кайдасын...?
Урматтуу мекендештер! Кыргызстандагы Улуттук биринчи каналдан бир айда эки жолу эфирден берилип турган "Кайдасың" дайынсыз жоголгондорду иликтеп издөө программасы учурда актуалдуу темалардан болуп келет. Андыктан дайынсыз жоголгон адамдарды, айрыкча алыскы Россия, Казакстанга кетип дайыны чыкпай калган жарандарды издөөдө сиздер тараптан жардам болот деп ишенебиз. Эгер сүрөттө берилген издөөдөгү адамдар туурасында маалыматыңыздар болсо, газетанын редакциясына кайрылсаңыздар болот. Тел:774-89-49, 8(926) 738-53-54
Садиров Таалайбек Токтобаевич.
1962-жылы туулган. Ош областына караштуу Алай районунун тургуну. 2002-жылы жумуш издеп кетип, кайра келген эмес. Казакстанда же Россияда болушу мүмкүн. Документтерин ала кеткен.
Мойдунов Нурбек Абдипаттаевич
1983-ж.т. Ош областына караштуу Ноокат районундагы Кулатов айылынын тургуну. 2004-жылдын жаз айларында Москвага кеткен. Туугандары 2004-жылы Бишкекке депортацияланды деп угушкан. Бирок ошол мезгилден бери дайынсыз.
Жаанбаев Бегалы Маматович
1963-жылы Алай районундагы Ленин айылында туулган. Балыкчы шаарында жашап жүрүп, Бишкекке көчүп келген. Тааныштарына Россияга кетем деп айткан. Байланыш 2005-жылы үзүлгөн.

Шеров Кубан Саткынбекович
1973-жылы 19-июльда Токмоктогу Султан айылында туулган. 1997-жылы Якутияга иштегени кеткен. Акыркы жолу Якутиянын Салехард шаарында иштеп жатканын билдирип чалган. Ошол мезгилден тарта кабарсыз.


Кыргыз жаштарынын турмушунан
Москвада кезиккен сүйүү
(Башы өткөн санда)
Учак өйдө көтөрүлүп, жерден улам алыстаган сайын шаар кичирейип баратты. Токойлор, суулар кадимки картадай, алаканга салгандай көрүнүп турду. Самсаалаган булуттарды аралай учуп, бозомук тарткан туңгүюкка сиңип кеттик. Мен учактын алдыңкы тарабында, сыртты кароого ыңгайлашкан кичинекей терезенин алдында орун алганмын. Жүргүнчүлөрдү тейлөөчү кыздар тамак тарката баштаганда арт жактан тааныш эженин үнүн угуп калдым.
-Айланайын, садага болоюн Эмил, курсагың ачтыбы, нан жейсинби? Мени кара, башың ооруган жокпу? деп өзүнөн эки келген салабаттуу инисин жаш баладай эркелетип, алаксытып, көзүнүн жашын сыдыра аарчып бараткан Асель эжени көрүп, жегеним желимге, ичкеним ириңге айланды. Ысык тамак, салат, пирожки, суусундуктардан бери алып келип турушту. Бирок, менин тамагымдан эч нерсе өткөн жок. Бул жашоодо ый менен кубаныч кубалашып жүрөт деген сөзгө толук кошулам. Себеби, учактагылардын көбү эли-жерин сагынып, балдарын, эне-атасын көргүсү келип, кубанычы койнуна батпай Ала-Тоого ашыгып барат. Ал эми кээ бири арманы аттын башындай, айта келсе эт бооруң эзилип, ичиң ачышып "Кудай боору оорусун, шыпаасын берсин" дегенден башка сөз айтууга жарабай каласың. Бир Асель эжеден башка сүйлөгөн пенде жок. Учактын ичи жымжырт, баары үн-сөзү жок баратат. Себеби, аэропорттогу окуя баарын ойго салып койгон. Көтөрүп келген жүктү лента менен, ал эми жеке адамды атайын магниттик текшерүүдөн өткөрөт. Дал ушул жерде Асель эженин акыл-эсин жоготкон иниси Эмил өтө албай аябай кыйналды. Жетелеп араң алып келген эжеси бирге өтөйүн десе уруксат берилбейт. Иниси өзү жалгыз өтсүн десе өтө албай, коё берсе кулап түшчүдөй абалда. Жардам сурап эжеси жалдырап турат. Бирок бир да адам жакын жолобойт. Бир топ киши көңүл бөлбөй ары карап басып кеткен соң, өзүм жүгүрүп бардым да, Эмилдин колун ийиниме артып кармап турдум. Эже өтүп күтүп турду, мен Эмилди текшерүүчү аппараттан ары өткөрө түртүп жибердим, тамтаңдап баратканда эже кармап калды да, эчкирип ыйлап жиберди. Себеби, өтө албаса билетке күйүп кала беришмек, анын мындай абалында Москвада кармап туруу өтө кыйын болчу.
Мындан бир күн мурун Арстан экөөбүз кассага билет алганы барганда Асель эжеге жолугуп калганбыз. Ошондо башынан өткөн оор тагдырын ыйлай-сыктай бизге айтып берген эле. Ошол аянычтуу окуялар баштан аяк чууруп, көз алдымдан өтүп жатты.
-Биз он бир тууганбыз. Улуусу мен, анан Эмил. Ата-энем бар, бирок, атам аракка берилип кеткен, үй тиричилиги менен иши деле жок. Биз жашап жүргөн айыл тоолуу аймакка кирет. Жакында көчкү жүрөт деп башка айылдан жер бөлүнүп берилген. Какаганга муштаган болуп, бир этек баласы менен апамдарга жаңы үй салыш оңойго турбады. Дал ушундай кыйынчылыкта, акчаны тамакка тапса кийимге жок болуп, үйдө болсо ичкиликтин айынан күнүгө жаңжал, тополоңдо эс тарткам. Эмил иним акылдуу, эстүү болуп чоңойду. Үйдүн ишенгендери эле экөөбүз болчубуз. Алдыңа кетейин, келбей койсо ушул балээ болмок эмес. Он баланы багуу апамын бир өзүнө оор болду. Акыркы күндөрү азып, күнүгө талаада жүрүп күнгө күйүп калган эле. Муну түшүнгөн Эмил паспорту тийээри менен эл катары Россияга барып иштеп, үй-бүлөөнү багууга апама көмөктөшөм деп туруп алды. Анан мен да ойлободумбу сигарет чекпесе, арак ичпесе, алдуу-күчтүү неме иштесе иштеп кичине оңолоорбуз деп ата-апамды көндүрбөдүм беле. Мен эле кара жерге кирейин. Эми эмне болот? Рубль башыңдан калсын. Айдай бала айып болду да, деп жанында жалдырап олтурган инисин карады. Эмил эч нерседен бейкапар бирдемкелерди күбүрөп, колун шилтеп коюп, өзү менен өзү сүйлөшүп ары карап отурду. Байкуш эже көзүнүн жашы токтобой ыйлайт. Биз Ошко алчу билеттерибизди алып, сырта жолдун жээгиндеги паркта көпкө отурдук. Асель эже улам сүйлөгөн сайын өзүн-өзү ургулап бугуп ыйлап, кабыргасы кайышып турду. Менин кошулуп көнөктөй көөп алып, жүз аарчым менен эженин көз жашын аарчыганым эле болбосо, эч кандай сөз айта албай турдум. Арстан болсо:
-Эже сабыр кылыңыз, аял киши болсоңуз да эркиңиз күчтүү экен. Москва менен Санк Петербургдун арасы электричкада 8 сааттык жол. Анча-мынча эркек мындай алыс жерден таба алмак эмес. Иниңизди таап алыпсыз. Эми ыйлай бербей жакшы сакайып кетишин кудайдан тилеңиз. Сабырдын түбү сары алтын. Жакшылыктан үмүт үзбөңүз эже.
-Ооба, айланайын таң атканча кудайдын зары болуп жалбарып чыктым. Куландан соо болуп кетсе гана …өх... деп оор үшкүрдү. Питердеги жердештерим телефон чалып Эмилге окшош бала көргөнүн, бирок сүйлөшө албаганын айтышты. Аны угуп алып эле күйүп-бышып жөнөбөдүмбү. Көрсө башынан катуу жаракат алып, акыл-эсин жоготуп, тентип жүргөн турбайбы. Алдыңа кетейин... Иттин да баласын мындай күнгө салбасын, айланайындар. Россиянын жашоосун сонун элестеткен экенбиз да.
-Эже, эгер чет мемлекетте жакын адамдарың бар болуп чакырса келиш керек. Колдой турган адам жок болсо келбей эле Кыргызстанда сонун жашаса болот.
-Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы? Палакаттай болуп, авамдын уулу ээрчитип келген. Аэропортко түшкөндөн кийин аны депортациялап ташташат. Эмил шаар билбесе, көчөдө калат. Бирге учуп барган балдарга жалдырап алар менен курулуш жүрүп жаткан имаратка барат да, ал жерде иштеп калат. Айылдан кеткенден бери Эмилдин дайынын билбей, мен өзүмчө санаа тартып убакыт өтө берди. Жаман сөз жерде жатпайт дегендей бир күнү айылга "Эмил башынан катуу жаракат алыптыр" деген сөз таркаптыр. Аны угуп апам эсин жоготуп катуу ооруду. Үйдө күнүгө ый. Мен эч кимге көрүнбөй ыйлап жүрдүм. Күтүп отуруп сабырым түгөнүп, анан келбедимби. Эмилди кимдер токмоктогону бизге караңгы. Өзү болсо эч нерсе билбейт. Бирок ошол адамдар жашоодо жакшылык көрбөсүн, ургулаган колдору, тепкилеген буттары шал болуп, көз жашы токтобой агып калсын, деп алы калбай калган Асель эже менен Эмилди жашаган жерине жеткирдик. Арслан мага дайындаган эле көз сала кет деп.
Конууга даярдангыла! деген сөздү угуп селт эте түштүм. Көрсө Ошко жакындап калыптырбыз.
Анийпа Бектемирова
(Уландысы кийинки санда)
Москвага жаңы келген кыргыздарга түшүндүрмө сөздүк
(неотерминдер)
Доллар - Ата журтка ата энеге болгон сагынычтын, сүйүнүн урматын акчалай түрүндөгү эквиваленти.
Депортация - айылга барып ата - энеңди кара
деген печать.
Кидала - иштетип алып айлыгын бербей ыргытып жиберүү.
Уктатып кетүү - бирөөдөн алдап карызга акча алуу.
Козу - курулуш базарына грузчик болуп жаңы келген бала.
Геморой - аркасында чубаланган карыздары бар адам.
Чачын алуу - карызын өндүрүү
Шапка - жумуш таап берген кишиге же өзүнүн жумуш ордун
берген кишиге берилүүчү пара.
Халтура - айлыктан тышкаркы киреше.
Халтурщик - анча мынча чыгып калган иштерди арыдан
бери бүтүрүп көп акча алган, туруктуу жумушу жок киши.
Хоккейист - пол жуугуч болуп эмгектенүү.
Зайчик - коомдук транспортто акысыз жүрүү.
Лохотрон - банктын жанынан акчасын алдатып
алдыруу.
Квартирант алуу - бир бөлмөдө жашаган 15 кишинин
үстүнө 17син киргизүү.
Хозяин - квартираны ижарага алган катаал киши.
Босс - курулуш материалын саткан точканын ээси.
Гастарбайтер - немец тилинен алынган соз
телевизордон бизди ошентип тергешет.(жумушка келген мейман)
Эмгек мигрантты - мамлекетке шайлоо учурунда гана
керек болуучу кыргыз жараны.
Телефондо акысыз сүйлөшүү - бирөнүн телефонуна
гудок кетирсең ал кайра сага чалат анан бекер
сүйлөшөсүң.
Телефонума акча салып койчу… - бирөнүн чөнтөгүн
аралыктан башкаруу. (дистанционное управление)
Работа и зарплата журналы - жумушу жок кишинин
эрмеги.
Утеря паспорта - кыргызстанга кетээр алдындагы элчиликтен алган
Ак бата.
Бронежелет - дворниктердин сары формасы, аны кийсең
сага милиция тийбейт.(айрымдары ошол форма менен узатканы же тоскону Казанский вокзалга, мейманга барат)
Казан вокзалы - кыргыздар экинчи келбейм деп кетип
кайра эле келген жер.
Сиделка - керээли кечке карыган чалдан же кемпирден көзүн албай тиктеп отуруу
Нан партиясы - Россияда иштеп ж?ргөндөрдүн уюму.

Сүйдүргүбү же күйдүргүбү
Түгөтбек менен Кокуйкан Москванын борборундагы кыргыздар "общежит" болуп жашаган квартираларда чогуу жашашып таанышып калышкан. Көрсө Түгөтбек Кокуйкандын жердеши экен, болгону коңшу айылдан экен. Ошентип экөө жакшы мамиледе болушуп ынак болуп кетишет го, чиркин. Кошуналары да алардын сүйүүсүнө суктанышчу. Экөө ээрчишип киного, кафеге барышып жакшы эле жүрүштү Арадан бир ай кантип өткөнүн сезбей да калышты. Ошол айдын аягында
Кокуйкан жумушунан айлык алып ары бери жумшап калган 10000 сомун айылга жиберсемби деп турган. Түгөтбек болсо кайда иштегени белгисиз күндө кетип кайра келип жүрчү. Анан Түгөтбектин "зарыл иши чыгып" Кокуйкандын 10000 рублин сурайт. Анан кантип сүйгөнүнөн акчасын аясын, берет да мурда да берип жүргөн. Анан Түгөт айлыгы тийгенде сөзсүз кайрып берем деп убаданы каттуу берип кудуңдап кете берет. Ошол бойдон Түгөтбек жер жуткансып жок, телефону иштебейт, квартирасын өзгөрткөн. Мына 5 айдан бери жок. Өзүнүн кийинки
курмандыгын издеп жүрсө керек. Көрсө маңдай тер төкпөй эле ойноп жүрүп, жагымдууну, пайдалуу менен эң сонун айкалыштырып акча тапса болот турбайбы.
Кокуйкан болсо ар кимден баягы сүйгөнүн сурап кокуйлап жүргөн чагы.
Талантбек Каипов