Ден соолукта болуңуз!
Москвадагы "Меддос" медициналык борборунун директору Сагын Кабылов 2009-жылдын жыйынтыгында "Жылдын мыкты адамы" деген наамга медициналык жактан тейлөөнүн сапатын өнүктүргөн эмгегинин аркасында ээ болду. Төмөндө аталган борбордун көрсөткөн кызматы, ачылыш себеби боюнча баяндаган атайын маекти окурмандардын назарына сунуштайбыз.

- Сагын Кабылович, алгач өзүңүз жөнүндө кеңири маалымат берип өтсөңүз. Анткени окурмандарыбыз ар дайым сиз жөнүндө кызыгып сурашат.
- Жакшы болот. Мен Жалал - Абад облусунун, Сузак районунан боломун. 1987 - жылы Бишкек шаарындагы медициналык институтунун дарылоо факультетин аяктагам. Келинчегим Гүлнара да кесиптешим болот, акушер - гинеколог. Үч балабыз бар. Эң улуусу Асыл - Москвадагы Бауман атындагы жогорку техникалык университетинин 3-курсунун студенти, Айпери - 1-курста окуйт. Эң кичүү кызыбыз Алтынай 2006-жылы Москвада төрөлгөн. Жыл сайын Ата Мекенибизди сагынганда, тынымсыз туулган жерибизге барып турабыз. Бул жакта убактылуу жашап, иштегенибиз менен жүрөгүбүз ар дайым өз жерибиз деп согот эмеспи.
- Сиздин медициналык борборду ачууңузга эмне себеп болду?
- Мен 2005-жылы Москвага келип, адегенде бирөөнүн жеке медициналык борборунда иштедим. Ал учурда борборго ар түрдүү оорулар менен кайрылган мекендештердин көйгөйлөрү мени медициналык борбор ачууга туура келди. Биздин мекендештерибиз көбүнчө ооруну өткөрүп жиберип, анан дарыгерлерге кайрылышат, анан, орус тилин жеткиликтүү билбегендиктен, оорусун тактап айта алышпайт, эптеп абалын түшүндүрсө, анан дарыгердин айткан көрсөтмөлөрүн так түшүнбөгөндүктөн, дарылоо көп учурда натыйжасыз болуп калат. Ошондо жалаң кыргыз врачтардан турган медициналык борбор түзүү жөнүндө ойлонуп, ишке ашырып, ушул борборду ачтык.
- Учурда кандай кызмат көрсөтүп жатасыздар?
- Биздин медициналык борбордо гинеколог, уролог, врач-УЗИ, маммолог, хирург, травматолог-ортопед, терапевт, лор-врач бар. Бардык врачтар өзүбүздүн кыргыздар. Көрсөтүлүүчү кызматтар:
1. Москванын дарылоочу мекемелеринде алынуучу анализдердин баарын тапшыра аласыздар. Биздин Москвадагы эпидемиология институту менен келишимибиз бар.
2. Жогорку тактыктагы ЭКГ япондук электрокардиограф бар.
3. УЗИ - фото принтер аппаратыбыз аркылуу ата-энелерге болочок наристенин сүрөтүн чыгарып беребиз.
4. Күндүзгү стационар палатабыз бар. Ал палатада кечке жатып дарыланып (капельница алып жана дарылоонун башка түрлөрү), кечинде үйгө кете аласыздар.
- Келечекте дагы кандай долбоорлорду жүзөгө ашырасыздар?
- Жакынкы арада стационардык түстүү УЗИ-доплер алабыз. Бул аппарат жүрөк, кан-тамыр системасын, сөөк, муундардын ички түзүлүшүндөгү ар түрдүү ооруларды өтө тактыкта көрсөтөт. Бюро камера алууга келишимин түздүк. Бул басымды өзгөртүү жолу менен кан-тамырларынын уюп калуусу, простатит ж.б.у.с. көптөгөн ооруларды кыска жана организмге зыянсыз жол менен дарылоого шарт түзөт. Сөздүн акырында мекендештериме каалоом: бардыгыңыздарга чың - ден соолук. Ар кандай ооруларды алдын алып, эгер оорусаңыздар дароо дарыгерлерге кайрылыңыздар. Биздин мекендештер батирлерде көпчүлүк болуп жашагандыктан, гигиеналык - санитардык нормалардын сакталбашынан да жугуштуу оорулар көбөйүүдө. Сак болуңуздар, ар дайым ден - соолукта болуңуздар.
Маектешкен: Бегайым Токтоналиева
Атайын кабарчы




Врач акушер гинекологтун кеңештери

Акыркы мезгилдери, Москва шаарында Кыргызстандан келген кыздардын арасында жергиликтүү төрөт үйлөрүндө жаңы төрөлгөн ымыркайларды таштап кеткендер көбөйүдөө. Андан тышкары, кээ бир кыздар үйлөрүндө төрөп, балдарын көчөдө калтырып кеткен фактылар да бар. Бул проблема аябай көйгөйлүү болгондуктан "Комсомольская правда" гезитинде "Извращенные женщины востока. Почему Москву заполонили брошенные младенцы из Средней Азии" деген макалада жазылап чыккан.
Азыркы мезгилде да ушул жаман көрүнүштөр сакталууда жана көбөйүдөө. Азабын болсо эч кандай күнөөсүү жок наристелер тартууда. Мындай терс көрүнүштөр кыргыздардын авторитетин жана ар - намысын түшүрүүдө.
Өзүмдүн практикалык жумушумду анализдеп келгенде, көп кыздар боюнда болтурбоо (сактануу) жолдорун, жыныстык катнаш аркылуу жугуштуу оорууларын, СПИД, вирусный гепатит жана башка аялдарга тиешелүү маалыматтар боюнча кабардар эместигин билдим. Жогоруда айтылгандардын негизинде менин биринчи маалыматым - боюна болтурбоо үчүн сактану каражаттары, алар төмөнкүлөр:
1. Календардык методу - айыз күнү өз убагында келген аялдар колдоно алат;
2. Күн эсеп мончогу - айыз күнү 26 күндөн 32 күнгө чейин келген аял затты колдоно алат;
3. Кун сайын ичуучу сактануу таблеткалары - сөзсүз дарыгердин кеңеши менен ичүү зарыл;
4. Жатын ичине салынуучу спираль - туура салынса 99,9% боюнда болуудан сактайт;
5. Эркектеридин жана аялдардын презервативи, пластырь, спрей, кольцо, гель, шампунь, жана башкалар - жашоо шартына жана мумкунчүлүгүнө карап сунушталат.
Ар бир аял жогорку ыкмаларды колдонуу үчүн, сөзсүз дарыгерден кеңеш алуусу зарыл. Себеби сактануучу каражаттар аялдын ден соолугуна жана тандоосуна карап сунушталат. Өз алдынча, дарыгердин кеңеши жок сактануу, бул көңүлсүз кош бойлуулукка же болбосо ден-соолугуна зыян алып келиши мүмкүн.
Кийинки санда аборт туралуу маалымат беребиз.
Сурооңуздар болсо
elmira-30@mail.ru почтасы аркылуу же 8 (962) 962-97-02 телефону менен байланышсаңыздар болот. Андан сырткары редакциянын дарегине кат жазууңарды күтөбүз.




КӨЗДӨН УЧКАН АТА ЖУРТ !
Атабаев Орозбек Кулуевич
Атабаев Орозбек Кулуевич 1937 года рождения образование высшее в 1965 году окончил Всесоюзный заочный Московский финансово - экономический институт по специальности экономика и планирование.
Трудовую деятельность начал в 1957 году заведующим снабжением бюро технической помощи Главмосстроя, в 1959 - 1962 гг, работал руководителем группы отдела снабжения и сбыта завода п \ я 3843 МГСНХ, инженером отдела снабжения, старшим инженером опытно - конструкторского бюро Автоматики Госкомитета СССР.
С 1962 по 1975 гг, занимал должности заместителя управляюшего Московским отделением Госснаба Киргизской ССР, затем до 1982 года работал заместителем Председателя Госснаба Киргизской ССР.
В 1982 - 1990 гг, работал заместителем Постоянного представителя, Постоянным представителем Совета Министров Киргизской ССР при Совете Министров СССР.
В 1991 году являлся полномочным представителем Кыргызской Республики в Союзном Комитете по Координации экономических связей между республиками при Совете Федерации СССР, затем членом Совете Министров СССР.
В 1996 году советник председателя совета международного конгресса промышленников и предпринимателей. В настояшее время пенсионер.
- Член ЦК КП Киргизии.
- Дважды избирался в депутаты Верховного Совета Кыргызской Республики. 1985г 1991г
- 1991-1992 гг член Верховного Совета СССР. Зам. Пред. Межреспубликанского сотрудничества.
- Член межпарламентской ассамблеи стран СНГ до 1995г по экономическим вопросам.
- Трижды награжден медалью за отличии труда при Советском Союзе.
- Трижды награжден Почетной грамотой ВС Кыргызской ССР.
- Ветеран труда Кыргызской Республики
Кыргыз Советтик Социалисттик республикасы менен СССР Министрлер
Советтин байланыштырган туруктуу өкүлчүлүк ВЦИКтин 44 - чечими менен 15-декабрь 1924-жылы түзүлгөн. Максаты экономикалык жана маданий жактан үзгүлтүккө учурап жаткан республикага РСФСР жана СССРдин бюджетинен жардам бердирүү болгон.
Өкүлчүлүктүн милдеттерине, СССР Министрлер Советинде каралуучу маселелерге, Кыргыз республикасынын Министрлер Совети тарабынан кабыл алынган, ыкчам маанилүү чечимдерди СССР Министрлер Советинде каратууга жана токтом, буйруктарын даярдоо ошондой эле башка Союздук республикалар менен экономикалык, илимий жана маданий байланыштарды жандандыруу максатын көздөшкөн.
Мындай саясый - экономикалык, социалдык - маданий маселелерди чечүүдө өкүлчүлүк Кыргыз ССРинин декадаларын, күндөрүн өткөрүшүп, республикага борбор тараптан, жогорку деңгээлде көңүл буруусуна жетишишкен. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан республикада курулган Полимеркурулуш материалдар, Курулуш форфор заводдору нун долбоор - сметалык документтерин иштеп чыгууда, заводдорду керектүү заттар менен жабдууга жетишишкен. Андансырткары ири масштабдагы ярмаркаларды өткөрүп республиканын бюджетине көмөк көрсөтүшкөн.
Туруктуу өкүлчүлүк республика үчүн Москва жана Росиянын жогорку окуу жайлары менен келишим түзүп, миңдеген мурдагы студент, учурда өлкөбүздүн ар кандай тармактарында кызмат кылып жатышкан атуулдарыбыз бар. Россия канат берип учургандардын кататрында коомдук - саясый ишмерлер А. Акаев, К. С. Бакиев, И. Разаков, Б. Мамбетов, А. Масалиев, М. Шеримкулов, Р. Отунбаева, Ф. Кулов, бир туугандар Сарыгулов менен Чиналиевдер, А. Жумагулов, К. Жумалиев, С. Токтомушев, К. Кулматов, И. Абдуразаков жана Абдыжапар Абдукаарович Тагаев сыяктуу кыргыз элинин мыкты уул - кыздарынбилим, илим, тарбия бергени айныгыс аксиома.
Илим жаатында И. К. Акунбаев, С. Кожоахматов, Г. Кожоахматова, С. Кыдыралиева, К. Оторбаев, М. Оторбаева, Ж. Оторбаев, К. Бөкөнбаев, А. Айдаралиев, Токтоматов Нурмухаммед, Элмира Асынбаеваны кошуу менен жүздөп саналарын эске сала кетсек ашыкча болбойт.
Ал эми адабият, искусство жаатында Ч. Айтматов, С. Жусуев баш болгон кыргыз адабиятынын корифейлери, Т. Океев, Б. Шамшиев, З. Эралиев сыяктуу кино искусствосунун өкүлдөрү жана маданият ишмерлеринин чыгаандарына бир боор Россия, Совет мамлекетиндеги республиканын туруктуу өкүлчүлүгү кам көргөнүн көпчүлүк биле бербесе керек.
Мына ушундай ыйык миссияны аткаргандардын катарына Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүнүн жетекчилери болгон: Другов, Жакыпбаев, А. Шоруков, К. Жамансариев, Макаренко, Х. Колбоев, А. Дергинбаев, И. Качкеев, С. Турсунов, М. Омуралиев, С. Акиев, К. Аташов, эсеп боюнча он бешинчи болгон Кыргыз ССРинин СССР министрлер Советиндеги туруктуу өкүлү Орозбек Кулуевич Атабаев болгон.
Орозбек Кулуевич жетектеп турган мезгилде, СССР министрлер Советинин алдындагы министерство, ведомство, мамлекеттик комитеттер менен Кыргызстандагы эл чарбасын көт?рүү максатында Фрунзе, Ош шаарындагы үй курулуш комбинаттарынын кубаттуулугун жогорулатуу үчүн керектүү техникалык жабдыктар менен камсыздап, жашоо шартын жакшыртууга түздөн түз жардам көрсөткөн.
Ошондой эле Кыргызстандын айыл чарба азык - түлүк базарларын өткөрүп, Россиядан 40 млн. рубльдик кирешени Кыргыз Республикасынын бюджетине көтөрткөн. Кыргызстан күндөрүн өткөрүүгө жана демократ акыныбыз Т. Сатылгановдун 125 жылдык юбилейин Москвада өткөрүүнү жетектеген. Илим, билим тармагында аспирант, докторант, студенттерге кам көрүп, социалдык, гуманитардык жардам көрсөтүүгө көмөктөшкөн. Учурда орто муундагы республикабыздын ар кандай тармактарында эмгектенип өз саымдарын кошуп жатышат. Ошол 1982-90-жылдардын аралыгындагы коомдук саясый ишмерлер, аспирант, докторант, студенттер Орозбек Кулуевичти жылуу эскеришкендерине күбө болдум.

Ооганбек Стамбеков