Шоу-жаңылыктар

Эгемендүүлүк концерти
31-август - Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамына карата Түркиядагы кыргыздарга концерт берүү максатында Стамбул шаарына Саламат Садыкова, Кубаныч Сатаев, Каныкей, Ильяз Абдразаков сапар алганы турушат. Майрамды "Кыргызстан достук жана маданият" коому жана Түркиядагы Кыргызстан элчилиги уюштурууда. Бул салтанат элдик улуттук оюндар, тамак-ашы менен коштолмокчу. Ал эми кечкисин ырчылар элге концерт берип, 2-сентябрда кайтып келишет.


Айбек Москвага концерт коёт

29-августта Москва шаарындагы мекендештерибизди 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата ырчы, обончу Айбек Карымов бир күндүк жеке концертин уюштурганы камданып жатат. Аталган бир күндүк концерт Москва шаарынынын өзүндө өтөт. Ага кыргыздын белгилүү ырчылары Керим Турапов, Сьездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Алтынай Нарбаева, Гүлзат Батырканова жана куудул айым Назира Жетигенова, Советжан Асанкадыр катышышат.

Алихандан жаңы клип

Ырчы жигит Алихан, "Жаңы ырларды жаздыруу менен репертуарымды кеңейтүүнүн аракетиндемин. Жакында эле "Сагынуу" деген ырыма клип тарттырдым. Дагы жаңы ырларды жаздырсам деп жатам" - дейт. Буюрса кышында ата-энеси менен чет өлкөгө барып келүүнү да пландаштырып жатканын айтты.

Макс Бегалиев киного
тартылып жатат

Ырчы мырза Макс Бегалиев бир гана ырдабастан, былтыртан бери өзүн кино жагынан сынап, актёрлук кесипти да аркалап келет. Бул жолу "Бейиш багы" деген киного тартылып жатканын анын продюсери, Миргүл Эсенова билдирди.


Кинодолбоор

"Кыргызстан-кыска метраждуу фильмдер өлкөсү" долбоору КМШ өлкөлөрүнө да кулачын жаят. Бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, деп билдирет маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз. Анын айтымында, бүгүнкү күндө "Кыргызстан-кыска метраждуу фильмдер өлкөсү" долбоору далай өлкөлөргө таанылып, алгылыктуу иштөөдө. Бул долбоордун режиссерлору Түркияга ал жактагы кыргыз диаспорасынын колдоосу астында барышат", - деп кошумчалап өттү. Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун аткаруучу директору Армен Смбатян мурда тартылган кыргыз киносунун таасирдүү болгондугун айтып: "Учурда кино жаратуу токтоп калды деп айтууга болбойт. Кыргыз киносунун алгылыктуу экенин эске алуу менен Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн кинофестивалын уюштурууга да болоор эле", - деди А. Смбатян.


"Кеңеш" тобу эс алып,
концерт коюп келди

"Кызыл гүлдү" созолонто ырдаган "Кеңеш" тобу жайында бир ок менен эки коён атып келди. Тактап айтканда Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көл жергесине барып, эс алып гана келбестен, ал жактагы эс алуучулардын көңүлүн алып, концерт да коюп келгенге үлгүрдү.


Лутфилла эликтер
менен клип тартты

Жаш ырчы Лутфилла Бусурманкул уулу жоголуп бара жаткан жаныбарлар: элик, аркарлар менен жаңы клип тарттырды. Бул клипти продюсери Ырыс Окенова өзү каржылап тарттырып, белекке берген. "Эликтерди "Ак- Кемеден" кийинки тарткан мен болдум окшойт" - дейт Лутфилла.


"Музканал" 1 жашта

21-августа "Музканал"1 жашка толуп, борбордогу "Азия-Ордо" ресторанында тушоо кесүү кечесин уюуштурду. Туулган күнү менен куттуктап, жашы-карысы дебей, 250дөй күйөрманы келип куттукташты. Күйөрмандардын көңүлүн көтөрүш үчүн оргиналдуу оюн-зооктор уюштурулуп, катышуучулар белектерге ээ болушту. Ал эми кеченин күнөөкөрүн куттуктап келген Бактыгүл Бадыева, Нурлан Насип, Омар, Урмат, Неля ж.б. ырчылар да жакшы маанай тартуулашты. Концерттен кийин жаштарга атайын дискотека уюштурулуп, коноктор черин жазганча бийлеп кетишти.
Бетти даярдаган: Айназик Бердалиева