Ай, ким билет, ким билет…
Москвада мечитке жаштарыбыз деле, чоңдору деле эки экиден болуп жетелешип келип эле атышат, келип эле атышат, эмнеге келип атышат. Ай, ким билет, ким билет…
Эсенгүл
10-октябрда Кыргызстанда шайлоо болгону турат, кайсыл партия жеңип чыгат жана мындан кийин Кыргызстандын абалы кандай болот. Ай, ким билет, ким билет…
Касым
Ай, ким билет, ким билет… Кыргыздын кыздары Москвада башка улуттун адамдары менен жүрүшөт -дейт, эгер көчөдө өзүбүздүн кычыраган кыргыз жигиттерге жолугуп калышса..
Эркин
Ошто мектепке иштегенге мугалимдер жок болгондуктан ордуна студенттерди мугалимдикке алат экен. Ал эми Оштогу мугалимдерибиз Москвада башка кесипти тандап алышкан дейт… Ай, ким билет, ким билет…
Канат
Кыргызстандын 1-президенти Аскар Акаевдин кол тийбестигин алды - дейт, эми очеред кимде… Ай, ким билет, ким билет…
Малик
Менин кызым Айгүл магазинде сатуучу болуп иштейт эле, иштен недосдача деп чыгарып айлыгын бербей койуптур. Договор менен ишке кирген эмес. Өзү Кыргызстандын гражданы эле, билишимче биздикилерди ошондой кылып иштен куушат экен. Эми кимге кайрыламын. Ай, ким билет, ким билет…
Нурсейит
Мен Москвада 2 жылдан бери иштеп атам. Көчөдө ары бери өткөндө көрүп калам жалаң эле кыргыздын балдарын милиция кармап жаткан болот ал эми башка улуттарды кармабайт.. Ай, ким билет, ким билет…
Азипа
Аялдар жүрөт Маскөөдө,
Маскөөдө көп мас күйөө.
Кандай күн болот экен эй,
Кайдыгер болуп үй-бүлө!
Келечек муун кантет эй,
Ата-эне жүрсө Маскөөдө!
Баласын таштап айылга,
Бакча эле болду Кыргызстан
Бул жакта жүргөн кыргызга
Ал жакта жаткан кыргызга
Акча эле болду тынчыткан
Абалы кантет эненин
Бул жакта жүрсө иш издеп,
Балдары кантет эненин.
Ай ким билет, ким билет?!
Мадина
Ай, ким билет, ким билет…Эки айдан бери иш жок үйдө жатам. Документтерим да жок. Акчам да калбай калды. Карызга баттым. Мага акыл бере тургандар барбы.. Эми эмне кылсам…
Калыс


АСТРОТӨЛГӨ
15-31- август
Кой- Жаңы достошуу же кызматтан көтөрүлүү күтүлөт. Бирок коллегалар менен келишпестик пайда болот. Ага көңүлүнүздү чөктүрбөй алга умтулуңуз. Ийгилик бари бир сиз тарапта болорун эстеңиз.Сүйүктүүңүз менен эс алууну унутпаңыз. Айдын аягында ден-соолугуңузга кам көрүүнү ойлонуңуз. Акча каражатынан кичине көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

Букачар - Жакын досуңуздан өзүңүз туралуу ушак угуп, жаман абалда калышыңыз күтүлөт. Ар бир нерсеге көңүл бөлө бербестен жети өлчөп бир кесиңиз, көбүрөөк ойлонууңузду талап кылат. Андай оор сыноодон чыгыш үчүн эс алууңуз керек. Өзүңүздүн ичиңиздеги сырларды ар кимге айта бербеңиз, акыры сизге терс таасири тийиши мүмкүн. Жакын саналаш досуңузга же арманыңызды тең бөлүшкөн сүйүктүүңүз ортосунда карама-каршы пикирлер жаралат. Баарына эле ишене бербеңиз.

Эгиздер - Бул жуманын ортосунда сизди ойлондурган маселелердин түйүнү чечилет. Бирок баары жакшы жакка бурулат деген ойдон алыс болуңуз. Акырындык менен баары өз ордуна келет. Ой-жүгүртүүңүздү өстүрүүгө кызыктуу китептерден окуп же сүйүктүүңүз менен эс алыңыз. Сүйүктүүңүз тарабынан белек алышыңыз күтүлөт. Жуманын аягы капчыгыңыз кампаят.

Бөйөн - Жакын саналаш туугандарыңыз-дын жардамына муктаж болосуз. Анткени алардын ой-пикиринен чыкпаңыз. Өзүңүздүн өжөрлүгүңүздү карматпастан бирөөлөрдүн да пикирин угууну сунуштайт. Сүйүктүүңүз менен мамилеңизди жөнгө салбасаңыз аягы жакшылык менен бүтпөйт. Акча каражаты көп сарпталышы мүмкүн.

Арстан - Ден-соолугуңузга кам көрүңүз. Өзүңүздү алсыз сезип, бул жашоодо өзүңүздөн башка адамдар жоктой сезилиши мүмкүн. Андай ойлордон алыс болуңуз, себеби сизди сүйгөн жакын адамыңыз бар экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Акча каражатынан кам санабаңыз баары жайында болот. Чындыкты айтамын деп, коллегаларыңыз менен пикириниз келишпей калышы мүмкүн. "Ак ийилет бирок сынбайт" деген макалды эстен чыгарбаңыз.

Бийкеч- Сизге айтылган сын-пикирлерге көп көңүл бөлбөңүз. Жүрөгүңүздү өйүтүп, таарынып жүргөн адамыңыз сизден кечирим сурайт. Сиздин жардамыңызга жакындарыңыз муктаж. Жаңы сунуштар түшүшү мүмкүн. Кирешеңиз көбөйөт. Аптанын аягында ийгиликтер коштойт.

Тараза- Аптанын башында жакын санаалаш досторуңуз менен эс алууга барасыз. Жаңы таанышуулар менен катар жаңы сунуштар түшүшү мүмкүн. Жаңы иш баштап жатсаңыз ийгилик сиз тарапта. Көптөгөн кызыктуу окуяларга күбө болосуз. Бир иш жасаардан мурда акыл калчап иштеңиз. Кирешеңиз азайып көп коромжу болоруңуз күтүлөт .

Чаян- Аптанын аягы турмуш куруу же бойдоктор үчүн үй-бүлө күтүү ийгиликтүү. Жалган убадалар жүрөгүңүздү оорутушу мүмкүн. Ден соолугуңузга кам көрүңүз. Жалкоолукка көп берилсеңиз ойлогон ойлоруңуз ишке ашпайт. Ден соолукту чыңдап сүйүктүүңүз менен эс алыңыз. Бул аптанын аягында жакыныңыздан жакшы кабар угасыз.

Жаачы- Аптанын башында кирешеңиз сиз ойлогондон да көп киреше кирет. Башкысы акча менен ишке так болсоңуз гана иштеринизде ийгилик коштойт. Жакын дос туугандарыныздын ичинен эле сиздин ийгиликтериңизди көрө албастык жасап ар кандай ушактарды таратышы күтүлөт этият мамиле жасаңыз. Ойлонуп туруп иш баштаңыз.

Текечер- Аптанын ичинде ойлогон иштериңиз ишке ашат. Бирок ага болгон күч аракетиңизди жумшап көп энергияңызды сарпташыңыз керек. Бардык ийгилик сиз тарапта болорун эстеңиз. Сүйүктүүңүз менен романтикалуу түндөрдү көп өткөрөсүз. Капчыгыныз кампайып көнүлүңүз жай болот. Уурулардан сак болушуңузду жылдыздар эскертет.

Суупери- Ата-эне сизге жакын туугандарыңызга көңүл бөлүңүз алар сиздин жардамыңызга муктаж. Сизден досторуңузга кеп кеңеш айтып алардын көйгөйлүү маселелерин чечкенге жардам бересиз. Акыркы мезгилдерде сиз ар ким менен тил табыша албай жатасыз. Сөз айтардан мурда ойлонуп туруп сүйлөңүз.

Балыктар- Колуңуздан келбеген ишке көп эле аракет кылбаңыз. Акча каражатыңыз көбөйөт. Сүйүктүүңүз менен эс алуу күтүлөт. Жаңы сунуштар күтүлөт. Коллегалар менен ой пикириңизди өзгөртпөсөңүз, акыры зыяны сизге тийиши мүмкүн.