п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Жанкумар Секс жана ден соолук
Төшөк кумары
кимди гана
кызыктырбайт? Ал жөнүндө канчалаган романдар,
ырлар, аңгемелер
жазылбаган.
Ошентсе да, төшөктүн
сырларын ар бирибиз эле биле бербесек
керек. Бул саныбызда,
жыныстык
кошулуунун адамдын ден
соолугуна
тийгизген пайдалуу
жактарын, жана
секс боюнча рекорддор жөнүндө кеп кылмакчыбыз.


СЕКСТИН ДЕН СООЛУККА ПАЙДАЛУУ ЖАКТАРЫ:
- Секс семиз аялдардын арыктоосуна жардам берет
Эгерде сиз дайыма фитнес менен машыксаңыз, же болбосо спорттун башка түрүнө убактыңыз таптакыр эле жетпей жаткан болсо, секс жардам берет. Бул боюнча атайын эксперттер секстин пайдасын аныктап чыгышты. Көрсө, төшөк кумары аялзатынын организминдеги 75тен 150гө чейинки калорияны күйгүзөт экен. Сексти физикалык жактан йога (жарым саатта 114 калорияны), бий (жарым саатта 129 калорияны) же жөө баскан (жарым саатта 153 калория) менен салыштырууга болот.

- Жүрөктү жана кан тамырларды коргойт
Аялдардын арасында жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны эркектердикине караганда көбүрөөк катталат. Фигураны сактайбыз деп, калориялуулугу аз тамактарды жеп жатып, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгып калып жүрүшөт. Окумуштуулар болсо, бул ооруну алдын алуунун жолун оңой эле таап коюшту. Көрсө, жумасына эки жолу төшөк кумарына батуу менен, жүрөк-кан тамыр оорусун алдын алууга болот экен.

- Уйкуну жөнгө салат
Эгерде сүттөлгөн чай, же болбосо ромашка чайы уйкуңузга жакшы жардам бербей калса, секс жардам берээ-рин унутпаңыз. Айрыкча, ар нерсени ойлоп, мээңиз чарчаганда төшөк кумарына батсаңыз, тез уктайсыз.

- Депрессияга да жардам берет
Төшөк кумарына батуу - маанайды көтөрүүнү бирден-бир жолу. Анткени, секс адамдын психологиялык жактан стресске каршы турууга жардам берет.

- Иммунитетти жогорулатат
Эгерде, жыныстык катнашты үзбөй, убагында катыша турган болсо, суук тийүү, жөтөл деген оорулардан алыс болосуз. Секс иммунитетти жогорулатып, организмди ар кандай вирустардан сактай алат.

- Баш оорудан арылтат
Секс айрыкча баш оорудан арылтат. Жыныстык катнашуу учурунда организм окситон гормонун бөлүп чыгарат дагы, эндорфиндерди пайда кылат. Ал өз кезегинде, баш ооруну жөнгө салат.

Эрогендүү зонаны кантип тапса болот?
Аялзатынын гардеробунан эле анын эрогендүү зонасын билүүгө болот. Эгерде гардеробунда төшү ачык көйнөктөр үстөмөндүк кылса, анда анын эрогендүү зонасы - төшү. Тескерисинче, шым көбүрөөк оорунду ээлесе, саны абдан сезимтал деп биле бериңиз. Кээ бир айымдар жаңсоолору жана жоруктары менен эле кайсы жери сезимтал экендигин билдирип коюшат. Мисалы, оозун байма-бай тиштесе - оозу, көзүн кайра-кайра кысса - көзү, буттарын улам алмаштырса - буту эрогендүү зона экенинен кабар берет.

Секс рекорддор
Ар тармактын өзүнчө рекорду бар. Мисалы, секс боюнча айта турган болсок, анда бул жагында да рекорддорду кезиктирүүгө болот.
Якобус аттуу доктурдун жазганына таяна турган болсок, анда 1935-жылы анын тизмесинде 30 сантиметрди түзгөн жыныс органы катталган. А кээ бир булактарды ала турган болсок, 35 смге чейинкилерди көрүп оозуң ачылат. Ал эми бир сантиметрлүү эркектин жыныс органдары бар экенин угуп алып, таң калат экенсиң. Мындай жыныстык органдарды, азыркы тил менен айтканда пенистерди медицинанын тили менен "Congenital Hypoplasia" оорусу деп коюшат экен. Географиялык аймак менен эркектердин жыныстык органдарын салыштырганда: Англия: 26,67см; Германия 21,59см; Дания 20,32см; Америка 19,68см; Швеция 19,6см; Франция 19,6см: Африкалыктардыкы 19,05см - деген сандарды көрсөттү. Пенис тууралуу бир кызык бар экен. Биздин заманга чейинки 13-жүз жылдыкта Египеттиктер Ливияны талкалап, үйлөрүнө куру барбайлы деп, белек катары душмандарынын 13230 пенисин кесип, өз өлкөлөрүнө алпарышкан экен.

Эң чоң эмчек
"Аялдардын сексуалдык анатомиясы" деген китебиндеги эң чоң эмчектүү 14 жаштагы кыздын төшүнүнү салмагы 6,3 кг.ды түзүптүр. Ал эми 30 жаштагы аялдын төшүнүн салмагы дээрлик 11,3кг.ды түзгөн. Мындан да чоң эмчектүүлөр бар деңизчи бирок, ал "гипертофия" оорусу менен ооруган аялдыкы гана болушу мүмкүн.

Эң чоң жамбаш
Эркектердин калтасы эң чоңдор Африканын готтентотов уруусунун эркектеринде кездешет экен.
Эң чоң пенистүү жаныбар - Блювал (көк кит) эсептелет. Анын пенисинин узундугу 3 метр, 50 сантиметрди түзөт. Андан кийинки эле орунда
2 метрлүү пениси менен Африка пили турат.

Эң көп жыныстык орган
Ал эми жыныс органдарынын эң көбү Солитёр жаныбарында кездешет. Анын органдарынын баары эле жыныстык органдарга кирет. 22 миң бөлүнгөн органы болсо, анын ар бир сегменти экиден жыныстык органга ээ. Элестетип көрүңүз анан?

Эң көп катнаш
Сиз ишенбейсиз! Египеттин Гербиллендердин үй-бүлөсүнүн Сандеяль деген чычканы жыныстык катнашта бат-баттан болот экен.



Тагыраак айтканда, 1 сааттын ичинде жүздөн ашык жолу жыныстык катнашта болот.

Эң узун катнаш
Crotalus аттуу жыландардын жубу 23 саат 15 минут жыныстык катнашта болуп, жаныбарлардын арасында рекорд койгон болсо, 3 секунддук төшөк катнашы менен кичинекей чиркейлер эң аз убакыттагы төшөк кумарынын рекордун коюшту.

Эң узун оргазм
Чочколор оргазмга 30 мүнөтчө бата алышат.
Белгилүү порноактёр Жон До күнүнө 55 аял менен төшөк кумарына батат экен.



  Эротикалык окуя

Анда мен институтту жаңы бүткөн кезим. Жыпаркул деген алысыраак тууганыбыз бар. Ошол "чөп тартыш" деп токтогулга чакырып калды. Атамдар алып берген машина менен Токтогулду көздөй зуулдап баратсам, шыңга бойлуу татынакай бир кыз жол тосуп турган экен. "Жалгыз зерикпей ала кетейин" деп машинамды токтоттум:
- Сулуу, каяка барасыз? Жолубуз бир болсо ала кетейин?
- Токтогулга барат элем. Кичине кечигип калып автобусум кетип калбадыбы… - деп кейип алыптыр. Мен болсо, ичимен кудуңдап алдым.
- Отуруңуз, мен дагы Токтогулга барам. Жеткенче сүйлөшүп баралы, - деп калдым. Кыз макул болуп, машинамдын аркасына отуруп алды. Экөөбүз таанышып да алдык. Аты Айсулуу экен. Айсулуу атына заты жарашкан сулуу, азыркы жаштар айткандай "фигурасы 90-60-90" экен. Андайды эркектер көргөндө эле ээрип кетет эмеспи. Мен да ээрип араң бараттым. Сүйлөгөндөрү да орду менен. Балбылдаган көзү кишини ого бетер суктандырып, анын назик үнү араң турган эркектин каалоосун арттырып, туйлатып жиберет экен. Жолдо катар ар нерсени сурап жатып, сырларын кичинеден биле баштадым. Шаарда эки курбусу менен батирде турушат экен. Бир маалда машинемдин аркасындагы вино менен шоколад эсиме түшө калып, ичимен "кым" деп алдым.
- Айсулуу, алдыгы жакты карасаң вино менен шоколад бар, ошону алып чыкчы. Токтогулга жакын эле калбадыкпы кичине ичип койсок милиция деле кармабас, - деп, машинаны жолдун чекесиндеги бактуу жерге токтоттум да, өзүм машинанын артына барып отуруп, винону ача баштадым. Башында Айсулуу "ичпейм" деп атты эле, болбой бир стакан ичирдим. Анан экинчисин, үчүнчүсүн, ошентип атып, бир шише винону экөөбүз түгөтүп койдук. Кыз киши алкоголду көтөрө албайт эмеспи, Айсулуу кичине кызый түштү. Ошондон пайдаланып алайын деп, колумду акырын, юбкасынын астына алып барып, аппапак сандарынан сылай баштадым. Узун чачын салаалап, төшүн кармаганга өттүм. Кыз ушуну эле күтүп тургансып, көзү сүзүлүп, менин кыймылыма каршылык көргөзгөн жок. Бир маалда ысык эриндерибиз бири-бирине тийишип кетип, андан аркысы да болду. Өзү студент кыз болсо да, төшөк жаатында бир топту билет экен. Таң аткычакты мен анын эсин оодарбай эле, мас болуп калган Айсулуу менин эсимди оодарса болобу. Ошентип машинанын ичинде лаззаттын туу чокусун бир нече жолу багындырдык. Андан кийин, Бишкеке келгенде да бир топ убакыт жоолугуп жүрдүк. Кийин турмушка чыгып кетти. Ошол боюнча көрө элекмин.

Анарбек
Айназик Бердалиева
"Коркпоңуз, ал атам эле…"
1-апрелде баласы китеп окуп жаткан апасына келип:
- Апа, апа! Биздин үйдү жыйнаган эженин үстүндө бирөө кыймылдап жатат.
- Кокууууй, ал эмне деген киши экен?! - десе.
- Ой апа, коркпоңуз, ал атам эле, - дептир уулу.





кыргыз тилиндеги гезит "Нур реклама"









??.??