Миң уккандан бир көргөн артык

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮГҮНДӨГҮ
КАРГАШАЛУУ ОКУЯНЫН КҮҢГӨЙ ТЕСКЕЙИ
Ош, Жалал- Абад областтарында болуп өткөн каргашалуу окуяны Эл аралык маалымат булактары, саясый эксперттери кайчы пикирди жаратып, айрым учурда бир беткей маалыматтар кетип жатканы жашыруун эмес. Айрым чет мамлекеттер, алардын кызыкчылыгын көздөгөн пикир жаратуучулар учурду текке кетирбей жатканы да маалым. Айрыкча чет мамлекеттерде эмгектенип жатышкан этникалык кыргыздар бир жактуу маалыматтарды массалык маалымат булактарынан алып келишет. Дагы жакшы урук туугандары менен байланышууда болгон кабарларды толук алышууда. Ошентсе да "миң уккандан бир көргөн артык" демекчи Россия Федерациясында эмгектенип жатышкан мекендештерибизге толук маалымат берүү үчүн Ош шаарына аттанууга туура келди. Анда сөз башынан болсун:

"Кечээ көргөн бүгүн жок, атаңдын көрүү дүйнө...ок" - деп кезегинде Асан кайгы айткан экен. Ансыңарындай Ош областы, Ош шаарында чоңойгон бала чактагы абал менен азыркы абалды салыштыруу өтө татаал. 11- июнда башталган каргашалуу окуядан

кийин Ош шаарын элестетүү кыйын. Өртөлгөн үйлөр, имараттар, соода борборлору, омурулган көчөлөр кадимки эле чет жакадан душман басып кеткен түр калтырат. Антип айтайын десек эзелтен бир туугандай жашап келген кыргыз- өзбек улутунун ортосундагы кагылышуу тарыхыбызда очойуп орун алып турбайбы. Эки улут арасында эбегейсиз адам өмүрлөрү кыйылса миңдеген адамдар ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул алааматтын башаты эмнеде, кимдер турат деген суроо азыр Кыргызстанда кызуу талкууда. Бул суроого териштирүү иш чаралары, соттук чечимдер өз убагында чекит коет. Ош шаарында болгон окуядан учурда 50дөй адам издөөдө экен. Дайынсыз жоголгондордун тууган туушкандары, жакындары Ош шаардык мэриясынын алдына атайы штаб түзүшүп, издөө аракеттерин көрүшүүдө.

Атаганат илгери үмүт менен жакындарын издегендердин тилеги орундалса деп кудайдан тилейсиң. Эзелтен чет душмандардан элин жерин коргоп келген улуу кыргыз эли ушундай абалга туш болушу мүмкүн эмес болчу. Бирок жашоо мындан ары улана берет. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бир гана үмүт элиңе, жериңе тынчтык орносо дейсиң. Ал үчүн бейкуттуктун жаңы жолун издөө менен бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу учур талаптардан. Учурда дайынсыз жоголгондорду издөө штабы уюшулуп, жеке жарандар, өкмөт тарабынан издөөлөр жүрүүдө. Оштогу коогалаңда дайынсыз жоголгондорду издөө штабынын өкүлү Света Жаңыбаевага кайрылдык.

- Оштогу болгон окуядан канча адам дайынсыз жоголуп, аларды издөө иш аракеттери кандай жүрүүдө?
- Тизме боюнча 49 адам катталган. Бирок жоголгондордун даана саны жүзгө чукул. Дайынсыз жоголгондорду каттоо негизинен 7- июнда башталган. Ошол күнү Төлөн Жумаев деген баланын атасы жоголуп, 8де анын өлүгү Өзбекстандын суусунан табылган. Тогузунда Майрам Абдукаева жоголгон. Ошондон тарта жоголгондордун саны кескин жогорулаган. Ал гана эмес тынчтык орноп калгандан кийин да жоголгондор катталууда. Маселен Кара- Суудан чыккан Рахманберди Жумаев 5- июлда жоголгон. Жоголгондордун көпчүлүгү 13- 14- июнда болгон. Бүгүнкү күндө жоголгондордун арасынан 11 адамдын өлүгү табылды. Алардын көпчүлүгү суудан чыккан.
- Айта кетсеңиз, табылгандардын баардыгы өлүк боюнча табылып жаткан турбайбы?
- Ооба, мисал айта кетейин Айбек Карабеков деген бала өзбектерге Жип автомашинасын ремонтко берген экен. Өзбектер ага 12- июнда телефон чалып, машинаңды алып кет дешкен. Ошол күнү ал жакка кирген бала кайра чыкпай калган. Аны өлтүрүп коюшуп, арыкка көмүп салышкан. Аны ата энеси кийиминен таанышкан. Болбосо мыкаачылык менен өлтүрүлүп, таанылбай калган. Ал эми эки адам тирүү табылган. Алар эс учун жоготуп, катуу стресске дуушар болгондор. Бирок тилекке каршы жоголгондор күнүгө келип түшүүдө.

- Көчкөнова Дилбара Токтогул районунан: Алмаз Аскаров кудайдан тилеп алган жалгыз балам болчу. Баламды КараСуунун Шарк айылынан каналдын жээгинен колдору кесилген, башы жок табылды, аябай мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Менин ичим күйгөнү жалгыз балам болсо, Оштогу кагылышуудан 7 күндөн кийин, аянтка Роза Отунбаева келет экен, эки эл элдешет экен деп жадырап жайнап кетип, кайтпай калбадыбы. Баламдын башы жок, колу жок табылгандан кийин өкмөттүн адамдары сөөктү пленка мүшөккө салып бир метрдей жерге көмүп коюшуптур. Мен буга нааразымын. Баламды кадимки мусулманча толук мүчөсү менен коюшум керек. Менин сабырым калбай калды. Эми кантем... Азыр баламдын башын издеп жатабыз...
- Орозалиев Ашымбай: Мен бир тууган иним Палбан Орозалиевди издеп жүрөм. Иним Ош районунда жашоочу. Ал жерде он эки эле үй бүлө кыргыздар жашаган. Коогалаң башталганы ал эч жакка чыкпай, үйүн ичинен бекитип калган. Үйүнө зорго беш күн дегенде араң кирдик. Үйү өрттөнүп кеткен. Төрт баласы бар. Алар айылда эле. Издебеген жерибиз калган жок. Же өлүгү, же тирүүсү жок. Азыр иттер менен издеп жатат. Өлүк табылды десе барабыз бул жердегилер. Мэрия колдон келген жардамын берип жатат. Тамак аш, минтип палаткаларды берди. Өзүм Алайдан келдим эле. Бир үмүтүбүз эми кудайда гана калды.
- Абдумалик Арстанов: 1980- жылы туулган уулум Алмазды издеп келдик.
Уулум 10-июндан бери үйдөн чыккан эмес. 13дө кыргыздарды кырып жатат дегенинен токтоно албай кеткен. Эми кошуна колоңдор баары чыгып жатса карап тура албайт экенсиң. Он алтысында кайнимди таптык. Беттери, курсактары жанчылган. Ал эми уулуман дале дайын жок. Моргдорго чейин кирип чыктык. Эми мынчалык болбойт. Бардыгы тең мазакталып өлтүрүлгөн. Дене мүчөлөрү кесилген.
- Орозгүл Бектенова ( Ош шаары) Элиза Каракожоева бизде иштечүү эле. 10 июнда кетип, эртеси мага телефон чалган. Документтерим күйүп калды деп, кийин телефондук байланыш жок болуп калды. Ошто кырдаал күчөп турганда бир байкеси Сабирали дегенге телефон чалган экен. Мени алып кетиңизчи деп. Бирок ал бара албагандан кийин кайра телефон чалса байланыш үзүлүптүр. Биз ошондон тартып издөө салып, тийиштүү органдарга кайрылдык. Кийин 26ларында жашыруун номер менен мага өзү чалып мен азыр Санк- Петербургдамын деди. Азыр телефон чалсак албайт. Москвага келдим деп телефон чалган. Биздин таң калганыбыз Питерге кантип кайсыл акчасы менен кетип калды, ошол кызык болуп жатат. Бул жерде биздин издебеген жерибиз калган жок.
- Саламат Салиева (Кара- Суу районунан): Менин бул жерге кандай жардамым тийет деген максатта келдим. Мекендештерибиздин минтип оор жоготууда жүрүшкөнүн көрүп тура албадым. Канчалаган адамдар эң жакындарын таппай, өлүү, тирүүсүн билбей боздоп олтурат. Убакыт баарын тескейт. Булардын убалына кимдир бирөө жооп бериш керек. Чынында эле карапайым калкты мындай абалга калышына биринчи кезекте чиновниктер күнөөлүү. Мен мындан төрт беш жыл мурда Москвада иштеп турганда Новости газетасынан "Кыргызстандын чиновниктери жеке кызыкчылыгы үчүн энесин да саткандан кайра тартпайт" деген макалыны окуганда ыйлагамын. Мына ошол азыр келди. Бул окуяны болтурбоо үчүн башынан мамлекеттик мыйзам бардыгына бирдей болуш керек болучу. Эмне үчүн Кыргызстанда жашап туруп, кыргыз тилин, мыйзамын өзбек улутундагылар сыйлабайт. Керек болсо Ошто өзбек улутундагылардын баары эң мыкты жашайт. Соода, кызмат көрсөтүү, ашкана, ресторандары бар. Булар ичкен кудугуна түкүрүп жергиликтүү калкка бой көтөрүүдө. Азыркы бийлик бул жакты да караш керек. Кыргыз тили, мыйзамы аларга жакпаса каалаган жагына чыгып кетишсин.