МОСКВА КАЙРЫКТАРЫ
Апакем!

Каалайсыңбы мен чырагың болоюн,
Алдыңда айың сенин болоюн.
Сенде экен мээримдердин мекени,
Өстүрдүң го кастарлап мен да чоңойдум.

Апакем ай ак жолугун салынып,
Алыс кетсем жолум күтөт сагынып.
Өмүрүмдө кубат алам өзүңдөн,
Кетпесинчи кара чачың ак басып.

Түн уйкуңду далай бөлүп чарчаттым,
Аймагылап таттуу сүтүң татканмын.
Канчалап мен үчүн түйшүк тартың сен,
Ыйласам сен да кошо ыйладың.

Жашагын өмүрлөргө өмүр улап,
Кудайдан жашың тилеп жүрөм сурап.
Дале болсо наристе экем сага,
Эркелетип жүздөн сүйөм, дале кучактап.
Сарвиназ!

Ачылып жазгы таңда сирен гүлдөр,
Табышып жайкы кечте кош жүрөктөр.
Тартылып жылуу сезим жан дүйнөмө,
Кандай кымбат таттуу ошол мүнөттөр.

Жаштыкты арнап берип махабатка,
Суктанып тойбой турам жамалыңа.
Салкын жел чачтарыңды сылап өтсө,
Кызганып кысып алгам кучагыма.

Алмашып жайкы күнүм бүгүн күзгө,
Саргайтып суук түштү сүйүүбүзгө.
Чайкалып жүрөктө өскөн кызыл гүлүм,
Алмаштырды сүйүүбүздү соолуган гүлгө.

Жапа чекти тунук көңүл ак сүйүүлөр,
Талпына албай бей күнөө көгүчкөндөр.
Тагдырдан махабат күтпөсөм да, Бир өзүңдөн күтөмүн, Сарвиназым.

Тайир Ташмурзаев.
Айдаркен.
Президентчи
кыргызым

Уккун,эй президентчи кыргызым!
Кабыргадан кайышып,
Айтып жаткан сөзүмдү,
Согуп жатам өзүңдү.
Мансап,бийлик,
Дүнүйө талашып,
Какшаттын го, чиркин ай,
Карапайын элиңди.
Сырттан келген жоо келсе,
Анда,аттанганың,
Чамынганың башка эле.

Эй, президентчи кыргызым!
Элди туура жолго баштабай,
Жериңде уруштуруп кыямат.
Карапайым эки элди адаштырып,
Өз элиңди-өз эл менен талкалап.

Күйдүрүп,бүлүндүрүп,тоноп жеп,
Эл ынтымагын жаман оюң менен бузуп,
Эл байлыгын каалагаңдай чачып,
Каргышы тийсин элиңдин.

Адам акылына сыйбаган,
Амалың менен куруп кал.
Элдин көйгөйүнөн кетпеген,
Тарыхта калды кара так.
Ата-бабаң кылбаган,
Элиңе мындай кыямат.

Кыргызстандык кыргызмын!
Деп айткандан, намыстанып бүттүк го,
Муну, билип, туюп жатса, а эгер,
Манас атанын арбагы,
Чыркырарын билдиңби?

Кыргыздын кыргыз деген,
Улуу атын,сулуу жерин,
Сактай албай,сатып,
Коргой албай,качып,
Кайда кеттин,президентчи кыргызым?

Биринчиң кетирген каталыкты,
Жүз пайыздап толтурдуңбу экинчиң?
Тузу урсун кыргыз жериңдин,
Убалыңа калдың элиңдин.
Күнөөсү жок эки элди кайраштырып,
Кара таш болуп катып калгын ылайым,
Миң наалат,сага,президентчи дербишим.
Жамал Раимова,
Санкт-Петербург.
"Нур" кат куржуну
Издейм сени

"Эй Россия, Россия бир боор энем" - дегендей Кыргызстанда иш жок айлык акылар аз болгондуктан, агылып эле Россияга поезддер, учактар менен келип жатабыз бирок, бул жакка келгенден кийин бизди кандай тагдырлар күтөөрү туңгуюк. Бир жактан документ жазайбыз деп элдин акысын жеп алдаган компаниялар, экинчиден иш издөө маселеси көйгөйлөрдү кесет. Азыркы учурда кимге ишенээриңди да билбейсиң. Ичтен чыккан ийри жыландай болуп кыргыз-кыргызды алдаган заман болду. Биздин редакциябызга ички сезимдерин, тагдырларын айтып жардам сураган мекендештерибизден келген каттардан бирин сиздерге сунуштоону туура көрдүк. Анткени бул да болсо окурмандарыбызга таасири тийээр. Бүрөөнүн тагдыры менен ойногондор аз да болсо уялып кечирим сураар деген ниеттебиз.
Саламатсызбы "Нур реклама" газетасынын жааматы. Сиздердин кыргыздар үчүн газета чыгарып жатканыңыздарга чоң ыраазымын. Башыман өткөн окуяларды сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Мен Москва шаарына эч кимдин чакыруусуз эле келгенмин. Көрсө жеңил ойлуулук кылган окшойм. Барсам эле турмуш шартым оңолуп, жакшы жашоонун нурлары чачырайт деп ойлоптурмун. 2002-жылы келип иштеп калдым. Көп кыйынчылыктарды көрүп иштеген ишимде жарытып акча төлөбөйт, жол киреме, тамак ашыма жетпей кыйналып жашап жүрдүм. Ошол учурларды эстесем кантип жүрдүм экен деп чочуп кетем. Күндөрдүн биринде жумуштан чыгып метро Мариного барсам подъездин сыртында отуз киши турушуптур. Жакын келип сураштыргандымда алар кожейке келип кууп чыкканын айтышты. Ошонтип көчөдө калдык. Таң атканча уктабай басып туруп, убакытты өткөрдүк. Мына ошол түнү кайдан жайдан экени түшүнүксүз Союзбек деген бала пайда болуп бүт баарыбызга жумуш, жаткан жатакана берилет деп бизге жомоктогу нерселерди айтып берди. Көчөдө калып кыйналып жаткан жаныбыз мени менен бирге жети киши жана төрт кыз баарыбыз он бир адам болуп Союзбек айткан жумушка, жатаканага Питерди көздөй жол тарттык. Кыргызбыз го бизди алдабайт деп ойлоптурмун, көрсө анын ойлогон ою, көксөгөн тилеги башка туура. Баарыбызга бир подъездден билет болбогонго ар кимибиз ар кайсы рейстерде кеттик да Питердин москвалык вогзалында чогулуп бири-бирибизди күтүп чогула турган болдук. Мына ошонтип билет да алынды. Союз экөөбүзгө бир билет алыныптыр. Биз мурда сүйлөшкөндөй москвалык вогзалда калган кишилерди күтүүбүз керек эле. Бирок андай нерсе болгон жок. Мени үйүнө алып барды да чакан бир комнатада агасы Канат менен чогуу турушат экен. Бизде Москвада андай комнатага сегиз, он кишини тыгып салат. Бул жагын көрүп дагы бир жолу кубандым андан кийин Союздун москвалык вогзалга келгенин келбегенин да билбедим. Эки күн жаттым. Алар келгичекте оромо, манты жасап жумуштан келишине даяр кылып коём. Үчүнчү күнү эртең менен мени ойготуп, сыртка чыктык да ал мага ачык эле Жыпара сен мага өтө жагып калдың тамакты сонун жазайт экенсиң, эми кечинде төшөктө канчалык сонун экениңди көрсөтчү деп көкүрөгүмдөн жыттады. Жаагына кантип бир чапканымды өзүм да сезбей калыпмын. Экөөбүз мушташа кеттик. Андан кийин көчөдө документим жок чыга албай үйдө жипсиз байланып, он беш күндүн кантип өтүп кеткенин байкабай калыпмын. Күндө иштен келген сайын зекирчү болду. Бир күнү, Манас аттуу жигит болгон иштин ал жайын сурап, мага Москвага билет алып берди. Ал убакта менин ниетим Москвага кайтыш эле. Манас байкеге рахматтан башка эч сөз айта албадым. Андан бери иштеп бутума турдум. Кыйынчылыктардын баарын жеңдим. Азыр кудайга шүгүр, иштеген ишим жакшы. Бирок Канат байке менен Манас байкени таап аларга чоң ыраазычылыгымды билдирип мындан ары да аларды колуман келсе сыйлаар элем. Анткени алардын жакшылыгын эки дүйнөдө унутпаймын. Манас байке, Канат байке ушул макаланы окуп калчу болсоңуздар дарегиңиздерди 8 (925) 882-95-77 телефону менен байланышсаңыздар. Сиздерди өтө чыдамсыздык менен издеп күткөн Жыпара.
Урматтуу окурмандар, биз сиздерден башыңыздардан өткөн окуялар, же ичиңиздеги сырларды бөлүшө
турган болсоңуздар бизге кайрылыңыздар.
Түз байланыш
телефону:
8 (925) 882-95-77.
8 (926) 254-13-66.