Шоу дүйнөсү

Болду, быйыл үйлөнөм...
"Сүйүү оту", "Күйдүм чок", "Ханзада", "Сүйүү тамчы" ырлары менен көпчүлүк кыздардын жүрөгүнөн түнөк тапса, "Жамгыр төктү", "Кыйнаба", " ыры менен кыздарды ыйлатабы. Кучак - кучак гүлгө оролгон жаш обончу, аткаруучу, кыргыз журтчулугуна гана эмес, боордош элдерге да белгилүү,таанымал мырза жигитибиз Султан Садыралиев Москва шаарына келип, 27-февралда "Жаз айына ыр күлкү менен" аттуу концертин мекендештерине тартуулады. Бул кеченин демөөрчүлөрү Музыкальное Издательство "Рэй Рекордс", Национальный Фонд Культурных Инноваций "Петр Великий" жана Сагынбек, Азамат, Куштарбек, Мирлан. Ушул концертте күйөрмандары үчүн чоң белек Султан Садыралиевдин жандуу үн менен ырдаганы дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду.
- Саламатсызбы Султан, Москва шаарына куш келипсиз.
- Саламатчылык. Рахмат Нур маалымат рекламалык гезитке. Анткени бул гезит аркылуу Москва шаарындагы кыргыздардын жашоо турмушу, көйгөйүн чагылдырып жатканыңыздар кыргыз эли үчүн чоң жардам. Кыргызстанда жашаган тургундарыбыз дагы, сиздердин гезитиңиздер аркылуу маалымат алып жатышат. Бул Кыргыз эли үчүн кубанарлык иш.
- Россиядагы мекендештериңиз сизди кандай маанайда тосуп алышты?
- Абдан жакшы. Бул жакка үчүнчү жолу келишим. Келген сайын зал ичи толо болот. Ушул концертте зал ичи анча толбосо дагы, Талант байкенин, Чолпондун, менин күйөрмандарым келишип көңүл ачып кетишти. Менин абдан сүйүнгөнүм канча жылдан бери көрбөгөн классташ досторума жолукканым болду. (Күлүп) Алар мага куттукташып, пицца алып келишти.
- Москва шаары сизге кандай кызыктуу окуялары менен эсиңизде калды?
- Москвага келген сайын Кыргызстанда жүргөндөй өзүмдү ээн эркин сезем. Музейлерге кирип кыргыздардын атын окуган сайын патриоттук сезимим күчөйт. биринчи жолу Москвага келгенде күйөрманым чоң букет гүл менен кошо сүйүүүсүн арнаган ыр менин жүрөгүмө башкача сезим калтырды.
- Продюссериңиз менен келишимиңизди үзгөндөн кийин жаңыча клип, ырларды жаздырып жатасызбы?
- Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр" деген ырын жаңыча оранжировкалап, "Сүйүү тамчы" ырыма клип тарттырсам деген оюм бар. Продюссер менен келишимди үзгөндөн кийин чыгармачылыгымда кичине тыныгуу болду.
- Чыгармачылыгыңыздын аркасы менен дүйнөнүн канча өлкөсүн кыдырып келүүгө жетиштиңиз?
- Россия, Казакстан, Тува деги кыргыз жүргөн жердин баарына эле бардым.
- 14-февральдагы сүйүү майрамында күйөрмандарыңыз тарабынан сизге өзгөчөлөнгөн белек кайсыл болду?
- 13-14-февральда өзүмдүн жеке концертимди өткөрдүм. Бирок күйөрмандарым сагынып калгандыктан 2 күн катары менен зал ичи толо болду. алардын мага кылган белеги кичинемдеги сүрөтүмдү бергени.
- Турмуш куруу, ак жоолукчан жубай күтүү оюңузда барбы?
- Абдан жакшы. Мына ушул кезге чейин эч бир ойлобопмун. Быйыл жаңы жылда ата - энем тост көтөрүшкөндө, дагы келиндүү кылаарымды айтышты. Мен дагы быйыл үйлөнсөм деген оюм бар.
- Сиздин жүрөгүңүзгө чок салган ким? Сыр болбосо айтсаңыз.
- Бул сыр боюнча калсын. (Күлүп) Мүмкүн ишке ашпай калаар.
- Келечекте койгон пландарыңыз?
- Музарт тобу менен келишим түзгөм. Алар менин бир ырымды жана алардын эки үч ырын которуп, жаңыча оранжировкалап күйөрмандарыма домбра, комуз менен ырдасам деген оюм бар. Ырысбек Жабиров менен азыркы учурда продюссерликке келишим түзүп жатабыз.
Пока Россия, салам Кыргызста-аан!
Боорду эзип күлдүргөн, атына заты жарашкан куудул, таланттуу жигитибиз Талант Анарбаев жана жаңы гана шоу дүйнөсүнө аралашып жүргөн жаш ырчы кызыбыз Чолпон Москва шаарына Султан Садыралиев менен биргеликте концерт коюшту.
- Мурда дагы концерт коюп кеткенсиздерби?
Талант: - Ооба. Мурда келгенимде кыргыз эли жылуу маанайда тосуп, концертте көңүлдөрүн ачышат.
Чолпон:- - Менин бул жакка биринчи жолу келишим. Али Москваны кыдыра элекпиз. Эртең кыдыралы деп жатабыз го.
-Мурунку концерттериңизден өзгчөлүгү эмнеде?
Талант: - Менин ар бир концертим өзгөчөлөнүп турат. Анткени сатира, понтанимолорду өзүм жазып элге тартуулайм. Негизги максатым идеология, тил маселесин көтөрүү, патриоттук сезимди өстүрүү. коомдогу жат көрүнүштөрдү, мамлекеттик кызматчылардын, алдым жуттум элдерди сатиранын тили менен куйкум сөздөр менен көрсөтүп турсам деген оюм бар.
Чолпон: Буга чейин мен конкурстарга катышып, "Ак шоола" балдар хорунда ырдачумун. мурдатан бери гастролго чыгып жүргөмүн азыркы кезде "Кылым" группасында бийлеймин. Ошентсе да азырынча өзүмдүн продюссерим жок. Биринчи жолу жакында болгон Султандын жеке концертинде ырдап чыктым, Султан менен иштешсем деген оюм бар. Бул сапарда Султан экөөбүздүн ырдаган дуэтибиз жана англис, кыргыз тилинде ырлар жаңырды.
- Келечекте койгон максатыңыздар?
Талант: - Келечекте кино тартсамбы деген ойдомун.
Чолпон: - БГУнун журналистика факультетин жакшы аяктап, өз кесиби менен бирге ырчы менен бийчилик өнөрүмдү тең алып кетсем дейм.
- Бул жакта иштеп жашап жаткан кыргыздарга каалооңуз..
Талант: - Үйүнө көп-көп акча жөнөтүп кыргыздарды экономикалык жактан көтөрүү боюнча өз салымын кошуп жаткан, Москвада иштеген аялдарга, 8-март, эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кыз келиндер кайра үйүңөргө кайткыла, жолдошуңар, бала-чакаңар чыдамсыздык менен күтүп жатат. Так что, пока Россия, салам Кыргызста-аан!
Чолпон: - Иштеген тиштейт дегендей, жакшы иштешип, кыргыз элине кайтуусун каалайм. Ден соолукта болуп, иштериңерге албан - албан ийгилик.
Даниел шоу дүйнөдөн кетеби...
Жаш болсо да кыргыз эстрада жылдызы атка конгон Даниел чыгармачылыктагы агасы Канат Култаев экөөнүн ортосундагы биримдик дагы күч алмакчыбы. Себеби, Даниелдин келишими бүтө баштагандыктан кайра улантууну чечип жатат. Жакын арада Авас Чикеевдин "Ойлойсунбу" деген обонуна жаңыча оранжировкалап 25-26-майда боло турган жеке концертинде күйөрмандарына тартуулайын деп камданууда.
Алихандан алтын билерик
Алихан 6-мартта Россия жергесине келип, 8-март Аялдардын Эл Аралык майрамына карата апасына алтын билерик тартуулады. Азыркы учурда Бактыгүл эженин сүйүнүчү койнуна батпай, уулун Москва шаарын кыдыртып жүргөн чагы.
Бетти даярдагандар
Бермет Мырзакулова
Мадина Жапарова