![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Юристтин КЕҢЕШИ Россия Федерациясындагы кыргыз элчилигинин юристи Aбдисияев Алмаз Дамирович сурооңуздар болсо aiperi-2007@mail.ru же редакцияга, 774-89-49 телефонуна кайрылыңыздар. Кыргызстандан келгениме 10 күн болду, Москвада убактылуу учетко (регистрацияга) турганды унутуп калыпмын, азыр учетум жок ФМС тин адамдары депорт кылабыз деп атышат, булардын кылганы туурабы же кутулуштун башка жолдору барбы? - Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын негизинде 3 күндүк мөөнөттө убактылуу каттамга (учетко) туруу зарыл. Ошол мөөнөттөн өтүп кетсе чет элдик жараандарга каршы админстративдик айып (2 миңден 5 миңге чейин) же депортация каралган. Бул колдонуучу чаралар мыйзамдуу. - Мен 5 жыл мурун Москвадан депорт болуп кеттим эле, депорт срогум бүттү деп самолет менен учуп келсем, таможняда учеттон чыкпапсын деп мени кайра аэропорт Домодедовадан эле Бишкеке учуруп жиберишти, бул кылгандары туурабы жана мен эми эмне кылышым керек? - Адам соттун чечимине ыла-йык (депортация болсо) Россиянын аймагынан чыгарылса, 5-жылдык мөөнөттө кирбөө керек. Ал эми ФМСтин базасынан алып коюуу же кирүү уруксатын берүү 5 жылдан кийин автоматтык жолу менен жүргүзүлөт. Эгер ошол иш-чара өз убагында аткарылбаса, Кыргызстанда миграция жана жумуштуулук боюнча Министирликке расмий кат менен кайрылсаңыз, Россиядагы өкүлчүлүк аркылуу базадан кирүүгө чектөөнү алуу процедураларын ылдамдатуу жолдору каралган. - Эски паспортумун срогу бүттү эле, посольстводон жаңы паспорт алсам болобу? - Эски паспорттун мөөнөтүн узартуу Элчиликте бекер жүргүзүлөт. Эгер сиз паспорт алмаштырууну кааласаңыз, анда Кыргызстандан каттоодо турууңуз абзел. Ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен ОМС (объязательное медицинское страхование) кагазын Элчиликтин консулдук бөлүмүнө тапшырсаңыз, 3 айлык мөөнөттө жаңы паспорт берилет. - Кыргызстандын гражданыбыз, Москвада үйлөндүк. Посольстводон ЗАГС алсак болобу? - Куттуктайм, бактылуу болгула! Россияда үйлөнгөн мекендештерибизге элчиликтен никеге туруу жөнүндөгү күбөлүгү берилет. Ал үчүн Кыргызстандагы ЗАГС башкармалыгынан алынган үй-бүлөөлүк абалы жөнүндөгү тактама кагазы колуңуздарда болуусу керек. Эгерде мурун үйлөнүп, расмий ажырашуу тууралуу күбөлүк жок болсо никеге туруу жөнүндөгү күбөлүк берилбейт. - Мен 48 жаштамын, РФнын жарандыгын алып жатам. Кыргызстанда МЧСде 13 жыл иштедим, жалпы 30 жыл. Ошол кесибим менен Россияда иштей аламбы? - Россиянын эмгек кодексине ылайык эркектер 60 жашка чыкканча эмгекке жарамдуу деп табылган, ошол себептен эгер өзгөчө кырдаалдар органдарында сиздин кесибиңизге ылайык вакансия болсо, иштесеңиз болот. - Мен Россия Федерациясынын жараны болдум, келинчегим Кыргызстан жараны, Москвада жашайбыз, жакында балалуу болгону турабыз, мага баланын атасы катары РФ льготтору берилеби? - Эгер сиз Россиянын аймагында туруктуу турак-жайыңыз, жумушуңуз жана расмий никеде болгон шартта балаңызга ишкана аркылуу пособия гана алууга укуктуусуз. Сланмир Осмонбекович-тин ыразычылык билдирүүсү Менин айтайын дегеним "Кыргыз биримдиги" коомунун жетекчиси Абдыганы Шакировго жана уюмдун аксакалдары Абдуллаев Медербек, Акжолов Маматжан, Айтаалы Жандаров, Абылкасым Темиров жана мага жардам берген башкаларга чоң ыраазычылыгымды билдиремин. Мен өзүм акыркы жылдары кант оорусуна чалдыгып иштебей калдым, бир жылда бир канча жолу больницага жатып даарылынып турууга туура келет, ушундай оор күндөрү мага моралдык-материалдык жардам кылганыңыздар үчүн жакшылыгыңыздарды унутпаймын. "Кыргыз биримдиги" коомунун мүчөлөрүнүн кызматтарына албан-албан ийгиликтерди каалаймын! Джумагулов Сланмир Осмонбекович 55 жашта, кесиби боюнча актер. Ош драма театрында чыгармачылыгын баштаган. 1988-жылы Кыргыз маданият министирлигинин жолдомосу менен Москва шаарына Малый театрында СССРге стажер-директор болуп иштеп келген. 1989 жылдан баштап М.С Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайында 3 кыргыз студиясын окутуп чыгарган. 1990-жылы Москвада "Кыргызстан" жаштардын маданий борборун түзгөн. 1996-жылы Кыргызстан Республикасынын президентинин Указы менен театр искусствосуна, Кыргызстан менен Россиянын элдеринин ортосунда достукту чыңдоого сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак громатасы менен сыйланган. 2003-жылдан бери кант оорусу менен ооруйт. Р.s Cланмир агабыздын тез арада сакайып кетишине тилектештигибизди билдиребиз. "НУР" пресс Терим тор алдында соолуган гүлдөр Бактыгүл Сейитбекова (Сандан санга) (Башталышы өткөн санда) Ууру күйөөң деп жек көрүп сүйлөшчү. Жаман да болсо балдарымдын атасы деп түрмөгө оокат алпарып, жолугушууга барып турчу. Баш-шыйрак саткандын да азабын Айдеми менен Айтемир аябай эле тартты. Саат 5те барып Ош базарынан жалдырап жүрүп сатып келишет. Кээде аларга артпай да калат. Дүңүнөн акчасы барлар сатып, алып коюшат. Булардын жарыбаган акчасына эч ким соода кылгысы келбейт. Апасы да ушул экөөнү жиберип коет. Айрыкча этканадагы борго байланган букадай болгон Гүлай эженики өттү. Же турмушка чыгып өзү балалуу боло электенби, же жеринен эле таш-боор эжеби ушул эки кичине наристени кемсинткени кемсинткен. - Эже бизге 20 шыйрак сатып коюнузчу?- деп жалдырай карайт Айтемир уйкусу канбаган көздөрү менен Гүлайга. - Кабы менен ал деп акшыңдайт бекер эт жеп эсирген Гүлай. Сага сасытып уйдун шыйрагын бирден санап жүрөмбү? - Эже өзүбүз эле санап алабыз деп жалдырайт Айдеми. -Жок дейт акча санагандан башканы билбеген Гүлай. Мен оптом гана сатам. - Сатып коюңузчу эже деп жалдырашат экөө. Биз ушу шыйрак менен гана оокат кылабыз. Сиз сатпасаңыз ачка калабыз го, апабыз да урушат. - Ох! Экөөңөрдөн күйдүм дейт Гүлай, давай анда эмесе менин мобу кап-шалчаларымды жууп бергиле анан сатам. Таңкы суукта Айдеми менен Айтемир сүйүнгөн бойдон эт чабылган шалчаларды этканадан арыраакта жайгашкан крандарга алып барышып, арыдан-бери муздак сууга жууп келишчү, суунун муздактыгына колдору тоңуп турушса да Гүлайдан шыйрак сатып алгандан кийин үшүгөндөрүн сезбей калышчу. Экөө теңдеп бөлүшүп шыйрактары менен маршруткага түшүшчү. Ал жерде да экөө жек көрүнчү шоферлорго, себеби дайыма экөөңдө эки зыл таштай оор эки чаар сумка. Айдемиге бул сумкадагы шыйрактар, шыйрак эле эмес алтын сатып алып бараткандай кубаныч тартуулочу. Ушул шыйрактардан Айдеминин апасы акча таап батирге төлөйт, ушу шыйрактарды сатышып, кийим-кече, азык-түлүк алышат. Ушу шыйрактар апасын алаксытат, кечке базарда баш-шыйрак сатат. Башты бир бала даярдап, апкелип берет. Андан аз эле калат, ал эми шыйрактарды төртөөнү 30 сомго алышып, ар бирин кайрадан 30 сомдон сатышат. А бирок бул шыйрактардын Гүлайдан алынып, кайра эт базарга түшкөнүнө чейин Айдеми менен Айтемир канча түйшүктү башынан кечиришет. Таңкы 5тен тартып уктабай баргандары, Гүлайга жалдырашып муздак сууга клеенка шалчаларды жууп, тазалашкандары, илмиңдеп оор сумкаларды үйүнө апкелишкендери, андан кийин сууну ысытып алышып шыйрактарды салып жыдыткандары, чач алгандай ар бир шыйрактын жүнүн кырып тазалагандары, андан кийин гана таптаза кылып пояльнике куйкалагандары, кайрадан ысык сууга жууп-тазалашып, кайрадан башка таза сумкаларга салышып, таксини оор көрүшүп, маршрутка менен апасына жеткиришкендери, эки жаш балага оңой эмес түйшүк болчу. Шыйрактары тынбай өтүп - тургандыктан Айдеми менен Айтемир бул түйшүккө көнүп бүтүшкөндүктөн, кабагым-кашым дебей кудуңдап жүрүшүп бул жумушту аткарышчу. Баардыгы ойдогудай болмок беле, эгерде Хасан түрмөдөн чыгып келбегенде, бара-бара оңолушуп шыйрактын арты менен кадимкидей акча топтой башташкан. Максаттары там салуу үчүн жер сатып алуу эле. Айтемир кандай кылып төрт бөлмөлүү үй салат, сүрөтүн чийип да койгон. Акчасы али топтолуп бутпөсө да экөө гезит сатып, алышып жердин бааларынан үзгүлтүксүз кабардар болуп түрушчу. Хасандын түрмөдөн чыгышы булардын үмүт-тилектерин таш каптырды. Хасандын өзү аз келгенсип, түрмөдө олтурган достору көп келет. Күнүгө соода кылган акчаларын алып коет. Эки күндүн биринде ичип алып Айжаркынды себепсиз сабайт. Акырындап Айжаркынды да аракка көндүрө баштады. Ичпесе, акча бербесе Хайдаркандагы аялына кетем деп коркутат. Хасандан ажырап калуудан корккон Айжаркын акырындап ичкиликке көнө баштады. Айдеми болсо Хасанды кайра түрмөгө түшүп калса деп тилечү. Балам экен, кызым экен деп ойлонуп да койчу эмес Хасан Айтемир менен Айдемиге. Акыры Айтемир үйдөн чыгып кетти, Ош базарында тачки сүйрөйт, ошол жерге түнөйт, кээде-кээде келип Айдемиге, апасына акча таштап кетет. Айтемир бир келгенинде Айдеми кошо чыгып кетти, себеби мындан ары бул үйдө калууга мүмкүн эмес эле. Апасынын балдары менен деле иши болбой калды. Базарга чыкпай калганына көп болду. Базардын акчасынын баарын Хасан ичип-жеп түгөттү. Түрмөчү достору кээде Айдемиге көз артышчу болду. Апасына бир нече жолу ыйлап арызданды. Айжаркын Хасанга кыңк дей албасын түшүнгөндөн кийин Айтемирди ээрчип чыгып кетти. Айтемир аны өзү түнөп жүрүүчү Фучиктеги дүлөйлөрдүн общежитиесине апкелди. Ал жерде шуулдаган кыргыз эженин колуна түштү. Сайра аттуу бул эже алгач общежитини жууп-тазалатып жүрдү, гостиница катары бүт Ош базарындагылар ушул жерге түнөшөт тура. Бул жерде Ош базарын тейлеген чөнтөкчүлөр да, уурулар да, наркотик саткандар да, түнкү көпөлөк кыздар да жашайт экен. Чөйрө таасирин бербей койбойт ко. Анын үстүнө 15 теги Айдеми үчүн акча табуу башкы милдет эле. Ансыз да канында ашынган ууру Хасандын каны бар Айдеми чөнтөкчүлүктү эң жакшы өздөштүрдү. Айдемиге окшогон эки-үч кызга кадимкидей эле сабак өтүшүп тез эле үйрөтүп коюшту. Айдеми ана токтотом, мына токтотом менен 18 ге чыкты. Эки жылда көп эле Ош базарына келген адамдардын чөнтөгүн тазалады. Баарын Сайра эжеси менен бөлүшүп турду. Сайра эжеси буларды коргоп турган Туран аттуу милиционер балага бөлүшөт. Хасан кайра түрмөгө түшүп, апасы эми биротоло ичип кетти. Айтемирди бирөөлөр Сахалинге алып кетти, кез-кезде телефон чалып турат. Чөнтөкчүлүктүн деле азабы көп экен. Дайыма эле жашыл жол күйүп турбайт. Айрыкча жаңы иштеп жүргөнүндө кармалып калып акча ээлеринен келтек жеген күндөрү болду, эки айлап түрмөгө олтуруп калган күндөрү болду. Туран менен Сайра эжесинин колу бошоп, куткарып алгычакты түрмөнүн тамагын ичип, ал жердегилердин кылык-жоруктарын үйрөндү. (Уландысы кийинки санда)
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||