![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
17-март Элдик Курултай Коомчулуктун бүйүрүн кызыктырган үстүбүздөгү жылдын 17- мартында өткөн Элдик Курултайга беш миңден ашык жарандар катышып, республикада болуп жаткан проблемаларды чечүү күн тартибинде каралган. Курултайдын күн тартибинде Коомдук ишмер Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкулов, Петровкадагы жана Балыкчыдагы кармалып соттолгон инсандарга мунапыс жарыялоо, электр тармактарын кайра мамлекеттин менчигине өткөрүү, электр энергиясына жана коммуналдык кызматтарга көтөрүлгөн тарифтерди мурдагы баасында калтыруу, ЖКке өзгөртүү, толуктоолор киргизилген баш мыйзамды кайра артка кайтаруу өндүү маселелер айтылды. Коомдук уюмдардын, укук коргоочулардын, саясий партиялардын башын бириктирген Элдик Курултай, алгач Аксы окуясында курман болгон жарандарды эскерип, куран окуу менен башталды. Саясий ишмерлерден Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Алмаз Атамбаев, Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаровдор сөз сүйлөп, олуттуу проблемаларды ортого койду. Өз сөзүндө Темир Сариев: Президенттин, өкмөттүн алып барып жаткан иштерине сын пикирлерин айтып, жогоруда коюлган маселелерди 23-24-мартта өтүүчү Ынтымак курултайына катышуучу делегаттарга наказ катары "Ак Шумкар" партиясынын атынан тапшыраарын айта кетти. Ал эми Роза Отунбаева өз сөзүндө эл бийликтин ээси, андыктан элдик бийликке өтүү зарыл экендигин баса белгиледи. Ошондой эле Өмүрбек Текебаев, Алмаз Атамбаевдар жарыш сөзгө чыгып өз пикирлерин билдиришти. Мындан сырткары региондордон келген өкүлдөр аймактар арасындагы болуп жаткан кыйынчылыктарга токтолуп, тарифтердин кескин көтөрүлүшүнө басым жасашты. Аягында жети маселеден турган резолюцияны кабыл алышты: 1) Электр энергия,коммуникация тармактарын кайра мамлекеттин карамагына өткөрүү. 2) Электр энергиясына, коммуналдык кызматтагы тарифтерди мурдагы баасына келтирүү. 3) Саясий куугунтуктагыларды бошотуу. 4) Президент К. Бакиевдин жакын туугандарын мамлекеттик кызматтан бошотуу. 5) Азыркы Өкмөт бийлиги чакырган инвесторлорду кайра чакыруу. 6) ЖКке барган баш мыйзамды кайра кайтарып алуу. 7) ММКна чектөөлөрдү токтотуу туурасында чечимдерди кабыл алышты. Бул чечим 23- 24-мартта Ынтымак Курултайына берилээрин Ак- Шумкар партиясынын лидери Темир Сариев журналисттерге берген интервьюсунда баса белгиледи. Ынтымак курултайын келишкен бул партиянын өкүлдөрү, Темир Сариев баш болуп административдик айып тартып ошол эле күнү бошотулду. Кабарчылар Чынгышбаев Кубанычбек, Даут кызы Гулзат. Бишкек. КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЫНТЫМАК КУРУЛТАЙЫ ТУУРАЛУУ СИЗДИН ОЮҢУЗ? Абдылдабек Талыпгазиев, Пенсионер. Россиядагы балдарыман кабар алганы келгем, Ыссык-Көлдөнмүн. Жашым 84тө. Эл мыктыларын жоготуп жатат. Жалаң шакелдери калды. Бир тыңырак уул чыгып элди башкарып багып албаса, тентип кетебиз го. Сөздүн ачыгы эле ошол. Эми бир койго 12 сом налог салып атыптыр бир айга. 10 кою барлар 120 сом, бир уйга 57сом айына төлөйт экен. Бул Николайдын убагында да, Союздун убагында да болгон эмес. Билбейм эми, балдарга кудай ыйман, нысап берип эле элди багып алаар жакшырагы чыгып. Мына бүгүн бу жерден көрдүм кыргыздын үчтөн бири ушул жакта окшойт. Барбай койду го эми, мындайда Манастагыдай элибиз тентип кетпесе эле болду болгону. Салижан Шарипов, Кыргызстандын биринчи космонавты, Кыргыз эл баатыры. Биздин Кыргызстаныбызда демократия эмеспи. Курултай кезеги менен өтүп турушу керек деп ойлойм. Анткени баары чоң трибунада курултайга келген өкүлдөр ар бири маселесин, ойлорун ачык айтып ортого салышы керек, анан ошол маселелер чечилиши керек. Президентибиз Курманбек Салиев башкарган саясат, атайы уюштурган курултайда айтылган маселелер, ойлор калып кетпей президентке, бийликте отургандарга сунушталып, бири-бирине кулак салып ойлор ишке ашып чечилиши керек деп ойлойм. Аскер Сооронбаев, "Московский индустриальный Банкынын" башкаруучусунун орун басары. Мен Москвада 1965-жылдан бери жашап келем. 45 жылдан бери Москвадамын. Военнослужащиймин. Курултай тууралуу бир да сөз билбейт экенмин. Эч кандай курултай жөнүндө, эмне деген курултай, кандай курултай кайда болот экен эчтеке билбейт экенмин. Бул тууралуу бир гана мен билбей кабарсыз калганым эмес. Москвада жашап калган кыргыздар билбейт деле окшойт. Ошону үчүн Курултай тууралуу эч ким эчтеке деген деле жок. Москвалык кыргыздардын көпчүлүгү билбейт деле. Бирок мына кечээ бүгүн Ноорузду майрамдаган учурда Ыссык-Көлдүк жердешиме жолугуп калып мына ушул аксакалдын сөзүнөн угуп калдым. 23-мартта дейби качан билбейм. Жамиля Бегиева, "Ала-Тоо" аймактар аралык коомдук уюмунун жетекчиси. Ынтымак Курултайына чет жакта жүргөндөрдү да унутпай 35 адамга орун бериптир. Биздин "Ала-Тоо" коомдук уюму мени тандап жөнөтүп жатышат. Курултайдан күткөн нерсебиз, Россия менен Кыргызстандын келишими каралса. Андагы келишим боюнча кыргыз жарандары Россиянын жарандыгын көп алып жатышат. Анын саны официалдуу түрдө 300 миңге жетти деп билдирип жатышат. Россия жарандыгын алган кыргыздар туулган жерине кайра кайтып барып жашап, кыймылсыз мүлккө ээ боло албай калууда жана кайра кыргыз жараны болуп жашай албайт экен. Экинчи маселем, мигранттардын ден-соолугу тууралуу. Акыркы убактарда Россияда, Кыргызстанда да мигранттар жугуштуу ооруларды алып келаткан булакка айланды деп чуу көтөрүп жатышат. Мына ушул эки өлкөнүн ортосундагы келишимде мигранттардын ден соолугу, медициналык тейлөө маселеси каралбаган. Мына ушундай жүрөктү өйүгөн маселелерди Курултайда ортого салып айтканы, чечишкени кетип жатам. Керимбек Арыкбаев, Ярославия шаарындагы кыргыздардын регионалдык "Биримдик" коомдук уюмунун президенти. Элчибиз баш болгон делегация Курултайга жөнөп жатабыз. Эми Курултайда чечилбеген маселелер чечилчү да. Алдыдагы Курултайда да элибиз каалагандай өтсө, биздин карапайым калкыбыздын чечилбеген маселелери чечилсе экен деген ойдомун. Ошол биз да курултайга катышып, бул жакта иштеп, жашап жаткан кыргыздарыбыздын жалпы маселелерин ортого оңкосунан коюлуп, жакшы оң жакка чечилет деген ойдомун. Кудай буюрса баары жакшы болот деп мына ноорузда жакшы ниеттер менен аттанып жатабыз. " НУР" пресс
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||