МОСКВАДАГЫ АКЫНДАР
Кубаныч 50 жашың кут болсун!
Урматтуу уулум, Кубаныч!
Кут консун алтын башыңа,
50 жаш берип береке,
Сакадай боюң сары алтын
Уулуң, кызың өссүн жакшына.

Тереңин алып билимдин,
Акылың толо башың бар.
Суктанарлык жарашкан.
Көз жоосун алган кашың бар.

Кудайым кошкон Гүлнара!
Ар кандай алкыш жарашат,
Бирге жүргөн теңтуштар
Курманжан деп баалашат.

Казан асып, аш-той берип,
Кубандырып кыргыз элин.
Кубанычым аяш уулум,
Иштегени сенин демиң.

Сүйүктүү жарың Гүлнара!
Көп иштер менен убара,
Уул үйлөп кыз берип,
Небере көрсүн кубана.

Кең пейил кыргыз элинин,
Келишкен салттуу ашы бар,
Той берип бирге жүргүлө!
Беш жылдыз экен атыңар.

Урматтуу уулум жана Гүлнара!
Башыңарга кут консун,
Бай дөөлөтүн берсин,
Пайгамбар батасын берсин.

Москвадагы аяш балдарыма

Көп жылдан бери сыйлашкан,
Арзыкул Токо дагы бар,
Эген менен Токтосун
Тынч болгула баарыңар.

Увайдилла, Акылдар,
Үй куруучу жагынан,
Аз күндө куруп бүтүрүп,
Эмгеги менен таанылган.

Талант менен Чынара!
Сүйкүмдүү жаштан булар да.
Кулинардык жагынан,
Кызматы менен таанылган.

Чынаранын өнөрүн,
Бишкектен келген министр,
Ыраазы болуп макташкан.
Ушундай кыз бар экен деп,
Сүрөткө тартып даңкташкан.

Эралан менен Луиза,
Эмгекчил экен булар да.
Үзүрүн көрүп эмгектин,
Өркүндөй берсин дагы да.

Бардыгыңар бар болгула,
Үй-бүлөңөр менен бай болгула.
Сактыкты тилейм жүрөктөн,
Узун болсун өмүрлөр, суу ичкиле мүрөктөн.
Деп аяш энеңер,
Кайринса
Абдуллаева,
Өзгөн шаарынан,
70 жашта.

Киргиз деп айткан Кыргызды
Киргиз деп айтан Кыргызды,
Звезда деп айткан жылдызды,
Желкеден чачын кырктырган,
Жолуктурдум бир кызды.

Осмону коюп окшонуп,
Күзгүгө карап кооздонуп.
Күзгүдөн кийин карасаң,
Кан жалаган окшонуп.

Банкадай нерсе башыңда,
Осмону койсо кашыңа.
Жарылат башың деп корком,
Чалынсаң жолдун ташына.

Тарынан кийип юбканын,
Тушалып баспайт буттары.
Айласы жетсе асманга,
Араң эле турат учканы.

Беш мүнөттүк кумарга,
Алданган кыздар мындан көп.
Болбогон акча кармашып,
Жыргаган кыздар мындан көп.

Халалдыкты кармайлык,
Арам жакка барбайлык.
Ак ниет ишти аткарып,
Ак ниет жолду тандайлык,
Абийирди сактайлык.

Аталар ичсе аракты,
Апалар чексе сигарет.
Айланайын Кыргызым,
Бешкүнчүлүк өмүрдө,
Адеп ахлак тебелеп,
Анда жашап не керек?

Ыбың бир шыбың кеп кылам,
Ынтымак болсун деп турам.
Ыйман бир берип элдерге,
Ынтымак болсун ар жерде.

Ыймандуу жерде жашаган,
Ырайымдуу элденмин,
Ысымым менин Жумадил,
Көңдүк деген жерденмин.

Карачы эми калайык,
Калкыма нелер ылайык.
Катарлаш жүргөн кыз жигит,
Кандай бир жолду баштадык.
Адашып биз да дүйнөдө,
Шайтандын жолун тандадык.

Кыздарың чыгып көчөгө,
Денесин саткан мындан көп,
Балдарың барып аларга
Мал катары алган көп.
Каалаганча ойношуп,
Каткырып колун чапкан көп.

Токтобаев Жумадил Сейитбекович,
Ош облусу Каракулжа району, Көңдүк айылы.

Тентип кайда барабыз

Оо, Кыргызым, тентип кайда барабыз?
Акча менен сапырылды санаабыз.
Баксаң мени багаар элем дегенсип,
Кароосуз, ээн калды талаабыз.

Оо, Кыргызым, тентип кайда барабыз?
Акча үчүн бир туугандан алыстады арабыз.
Акча үчүн жаман жакшы айтышып,
Неге мынча сараң болуп барабыз?

Оо, Кыргызым, тентип кайда барабыз?
Акча үчүн бардыгына даярбыз,
Никеси бар кыз - келиндер назданып,
Акча үчүн убактылуу эрге тийип алабыз.

Оо, Кыргызым, тентип кайда барабыз?
Кайсыл күнү Ата - Журтка кайтабыз?
Кыргызстанда жумуш болуп бапырап,
Ошол жактан кантип акча табабыз?

Кел кыргызым өз мекенге кайталы,
Сараңдыктан эртерээк баш тарталы,
Жер тырмалап эгин эгип айылда,
Балдар менен бакылдашып жаталы.


Матаева Анара,
Москва шаары, Кара - Суудан

Досум ай досум.
Дос болуп жүрүп канча,
Келгенче ушул жашка.
Билбепмин кас экениңди,
Кыйындык түшүп башка,
Канатым сынып, калтырап турган чакта,
Билбепмин калтырып кетээриңди.

Дос элек досум,
боор тарткан кезден жаңыдан.
Урушуп кээде, көрүшпөй калсак сагынган.
Бирок дагы ойлоп азыр абалым,
Досум ай досум өкүнүп турам абыдан.

Мейли досум,
Кездешээрбиз тар жолдон тайгак кечүү.
Көрсөтөөр убагында тагдыр өзү.
Кечсем да досчулукту бир өзүңдү,
Кыялбай турам тээ илгерки
моюндаш өскөн,
коюндаш өскөн,
балалык күндөрүмдү.

Кыргызстан

Кылымдар сырын каткан,
Карт тарых кенен баскан.
Керемет аскар тоолуу,
Мекеним Кыргызстан.

Алыска сапар тартсам,
Сагынтып көздөн учкан,
Ажарлуу ата конуш,
Мекеним Кыргызстан.

Өлкөмө бакыт конуп,
Өрнөктүү элден болуп.
Өркүндөп өсө бергин,
Мекеним Кыргызстан.

Улан Ачингитон
Москва шаары,
Сузактан

Сагындым туулган жер сени
Сагындым туулган жер сени,
Көзүмдөн учуп карааның.
Кадырың сездим алыстан, кусага батып буулугуп,
Жүз жолу барам оюмда жол алыс ай болсо кантейин.

Туулуп өскөн жерим, термелип арча бешик,
Өзүңө гана экен, ырыскы, ыйман, кешик.
Жашоодо айрыбасын, элин жерден, жерин элден,
Бушайман тартып улам азаптка батып барам,
Туулган жер сагындырдың мен аны кантип танам.

Туулуп өскөн жерим, буттарым тай-тай баскан,
Түшүмө кирет кээде, таттуу нан апам жапкан.
Тагдырдын жазганы экен, аттангам узак сапар,
Көздөн учуп карааның, уйкусуз эчен таңдар аткан.

Өзүңдөн кеткен элем, өмүрдөн бакыт издеп,
Жаңылып калган экем, а бакыт өзүңдө экен!
Жашоонун өрүшүндө түйшүктүү өйдө-төмөн,
Алышып келем талбай, талашып тагдыр менен,
Өмүрдүн маңызы да, туулган жер өзүңдө экен.

Туулуп өскөн жерим, көгөрүп бүчүр алган,
Алгач ирээт, атакелеп, апакелеп тилим чыккан.
Тагдырдын жазганы экен, жүрөбүз биз алыста,
Күткүн жерим, а бирок кайтып учуп барам!!!

Токтоналиева Гүлназа,
Нарын облусу,
Жумгал району,
Баш-Кууганды айылы

Айылым

Бар менин айылым арча баскан,
Тоолору бар адамды суктандырган.
Суусу агып шарылдап аскасынан,
Бар менин айылым кубандырган.

Айылымдын элдери таза адам,
Ыйманы бар кыздарын урматтаган.
Балдары бар карынын сөзүн уккан,
Айылымдын адамы таза адам.

Теңебеймин эч бир айылыңа,
Тең келбейт эч бир айылың да.
Өскөнмүн ошол жерде бала кезден,
Айылымды ыйык сактап ант ичиреген.

Толкуса толкунун жээкке урган,
Толкуну адамды кубандырган.
Чоң эмес кичүү болсо да менин көлүм,
Төрт-Гүл деп өз жериме таанылган.

Кичүү деп кемсинтпеймин көлүмдү,
Камсыз кылат өз элимдин өрүгүн.
Бир чакадай суу топтоп,
Көрсөң көктөй көңүл ачат Ыссык-Көлдөй.

Апакеме

Мээрим төгүп чоңойтуп өстүргөнсүң,
Уулум деп эркелетип көтөргөнсүң.
Жаш кезимден таза берип тарбияны,
Жетелеп турмуш жолун үйрөткөнсүң.

Жыгылып кыйыктанып ыйласам мен,
Катуу тийди бала деп кыйналып сен.
Кыйналганың ошондо билгенимде,
Кыйык болбой балким мен өсөөр белем.

Алыс жерде кадырыңды билдим мен,
Сүрөтүңдү карап элестетем.
Эне жытын сагынып куса болуп,
Жигиттик намысымды сактап келем.

Жашаймын жалгыз гана үмүт менен,
Апакем сүрөтүңдү карай берем.
Кучагыңа кысып мени эркелеткен,
Күндөрүңдү көз алдыма элестетем.

Алыс жерде жүргөн өтө жаман экен,
Апакем сагынып ыйлап келем.
Эгерде болсом азыр жаныңда,
Бир айлык баладай жатат элем.

Осмонов Теримбек,
Баткен облусу,
Бужум айылы

Ата тагдырыма таарынам
Алыс жерде жашап жүрөт жалгыз адам,
Ал сагынтып келбей жүргөн менин атам.
Билдирбестен бактылуу түс көргөзсө да,
Ал бактысыз, мен бул жакта сезип жашайм.

Таштан катуу, муздан бүткөн жүрөгүң,
Балдарың жок, мазар үйдө түнөйсүң.
Адам бардыр жууп берчү көйнөгүң,
Билсең эгер апамдай жан көрбөйсүң.

Таш болбочу, бизге кара аячы,
Уулуң, кызың бойго жетти карачы.
Бакпасаң да жаныбызда болсоң эгер,
Мына ошол балдарыңдын бактысы.
Жашоомдо түз жолумдан чалынгам,
Канчалаган жакшы жаман кабылган.
Ата мага катуу айтып тилдесең,
Сага эмес тагдырыма таарынам.

Эч бербеген мээримиңе зарыгам,
Күткөн сайын ой санаага багынам.
Эгер мени сагынбасаң атаке,
Сага эмес, тагдырыма таарынам.

Бирге эмес, бизден бөтөн жашаткан,
Сагындырып эт жүрөктү какшаткан.
Түшүнүксүз жашоо жолун бастырган,
Ушунчалык тагдырыма таарынам.
Алтынай Муратова. Лейлектен.