Жылдыздар хан сарайында
Канча жылдардан бери эл алдынат кадыры сиңип эмгектенип жүргөн, эстардага чоң салымдарын кошуп дүйнөгө кыргыздын атын чыгарган белгилүү ырчыларыбыз көп. Белгилүү ырчыларыбыздын арасына Москвада чыгармачылыгын таштабай иштеп эмгектенген ырчыларыбызды да кошууну туура таптык. Бул сапарда акыркы жылдары үзүрлүү эмгектенип, ырлары хитке айланган ырчыларыбыздын эмгеги тууралуу сөз болмокчу.
Хандар

Сыймык Бейшекеев
Атына заты жарашкан, Сыймык байкебиздин ырларынын көпчүлүгү мазмундуу жана уккулуктуу жан дүйнөгө ийинге жеткирип аткаргандыгы менен өзү тең катарлаш чыккан орто муундагы сахналаштарынан айрымаланат. Комузун колго алып, обону жүрөктү сыздатып, ырлары менен көздөн жашты кылгырткан байкебизге "Хан" статусун ыйгардык.

Тимурлан Дайрабаев
Талант кайсы жерде жүрбөсүн өсөт эмеспи. Фонограммага караганда жандуу үн менен ырдаганды жактырган, кээде тамада (эрке бала) болуп тойдун көркүн ачкан Тимур мырза Москва шаарында "Гүлчөтай" кыргыз кафесинде иштейт. Негизи эле чыгармачылыктын үстүндө тынбай эмгектенүүдө. Сүйүктүү ата, бирок жүрөгүнүн ачкычынын ээси жок. Көз карашы менен кыз-келиндерди имере тарткан ырчы мырзабыздын акыркы кездерде Москва шаарына гана эмес, кыргыз элине жасаган иштерин эске алып, тынбай эмгектенип жаткандыгынын натыйжасынан улам хандардын катарына коштук.

Ханзаадалар
Султан Садыралиев
Ар бир ырды жүрөккө жеткире аткарган С.Садыралиев продюссери Динара эжеден кеткенден бери таланттуу жигитибиз акыркы учурларда көрүнбөй кетти. Ошентсе да Султан Москва шаарындагы күйөрмандарын сагындырбастан бир жылда 2-3 жолу келип концерт коюп кетти. Гастролдон колу бошобой, чакыруулар көп болсо да, "Жалгызым", "Балапаным" деген 2 жаңы ыр жаздырууга жетишти. Бул да болсо анын акыркы жылдары үзүрлүү иштеп жатканынан кабар берет.

Алихан
Орто бойлуу, терең ойлуу жылдызы жанган, сахнанын көркүн ачкан, бийлесе бийи жарашкан Алиханды атап кетпесек болбос. "Алма сабагынан алыс түшпөйт",- дегендей Алихан жаш кезинен эле чыгармачыл чөйрөдө өсүп, алардын таалим-тарбиясын алды. Анын "Кыялымдан кетпес" хит ыры ушул кезге чейин кол телефондо жаңырууда.
Ханышалар

Динара Акулова
Ырчылардын примадоннасы Д.Акулова өзүнүн келбети менен кошо үнүнүн тунуктугу сахнада өзүн алып жүрүүсү менен башкалардан айырмаланып, жеңил-желпи ырларга көңүл буруп ырдабандыктанбы эмнегедир анын ар бир чыккан ыры хитке айланып, улуу муун жана кичүү муундардын сүймөнчүлүгүнө айланууда.

Элиза Ажыбаева
Колуңа лупаны кармап издесең да, эч кандай кемчилик таба албайсың. Табият тартуулаган сулуулугу менен катар, назик үнү төп келишет. Башкаларга ыраа көрбөй, ителги куштай илип кеткен Эркин мырза эр экен. Азыркы кезде 2 уулдун апасы, бир үйбүлөнүн сүйүктүү жары. "Махабат көлү", "Күтүү" деген эки клибинен башка кыргызстанга жакында барып ыр жаздырып келди. Москва шаарында жолдошу экөө бизнес менен алектенүүдө.

Ханайымдар
Расул кызы Айпери
Ырды да, бийди да тыткан, Индия өлкөсүнөн дос-жар күткөн айдай сулуу кара көз жана кермекаш Расул кызы Айперини кимдер гана тааныбайт. Расул атасын каякка барса бек жармаша ээрчип жүрүп, жаш кезинен сахнанын түйшүгүн көргөн. Эмнегедир акыркы учурларда көрүнбөй чыгармачылыктан алыстап калгандай. Ошентсе да анын ушул кезге чейин эстраданын шоу-бизнеске кошкон салымы үчүн ханайым статусун ыйгаруудабыз.

Кубик кызы Айпери
Эки ханайымдар тең атасын ээрчип чыгышты, бирок, аталарына караганда адаштардын күйөрмандары көп экенин белгилей кетүүбүз керек. Ойлуу көз карашы, наздуу күлкүсү менен назданып, жигиттерди тамшандырган Айпери кызыбыз учурда жеке ырчы. Сахналаштарынан кем калбастан алар менен тең тайлашып биринин артынан экинчи клибин тарттырууга жетишүүдө.

Бетти даярдаган
Бермет Мырзакулова.
Уландысы кийинки санда




Ырдап жүр
Мен өз бактыма
жетпедим
Сөзү: Нурсултан Бурканов
Обону: Сайдали Маликов

Махабатым, сүйөмүн деп айталбай,
Кыялымда максатыма жете албайм.
Анда неге бул дүйнөгө жаралдым,
Калсам эгер мен бактыма жете албай.
Кайырма
Жүрөк согот жалгыз жаным сени деп,
Жамалыңды бир болсо да көрсөм деп.
Ак жүзүңдөн жылмаюнун элесин,
Көздөрүңдөн аярлуу бир сезимди.

Кыргызымдын кара тору чырайы,
Бир өзүңө жипсиз мени байладың.
Күтсөм деле өмүр бою издене,
Табалбаймын мен өзүңдөн башканы.
Кайырма
Жүрөк согот жалгыз жаным сени деп,
Жамалыңды бир болсо да көрсөм деп.
Ак жүзүңдөн жылмаюнун элесин,
Көздөрүңдөн аярлуу бир сезимди.

Диана Гурцкая

Ты знаешь, мама

1. Теперь облака между нами.
С тобой не поговорить.
Ты знаешь как больно, мама, одной
по земле ходить.
Как хочется мне до озноба прижаться
к рукам твоим.
Тебе рассказать о взрослой,
о первой моей любви.

Припев
Ты знаешь, мама, он какой, он не
такой как все,
Он не такой, другой. Надежный,
ласковый, родной,
Он только мой, он мой. А я за ним как за стеной.
Ты знаешь, он, он такой смешной.
А я до слез наговорилась с тишиной,
Ты хоть во сне побудь еще со мной.

2. Как холодно и одиноко, как страшно решать самой,
А мне на мгновенье только услышать бы голос твой.
Любовь словно дождь подступает,
Мне с ним хорошо молчать.
И если ты слышишь, мама, скажи, что ему сказать.

Припев
Ты знаешь, мама, он какой, он не
такой как все,
Он не такой, другой. Надежный,
ласковый, родной,
Он только мой, он мой. А я за ним как за стеной.
Ты знаешь, он, он такой смешной.
А я до слез наговорилась с тишиной,
Ты хоть во сне побудь еще со мной.