ААЛАМ

Казакстан кыргыздарды депортациялады
Казакстандын Жамбыл областы боюнча, ички иштер департаментинин миграция полиция башкармалыгынын начальниги Бахыт Шымыровдун сөзүнө караганда, Казахстанда кыргызстандык мигранттардын көпчүлүгү законсуз, жергиликтүү өзүн-өзү башкармалыктардан уруксатсыз иштеп жатышат. Мигранттар качан гана казактардын мигранттарга ылайык закондорду аткаргандан кийин гана, ал жерде иштеп калууга макулдук берген. Жада калса закондуу мигрант өзүнүн жеке ишканасын ачып жеке ишкер болуп иштей алышат, бирок, алар юридикалык билимди алгандан кийин гана иштешет. Бул закон 2010-жылдын январынан баштап иштей баштаганын жана буга чейинки законсуз ишкер мигранттардын алып жүргөн, иштөөгө берилген уруксат карточкасынын жарактуу убактысы, өткөн жылдын 31- декабрында бүткөнүн билдирди.
Шымыровдун маалыматы боюнча, январь айында, Жамбыл облусунда миграция боюнча законду бузган 501 чет өлкөлүктөрдүн ичинен 152 атуулу Кыргызстандан. Бул закон бузуучулар административдик жоопко тартылышкан.
Эскерте кетсек, 12-февраль күнү Кыргызстандын парламентинин депутаттары, казактарга өз мекендештери тууралуу тынчсызданып жатышкандыгын билдиришкен.

Япония Түштүк Кореядан кечирим сурады
Япониянын тышкы иштер министри Кацуя Окада (Katsuya Okada) Түштүк Кореянын элинен, өлкөнүн 30 жылдан ашык колонизацияда болуп келгенине официалдуу түрдө кечирим сурады, деп билдирет CNN. Бул тууралуу 11-февралда бейшемби күнү, Түштүк Кореялык коллегасы Ю Мун-хван (Yu Myung-hwan) менен биргеликте өткөргөн конференцияда күтүүсүз жарыялаган. Ал өз сөзүндө, "кореялыктар үчүн, өздөрүнүн улуттук, өз алдынча болуу укуктарынан ажыраткан убакта, алар колонияда трагедиялык инцидент болуп жүргөндүгүн билем. Мен аларга көңүл айтууга тийишмин жана эч качан андагы жоготууларды унутпашыбыз керек деп ойлойм" деп айткан. Эскерте кетсек, Түштүк Корея 1910-жылдан 1945-жылга чейин Япониянын көзөмөлүндө турган болчу. Маалым болгондой ошол убактарда, Түштүк Кореянын жана Кытайдын 200 миңдей аялдары япон аскерлерине сексуалдык кулчулугуна кабылышкан. Түштүк Корея боштондукка чыккандан кийин, бул фактылар менен көптөгөн митингдер жана сот процесстери болуп келген. Бирок, ошентсе да буга чейин Япония тараптан түштүк кореялыктарга бир гана жолу кечирим сурап, 2001-жылы мурдагы Япониянын премьер - министри Дзюнъитиро Коидзуми (Junichiro Koizumi) өздөрүнүн катачылыгын мойнуна алган.

Буддисттер Жаңы Жыл тосууга даярданышууда
Тибетттиктердин календары боюнча 2137-жыл жолборс жылы 14-февралда таң заардан кирет. Жаңы жылга карата алар үйлөрүн жыйнашып, ар кандай жамандыктардан арылышы керек. Жаңы жылда алардын традициясы боюнча, дарактарга желекчелерге аттын, будданын сүрөтүн тартып, же болбосо өзүнүн атын жазып, илип койсо ага ошол жылы бакыт алып келет.

Валентинкага тыюу салынды
Улуу Британиянын Уэстон - сьюпер-Мэр, Сомерсет шаарында жайгашкан Эшкомб башталгыч мектебинин администрациясы, жаш балдарга 14-февраль ыйык Валентин күнүнө бири-бирине открыткалар менен куттуктоо, каалоолорун билдирүүгө тыюу салды. Мектептин жетекчилигинин билдиргенине караганда, 11 жашка чейинки балдар бири-бирине сүйүү тууралуу открыткаларды берүү туура келбейт. Педагогдордун пикирлери боюнча мектеп балдарына, бул майрамга катышууга тыюу салуу туура деп эсептешет. Анткени, алар окууга көңүл буруулары зарыл жана алардын терс тарбия алышына таасири тийиши мүмкүн.

Түркияда 700гө жакын кыргыз кыздары сойкулук кылат
Түркия кыргыз жарандарынын өз аймагында жүрүү эрежесин катаалдаштырат, өзгөчө бул аялзатына тийиштүү. Бул туурасында Бишкекте өткөн "Эмгек мигранттарын укуктук коргоо формалары жана механизмдери" тегерек стөлүндө Кыргызстандын мамлекеттик тышкы иштер министринин Консулдук кызмат департаментинин деректиринин орун басары Айдит Эркин билдирди. Коомдук палатанын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, түрк бийлигинин коопсуздануусунун себеби катары өлкөнүн полициялык департаментинин отчету көрсөтүлөт, анда тартип көзөмөлчүлөрү 7 жыл ичинде 700 жакын кыргызстандык аял Түрк аймагында денесин сатуу менен алектенген. Буга байланыштуу тийиштүү эрежелер катаалдаштырылган, эми Кыргызстандын ар бир аял жараны чек-арада келүү максатын, каражатын, туристтик жолдомосун жана кайра кетүүгө авиабилетин көрсөтүүгө милдеттүү. Белгилей кетсек, Кыргызстандын жараны Түркияда визасыз бир айдан ашык болууга акысы жок, бул 1992-жылдан бери келе жаткан эки тараптуу келишимге ылайык ишке ашууда. (Нур пресс)