МАРТ АЙЫНА ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ

КОЙ жылдызы
Кой жылдыздары үчүн март айы эң ийгиликтүү ай десек жаңылышпайбыз. Бул айда алар чечкиндүү кадамдарды жасап, жаңы долбоорлорду ишке ашырууда чоң жетишкендиктерге ээ болушат. Болгону март айынын жагымдуу маанайын, жылдыз ээлери өздөрүнүн ашыкча эле сүйлөөктүгү менен бузуп алышы мүмкүн.

БУКАЧАР жылдызы
Жадыраган жаз айы жашоо шартын жагымдуу жакка бургусу келген жылдыз ээлери үчүн чоң өзгөрүүлөргө шарт түзүп берет. Керек болсо букачар жылдызында төрөлгөндөр туугандарынан же досторунан абдан таңданта турган нерселерди күтө берсин десек да ашыкча болбос.

ЭГИЗДЕР жылдыздар
Эгиздерди бул айда көптөгөн пикир келишпестиктер жана күтүлбөгөн жагымсыз мамилелер күтөт. Натыйжада, жакын адамыңар менен түзгөн мамиле бир топ сууп да кетиши күтүлөт. Айлана - чөйрө менен тынч мамилеге өтүү жана жагымдуу мааанай жазгы күн менен түндүн теңелүү маалына чейин кечеңдейт.

БӨЙӨН жылдызы
Кыш соңунан келаткан ийгиликтин шыдыр жолу март айында деле уланып өтө берет. Бул айда бөйөндөр үчүн баары өз жолунда. Бирок март соңунда жашоо нугу бурулуп, талаш - тартыш менен түшүнбөстүктөр татаалдашкан чийе жолго такашы мүмкүн.

АРСТАН жылдызы
Арстан жылдызында төрөлгөндөрдүн бул мезгилде кылган тобокелчиликтери да жемиштүү аяктайт. Жумуш жаатында жылдыз ээлери кесиптик абалын чыңдап алууга жетишет. Балким жаңы жумуш орундары да сунушталып калышы мүмкүн.

БИЙКЕЧТЕР жылдызы
Бийкечтердин адамдык сапаты март айында болуп көрбөгөндөй бийиктикке көтөрүлөт. Эгер жылдыз ээлери бул абалды туура колдоно алышса жумуш жаатынан дагы, жеке турмуш жагынан да көптөгөн кубаттоолорго ээ болушат. Бул айда алдыңарда коркунучтуу кырдаал деле жок.

ТАРАЗА жылдызы
Таразалар үчүн март айы шаңдуу жана жемиштүү болоору күтүлөт. Кошумча күч булагын тапканга досторуңар чоң жардам берет. Бул айда өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрүлүшүңөр толук мүмкүн.

ЧАЯН жылдызы
Март айында чаян ээлери сапаты жогору жаңы турмуш жолуна кадам таштоосу күтүлөт. Жашоо нугу жалаң гана жакшылыктарга бурулат. Жетишкендиктер иш чөй рөсүндө да, мамилелештер арасында да кайталануусу мүмкүн. Үй - бүлөлүк маселелер да оң жолуна чечилет.

ЖААЧЫ жылдызы
Март айында жаачылар эски достор менен кайрадан байланыш түзүп, жаңы дос тапканга да үлгүрөт. Сүйгөн адамыңызга шектене бербеңиз, ал өтө ишенимдүү. Шериктериңиз да сизди гана колдоорун унутпаңыз.

ТЕКЕЧЕР жылдызы
Текечерлер үчүн март айы эски долбоорлордун жемиштүү жыйынтыгы жана жаңы идеялар коштогон активдүү мезгил. Жеке кызыкчылыгаңарды үй - бүлөлүк жана кийинки муунга калтыра турган таалим - тарбияңар менен аралыштыра алып кетүүңөрдү сунуш кылабыз. Март айында күтүлбөгөн абалдарга даяр болууңуздарды да эскерте кетмекчибиз.

СУУПЕРИ жылдызы
Сууперилер март айында канчалык өздөрүн бош алып жүргөнү менен, кызмат абалында жана жеке турмушунда алардан талыкпаган тартипти жана жоопкерчиликти талап кылышат. Жагымдуу таанышууга да даярдана беришиңиздерди сунуш кылабыз.

БАЛЫКТАР жылдызы
Март айында Балык жылдызында төрөл-гөндөрдүн телегейи тегиз болуп, жалаң гана ийгилик коштойт. Бирок тагдырдын бул белегин кесиптик маселелериңизди чечүүгө көбүрөөк сарптооңузду сунуш кылабыз. Жылдыз ээлерин талаш - тартыш жараткан абалдардан да качуусу сунуш кылынат. Бул айда жеке жашооңуздарда өзгөрүүлөр күтүлөт.


  ШОУ БИЗНЕС

Сыймыктан сый концерт
Сыймык мырза жаз алды менен аялдардын майрамына аралаш 7-8-9-март күнү Т.Сатылганов атындагы филармонияда "Ак жамгырлар" аттуу театрлаштырылган өзгөчө концертин өткөрмөкчү. Бул үчүн режиссер менен биргеликте сценарийин жазып, күндөп-түндөп күжүлдөп иштеп жатышыптыр. Бишкекте үч күн концерт койгондон кийин алыскы аймактарды кыдырып, айымдардын көңүлүн көтөрүп келүү планы бар.

Кытай кызыккан Айгерим
Расул мырза "Ак сүйүү" деген ырга обон жаратып, кызы Айгеримге тартуу кылды. Сөзүн чогуу жазышкан. Сүйүү күнүндө Айгеримдин эшигинин алдына сезимин билдирген жигиттер белек-бечкек, гүлдөрүн таштап кетишкен. Ал белекчелерге аттарын, телефондорун жазып калтырышкан. Алардын арасында жүрөкчө формасында жазылган "Айгеримге" деген атайын торт да бар. Ырчы кыз белгисиз күйөрмандарына смс аркылуу ыраазычылык билдирген. Эң кызыгы жети жигиттен белек келген экен. "Жетинин бири кыдыр" демекчи, Айгерим мүмкүн ушул жети жигиттин бирин тандаар. Азырынча жаш сулуунун жүрөгүнүн ачкычын эч бир жигит таба элек. Ал эми жаз алды менен жаңы чыккан ырларынын баарына клип тарттырсакпы деп, атүгүл сценарийин жазып, артисттерди да даярдап жатышат. Айгерим былтыр Кытай эл республикасына барып атасы менен биргеликте концерт коюп кайтышкан. Жакында Кытайдын популярдуу "Шинжян" аттуу түстүү журналынын бетине Айгеримдин суйкайган келбети менен чыккан сүрөтүн көрүшүп кубанычы койнуна батпай турган кездери.

Сүйүү күткөн Айдин ШЕР
Айдин ШЕР сүйүшкөндөрдүн күнүндө түн ортосуна чейин эч жакка чыкпай демейдегиден көп иштептир. Ырчынын күйөрман кыздары куттуктап, смстерди чуурутуп жазганы менен анын жүрөгүнүн ачкычын бир да сулуу таба элек экен. Сүйүү күнүндө жалгыздык көкөйүнө тийгенби, айтор, ырчы жигит "Сүйүү мага качан келет" деген ырды жаздырууга киришти. Буга чейин "Махабат өмүр көркү" деп обон созуп келсе, эми чыныгы сүйүүсүн издөөгө бел байлады көрүнөт.

Бегимай күчүктүү болду
Ырчы кыз Бегимай ЭСЕНГУЛОВА 14-февралда Бишкектеги кафелердин биринде курбулары менен отурса ага бир күйөрман жигит келип, англис породасындагы аппак күчүктү белек кылды. Жаныбарларга жакын Бегимайдын кубанычы койнуна батпай, эми ал күчүгүн бөпөлөп багып аткан кези. Кийинчерээк тартыла турган клиптери болсо, күчүгү менен кошо түшүшү мүмкүн экенин жашырган жок. Ал эми сүйүшкөндөрдүн күнүндө күйөрмандары Бегимайга жүрөкчө, гүл, белектерди берип, кээси сезимдерин да билдирген. Бирок, өзгөчө белеги тирүү күчүгүн ырчы кыз жанынан чыгарбай, аны менен алектенип аткан учуру.



  ЫР ЧАЧЫЛА

Турмушту бирге улантсак!
Сен келдиң биздин айылга,
Баш коштуң майдын айында.
Ак ниет тилек ой менен,
Той бермек болдук жайында.
Жумшайын деп бар күчүм,
Эртеңки жаркын күн үчүн,
Россияга мен кеттим.
Ишим жүрбөй кыбырап,
Убакыт өтөт зымырап.
Өмүр өтөт турбайбы,
Жүрөк согуп шыбырап.
Кусасы болуп эл жердин,
Далайда жүрүп мен келдим.
А бирок үйдө сен жоксуң,
Кызыксыз дүйнө бир сенсиз.
Колдо бар алтын сен болдуң,
Билбеген баркын мен болдум.
Күйүттөн толуп арманым,
Азаптуу күнгө тең болдум.
Жаш кезден мага бел болдуң,
Билбеген аны мен болдум.
Күйүттүн тартып азабын,
Таалайым элден кем болдум.
Издедим даба арактан,
Күйүттөн ичтим шараптан.
Айласын таппай арман күч,
Кечирер өзү жараткан.
Келди деп учуп үйүнө,
Бармакчы болдум сүйүнө.
Жолугушаар бекем деп,
Сүйүшкөндөр күнүнө.
Ойлогонум жалгыз сен,
Көрбөгүн менден түңүлө.
Сагындым сени кечирчи,
Зар болдум сенин үнүңө.
Жөнөдүм шашып "Мөнөктөн",
Нөшөр да төктү көнөктөп.
Апам да алып келгин деп,
Батасын берип жөнөткөн.
Сен тарап көздөй баратам,
Көңүл куунак арашан.
Жалгыз сенсиң күнүм деп,
Кыялымда жарашам.
Машинамды урупмун,
Эсиме келип карасам.
Дүк - дүк деп согуп жүрөгүм,
Окшуп кусуп жүрөмүн.
Айланамда толгон эл,
Эстей албайм бирөөсүн.
Бирөө жүрөт бакылдап,
Мага коюп күнөөсүн.
Абалымды ойлоп көр,
Түшүнөрсүң бир өзүң.
Жетпей калдым максатка,
Ошентип мына күн өтүп.
Оңдоп берип "маздасын",
Төлөп баарын сыздадаым.
Дагыда Кудай бир сактап,
Өлүп кала жаздадым.
Машинамды мен саттым,
Сураба менден ал жагын.
Анча мынча жерим кан,
Үйгө келдим жарым жан.
Күтүп алды апакем,
Кудайга мен деп жалынган.
Ээлеген бала түнөгүн,
Ким билбейт эне жүрөгүн.
Ооз тийбей ичирээр,
Тапса эгер суунун мүрөгүн.
Суу себип мага апаптап,
Ала кой же деп тамактан,
Айланып жүрдү апакем,
Садагам сен деп жамактап.
Убакыт өттү арадан,
Кылчайып артка карасам.
Кызыксыз сенсиз сезилет,
Турмушта тарткан арабам.
Күн айлар жылга тогошуп,
Туңгуюк көздөй бараткам.
Апам да сени сагынган,
Ачуусу качан тараган.
Турмушту бирге улантсак,
Кэчирээр белең садагам.

Айбек Манасов
Москва шаары, Оштон