Кыргыз гезиттери




Этият болгун, арабызда боксер эже !
Эркектердин кызыгуусун арттырып бокс десе жата калып көргөн фанат эркектерибиз көп. Бокс эркек затына таандык деп коомдук пикирге сиңип калган. Ошондуктан аялзат өкүлдөрүнүн боксга кызыгуусу бул чындыгында таңкалаарлык нерсе. Ишенесиңерби, ишенбейсиңерби кыргыз аялзаттарынын ичинде да боксер бар экен. Мына алардын ичинен Бишкекте кенже
баласын бокска тренировкага алып барып жүрүп өзүнүн кызыгуусун артып бокска катышып калга Гүлнара эже. Өзү менен чогуу бокска катышкан орус кыздардын көбүн токмоктоп жеңиштерге жетишкен, төрт кыз, эки уулдун энеси Гүлнара Насирова эжебизди кепке тарттык.

- Гүлнара эже спорттун бул түрүнө кандайча кызыгууңуз артып калды?
- Башка өлкөлөрдү карап көргүлөчү эркектерден кем калышпай тең тайлашып өзүнүн салмагы менен теңдүүлөр менен чыгып жаткан аялдарды көрөсүң. Кандай гана чоң ийгиликтерге жетишип дүйнөнү багындырып жатышат. Эмне үчүн кыргыз аялдарында мындай чоң жетишкендиктер жок деп абдан кейүүчүмүн. Күндөрдүн биринде кенже уулум Бекмаматты бокска катыштырып жүрүп бир жумадан кийин өзүмдө бокска кызыгуум пайда болуп, тренерге айтып жазылып алдым. Жолдошум жана туугандарым менен кеңешип туруп андан кийин барууга туура келди. Менин өкүнгөнүм 9 ай гана бокска катышып калганмын. Тилекке каршы турмуш-шартка байланыштуу Москвага келе бердик.

- 9 ай ичинде кандай ийгиликтерге жетише алдыңыз?
- Бизде башка орус улутундагы келиндер бар болчу. Алар менен рингке чыгып, ийгилик мен тарапта көп эле болду.

- Канча жылдан бери Москвадасыз жана эмне иш менен алексиз ?
5 жылдын жүзү болду. Башкалардай эле жаңы келгенде мен дагы кыйынчылыктарды баштан өткөрдүм. Азыркы учурда баары жайында, иштеген ишим бар.

- Кызыктуу окуялардан кеп салып бербейсизби?
- Ким экенин айтпай эле коёюнчу. Бул макалаңарды окуса өзү деле түшүнөөр. Бир келин мага акча карыз болчу сурап жүрүп акыры тажадым. Бир күнү алдыман жолугуп калса болобу ары-бери айтып түшүндүрсөм түшүнгөндөй эмес. Кантип колумдун иштеп кеткенин өзүм дагы билбей калыптырмын. Бир аз кабыргасын кайыштыра койгон экем. Арызданамын дегенинен кайра дары дармегин алып берип кайра ооз басырыкка акча берип зорго кутулгамын.

- Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
- Ооба, жолдошум Тиленов Максут да көп жылдар бою Якутияда иштеп якут тилин үйрөнүп, кайра якуттун балдарына якут тилинде сабак берген.
Гүлнара эже маягиңизге чоң ыракмат, сизге Майкл Тайсондой күч кубат берсин, анда кийинки санында Гүлнара эженин өмүрлүк жолдошу Максут акенин якуттарга, якут тилинде сабак бергенин жарыялайбыз.

Уландысы бар...

Маектешкен
Бермет Мырзакулова




КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТЕРИНДЕ
3 МИҢ 130 МУГАЛИМ ЖЕТИШПЕЙТ
Кыргызстандын мектептеринде 3 миң 130 мугалим жетишпейт, деп маалымдайт Билим берүү министри Канат Садыков Оштогу Убактылуу өкмөттүн маалымат борборунда билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда республикабыздын мектептеринде 72 миңден ашык мугалимдер эмгектенет, ушуга карабай, жыл сайын
3 миңден ашык мугалим жетишсиз болот.
"Кабар".


ГҮЛЗАТТЫН
АЯНЫНЫЧТУУ ӨЛҮМҮ
29 июлда 23.00 дө Москва шаарында "Гемотест" медициналык лабораторияда иштеген акушер - гинеколог Олейникова. Е.В га Кыргызстандын жараны, Ош областынын Кара Кулжа районунун 1989-жылы туулган Эгембердиева Гүлзат, ден соолугуна байланыштуу, башкача айтканда 15 жумалык боюнда болгонун билдирип, аборт кылдырганы кайрылган. Врач тараптан туура эмес аборт жасалганынан ошол эле столдо каза табат. Таш боор врач Олейникова Е.В эмне кылышын билбей, кызматынын ордунан пайдаланып өлүмдүн аркасын жабыш үчүн, каза болгон Гүлзатты түндөп Москвадагы Лосиноостровский паркка алып барып көмүп ташташкан. Эртеси күнү Гүлзаттын өлүгү милиция кызматкерлери тарабынан табылды. Азыркы учурда врач Олейникова. Е.В га өзүнүн кызматтык ишине тура эмес мамиле жасагандыгы үчүн 2 бөлүм 109 УК статьясы менен кылмыш иши козголду.
"Нур" пресс.




Москвадагы жердештерибиздин
этикасы кандай болуш керек?

Жаңыл
Жумабекова
Жаңы эле келип этика эмне экенин деле билбей, Европалыктардын терс жүрүм-турумун
туурап, кээде карасаң ичип алып жүргөн жаштарыбыз да бар. Кээ бирлери одоно, орой мамиле жасап кайсы улут дегенде кыргыз деп улуттун намысына катуу тиет экен. Бирок баары эмес албетте, арасында бар өзүбүздүн үрп-адат, каада-салтын сактап, жүргөн жаштарыбыз да бар. Ар бир улуттун өзүнүн мүнөзү, маданияты бар эмеспи. Бул жакта кыргыздар көбөйүп калдык. Көчөдө кетип баратып бири-бирибизди көрүп саламдашып, жок дегенде бир жакшы маанайда жылмайып бири-бирибизге жакшы мамиледе болсок демекчимин.
Бакыт
Алымбеков
Москвадагы жердештерибиз өздөрүн жылаңач алып жүрбөшү керек, мечиттерге туура эмес барып жатат, жарым жылаңач кийинип алып эле мечитке баргандары туура эмес. Биз намаз окуганы барып ошол жарым жылаңач, жоолугу жок жылаңбаш эжелерибизди, карындаштарыбызды көрүп атабыз. Дем салдырганы, нике кыйдырганы барышат экен. Ошол эже-карындаштарыбыз өздөрүн жакшы алып жүрүшсө.

Кашкарбү
Забытахунова
Бул жакта көптөн бери иштеп, жашап аралашып жүргөн мекендештерибиздин көпчүлүгү эми каерде кантип жүрүш-турушту билип калышкан. Жаңыдан келип жаткан жаш али өспүрүм балдар-кыздарыбыз, инилерибиз, сиңдилерибиздин арасында бар бул темага өзгөчө көңүл бура турган. Айтайын деген сөздөр, көзгө коомай учураган учурлар да көп. Бирок иштеп бай болом деп эле орус туугандарга жаман көрүнбөй өзүбүздүн жакшы жактарыбызды көрсөтүп, бул туугандарыбыздын да жакшы жактарын алып өзүбүздү жакшы тарбиялайлы дегим келет.
Динара
Бектемирова
Этика дегенде эми өзүн таза, тыкан алып жүрүшү керек да. Улутубуздун атына жаман сөз тийгизбей өздөрүн таза, тыкан тартиптүү алып жүрсө, эми айылда жүргөн жокпуз да. Бул жакта кыйкырып, өкүрбөй жолдун чети менен басып дегендей. Ичип алып мас болуп коомдук жайларда тартипти бузбай, түкүрүнбөй, ар бир жайда жүргөндө ошол жердин өзүнө ылайык жүрүм-турумда болушу керек деп ойлойм.
Сабина
Мухамедьянова
Становится просто обидно, когда видишь неопрятно одетых, пьяных земляков, молодежь, идущую в вразвалочку. Невольно вспоминается обидное слово "Гастарбайтер". Подумайте, ведь неважно кем вы работаете! Дворником или менеджером, кассиром или продавцом, официанткой или грузчиком, просто помните о том, что вы представляете свою страну и не забывайте, что главным богатством нашей родины является именно красота и трудолюбие ее людей!
Азипа
Шаймолдоева
Кээ бирөөлөрдүн жүрүш-турушу жакшы а көпчүлүгү болсо билбейт өзүн кантип алып жүрүшүн. Алардын арасында башка элдердин маданиятынан туурап одоно учураган көрүнүштөр бар. Спирт ичимдиктерин ичип алышып көзгө одоно учураган учурлар бар. Мисалы, жаштарыбыздын арасынан метродон өтүп жатканда секирип өтүп кетишет аларды көрүп уялып кетесиң. Эки-экиден ээрчишип алып, боло берет бул жакта деп эл арасында эле кучакташып алгандар кезигет. Өзүбүздүн эле менталитетибизге ылайык эле жүргөнүбүз жакшы го.









кыргыз тилиндеги гезит "Нур реклама"




Яндекс.Метрика