ОРОЗО ТУТУУНУН ЖОЛ-ЖОБОСУ

Бисмиллахи рохмаани рохиим
ОРОЗО - бул "карману, же өзүн тыюу" дегенди билдирет. Же болбосо "суусундук, тамак ичүүдөн, аялы менен кошулуудан жана башка орозону буза турган нерселерден таң аткандан күн батканга чейин ибадат кылыш үчүн өзүн-өзү кармануу" дегенди түшүндүрөт. Орозо Ислам дининин беш устунун бири.

ОРОЗОНУ КИМДЕР КАРМАЙТ?
1. Балакатка жеткен ар мусулман баласы.
2. Орозо кармоочунун акыл-эси ордунда болушу керек.
3. Орозо кармоого чама-чаркы бар адам.
Ал эми аялдар орозо туттууга туура болуш үчүн айыз жана нифас кандарынан таза болуш керек.

ОРОЗО ТУТПООГО ЖӨНДҮҮ
СЕБЕПТЕР:
1. Айызы келип жаткан же төрөттөн бошогон алдар.
2. Алыскы сапарга чыгып жаткан адам.
3. Эгер ооруп жаткан адамга орозо кармоо зыян келтирсе.
4. Боюнда бар аял өзүнөн же ичиндеги баласына чочуласа.
Бирок ушундай себептери бар адамдар орозо бүтүп, абалы туура келгенден кийин каза болгон орозосу кармашы керек.

ОРОЗОНУ ЭМНЕЛЕР БУЗАТ?
1. Орзо убагында билип туруп тамак жесе.
2. Кошулууга (жыныстык катнаш) барса.
3. Атайлап кусса.
4. Ичеги-карынды тазалаш максатында клизме жасатса, канн азыктары (мисалы: глюкоза, гемодез ж.б.) венага куйса.

ОРОЗОНУН ПАЙДАСЫ
Орозо-руханий, коомдук жана медициналык жактан өтө пайдалуу. Орозо руханий тазалыкка жана ибадаттын түрлөрүнө, моралдык тарбияга тийгизген таазири чоң. Орозонун дагы бир пайдасы такыбалыкка (Аллах Тааладан коркуу) тарбиялайт.
Орозо адам баласынын каны жүгүргөн кан тамырлар аркылуу денеде жүргөн шатандардын жолун бууйт. Эгер пенде напсисин агытып, кумарга берилсе, анда шайтандын азгырыгын алдырып, шайтан пендени адаштырып жамандыкка, текеберчиликке, бузукулуктарга алып барат. Орозо мына ушул эшиктерди жылчыксыз бууп, шайтанды кубалайт.
Мындан тышкары орозо кармаган киши ачканы ойлойт, суусагандардын кадырын билип чаңкагандарды эстейт. Бул аны кедей-кембагалдарга жардам кылганга, мартыкка тарбиялайт. Мусулмандар арасында макулдаштыкты жана бири-бири менен байланышты күчөтөт, анткени алар бир убакта ооз бекитишип, бир убакта ооз ачышат. Ошондуктан мусулмандардын башын бириктирип, бири-бирин жаман көрүүдөн жана алардын ажырашуу себебин жок кылат.
Орозо бул ден соолуктун чыңдалышына, ашказандагы аралашкан аш кыла албай турган тамактардан тазалайт. Ичеги карындардын, ашказандын иштешин оңдойт. Денени ар кандай шлактардан тазалайт, денеде чогулган майларды эритет, ичке топтолгон майларды сорот. Дилдеги бузукулуктардан бошотуп, денедеги катуу оорулардан тазалайт.

ОРОЗОНУН АЙРЫКЧА ЖАКШЫ
ЖАКТАРЫ:
1. Рамазан айында бейиш эшигин ачат, ал эми тозок эшигин жабат.
2. Рамазан айында орозо кармоо өткөн-кеткен күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот.
3. Аллах Таала орозо кармаган пендесинин дубасын орозону бузмайынча кабыл кылат.
4. Бул айда бир түн кылган ибадаттарыбыз даражасы миң айдан артык болгон КАДЫР ТҮН бар.

АЙТ НАМАЗДАРЫ
(Суроо-жооптор)
- Айт намаздары кандайча окулат?
- Жума намазы сыяктуу эле айт намазынын ваажыл болушунун алты шарты бар. Алар: айт намазын окуй тургандар балакатка жеткен, эркиндиктеги Адам болуусу, ден соолугу чың болуусу, туруктуу-муким Адам болуу, көзү көрө турган адам болуу, ден соолугу жакшы, басып жүргөн адамдарга шарт.
- Айт намазын кылуунун канча шарты бар?
- Беш шарты бар. Алар шаар же элдүү айыл-кыштактардан болуусу, намаз окууга руксат болгон мечитте болушу, мамлекет башчысы же муфтий жагынан айт намазын окууга руксаты бар имам болуу, жамаат болушу үчүн жок дегенде үч кишинин болушу, айт намазынын өз убагында окулушу. Булардын баары айт намазын кылуунун шарттары.
- Бир себеп менен айт намазын өзүнүн күнүнөн кечиктирип окууга болобу?
- Орозо айт витир намазын бир гана күнгө, курбан айт намазын үч күнгө кечиктирүүгө болот.
- Айт намаздары кайсыл убактарда окулат?
- Күн чыгып бир аз көтөрүлгөндөн баштап, бешим убактысы киргенге чейин окууга болот.
- Айт намазы канча рекет?
- Эки айт намазы тең эки рекеттен турат.
- Айт намазы имам жамаат менен бирге окулабы?
- Албетте. Айт намазы эч качан жалгыз окулбайт.

ФИТИР
(Суроо-жооптор)
- Фитир деген эмне?
- Рамазан айынан кийин фитир күнүндө бериле турган садака.
- Фитир садакасын берүү кандай адамдарга ваажип?
- Шариятта бай деп эсептелген адамдарга фитир садакасын берүү ваажип болот.
- Өзү жана үй-бүлөсү үчүн фитир берүү ваажыппы?
- Ваажып.
- Фитир садакасын кайсы убакта бериш керек?
- Рамазандан кийин айт фитир күнү таң атардан баштап айт намазы окулганга чейин берүү керек.
- Эгер фитирди айт намазына чейин бере албай калсачы?
- Мындай учурда айт намазын окугандан кийин берүү керек.
- Фитир садака кандай адамдарга берилет?
- Зекет бериле турган адамдарга берилет.