![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
МОСКВА КАЙРЫКТАРЫ Кыргызстаным Кыргызстаным кызыл жалын очогум, Кыйырыңа качан салым коомун. Кымбатымсың алтынга да алмашкыс, Келишинче колумдан ыр созомун. Кыргызстаным, айтып бүткүс жомогум, Кооздугуңа тойбой кетет коногуң. Кыйналганым, кысталганым унутуп, Качан барып ак таңыңды тосомун. Жарандарың жанын үрөп алыста, Жарк дейт кабак жакшы пайда табышса. Жаратканым жардам берип ылайым, Ала-Тоого арамын жок барышса. Улуу тоого чыккан улуу элденбиз, Улар үнүн угуп, көрүп келгенбиз. Утурумдук бороонуна Москванын, Уул-кыздарың оңой моюн бербейбиз. Жаша дайым ырымда Ынак көрүп канча жанды жандагам, Ыйлаганда сооротосуң алданам. Ынтымактуу эже-сиңди болсун деп, Ыроологон жараткандан айланам. Карааныңды көптөн издеп тандагам, Канат болдуң ыр жазуума кайрадан. Катып сырлар күтүү менен жашадым, Канчалаган суулар акты дайрадан. Аппак сүйүүң алмашпасын кыйырда, Алган жарың аздектесин кылымга. Алпештегин уул-кыздарды татына, Ар дайыма жаша менин ырымда. Сайрагүлдү туулган күнү менен куттуктайм !Назира Асанова Алай району Адамзат эмне болуп баратабыз Адамзат эмне болуп баратабыз? Өзүбүз деп башкаларды сыздатабыз. Билип кой, аз бөлүнгөн тагдырыбыз, Акыры кайда барып такалабыз? Адам деп улуу киши акыл айтса, Айбыгып айбан сымал беттен алдык. Билген киши жардам кылып колун сунса, Кайра өзүн балтасыз бутка чаптык. Элеңдеп жакшылыкты таба албай, Жүрөгүм жамандыкты жогото албай. Арман ай, өмүрлөр өтүп жатат, Биз адамдар жакшылыкты биле албай. Адамзат көктү карап керсейбейли, Жалдыраган айбанды да биз теппейли. Шылдыңдап бирөөлөргө күлөөрдө, Өзүбүздүн кемчиликти бир эстейли. Кел, адамзат көппөйлү, чөкпөйлүчү, Капа болсок тагдырды сөкпөйлүчү. Кудайым бизге ыйгарган бул өмүрдө, Аз да болсо адамча өтөлүчү. Дилфуза Маманова Сузак району, Жийде айылы. Кусалык Амансыңбы аска тоолуу айылым, Калаа жактан кызың келет сагынып. Кучагыңа боор толгоп тосуп ал, Буудай жыттуу кең талаалуу айылым. Көп жыл болду сенден алыс кеткениме, Кайткым келет туулуп өскөн өз жериме. Турмуштун чыйыр жолун басып келем, Үй бүлөм, бала-чакам шаар жеринде. Буулугуп канча күндү өткөрөмүн, Түшүмдө айыл кечин көп көрөмүн. Жарышып чаңды кечкен топ балдарга, Аралашып өзүм кошо ойноп кетем. Сагынып айыл күтөт, апам күтөт, Сагынтпай жетсем десем жол да бүтпөйт. Кең калаа борборуңда жашасам да, Түпөйүл сагынуу бар өзөгүмдө. Айсалкын Сооронбаева Кара-Кулжадан Мекеним Кыргызстан Аркар, кулжа ойногон, Тоолору бар Кыргызстан. Ата-Журтун ойлогон, Баласы бар Кыргызстан. Сактап калган душмандан, Манасы бар Кыргызстан. Ай балтасын көтөргөн, Бакайы бар Кыргызстан. Обон созуп, күү черткен, Атайы бар Кыргызстан. Келечекти көздөгөн, Сапары бар Кыргызстан. Ала-Тоого көрк берген, Арчасы бар Кыргызстан. Асман менен тирешкен, Аскасы бар Кыргызстан. Өнүккөн өлкө болсом деп, Максаты бар Кыргызстан. Асемгүл Чотонова Кара-Кулжадан Көз ирмем Кең көчөдөн, чоң мектепке барабыз, Москвадан сонун билим алабыз. Булбул кушка мекени кымбат сыяктуу, Туулган жерге качан кайтып барабыз. Татынакай 15 жашта курагым, Балалыкка тойбой турган убагым. Туулган жердин жаз гүлдөрүн жыттабай, Бөтөн элде, бөтөн жерде турамын. Айназ Сапарбек Ош шары Төлөйкөн кичи району 8-класс Москвага жаңы келген кыргыздарга түшүндүрмө сөздүк (Неотерминдер) Жерге кир - Метрого түш Мээң менен кара жерге кир - Колуңа китеп, газета, сканворд же судоку кармап метрого түш. Токой- Москваны жакшы билбеген киши Кагаз - бир жерде жасалма документтерди ошентип тергешет. Балык кармоо - идиш жуугуч болуп эмгектенүү Тагалар - Москвадагы милийсаларды ошентип тергейбиз. Демидрол ичирүү - карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартуу Жаңы тамаша Эшикте каар жаап турат. Дворник болуп иштеген кишинин кызы терезени карап ырдап турат; Кар жаады, кар жаады аппак жаады, Кар жаады, кар жаады бакыт жаады. Анда апасы, - кой кызым антип ырдаба, атаң укса капа болот, ансыз деле Москвада жааган карларды араң күрөп жетишип жатат, андан көрө сага жаңы ыр үйрөтөйүн үйрөнүп алгын: - Күн чыкты карачы, Күндөн биз жаралдык. Күн нуру төгүлгөн Күмүштөй балалык. Таланбек КАИПОВ АНЕКДОТТОР Апенди иш издеп кадровый агенствого барат. - Биринчи эки ай 8000 рубль айлык аласың, эки айдан кийин 20000 рубль айлык аласың. - Анда мен эки айдан кийин келейин -дептир. *** Жардам бериңиз, доктор, аялым кыйналып, кусуп атат! - Кыйналса, сүлүк курт менен дарыла дедим эле, жардам бербей атабы? - Эптеп-септеп үчтү араң жедирдим, калгандарын жебей атат! *** Апенди досунун тоок фермасына барып калат. Досу мактангансып тоокторун көрсөтүп жүрүп апендиге айтат: Досу: менин фермамда канча тоок бар билесиңби? Апенди: билем, 3185 тоогуң бар. Досу: кантип билип алдың? Апенди: тоокторуңдун буттарын санап туруп экиге бөлүп койдум. *** Аялы дайым күйөөсү иштен келгенде текшеринип атып чач таап алса да жаңжал кыла берет экен. Бир күнү күйөөсүнөн эч нерсе табалбай койуп: - Шумшук десе, эми мени алмаштырбаганын таздар эле калды деп жаңжал кылыптыр *** Сокур менен Дүлөй аң уулоого барышат. Көзү бар деп мынтыкты Дүлөй атмай болот. "Даң" дедире бир коюп калат... Сокур "Тийдиби" - десе .. "Эмне аттымбы " деп күйгүзөт дейт.... *** Кыймылсыз мүлктөрдү каттоо мекемесине бир аял кайрылыптыр: - Силер эмнелерди каттайсыңар? - Жерлерди, тоолорду, анан...иши кыймылсыз мүлктөрдү. десе, - Менин күйөөмдү да каттап койгулачы. Жумуштун жоктугунан ал көптөн бери кыймылдабай, үйдө жатат. дептир. *** Аялы күйөөсүнө сүйлөнүп: Ушу сенден көрө, кайдагы бир шайтанга тийбептирмин - десе, күйөөсү камырабай: - Жакын адамдарга баш кошууга тыюуу салынат - дептир. *** Мейманга келген бирөөгө : - Сиз чайыңызга канча кашык шекер кошосуз десе тиги адам: -Үйдө 3 кашык , конокто 5 кашык десе үй ээси ага карап: - Өз үйүңүздөгүдөй сезиңиз - дептир.
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||