Шоу-жаңылыктар

Айдин Шер эми актёр
Өзгөчө үнү жана өзгөчө өңү менен белгилүү болгон ырчы жигит Айдин Шер киного тартылып, сьемкалары бүтүп, азыр ал тартылган кинонун монтажы жүрүп атат. Кинонун аты "Жаралуу турна". Башкы ролдо Айдин Шер менен Айгерим Расул кызы ойноду. Фильмдин автору жана режиссеру Жаныш Кулманбетов, а директору болсо, "Министрдин кызынын махабатында" министрдин аялынын ролун аткарган Ырыс Жоомартова. "Жаралуу турна" фильми сентябрдын ортолорунда тартта киносүйүүчүлөрүн сүйүнтмөкчү.

НАЗГҮЛ ЖАҢЫ ОКУУЧУ АЛДЫ
Продюсер Назгүл Насиевага бир жыл кайрымдуулук иштерди жасагандыгы үчүн, маданият министрлиги тарабынан Ысык-Көлдүн Боз-Тери айылындагы "Золотые пески" пансионатына үй-бүлөсү менен эс алууга он күнгө жолдомо берилип, Назгүл эже үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн кези. "Продюсер катары быйыл Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун эстрадалык факультетине Мурат деген баланы өткөрдүм. Муратты гастролдоп жер кыдырып жүрүп Чоң Алайдан тапкам. Бул баланын үстүнөн жакшы иштесе, мыкты ырчы чыгат деп ойлойм" - дейт Назгүл Насиева.

Назик эми айдоочу болот
Бийди чимирилте бийлеген, кээде актриса, кээде цирк өнөрпозу болгон "Назик" бийчилер тобунун башкы жетекчи кызы Назик жөө жүргөндөн тажап, учурда авто мектепке барып жаткан учуру. Анын айтымына караганда, айдоочулук күбөлүгүн алаары менен эле өзүнүн кыялындагы машинаны алат экен.

Арсенден жаңы ыр
Арсен "Элесиң сенин" деген жаңы ырына клип тарттырганы жатат. Сөзү Кундуз Качкынбаеваныкы, обону Аман Бердибаевдики.

Гүлжигит "Махабатым" аттуу альбом жаздырды
Гүлжигит продюсерим экөөбүз "Махабатым" аттуу жалаң аккордеондон турган жаңы альбом жазып атабыз. Ичинде 7-8 ырым бар. "Балалык" деген ырымдын оранжировкасы бүттү. "Көз жаш", "Чолпонум" деген ырларыма клип тарттыргам, эми жакыңкы аралыкта "Махабатым" менен "Балалык" деген эки ырыма клип тарттыралы деп турабыз" - дейт ырчы мырза Гүлжигит.

АСЕЛЬ СҮЙҮҮ ЫРЫН ТАРТУУЛАЙТ
Жаш ырчы кыз Асель Касымова "Көздөрүм айтат сүйүүсүн" аттуу жаңы ыр жаздырып жатат. Ырдын обону Мирлан Ниязов менен Нияз Абдразаковго тиешелүү болсо, сөзү Кудурет Тойчабаровдуку.

БЕГИМАЙДАН ЖАҢЫ КЛИП
Жаш ырчылардын арасынан өзүнүн кубулжуган үнү менен, жигиттердин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы кыз Бегимай Эсенгулова, "Чын эле мен сени таптымбы" аттуу ырына видеоклип тарттырып, учурда монтаждатып жаткан чагы. Клиптин жарым сьемкасы көгүлтүр Ысык-Көлдө болуп, жарымы борборубуз Бишкек шаарынан тартылды. Буюрса жуманын аягында, Бегимайдын жаңы клибине күбө боло аласыздар.

Акбардан "сюрприз"
Акбар Сүйүнбаевдин пиар-менеджеринин айтканы боюнча, учурда ырчынын жай ырларына клип тарта баштады. Акбардын Нарындагы жердеш агалары BMW үлгүсүндөгү темир тулпар белек кылышыптыр. Азыр ырчы жигит агалары берген машинасынан түшпөй, кубанычы койнуна батпай жүргөн кези. Андан сырткары күйөрмандарына "Сюрприз" даярдап атат. Ага буюрса күзүндө күбө боло аласыздар, - дейт Акбардын пиар-менеджери Алтын Мырза.

Бетти даярдаган:
Айназик Бердалиева