КӨЗДӨН УЧКАН АТА ЖУРТ!
Авылов Чолпонкул
Кыдырмышевич
Доктор ветеринарных наук, профессор кафедры ветеринарно-санитарной экспертизы Московского государственного университета прикладной биотехнологии, заслуженный ветеринарный врач Российской Федерации. Авылов Ч.К.-автор более 120 публикаций в том числе 1 справочника, 2 учебных пособий, 19 методических указаний; обладатель 6 патентов на изобретения.
Направления научных исследований; ветеринарно-санитарная экспертиза мясного, вспомогательного сырья ,технологии производства и готовой продукции; контроль качества и безопасности мясного, вспомогательного сырья и готовой продукции; внедрение принципов ХАССП на предприятиях отрасли применительно к первичной переработке скота, производству колбасных изделий и полуфабрикатов.
Алгач таанышканымда, тоолук жигиттин турпаты, жан- дүйнөсү өзгөрүп, чөйрөгө карай калыптанганын сезип, орус тилинде баарлашууга аракет жасадым. Ар бир сөзүнөн тактык, аярлык, сергектигин туюп, кызматтык даражасына, эмгек синирген ардактуу наамына татыктуулугун баамдадым. " Жылкы жытташканча" -дегендей сөз уланып, улам тереңдеп өмүр таржымалына сүнгүп киргенде, Мекенге болгон кусалыгы байкалып, табияты кооз, асман тиреген тоолорду, касиеттүү Ыссык-Көлдү, Улуу тоонун черүүсүндө эргиген балалык чагын эскере келип:
Европаны, өзгөчө Россия кең өлкөсүн кызматтык милдетиме ылайык түрдө кыдырдым. Бирок, Кыргыз жергесиндей экзотика саналуу гана өлкөлөрдө, жылдын төрт мезгили төлгө тарткандай табияттын кең өлчөмүндөгү айларга туура келет. Боз улан курагымда Москвага келдим, билим алдым, кызматымды аркалап, илим артынан түштүм, үй-бүлө курдум. Жубайым орус кызы болчу, каза болуп калды. Азыр эрмектерим неберем. Турмуш өтө берет экен, эс алууга убактым ченелүү. Кызматтык ишимдин түйшүгү, университеттеги окуу-методикалык, илимий иштер, семинар, конференциялар, форумдар, ар кандай деңгээлдеги кеңешмелерде доклад окуу, талаш-тартыш маселелерин чечүү, Эл аралык форумдарга жана, мамлекеттик иш чараларга катышуу, мекендештерге каралашуу сыяктуу маселелерде жүрүп күндүн кандай өткөнү сезилбей калат.
Эли - журтума өзгөчө окуя болгондо гана барам. Бул Мекенди эстен чыгаруу эмес, кыргыз элинин намысын бийик кармап, элиме кара түшүрбөө, уятка калтырбоо дегендик, андан сырткары, цивилизациянын талабына ылайык жашоо дегендик. Себеби, биздин мамлекеттин, элибиздин өнүкпөй жаткандыгынын мүнөздүү көрүнүшү жалкоолук, илимий-технологиялык өзгөрүштөргө маани бербей жаткандык. Өзгөчө белгилерим, бирин-бири көрө албастык экендигинине ынандым деген өкүнүчү делебемди козгоду..
Коштошуп чыгып келе жатып Россиянын көп аймагын эт, колбаса жана башка эт продукциясынан жасалган ассортименттерди тейлеген кыргыздын Чолпону экени кубандырды, уучубуз куру эмес тура…

Ооганбек Станбеков
Россия Федерациясындагы атайын кабарчы
Жердештер
Бир айылдыктар чогулушту
Москвада жашап, иштеп кызмат кылып жүргөн Өзгөн районунун Көлдүк айылынын жердештери ВДНХ анын ВВЦ де Чайхана "Өзгөндө" чогулушту. Жердештер бөтөн жерде, бөтөн элде жашоо-турмушунда жана иштеринде бири-бирине жардам берип чогуу бололу дешип ортого койгон көйгөй маселелерин сүйлөшүшүп чечишти. Бул Көлдүк айылынын элдери ар дайым ынтымакта болгонун билдиришип, Москвада жүзгө жакын балдар-кыздар ар түрдүү кызматтарда иштегенин айтышты. Жердештер ар бир майрамда жолугуп турарын билдиришти. Айылдыктардын иштерине ийгилик каалайбыз. "НУР" пресс.
Классташтар Кызыл Аянтта
Баткендин Боз Адыр айылынан 1990-жылы окууну бүтүрүшкөн классташтар Кызыл Аянтта эс алып жүргөн жеринен жолугуп калдык.
Сүрөттө солдон оңго Ринат, Мыктыбек, Бүркүтбек, Эстебес, Тынчтык, Белек жана ортодо Ленин (прототиби). Классташтар газета аркылуу, биз чоогубуз, бизден кабатыр болбоңуздар, сиздерге Москвадан салам айтабыз -дешти туугандарына.
Классташтарга ынтымак каалайбыз!
Р.S. Газетабыз Кыргызстанда да таркатылууда.
Москва көз жашка ишенбейт же кыргыздардын көз жашы
Туулдуң калдың баллеге, - дегендей турмуш өзөгү өрттөп, кыргыздын кырчындай уул-кыздары Россия федерациясын узун туурасынан кезишип, иш издеп, иш тапканы, акча таап, кээде эсеп, акыл таппай калышып ар кандай кырсыктарга кабылышып, өмүрү кыйылган жаштарыбыздын саны күн санап өсүп келүүдө.
Жыл башынан бери эле Москва шаарынын аймагында жарык дүйнө менен коштошкондор:
Ниязалиев Аскат 1989 жылы Таш көмүр шаарында туулган, Абылов Мелисбек 1988 жылы Ноокат районунун Соң кол айылында туулган, Азимбай уулу Урматбек 1975 жылы Кара Кулжа районунун Ак кыя айылында туулган жарандарыбыз топурак жазданышты.
Аскат менен Мелисбекти белгисиз адамдар бычактап өлтүрүшсө, Урматбекти мекендеши Таш көмүр шаарынын тургуну Дайырбек Күзөбаев бычактап өлтүргөн. Дайырбек кылмыш болгон жерден изин жашырып кеткен. Азыр издөөдө. Жогорудагы окуялар боюнча Россия федерациясынын жаза кодексиндеги 105 статьясы менен кылмыш иштери козголгон.
Ал эми Ноокен районунун Массы айылынын тургуну Хасанжан Акбаровду белгисиз улуттук көз караштагы мыкаачылар сабап кетишкен. Ушудай шовинисттик маанайдагылар келин- кыздарыбызды кордогону канча. Бул окуялар Москва шаарында гана болуп жатканы.
Кең Россия өлкөсүндөгү келгин куштай сабалаган кыкеңдер кандай турмуш, жашоо кечирип жатканынан кабар жок….
Ооганбек Станбеков
Москва шаары.