Көңүл бургула, жаңы мыйзам !

Эмгек патенти деген эмне?
Алмаз Асанбаев, Россия Федерациясындагы кыргыз элчилигине
караштуу Кыргыз Республикасынын эмгек,ишке жайгаштыруу
жана миграция Министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин
орун басары.

Россия Федерациясынын 2002- жылдын 25-июлунда кабыл алынган "Чет элдик граждардын укуктук абалы жөнундө" 115 Федералдык мыйзамы
2010- жылдын 1-июлунан баштап оңдоолор менен күчүнө киргендигин Россия Федерациясындагы кыргыз элчилигине караштуу Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке жайгаштыруу жана миграция Министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев төмөндө чечмелеп бермекчи.
Урматтуу кыргызстандык эмгек мигранттары !
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке жайгаштыруу жана миграция Министрлиги ушул жылдын 1-июлунан тартып, Россияда жаңы мыйзам күчүнө киргендигин кабарлайт . Бул жаңы мыйзам боюнча Россиянын Федералдык миграция кызматы ишке орношуучуларга эмгек патентин бере баштады.
Аны кантип алуу керек?
1.Россияга жаны кирген күндөн тартып миграция картасы менен аймактык ФМСке учетко туруу керек
2.Үч айлык регистрациясы менен барып, ошол эле ФМСтен эмгек патентине 3000 рубль үч ай үчүн налог төлөш керек.
Кандай документтер зарыл?
1.Патент алуу боюнча ФМСке арыз
2.Паспорт
3.Чек арадан өткөн миграциялык карта
4.үч айга турган регистрациясы
5.үч айлык патентке төлөгөн квитанциясы
6.Жеке адамдардын эмгек иштеринин түрлөрү жөнүндө мааалыматы
Суроолор боюнча:
Т:+7(499)230-11-17,
+7(964)520-10-00
Телефондоруна кайрылсаңыздар болот.


Екатеринбургда кыргыздар
Екатеринбург шаары 287 жылы негизделген. Ушул жылдын 27-августа шаардын күнү белгиленет. Тарыхка кайрылсак шаардын аты Екатерина I дин урматына коюлган. 1924-1991-жылга чейин Яков Свердловдун урматына шаар Свердловск аталып келген. Бүгүнкү күндө шаар калкынын саны 1.5 млн. киши. Ошонун ичинен болжол менен азыркы учурда 15000ден 25000 ге чейин Кыргызстандыктар жашайт. Анын 15% проценти Россиянын атуулдугун алган кыргыз жарандар түзөт.
Екатеринбург Свердловск областынын борбору. Кыргыз ген.консулулу ушул шаарда жайгашкан. Свердловск-Бишкек багытында поезд жана учак, Екатеринбург-Ош багытында учак жана автобус, таксилер каттайт. Мында "Таганский Ряд" деген дүң-соода жүрүүчү соода борбору жана базар бар. Ошол базарда кыргыздардын басымдуу көпчүлүгү эмгектенишет. Базарда сатуу үчүн дүңүнөн товарларды ушул жерден башка областтарга алып кетишет. Башкача айтканда Екатеринбургдагы "Дордой" же "Кара-суу" базары десек болот. Айдоочу, көчөдө жана ар кандай ишканаларда тазалыкты сактоо боюнча кызмат көрсөткөн компанияларда иштеген кыргыздар көп. Мигранттарга юридикалык жардам, ишке уруксат кагаздарын даярдоодо ж.б. жардамдарды көрсөткөн жеке ишкерлер бар,алардын өздөрүнүн офистери бар. Екатеринбургдагы кыргыздардын жашоо турмуштары, кылган кызматтары тууралуу газетанын кийинки сандарында кеңири жарыялайбыз.

Акпери Шүкүр кызы,
Екатеринбург.




Р.Кадыров, - Россияда бир гана президент болуш керек!
Россиялык жана дүйнөлүк прессага, өткөн аптада Чечен республикасынын Президенти Рамзан Кадыровтун билдүрүүсү көңүлүн бурду. Ал анда мындан ары өзүн Чечен республикасынын президенти деп аталбасын- деген сунушун Чеченстандын парламентине арыз жолдогонун билдирди. Ал өз сөзүндө Россияда бир гана Медведев Дмитрий Анатольевич Президент болуп аталышы деген пикирин айткан. Анын бул демилгесин Ингушетия, Дагестан, Кабардино- Балкария жана Карачаево -Черкезия республикалардын президенттери колдоп чыгышты.
Сентябрь айынын аягында Чечен республикасынын парламенти тарабынан Рамзан Кадыров Чечен республиксынын башчысы болуп кайрадан бекитилери күтүүлүдө.
"Нур пресс". Нан талаштан чыккан тополоң

РИА, кабарынын айтымында Египеттин түштүгүндө Наджаа-Хамади шаарында нан дүкөндүн алдында нан талаштан чыккан тополоңдун натыйжасында бир жаш адам өлүмгө дуушар болду. Бул тополоң Россиядан келген суук кабарлардын натыйжасында болду дейт жергилүктүү талдоочулар.
Быйылкы жылы Россиянын коопчулук региондорун куургакчылык каптап буудай өндүрүүнүн түшүмү кескин
кыскарды. Ушуга байланыштуу Россия 2010 жылы 5 августан буудайдын дүйнөлүк рынокко экспорттолушуна тыйуу салды. Египет болсо ар жылы өзүнө керектүү буудайдын жарым көлөмүн россиядан импортко алуучу.

Парламенттик шайлоого 57 партия катышат
БШК төрагасы Акылбек Сариев партиялардан шайлоого катышуу үчүн билдирүү кабыл алуу мөөнөтү аяктаганын, мындай билдирүү жолдогон партиялардын саны 57ге жеткенин билдирди. Көпчүлүгү баарыбызга белгилүү лидерликте жүргөн партиялар- дейт Акылбек Сариев. Арасында 7-апрелден кийин катталып, азыр активдүү болуп бараткан саясий партиялар да бар. Эми кандай болоорун убакыт көрсөтөт. Эми шайлоого катышуу-чу байкоочулар тууралуу сөз кылсак. Буга чейин Орусиядан парламенттик шайлоого байкоочулар келбей турганы жөнүндө сөз болду эле. Бүгүн-эртеңден чакыруу кагаздары Тышкы иштер министрлиги тарабынан жөнөтүлөт. Орусиялыктар келбесе ал мыйзамга каршы да келбейт, туура да келбейт, ал өз иши.
Бул жолку шайлоого азырынча 138 миллион сомдун тегерегиндеги каражат жумшалат.
"Нур пресс".