук, үй-бүлөңүзгө бакубат жашоо жана ар дайым үйүңүзгө күндүн нуру тийип турушуна тилектешпиз!
Атайын кабарчы,
Айкөкүл Сабиржан кызы.

АСТРОТӨЛГӨ
31-06-сентябрь
Кой - Сизге жаңы сунуштар түшөт, бирок баарына макулдук бере бербеңиз. Аягы эмне менен бүтөөрүн ойлонуп туруп иш жасаңыз. Жаңы таанышуулар күтүлөт. Сүйүктүүңүзгө этият мамиле жасаңыз.Чыр-чатактан алыс болушуңузду жылдыздар сунуштайт.

Букачар - Бир иш жасардан мурда ойлонуңуз. Ишемби күнү сизди ийгиликтер коштойт. Ойлонуп жүргөн иш болсо аны кийинкиге жылдырууңузду жылдыздар эскертет. Андан көрү жаңы максаттарды коюп ишке кийлигишиңиз. Ден-соолукка кам көрүүнү унутпаңыз.

Эгиздер - Дүйшөмбү күнү ден-соолугуңузду караңыз. Жакындарыңыздын жардамына муктаж болосуз. Бул жума сизди ийгиликтер жана иштен көтөрүлүү сунушу түшөт. Акча каражатына этият мамиле жасаңыз.Чыгымдар көп кетет.

Бөйөн - Сентябрь айы берекелүү ай. Себеби акча жактан болобу, иштенби айтор сизди бардык жактан ийгиликтердин үстүндө жүрөсүз. Сиз көтөргөн идеяларыныз жакындарыңызга пайдасы тиет. Ошондуктан ойлонбостон, тартынбастан өз оюңузду айтуудан качпаңыз.

Арстан - Айдын башталышында көп жумуштарды бүтүрүүгө жетишесиз. Досторуңуз менен көңүл ачуу күтүлөт. Өзгөчө сүйүктүүңүзгө көп көңүл буруңуз. Мүмкүн бойдоктор үчүн баш кошуу күтүлөт.

Бийкеч - Бир ишти жасардан мурда ойлонуп туруп иш кылыңыз. Кирешеңиз азайып көп коромжу болору күтүлөт. Ден соолугуңузду чыңдап курортторго же эс алуу жайларына барыңыз, себеби айлана-чөйрөнүн таасири көп тийиши мүмкүн.

Тараза - Аптанын ичинде ойлогон иштериңиз ишке ашат.Ал үчүн көп иш жасоого туура келет. Колуңуздан келбеген иштер болсо аракет жасабай эле коюңуз. Өжөрлүгүңүздү көп кармабаңыз, терс таасири тийиши мүмкүн.

Чаян - Бирге иштеген коллегаларыңыз менен мамилеңизди оңдоңуз.Сизди колдогон адамдарга жакындарыңызга көңүл буруңуз. Мүмкүн алар сиздин жардамыңызга муктаж болуп жатса керек. Акчага көп көңүл бура бербестен аз да болсо, ден-соолукка да кам көрүңүз

Жаачы - Айдын башталышы сизге жакшылыктарды алып келет. Жетекчиңиздин көзүнө түшүп, угушуңуз да ажеп эмес. Бирок өзүнүздү эркин кармап, калооңузга эрк берүүдөн сактаныңыз.Шашмалык кылып ишиңизди көбөйтүп алышыңыз мүмкүн. Апта ичи сизге кызыктуу окуяларды тартуулайт.

Текечер - Сизди түпөйүл кылган ойлорду жолдошуңуз же жакын адамдарыңыз менен кеңешип туруп иш баштаңыз. Анткени бул айда өзүңүз чечим кабыл алганга жөндөмүңүз жетпейт. Ошондуктан кандай иш болсо да кеңешип иш кылганыңыз туура болот

Суупери - Айдын башында жашооңузга өзгөчөлүк кирип сизди кубандырат. Ошондой эле материалдык абалыңыз да оңолуп сизге кубаныч тартуулайт. Айдын башында юридикалык мүнөздөгү көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

Балык - Балыктар үчүн ар кандай каржылык иштер ийгиликтүү болот. Айдын башталышы чоң буюмдарды сатып алганга ийгиликтүү күн. Айдын башталышында сиз күтпөгөн сунуш түшөт.Бул сунушту кабыл алсаңыз кийин жакшылыктар сизди коштоп турат.

КАЙРЫЛУУ
Москва жана Россиянын башка шаарларында газета сатып киосктордо иштеген кыргыздарга кайрылуу.
Урматтуу жердештер, Москвадан кыргыз тилинде чыгуучу "НУР РЕКЛАМА" кабарларга бай газетаны, сиздин газета сатуучу киоскко койуп, кыргыз эмгек мигранттарына жеткирели.
Бизге кайрылыңыз: "Нур реклама" газетасы,
тел: 8 (926) 120-56-91,
Багыт байкеңерди сурагыла