Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу айымдар жана мырзалар!
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жамаатынын жана өзүмдүн атымдан баарыңыздарды келе жаткан Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Улуу Нооруз майрамыбыз куттуу болсун!
Уюткулуу, куттуу элдин ата мурасы Нооруз калыбынан жазбай, кийинки муундарга жетип,
кылымдарды карыта берсин!
Нооруз жалпы элибизге берешен болуп, мол түшүмдү, берекени, баардык жакшылыктарды алып келсин!
Ишиңиздерге албан ийгилик, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, ден-соолук жана берекелүү бакубат жашоо каалаймын.

Терең урматтоо менен,
Раимкул АТТАКУРОВ

МОСКВАДА СҮМӨЛӨК КАЙНАТКАНДЫ АДАТКА АЙЛАНДЫРГАН КЫРГЫЗ КЫЗЫ
Алдыда Нооруз босогобузда турат. Жаңы жыл тууралуу сөз болсо көз алдыбызга кооздолгон балаты элестелгендей, Ноорузду сүйлөгөндө көз алдыбызга сүмөлөк элестейт эмеспи. Ноорузга Москвада көптөн бери иштеп жашап жүргөн кыргыздарыбыз сүмөлөк кайнатылып келе жатканын жакшы билишсе керек. Мына ушул Москвада бышырылып жаткан сүмөлөктү дайыма уюштурган демилге этностук кыргыз кызы Бурулча Таңатаровнага таандык. Бурулча Таңатаровна эжени редакциябызга Нооруз майрамына карата бул жылы да уюштуруп жаткан сүмөлөк тууралуу кепке, окурмандарыбызга айтып берүүсү үчүн чакырган элек.

- Бурулча эже алгач, өзүңүз жөнүндө айтып окурмандарыбызга өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?
- Мен 1963-жылы 1-октябрда Кыргызстанда төрөлгөм. Мектепти ошол жакта окуп, кийин 1983-жылы Россияга келип, мед. институтка тапшырып өтпөй калып, мед училищеге Тверьге тапшырып, 1986-жылы бүткөм. Жолдошум Төрөбеков Капар экөөбүз тең бул жакта окуганбыз. Ал селхоз институтта окуп кийин ошол жерде экөөбүз тең иштеп калдык. Бул жакта баш кошуп, 2 уул 1 кыздуу болдук. Жолдошум кийин фирма ачып, коммерция менен алектенген. Фирманын аты өзүнүн атынан "КАПАР" деп ачкан, ал фирмадан глубина насосторду Кыргызстанга жеткирүү үчүн кыргыздар менен эле иштеп жүргөн. Эми өзүбүзгө келип, бутубузга турар убакта, Кыргызстандагы жоро-жолдоштору Уфада жолугушмакчы болуп, 2-3 камаз машинага насосторду жүктөп алып кеткен бойдон ал жактан өлүгү келген. Жолдошторунун колунан эле өлгөн деп ойлойм. Ошентип 40 жашында өтүп кетип, балдары жаш, жалгыз кала бердим. Чоң балам 24 жашта, Гос, управлениеде аспирант, кызым МГУда 1-курста окуп жатат. Кичине балам кадет. Кийин түрктөрдүн фирмасында иштеп жүрдүм. 3-жылдан бери Академик Прохоров негиздеген "Фонд поддержки научная перспектива" деген фонддун канатында "Содружество" деген бөлүмүн ачып, жетектеп келемин. Бул бөлүмдө инвестициялар боюнча изилдеп, проектилерди түзүп, инвесторлорду Кыргызстанга алып барабыз. Бөлүмдөгү проектилерде билим берүү, электр энергиясы, алтын ж.б. ар тараптуу кызматтыктарда иш алып барылат. Өзгөчө илим изилденүүчүлөр, кыргызстандыктар үчүн кандидаттык диссертация жактайт элем дегендерге жакшы. Биз менен келип байланышса, илим таануучуларга да жардам беребиз. Азыркы учурда мен өзүм да психология илимдеринин кандидатымын.
- Сизди бул жакта жыл сайын сүмөлөк жасап жүргөнүңүздү көпчүлүк угуп билишет. Каяктан үйрөндүңүз, аны жыл сайын жасаганыңыздын сыры эмнеде. Дегеле сүмөлөк тууралуу айтсаңыз.
- Негизи мен кудайга жакын адаммын, Кыргызстанга айылга барсам карыган кемпирлер айтып калышты. Сүмөлөк кайнаткан жакшы. Балдарың оорубай жакшы жүрөт. Кудай тилегениң берет деп. Эми ошол сүмөлөк тууралуу айта кетсем. Сүмөлөк тууралуу айтылган ар кандай легенда, уламыштар айтылып келет. Ал тууралуу менин билгендерим боюнча, илгери бир мезгилдерде, бир топ адамдар ачарчылыкта кыйналышып, ачкалыктан өлө башташат. Анан жыйналышып, кимде эмне азыгы калган болсо алып келишет. Бирөө калган майын, бирөө талкан, унун, буудайын, бар тапканын жыйнашып, казанга салып, кайната башташат. Уктап калса кайра ачкачылыктан ойгонбой оо дүйнө болуп кетишкен экен. Ошодон коркуп, отурган балдарды уктап калбасын казанга түшкөн таштар калдырап атып уктатпайт дешип, таш терип келгиле деп жөнөтүшөт. Балдар терип келген таштарды жууп казанга салаарда эсептешсе 41 таш болуп чыгат. 41 деген сан өзү ыйык сан эмеспи. Ошентип, уктап калбаштын айласын таап, ырдап, бийлеп, жакшы тилек кылышып, өздөрүн алаксытышып, бир убакта уктап калышып эртеси карашса, кудай тарабынан, кайыптан баягы түнү менен кайнаткан тамагы, бир бал сыяктуу, коюу ширин тамакка айланат. Ошентип, ал тамакка берекке кирип, канча жесе да түгөнбөй, алардын тилектери аткарылып, токчулук, молчулукта жашап калышыптыр. Мына ушундай жакшы ниет, жөрөлгө менен мен да сүмөлөк жасаганды жыл сайын адатка айландыргам. Биринчи жолу сүмөлөктү жасаганда, карасуулук Данахан менен, өзгөндүк Замира деген келиндердин айтуусу боюнча үйдө эле жасагам. Ошондо жылда жасайм деп ниет кылган болчумун. Экинчи жолу жасаганымда, Апас Жумагулов элчиликти башкарып турган эле. Алар элчиликтин алдында өткөргөнгө шарт түзүп, 100 литрлик казан асып беришип отундарын даярдап беришкен. Ал учурда Кыргызстанда олку-солку болуп, Акаев качып кетип, революция болуп жаткан жылы болчу да. Жерибизге, элибизге тынчтык, ынтымакчылык тилеп, сүмөлөк кайнатканбыз. Эртеси күнү Соколдо атайын Ноорузга диаспоралар концерт уюштурушкан. Ошол концертке барышкан жердештерибиздин 300-400ү сүмөлөктөн ооз тийишкен. Андан кийинкилерин үйдө эле жакын санаалаштарымды, туугандарды чакырып жасап жүрдүм. Эми быйыл жакын, жакшы санаалаштарым ВДНХда жасаганга сунуштап жатышат. Буюрса, 20-март күнү жасайбыз дагы, 21-март күнү элчилик концерт уюштуруп жатат, ошондо элге таркатылат.
- Жалпы элибизге, мекендештерибизге сиздин каалоо тилегиңиз?
- Нооруз келген убакта, элибизде аксакалдарыбыз "жер жарылып, көк чөп чыккан мезгил" дешип, жакшы тилектерин айтышып тиленишет. Тынчтык, биримдик каалайм. Мына өзүм да бөтөн жерде жашап келем. Кыргызстанга, ата-бабаларыбыз жашаган жакка кетким келет. Кыргызстаныбыз өнүксө дейм. Эли-жерибиз тынч, бай болсо деп тилейм. Алдыда Курултай болот деп турат, эл биригип жакшы ойлорун айтып, чечилбеген маселелер чечилип, жакшы болсо деген тилектер. Келе жаткан Нооруз майрамыңыздар кут болсун. Жаңы жылда күткөн "дедушка Мороз" деген бул биздин Кызыр да. Кызыр колдосун демекчимин. Мекендештерибизди 20-март күнү келип, сүмөлөк кайнатышып, катышып кетсеңиздер болот. Эшигибиз ар дайым ачык.
- Маегиңизге чоң ырахмат, сизди да алдыда келе жаткан Нооруз майрамыңыз менен куттуктайбыз, редакциябызга келип туруңуз.