МОСКВА КАЙРЫКТАРЫ
Оо элим!

Уулу журтум!
Уюткуң жоголдубу ?
Ынтымак , ырашкерлик
Ыдырап бөлүндүбү ?
Жанын баккан жамандын кесепети
Карапайым калкым сага көрүндүбү?

Кыргызым ,
Кылымдардын кыйырында
Жоголбой жашап келген эл элең го
Карытып миң жылды баскан жолуң
Тарыхта улуу мөрөк кең элең го.

Кайда азыр, нарк сактап
Накыл кеп айткан
Бакайдай кеменгериң
Чачылганды жыйнап алаар
Манастай эрендериң
Өйдөдө өбөк болоор
Ылдыйда жөлөк болоор
Сыргак ,Чубак берендериң

Оо Элим!
Удургуп бөлүнбөчү
Таралып кабыргадай сөгүлбөчү.
Капыстан кырсык болуп түн түшүрүп
Энелердин көз жашы төгүлбөсүн.


Акматалиев Уланбек
Сузак районунан

Айдаркеним

Айланайын Айдаркеним атыңдан
Алыс жүрүп мен өзүндү сагынам
Туулган жерим, Ата - Журтум ыйыгым
Кымбатымсын киндик каным тамган.

Күтүп мени жолум тосуп карарсын
Чоңойгонмун жутуп жайлоо абасын.
Тоо койнунда күлүк минип ойногон
Сагынамын , Айдаркеним тааласын.

Кең байлыгың ашып ташкан
Эмгекчил деп элим айтам .
Эгерде атың уксам Айдаркен деп
Сезимге канат байлап сага учам

Дале келет сага эркелегим
Энекемдей төккөнсүң сен мееримиң
Даярмын бүт дартына Ата - Журтум
Карегимсиң көзгө сүрткөн Айдаркеним.

Тайир Ташмурзаев
Айдаркенден

Эсине кел!

Эх чиркин бул күндөр дагы өтүп кетет
Өткөн менен бүткүл доктор калып кетет.
Күнүмдүк жашоого алданып сен
Кеттиң го өзбек, азер, тажик менен.

Бузулдун кыргызымдын атын булгап
Арасында канча кызды кошо нымдап
Бир гана өзүң эле сөз болбостон
Калтырдын канча кызды сөзгө сен

Намыстанам өзбек менен көрүп калсам
Айла жоктон бурулуп мен кетип калам
Жөн эле жетелешип баспастан сен
Көргөздүң го бүткүл болгон опуртуң сен

Билбедим кандай экен ата - энең
Кыйналып чоңойтту го тилек менен
Сойкулукта иштеп сен акча тапкыча
Көргөзгүнүн, ата энене мээримиңди сен

Муратова Эркингул
Өзгөн
районунан

Кыргызстаным

Ата-Журт алыстан куса болуп
Келсе дейм балалыгым бир бурулуп
Кечеги жайлодоо жарма ичкен
Жүргөн күн кетти бизден куштай учуп.

Арсланбаб , Апшыр- Ата , Кара - Шоро
Кыргыздын кооз жери мына ошончо
Кызыктырып канча элдин улуттарын
Кыргыздын Ыссык - Көлү элге толо

Кудиретин карачы жараткандын
Аска тоосун , суусун жана арчаларын
Канчалаган канча улут пендесинен
Эх керемет кыргызына арнаганын

Кооздугуна көзүм тойбойт Кыргызстаным
Көз суктанткан ордолуу Ош шаарынын
Дасторконду кенен жайып сыйланат
Мейман калк ар бир улут адамдарын

Дүйнөнү дүркүрөткөн мына Москва
Түйшүктү ой азапты салды мага
Түшүндүм Ата Мекен кадыр баркын
Эх Кыргызстан жетпейт экен баары сага.

Асел Үсөн кызы
Ош обл.
карасу району

Коммунизм айылы.


Сурагыла, жооп беребиз!
Тел: 774-89-49 же 8(926)738-53-54
- Москвадагы Кыргызстандын консулдук бөлүмүнүн адресин айтып коесузбу?
- Адреси: г.Москва ул.Большая Ордынка 64. М.Добынинскаядан 5 мин. пешком.

- Өзүмө 3 комнат квартира алсам дедим эле кимге кайрылсам болот?
- Квартира таап берген кыргыздардын агенствосу бар. телефону: 774-89-49

-Жердештер болуп эс алганы кыргыздардын жакшы кафесине барып олтурсак дейбиз, телефонун айтып бересизби?
- Кафе "Белый верблюд" тел: 8-926-531-87-87, Кафе "Ферганская долина" 8-926-459-00-20, Кафе "Гулчетай" 8-925-090-00-58, Кафе "Узген" 8-906-759-96-95

- Жакында боло турган "Ыр-Кесе" концертине кайдан билет сатып алса болот?
- Эгер арзан билет ала турган болсоңуз анда 8(926) 738-53-54 номерине телефон чалыңыз.

- Москвада ID- картым менен жүрө аламбы?
- Жүрө аласыз, эгер Россиянын таможнясында да миграционный картага ошол ID-картыңызды оформления кылсаңыз. ID карт менен убактылуу учетко жана ишке кирүү документтерин да ала аласыз жана самолетко, поездге билет алсаңыз болот.

- Классташым Үсөн Алиевди издеп жүрөмүн кантип тапсам болот?
- Ал учун "НУР реклама" газетасына реклама берип таап алсаңыз болот. Газета Москва шаарына жана областарына, Санк Петербургка жана
Кыргызстанга таркатылып атат. Тираж 10000.

- Москвага 3 күнгө конференцияга барамын, мага убактылуу квартира таап бересиздерби?
- Таап беребиз. Москвада мейманканалардын эң арзаны күнүнө1000 рубльдан башталат
Контактный тел: 774-89-49

- Работа разрешение алалбай койдум кантип иштейбиз?
- Бул жылы мигранттарга аз квота бөлүнүп разрешение берилбей турат, алынса да өтө кыйын шарттар менен берилип жатат. Работа разрешение жок иштегенге болбойт, эгер миграционный служба кармаса эң аз 2000 рубль штраф, ишканаларга көп суммага штраф салат.

- Москвада жалгыздыктан тажадым, кыздар менен тааныштырган ишкана барбы?
- Андай ишканалар көп, алардын бири жакында ачылган кыргыздардын "Умай эне" таанышуу кызматы ачылды. Тел.чалсаңыз сизге жардам кылат. Тел: 8-926-738-53-54.

- Паспортумду жоготтум, Кыргызстанга кантип кетсем болот?
- Консулдук бөлүмүнө барсаңыз сизге убактылуу күбөлүк жазып берет, ал документ менен 15 күн ичинде кетишиңиз керек.


27 июнда Референдум болот деп атат Москвалык эмгек мигранттары кимге кайрылыш керек?
- Бул адреске кайрылыңыз;
Тел: (495) 237-43-91, (499) 238-33-04
г.Москва, ул. Большая Ордынка д.64.
(Консульский отдел)

- Кыргызстанга эң арзан кайсыл телефон сеть менен сүйлөшсөк болот?
- Азырынча Мегафон "Теплый прием" ар бир минутага 2.49 руб.

- Эски сотовый телефон сатып алсам дедим эле, кайсыл жерден сатып алсам болот?
- М.Савелевскаядан чыксаңыз эле эски телефон саткан павилондор бар, каалаганынызды тандап сатып алсаңыз болот.

- Москвадан чыккан кыргызча "НУР реклама" газетасын каяктан сатып алсак болот?
- Газета саткан кыз-жигиттерден же бул телефонго чалыңыз: 774-89-49

- Машинам бузулуп калды эле. Техиканы жакшы билген жана арзан жасаган кыргыз усталар барбы?
- Бар, 8 (909) 665-41-86 Шамши аке