Алгачкы жыныстык катнашуудагы каталар
Нике түнү десе эле кыздык белгисин алууну түшүнөбүз. Бирок, андан да кызык нерсе бар экенин ар ким биле бербесе керек. Кээде катнаштын сырларын билбегендиктин айынан канчалаган үй-бүлөнүн фундаменти курап, ажырашуулар болуп жатат. Бул жолу, " Төшөк алиппесин" биринчи жолу баштагандарга, кеп-кеңеш, нике түндөгү каталар, бойго бүтүрүүнүн сырлары тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Бойго бүтүрүүнүн сырлары

- "Жаш жубайлардын ортосунда жыныстык катнаш канчалык тез болуп турса, бойго да тез бүтөт" - деген туура эмес пикир бар. Адатта, урук 3-4 күн жыйылса гана бойго бүтүшү мүмкүн. Мусулманчылыкта аптасына эки ирет жыныстык катнашта болуу сунуш кылынган. Күнүгө бир нече жолу жыныстык катнашта болу эркектин жумурткасындагы сперматозоиддердин жеткиликтүү иштеп чыгууга жетише албастыгына алып келет. Айыз циклинин биринчи он күндүгүндө жана акыркы жумасында бойго бүтпөйт. Ошондуктан жаш үй-бүлөлөлөргө төмөнкү кеңештер сунушталат:
- Жыныстык катнаш айыздын башталышынан 13 же 15 күнү бир жолудан болуш керек.
- Кайрадан катнашта аялдын лаззат алышынын натыйжасында жатындын булчуңдары кыскарып, баштагы төгүлгөн урук чыгып кетиши мүмкүн.
- Жыныстык катнашта аялдын белинен төмөнүрөөккө жаздык коюп, экөөңөр тең бирдей учурда бошогонго аракет кылыңыз. Урук төгүлгөндөн кийин 5-10 мүнөт аялыңыздын үстүнөн түшпөңүз.
- Ошондой эле тамактанууда жашылчаларды көбүрөөк колдонгон жакшы.

Биринчи түндөгү зыяндар
Азыркы күндө никенин биринчи түнүндө ар бир он жаш үй-бүлөнүн экөө кошулуу бактысынан бейкапар калышууда. Кошулбастыкка бир гана эркектер айыптуу деп айтуу туура эмес. Медицинада кыздык белгиси сакталып кошула албай жашап жаткан үй-бүлөлөрдөгү бул абал "вигрогамия" деп аталат. Тажрыйбабызда өбүү, кучактап эркелетүү менен гана чектелип, петтинг абалы, тагыраак айтканда, жыныстык мүчөнүн сандын арасына ышкылуусунан лаззат алып, кыздык пардасы сакталган абалда жети жылдан бери жашап келе жаткан үй-бүлө да учураган.
Жубайлардын кошула албоосуна төмөнкүлөр себеп:

Эркектеги себептер:
- Аялдын рухиятын түшүнбөстүк, аны "даярдоо-ээритүү" ыкмаларынан таптакыр кабарсыздык;
- Рухий даярдыктын жоктугу: тойдун түйшүктөрүнөн чарчап, биринчи түндөгү убактылуу жыныстык алсыздык;
- Аялдын жыныстык мүчөлөрүнүн түзүлүшү жана ага тиешелүү өзгөчөлүктөрүнөн кабарсыздык;
- Ар түрдүү сезгенүү ооруларынын натыйжасында жыныстык суздашуу.

Аялдагы себептер:
- Кошулууну эркекке гана тиешелүү деп билип, өз милдетин түшүнбөстүк;
- Көшөгөдө күйөөгө чектен ашыкча каршылык көрсөтүү, буттарын кысып алуу, ж.б. эркектин жыныстык каалоосун сындыруучу аракеттерин кылуу;
- Кошулууну жийиркенич нерсе деп билүү;

Жигитке кеңештер:
- Биринчи жыныстык мамиленин максаты тезирээк кошулуп, кыздык парданы жөнгө салуу деп ката ойлобоңуз. Негизи биринчи мамиле кийинки турмушуңузга маанилүү таасир этиши мүмкүн экендигин туура түшүнүңүз;
- Аялдын эроген талаалары, т.а. жыныстык каалоону козгой турган мүчөлөрү - моюн, тамак, эрин, ооз, эмчектин үрптөрү, желке тарап, сандарынын ички тараптары жана жыныстык мүчөлөрдүн сырткы териси ошондой эле кындын үстү жагында жайгашкан клитор жөнүндө сүрөттөөгө ээ болуңуз.
- Өтө тынчсыздануу да, сууккандуулук да жат көрүнүш;
- Келинчегиңизге жаккан таттуу сөздөрдү сүйлөп, эркелетип, өөп, кучактоо менен биргеликте келинчегиңиздин жамбашында, бир нече убакыттан соң үстүнө чыгып, анын сезгич мүчөлөрүн бирден акырындык менен сылап, сыйпалоодон эринбеңиз;
- Биринчи жыныстык канташта эркектик мүчөнүн ичкериге толук кириши шарт эмес, анын жарымы кирсе да жетиштүү. Катнаштан соң, жубайыңызда жагымсыз жагдай пайда болбоосу үчүн, аны эркелетүүнү улантыңыз. Анан кан ичкериге кирип кетпес үчүн, келинчегиңизди бир аз убакытка чөгөлөтүп отургузуп коюңуз;

Жыныстык мамиледен рахат алуу өзгөчөлүктөрүнө карап, аялдарды төмөнкү топторго бөлүүгө болот:
1. Бул топтогу аялдар жыныстык катнаштан бир гана рахат алат. Мындай аял экинчи ирет даярданууга даяр эместиги себебинен, кайрадан жакындык кылууну каалабайт. Кийинки кайталанган жыныстык мамиле эркектин талабына карап ишке ашышы мүмкүн, бирок катнаш кургак кын ичинде оорутуу менен болот.
2. Бул топтогу аялдар бир кошулуудан бир нече жолу ырахат ала алышат. Мындай аялдар кайрадан кошулууну кайталоону четке какпайт.
3. Мындай аялдар кайталап кошулганда гана толук ырахат алат. Бул абал биринчи катнаштын кыска мөөнөттө болуп, эркектин түшүнбөстүгүнөн, уругунун бат түшүп кетүүсүнө жараша болот. Кийинки кайталоодо катнаш узагыраак созулуп, аял ырахат алат.
4. Аял кошулуудан рахаттанбайт жана жыныстык катнашты каалабайт. Мындай аялдар фригиддүү, т.а. сууккандуулуктан зыян тартышат. Интим мамилеси үй-бүлөдөгү урмат менен мээримге жараша болот.
5. Аялда эркек эркелетип, сылап-сыйпагандан соң, күчтүү каалоо сезимдери ойгонушу мүмкүн. Бирок, ал баары бир негизги кумардын туу чокусуна жете албайт. Бул абал чыр-чатакка алып келиши мүмкүн.

Айназик Бердалиева

АЛИГИДОТ
Бир апендинин ичи ооруп терапевт врач досуна барыптыр, досу боюңда болуп калыптыр -деп тамашалап, ишенбесең гинекологго бар - деп жөнөтөт. Аңгыча досу гинекологго баргыча телефон чалып коет, азыр менин досум келсе УЗИ аппараттан карап, боюңда бар деп, койгун - деп дайындайт. Досу гинекологго келип чын эле боюнда бар сөздү угат, буга таң калган апенди, тезинен үйүнө жетип келип, келинчегине - мен сага айтпадым беле, үстүмө чыкпа - деп, боюма болуп калыптыр - дептир.