Аруужандын кат куржуну

СЕН ЖАЛГЫЗ ЭМЕССИҢ!
Аруужан фондусуна келген каттар күн санап көбөйүп баратат. Келген каттардын мааниси ар кандай, ар түркүн тагдырлар. Келген каттардын негизинде Аруужандын кат куржунун ачкан болсок, эми кат куржундун негизинде "СЕН ЖАЛГЫЗ ЭМЕССИҢ" деген рубриканы ачууну туура көрдүк. Рубрикада келген каттын ээсин өзгөртүп берип, катты жарыялап, талкууга коймокчубуз. Жарыяланган каттарды окуп, кеп-кеңешиңиздерди,ой-пикирлериниздерди айтууңуздарды суранабыз. Эмесе рубриканын алгачкы мейманы сиздердин назарыңыздарда.
Менин атым Айжан. Кыргызстандын алыскы райондорунун бириненмин. Келгениме 4-жыл болду, үйүмө бара элекмин. Жолдошум менен ажырашып келе бергем, бир уулум бар, уулум 3 жашында апам менен атамда калды. Апамды, апа, атамды ата деп, мени билбей деле калды. Азыр 7де, билбейт да төрт жылдан бери көрбөсө. Жолдошум үйүндө биринчи бала болчу. Кесиби мугалим эле, бир күнү эле үйүбүзгө дабатчылар келди. 5-киши, жашы-карысы аралаш, анда менин кош бойлуу кезим болчу. Дабатчылар биздин үйдө 3-күн түнөштү. 3-күн жолдошум алар менен кошо жүрдү. Ошол-ошол болду, жолдошум күн санап динге өтө бериле баштады. Акыры мектептен ишинен да чыгып кетти, себеби сабак берип жатып эле дин жөнүндө айтып кирет экен. Окуучулардын арызы көбөйүп, мектептин директору эскерте берип жадады. Мектептен чыгып эле 3-айга дабатка кетип калды. Күз күрөш болуп кайненем менен кайнатам жүгөрү, картошка, чемичкесин жыйнап жетише албайт. Кайнилерим болсо экөө тең шаарда студент. Мен болсо жаш бала менен тамак жасап бергенге гана жарайм. Күздө кеткен жолдошум кыш башталганда араң келди. Сакалын кое бериптир. Баягы зыңкыйган мугалим күйөөм жок. Зорго тааныдым. Кыш болсо да жука узун ак көйнөгүн кийип алган. Сыртынан курткасы. Учурашканы келген аяштарын тике карабай, силерди тике караган күнөө деп, жакшылыктуу да учурашкан жок. Баласы экөөбүз кантип жашап аттык, кызыгып, сурап да койгон жок. Керелден-кечке дин китептерин окуп, мечитке тынбай каттап, кармаганы кумган болуп эле оокат менен иши деле болбой калды. Мен жакшы да айттым, жалынып да айттым, ыйлап да айттым, бирок жүрөгүнө жеткизе айта алган жокмун. Эч кимибиз таасир эте албадык. Кайра мени да дабатка үндөй баштады. Акидей асылып намаз окута баштады. Намаз окугандан ким эле качсын, бирок дабатына барууга шартым келген жок. Өзү жаз алды менен кайра дабатка кетти. Ошол күндөн күйөөм дабатчы болуп калды. Айлап кетчи болду. Аскерге кеткендер деле кат жазып турат экен го, биздин атабыз он күндө бир телефон чалып койбосо, чалбайт дагы.Ушундай жашоо акыры экөөбүздү ажыраштырып тынды. Мен өзүм атасыз чоңойгом. Атам 8-классымда эле өлүп калган. Апам каржалып совхоздо иштеп жүрүп мени окутту. Мен да мугалиммин. Жолдошум болсо мени да дабатка чык ишиңди ташта деп талапты катуу койду. Мен апамдын үмүтүн актагым келди. Иштегим келди. Өгөй атамдын алдында апамды уят кылгым келген жок. Өгөй атама апам биз үчүн турмушка чыккан. Азыр ал атамдан да эки иним бар. Өгөй атам менин окушума убагында абдан каршы болгон. Биз үч кыз болчубуз. Апам үчөөбүздү тең окутту. Азыр болсо бир аскер адамынын 5-жашар кызына нянямын. Айлыгым жакшы. Кыргызстанга кетсем ишимди жоготуп аламбы деп корком. Бир комната үй алдым. Бишкектин четирээк жеринен. Жолдошум болсо азыр айылда эле, дагы деле баягы ыйык жолунда. Мүмкүн мен туура эмес кылгандырмын. Мен жолдошумду уксам ажырашмак эмеспиз. Бирок дабатчы да боло албай койдум. Уулум кичине эле да. Намазды болсо дагы деле окуйм. Албетте беш маал эмес. Беш маал окуганга шартым да жок. Күнүгө багымдатты гана окуйм. Ишим абдан жоопкерчиликтүү андыктан эч бир ашыкча нерсе болбошу керек. Күйөөмдүн мурунку сүрөттөрүн көрүп олтуруп ыйлайм, азыр озунчо эле чал болуп алган, дин жолуна шек келтиргенден алысмын, бирок ушунчалык берилүүнүн да кажети болбосо керек. Бала-чакасын унутуп, ата-энесин улгайган убагында каржалтып иштетип коюп айлап дабатка кеткен туура болду бекен? Жеткире түшүндүрө албаган алсыздыгыма кейип кетем, мурда дабатчылар деле жок эле, кийин эле ушундай көрүнүштөр пайда болбодубу, кыргыз туусу газетасынан кыздардын тагдырларын окуп калып мен да өзүмдүн тагдырымды жазгым келди, кантсе да тил мугалимин да, жазган ырларымдан да сунуштоону туура көрдүм.
Тагдырым оор беле, тайкы беле,
Тагдырга кай жеримден жаздым эле,
Жайнаган жаш кезимде жалгыз калдым,
Жабыркап жаш жүрөгүм сыздайт неге?

Жайнаган гүл бурагым урап түштү,
Жадырап тийген күнүм эрте бүттү,
Кез-кезде ишене албай телмиремин
Бул күндөр төгүн чынбы, өңбү-түшпү?

Айжаркын өңдөн аздым, азап чектим,
Айлымдан, ата-энемден алыс кеттим.
Айыкпай жүрөгүмдө сыздайт жара,
Ажыроо эмне экенин туйдум, сездим,
Айлымдан, ата-энемден алыс кеттим.

Кымбаттуу окурмандар ой-пикирлерди, кеп-кеңештерди Аруужан кат куржуну күтөт, үн кошуңуздар, ой кошуңуздар.
Байланыш телефону:
8 (964) 589-09-37