Россияда ЖҮРГӨН КЫРГЫЗ СПОРТСМЕНДЕРИ 9 КУБОККО ЭЭ БОЛУШТУ
Үстүбүздөгү жылдын 28-февралында Россиянын Санкт-Петербург шаарында, "Биримдик" улуттук автономиялуу маданият борборунун президенти Женбеков Максатбек Беккелдиевич жана жардамчысы Женбекова Шангуль Дүйшеевна уюштурушкан эрежесиз уруш (бои по версии MIX FIGHT M-1) боюнча эл аралык турнир болуп өттү.
Бул турнирде биринчи жолу Кыргызстандын Москвадагы "АЙКӨЛ МАНАС" командасы менен Россиянын Санкт - Петербург шаарынын "ПАТРИОТ" командасынын ортосундагы мелдеште 7-1 эсебинде жеңишке кыргыз жигиттери жетишип, байгелүү болушту.
Мына ушул турнирге катышкан "АЙКӨЛ МАНАС" командасынын башкы тренери Амиракулов Нургазы биздин редакциябызга келип өз жеңиштери тууралуу биз менен маек куруп берди. Анда эмесе көңүлүңүздөрдү Нургазы Амиракулов менен болгон маекке бурабыз:
- Нургазы, биринчи жеңишиңиздер менен куттуктайбыз, курама командаңыздарга кандай жигиттер катышып, даярданып уюшуу маселеси тууралуу айтып кетсеңиз?
- Буга чейин Москвада коммерческий бойлорго катышып жүргөм. "ENJOY" фитнес клубунда инструктор по рукопашным боям болуп иштеп жүргөм. Ал жерде иштеп жүрүп Ренат аттуу татар улутундагы жигит менен таанышып, достошуп, ал зал ачууга финансы жактан жардам берди. Залды "АЙКӨЛ МАНАС" деп ачканбыз. Машыктыруучу зал Бауманская метросунда жайгашкан. Кийин буга "АЙКӨЛ" фирмасынын жетекчиси Осмонбеков Кубанычбек жардам берди.
- Кыргыз элчилиги жана коомдук уюмдар тарабынан кандай жардамдар болууда?
- Кыргыз элчиси, Аттокуров Раимкул Арзымаматович, дүйнөлүк чемпионатка катышып жатканда 2009-жылы 5-декабрда, Россиянын Ставропольский край, Кисловодский шаарында болуп өткөн рукопашный бой боюнча барууга 20 миң рубльдай акчалай жардам берди. Ошол берилген акчаны текке кетирбей чемпионатка катышкан балдарыбыздан, Чобоев Мээримбек, Жураев Мирлан экинчи орунду алышып, күмүш медалына ээ болушту. Москвадагы "АЙКӨЛ" фирмасынын жетекчиси Осмонбеков Кубанычбекке чоң ыраазычылыгымды билдирем. Керек учурда жардамын аябай дайыма биз менен тыгыз байланышта. Жана ошондой эле "Кыргыз биримдиги" коомдук уюмунда иштеп жаткан досум, Кошматов Уланга чоң ыраазычылыгымды билдирем. Анын бизге жардам берип, дайыма колдоп, керек болсо биз менен биргеликте иштешип да келе жатат. Учурдан пайдаланып мени ушул даражага тактап айтканда машыктыруучулукка жеткирген өзүмдүн алгачкы тренерим Оморов Турдалы Оморовичке терең ыраазачылымды билдирип кетким келип турат.
- Жогоруда айтып өткөндөй Россия менен Кыргызстандын бой без правил турнири кимдердин демилгеси менен кандай максатта уюштурулуп, кыргыз спортсмен жигиттеринен кимдер катышты?
- "Биримдик" улуттук автономиялуу маданият борборунун президенти Женбеков Максатбек Беккелдиевичтин жана Питерде тренер Мурзакулов Байжигиттин демилгеси менен, Россия менен Кыргызстандын спортсмендеринин спорттук чеберчилигин өнүктүрүү максатында жана эки улуттун ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган. Бул турнирде балдарды даярдаганга Айбек Айдаралиев жардам берди. Турнирге, 55 кг салмактагы Байзаков Жаркын, 60 кг. салмактагы Айсабеков Асан, 65 кг. салмактагы Иминжанов Тынчтык, 75кг. салмактагы Шерматов Медер катышышты. Рейтинговой бойдо 75 кг. салмактагы Асылгазиев Турсунбек баш байгеге ээ болду. Ал эми 70кг. салмактагы Асанов Жаныбек, 90кг. салмактагы Саркарбаев Кылычты тренери Колдошов Нурлан менен кошо Оштон келип катышып кетишти. Бул турнирге "Кыргыз биримдиги" коомдук уюмунун жетекчисинин орун басары Улан Кошматовдун демилгеси менен барып катышып, байгелүү болуп, жакшы жыйынтыктар менен кайттык.
- Сиздердин четте жүргөн өз жердештериңизге ар бир кыргызмын деген патриот уул-кыздарына айтаар сөзүңүз?
- Эң биринчиден биз жетишкен ийгиликтерибизге биздин ата-энелерибиз себеп деп ойлойм. Ошондуктан Ошто жашап жатышкан ата-энеме, мени ушул даражага жеткирген ыраазычылык билдирип, узак өмүр, ден-соолук каалап кетейин. Анан негизинен, мен бул залды ачканымдын себеби, ар бир кыргыз жигит кыздарына патриоттуулук сезимдин ойгонушу, өз мекенин чет жактарда жүргөн учурда деле атын тебелетпей, бийик көктө алып жүрүүсү, кыргыз деген атка татыктуу болуп, Манас атабыздай баатыр аты өчпөгөн жылдыздай болуп жүрүшүнө кичине болсо да элиме жардам болсун деген максат менен ачкан болчумун. Залга келип катышып жүргөндөрдүн көпчүлүгү Москвада кара жумуштарда эле иштеп, тренировка кылышып, бойлорго чыгып жана ийгиликтерге жетишип жүрүшөт. Силер ойлобогула, мен оор иште иштейм деп, мүмкүнчүлүгүм болбойт деп. Бул залга ар бир кыргыз патриот уул-кыздарыбыз келип катышса болот. Азыркы жаштар арасында жаман жолдо жүргөн уул-кыздарды жакшы жолго үндөө максатында да ошондой эле, ден соолугу чың кыргыз улутун сактайлы деген демилгем. Келгиле туугандар, залга келип бир жагынан эс алсаңар, дагы бир жагынан ден соолугуңар чың, оорубай да жүрөсүңөр. Мен баарыңарды патриоттуулукка чакырам.
P.S. Белгилүү болгондой, Амиракулов Нургазы кыргыздын патриот жигиттеринин бири экени көрүнүп эле турат. Кыргызым деп куру сөз менен эле көкүрөк какпастан окурман карап көрүңүз аз болсо да, кыргыздын атын бийикке оболотуп жатканын редакциябызга келип билдирди. Элдин баары эле чын жүрөктөн патриот экенин билдирсе кана эле. Четте жүргөн канчалаган бай да, бий да атуулдарыбыз бар, кайсы мамлекетте болсо ошол мамлекеттин маданиятын сиңирип, анчейин өзүнүн улуттук нарктуулугуна маани бербей жүрүшөт. Ал эми Нургазыдай патриот спорт боюнча кыргызды дүйнө чемпионаттарына алып чыгайын деген, кыргызым деп чын дилден күйүп элибиз үчүн кызмат кылып, карапайым калк арасынан чыккан адамдар аз экени баарыбызга белгилүү. Айтып кетмекчи болгон сөзүбүз, Нургазыдай спортсмен жигиттерибизди колдой турган демөөрчүлөрүбуз аз экени айдан ачык эле болуп турбайбы. Нургазы өзү айткандай, тренировкага катышуучу гана балдар, кыздар эле эмес аларды колдой турган бардар, колунда бар байлыгын башка керексиз нерсеге жумшаган бий, байларыбызды патриоттуулук сезимге жана спонсорлукка чакырып кеткибиз келет.
Маектешкен Мадина Жапарова




Россияда Чыңгыз Айтматовду эскерүү
Чоң Москва шаарында,
Ала-Тоодон алыста.
Айтматовдун сөздөрү,
Жаңырып турду сахнада.
Ооба, Москва шаарынын дал ортосунда жайланышкан Улуттук Ассамблеясында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эскерүү кечеси болуп өттү. Ата журттан алыста жүрүп элим, жерим жөнүндө жазуу мен үчүн чоң бакыт эле. Мындай атактуу инсанды жазууга кудуретим жетеби? Бирок орус аялдары кино тартып жатса, биздин сырттан караганыбыз чындыкка жатпайт го? Ошентип кыргыздын нукура жашоо үрөйүн дүйнөлүк аренага алып чыгып тааныткан аалам инсаны Чыңгыз Айтматов жөнүндө жазууга кириштим. Сахна ачылып "Жер шарынын уулу" аттуу кино тасма коюлду. Бул биздин жазуучуну баяндаган кино тасма болчу. Муну тартуу Айтматовдун 80 жылдыгына карата Россия Федерациясынын маданият министрлиги тарабынан тасманын продюссери Ольга Васильевна Чеполинанын жана режиссеру Ольга Николаевна Попованын демилгеси менен тартылган. Сахна ачылып, кино башталары менен көз алдыма Ала-Тоо элестей баштады. Жашыл килем жайылган жайлоолор, шибер чөптөр жайкалды. Туулган жеримдин жыты бур дей түштү го чиркин! Мөлтүрөп аккан тунук суулары, тоону аралай соккон салкын абасы, киносүйүүчүлөрдү каптап сүйкүмдүү аймагымдын арасына жетеледи. Шака-шак, шака-шак урулган поезддин жүрүшү, сааттын жебесиндей, жүрөктөй согулуп турду. "Кылым карытаар бир күн" романындай баштап Шекер айылында өткөн жазуучунун өмүр жолу тасмада баяндалып турду. Атты минип чаап бара жаткан кыргыз жигиттеринин арасында Чыңгыз да бар болчу. Таластын абасынан кере-кере дем алып, Ыссык-Көлдүн суусуна жүзүн жууп, өйүздөгү арчаларды аралай баскан, кереметтүү жердин кулуну Чыңгыз да бекеринен ааламга аты чыккан жазуучу болбосо керек.
Пейили кенен меймандос улуу журттун турмушун чагылдырылып турду. Ак калпакчан калкымдын күмүш сакалдуу абышкалары Шекер айылында Чыңгыздын балалык чагындагы окуяларды айтып берип жатышты.
Тасманын жүрүшүндө кинолордон үзүндүлөр чагылдырылды. Дүйшөндүн элет жеринде алгачкы мектепти уюштурганы. Согуш мезгилиндеги аял затынын абалы. Толгонай, Алимандын жер чапчып ыйлаганын көргөндө, көздөн жаш чыкпаган пенде калбады го? Төгөрөктүн төрт бурчунан келген көрүүчүлөрдүн эт жүрөгү эзилип, жүзүн жууп аккан жаштарын көрүп олтурдум. Дене бойду дүркүрөткөн турмуштун оош-кыйыштарын чагылдырган. Элеттик жашоонун маңызын ачкан, жаратылыштын сырларын чечкен, жаныбардын жан дүйнөсүн сезе билген, аалам, дүйнө адамды айкаштырып сыйкырдуу калемдин күчү менен кагаз бетине түшүргөн Айтматовдун өзгөчөлүгүн айта берсек сөз учугу үзүлгүдөй эмес. Жеке жазуучулук эмес, аалам алкагында элчиликтин тизгинин да теминтип турду. Чет өлкөлүк коомдук саясий ишмерлер менен сүйлөшүп маектешүүлөрү, жолугушуулары сюжете чагылдырылган. Тээ Европа, Америкада которулуп, окулуп жаткан китептер, дүйнө элдеринин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, Айтматовдун чыгармаларында, алакандай кыргыз элинин жашоосу камтылган эле. Кино тасма аяктагандан кийин кол чабуулар астында сахнага сценарист-режиссер менен продюсер чыкты. Ольга Попова болсо толкунданып, сүйлөй албай калчылдап турду.
- Биз кыргыз жергесине бардык. Чыңгыздын айылында эки жума болдук. Элдин меймандостугу мага аябай жакты. Мен муну эч качан унутпаймын. Үстүмдөгү жоолук, алардын мага берген белеги деп сүйүнүп желбегей жамынган түстүү жоолукту көрсөттү. Ал эми Ольга Чеполина мына буларга токтолду:
- Ч. Айтматов жеке кыргыз элинин эмес, орус элинин жана биз кинодо атагандай бүт жер шарынын уулу.
Толкуган элдин арасында мен да аларды кучагыма бекем кысып, эки бетинен өөп ыраазычылык билгизип жаттым. Эгер бул тасманы кантип атаар элең деген суроо берилсе мага "Жер эненин уулу" деп атамакмын. Кыргызстандан ат арытып келген акын эжебиз Салима Шарипова бир канча ырларын окуп берди. Сөзгө чыккан Украин, Молдован, Азербайжан, Казак, Америка өлкөлөрүнүн Москвадагы өкүлдөрү эскерүүлөрдү билдирди. Бөтөн элде, бөтөн жерде кыргыздын уулуна аталып айтылган алкоо сөздөрдү угуу адабиятка кадам таштаган мен үчүн бир жагы сыймыктануу болсо, бир жагы өкүнүчкө барып такалат. Арбагыңыз ыраазы болсун атаке! Сиздин көзүңүздүн нуру өткөнү менен, чыгармачылыгыңыз эч качан өчпөйт. Дүйнө жүзүндөгү окурмандардын жүрөгүндө орун алып, түбөлүккө жашай берет. Биз жаштар кыргыздын Чыңгызы бар экендигин сыймыктануу менен эскеребиз.

Жүрөктү тыз эткизе тилип кеткен,
Кылымдын кайталангыс уулу өткөн.
Кадалып сүрөтүңө жашып турам,
Өзү жок, кара жерге сиңип кеткен.

Улуу рух парасатын көкөлөткөн,
Жаралган чыгармалар көкүрөктөн.
Делебем жан дүйнөмө тынчтык бербей,
Керемет талантыңа таазим этем.

Анийпа Бектемирова,
Москва шаары.