Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Москвада Нооруз 2010
Москва шаарында Горбунов атындагы Маданият үйүндө 21-мартта "НООРУЗ 2010" деп аталган Нооруз майрамына арналган жалпы шаардык майрамдоо болуп өттү. Бул майрамды шаар башкармалыгы, региондор аралык байланыш жана улуттук саясаты боюнча комитети, шаар башкармалыгынын улуттуулук иштери боюнча кеңеши жана Москва шаарынын улуттук коомдук бирикмелери уюштурган. Нооруз майрамын белгилешкен ар түрдүү улуттагы элдер өздөрүнүн улуттук кийимдерин кийип, ар бири улуттук дүйүм-тамагын дасторконуна жайып, өз тилдеринде ырдап бийлешип майрамдашты.
Аталган майрам 5 жылдан бери Москва шаарында белгиленип келет. Нооруз майрамын официалдуу түрдө Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы да эл аралык майрам катары белгиленишин кабыл алган. Ал гана эмес Нооруз ЮНЕСКОдо адам баласынын маданий мурасынын толуктаган тизмесине да кошулган. Табиятка болгон мамиленин терең урматын билдирген бул Нооруз майрамы эми бүтүндөй адам баласынын майрамына айланды.
Быйылкы өткөн Нооруз-2010 деп аталган майрамда Кыргызстандан, Казакстандан, Дагестандан, Азербайжандан, Түркмөнстандан, Тажикистандан, Өзбекстандан жана башка Нооруз майрамын майрамдаган улуттардын өкүлдөрү катышып, ар бири концерттик программасында өз тилинде ырдашып, бийлешип, майрамда жакшы тилектерди тилешип, дүйнө элдеринин ортосундагы ынтымактын жана достуктун бекемделишин улантып жатышты.
Нооруз майрамынын концерттик программасынын салтанаттуу ачылышында Москва шаарынын мэринин орун басары Сергей Львович Байдаков салтанаттуу майрамдоого келгендерди куттуктап сөз сүйлөдү. "Урматтуу Москва шаарынын тургундары жана шаардын коноктору сиздерди, баарыңыздарды Нооруз майрамыңыздар менен Москва шаарынын мэри Юрий Михайлович Лужковдун атынан жана шаар башкармалыгынын атынан, ошондой эле бүт диаспоралар менен улуттук маданий кызматта кызматташып келаткан адамдардын атынан куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. Бул майрам улуттар аралык жана эл аралык майрам деп туура айтылган. Эң башкысы майрам жаз майрамы, жакшылыктын, жаңы жашоонун доору билдирген майрам эмеспи. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын Ноорузду Эл аралык майрам катары кабыл алышы болгондуктан быйылкы тосуп жаткан майрамыбыз ийгиликтүү белгиленип жатат. Мына Ноорузду Москвада майрамдоо түптөлүп быйыл бешинчи жылы майрамдалып жатат. Ошондуктан баарыңыздарды Москвадагы Ноорузду майрамдоонун 5 жылдык кичинекей юбилейиңиздер менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. Эми мындан ары ар жылы Нооруз майрамы Москва шаарында өтүп турмакчы. Майрамдоо ар дайым колдоого алынып, биргеликте тосо бермекчибиз. Чынында эле Москва шаарынын уникалдуулугу көп улуттуулугу эмеспи. Мына быйылкы Ноорузда Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы менен туш болуп отурат. Ушул көп улуттуулуктун бир себеби да мына ушул Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан, согуш ардагерлерибиз да отурат. Алар ар түрдүү улуттагы ардагерлер, алардын бардыгы Мекенибизди коргоп, жеңиш үчүн, мекенди коргоо үчүн согушуп канчалары курман болуп кетишкен. Бардык согуш ардагерлерибизди Нооруз майрамы жана Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы менен куттуктайм. Дайыма биз менен болуңуздар, ден соолукта аман болуңуздар. А биз колубуздан келишинче өзүбүздүн кызматыбызды сиздерге көрсөтө берели. Баарыңыздарды майрамыңыздар менен". Нооруз майрамын өткөрүү үчүн информациялык жактан "МИР" телерадио компаниясы жана "Контакт" акча которуу системасы өзгөчө колдоо көрсөтүшкөн.
Майрамдын салтанаттуу ачылышында уюштуруу комитеттери сөз сүйлөп, андан ары ар бир улуттун белгилүү ырчы, артисттери концерттик программалары менен майрамдык маанай тартуулашса, катышуучулардын жана уюштуруучулардын жарымы майрамга келген конокторго өздөрүнүн улуттук дүйүм тамактарынан татым тартуулашты. Нооруз майрамында элчиликтерден Тажик элчиси А. Достиев жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Р. Аттокуров өзүнүн куттуктоо сөзүн билдирди. "Нооруз майрамы 5 жылдан бери Москва шаарында белгиленип келе жатат. Ноорузду бул жакта уюштуруп, колдоп биргеликте белгилешип жатканына эң биринчиден Москва шаарынын мэри Юрий Михайлович Лужковго жана Москва шаарынын башкармалыгына жалпыңыздардын атыңыздардан жана өзүмдүн атыман өзгөчө ыраазычылыгымды билдирип Нооруз майрамы менен куттуктап кетем. Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы менен да ушул жерде отурушкан согуштун ардагерлерине да чоң ыраазычылыгымды айткым келип турат. Дайыма биз менен ден соолукта болуңуздар".
Ал эми Кыргызстандан атайын чакырылган комузчу Рахат Матишова Саринжи Бөкөйдү чертип ар түрдүү улуттагы келген коноктордун жүрөгүнө үч кыл комуздун үнүн жеткире чертип, элдин баарын кунт койдуруп тыңшаттыра койсо, четте жүргөн мекендештерибиз үчүн Кыргыз Эл артисти Анарбек Ибраевдин Ала-Тоо деп шаңдуу ырдаган ыры туулган жерге болгон сүйүүнү, сагынычты ого бетер күчтөндүрүп кубандырып турду. Бул жылы Москвадагы Нооруз майрамын белгилөөгө "Ала-Тоо" аймактар аралык коомдук уюму кыргыздын улуттук колоритин көрсөтүштү.
Уюштуруучу жана Нооруз майрамын тосуу үчүн катышкан топтун башында Жамиля Бегиева өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтып кетти. "5 жылдан бери белгиленип келе жаткан Нооруз майрамын өткөрүүдө Москва шаар башкармалыгынын региондор аралык байланыш жана улуттук саясаты боюнча комитети каржылап, Ноорузду майрамдаган элдер үчүн өткөрүп берип келе жатат. Кыргыздын диаспоралары активдүү катышып келе жатабыз. Мына быйылкы жылы биз, "Ала-Тоо" аймактар аралык коомдук уюму уюштуруучу топко кирип, бүгүн кыргыздын жүзүн, имиджин көрсөтүп жатабыз. Биздин уюмдун максаты Кыргызстан жөнүндө оң образдарды жаратуу жана бул жакта иштеп, жашап жаткан мекендештерибиздин таланттарын ачыкка чыгарып, мигранттарыбызга маданий, спорт жагынан да жардам берүү болуп саналат".
Концерттик программада Абдумалик Шерматов өзүнүн ырчы-бийчи тобу менен келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты. "Нооруз 2010" деп аталган Москва шаарындагы аталган майрам эрте менен саат 11де башталып кечки саат 20 00 гө чейин уланды.


Мадина ЖАПАРОВА
МОСКВАДА НООРУЗ МАЙРАМЫН КАНДАЙ ТОСТУҢУЗ?
Айнура Сабитова:
- Кыргызстанда албетте өзүбүздүн жерибизде жакшы өтөт да. Боз үйүбүздү тигип алып, улуттук тамактарыбыз менен, жалпы элибиз, бир туугандарыбыз менен бирге тосчу эмес белек. Эми бул жерде деле элибиз менен тосуп жатабыз, бул жакка Кыргызстандан Эл артисттерибиз келип жакшынакай руханий байлык тартуулап концерт берип кетишти. Биз ошол жакшынакай байлыктан күч кубат алып, жакшы маанай менен кетип жатабыз.

Чолпон:
- Ат-Башы районунан болом. Биринчиден жалпы кыргыз жарандарын нооруз майрамыңыздарды куттуктап кетейин. Ушул жаңы жыл бизге жакшылыктарды алып келсин, тынчылык болсун, элибиздин турмушу оңоло берсин. Бул жакта жүргөн кыргыздар, балдары кыздары дегендей, алыста калган ата-энелерибиз, бир туугандарыбыз, элибиз аман болуп, ар кимдин каалоо тилектери кабыл болсун.

Чыналиева Гүлсира:
- Бүгүнкү майрамды мындай тосом деп ойлогон эмес элем. Аябай көңүлдүү өттү. Кыргызстанда мындан да аябай жакшы өтчү. Азыр мына Кыргызстандан келген ырчылар жалпы кыргыз элине жагымдуу мааанай тартуулады окшойт. Бул жакка келип башкача бир сезимде, Ата-Мекенге болгон сүйүүбүз күчөп, ушундай майрамдар көп болсун. Элибиз, жерибиз тынч болсун. Кыргызым жашасын!

Назарова Дилара:
- Жети-Өгүз районунан болом. Москвада нооруз майрамын уюштуруп мына бүгүн кыргыздарыбыз үчүн бекер концерт тартуулап, жакшы, жаркылдаган маанайда калдык. Рахмат айтып кетейин. Мындан кийинки жылдарда да улуттук майрамдарды унутпай өнүгүп жакшы уюшуп майрамдарда чогулуп дайыма биримдикте жүрө берели.

Насиба:
- Кыргызстандын биринчи космонавты Салижан Шариповдун аялымын. Кыргызстанда Ноорузду 20 жылдан бери тоспой келебиз. Кыргызстанда Нооруз кандай өтүп жатат билбейм. Себеби жыл сайын Кыргызстандан жана Өзбекстандын элчиликтери чакырышат. Ошону үчүн ар жылы мына элчиликтегилер менен бирге тосуп келе жатабыз. Нооруздун бул жакта өтүшү бизге аябай жагат. Салижандын аялы болгонума көп учурларда бул жакта болобуз. Нооруз майрамын жылда белгилеп жакшы тосуп келебиз.

Чолпон:
- Бул жакта окуйм 1-курста. 10 жылдан бери Москвада жашайм. Майрам жакшы өттү. Кыргыздар чогулуп бул жерде концерт болуп өттү. Досторум менен концертке келгенбиз. Мындан ары да бул жактагы кыргыздарды унутпай Кыргызстандан келип байланышта болушса. Кыргыздар дайыма бар бололу баарын Нооруз майрамы менен куттуктайм!

Муратбек кызы Элвира:
- Нооруз майрамын уюштуруучуларына рахмат. Эми өз жерибизде өз элибизде болбогондон кийин ушунча майрамды уюштуруп, бул жактагы жүргөн элибизди чогултуп майрамды активдүү уюштуруп бергени жакшы. Ата-энем баары бул жакта, баары жакшы. Жакшы майрамдык маанайда тостум. Ушунчалык болот да эми. Башка эл жерде жүрөбүз жашап, иштеп, майрам бул жактын шартына ылайык өттү.




ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Нур реклама"
email • архив • редакция 
29-март, 2010-ж.:
1-бет
Куудул эмес штирлиц болмокмун
2-бет
ЭЛЧИЛИКТЕ ЭМНЕ КЕП ?
3-бет
жаңылыктар
Кыргызстан

4-бет
КЫРГЫЗЫМ ҮЧҮН ДЕП АЧЫЛГАН,
"АЙДАЙ" СТОМАТОЛОГИЯЛЫК БОРБОРУ

5-бет
Москвада Нооруз 2010
6-бет
Юристтин КЕҢЕШИ
7-бет
17-март Элдик Курултай
8-бет
КӨЗДӨН УЧКАН АТА ЖУРТ!
Мадалиев Кубаныч Осмонбекович

9-бет
23-24-март Ынтымак Курултайы
10-бет
ГОРОСКОП
11-бет
Тун сүйүүм-Алтынай
12-бет
МОСКВА КАЙРЫКТАРЫ

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования