КӨЗДӨН УЧКАН АТА ЖУРТ !
Ушундай рубрикадагы мекенден алыс жүргөн боордошторубуздун бейнесин гезит бетине берип турууну туура таптык. Себеби, кыргыз элинин түптүү, намыскөй, адилеттүү, адептүү, эмгекчил, эң башкысы ар тараптан өнүккөн гармониялуу интеллектуал улут экендигине барометр болгон мекендештерибиз өнүккөн Россияда түмөндөп саналат. Ушул максаттан улам "Көздөн учкан Ата-журт" - деген аталыштагы тарыхый публицистикалык очерктер жыйнагынан эки улуу элге, эмгек кылган кандаштарыбыздын алгачкы каарманы, коомдук саясий ишмер, Совет мамлекетинин мезгилинде атайын жана ыйгарым укуктуу- деген дипломатиялык ранганы алган алгачкы кыргыздын кызыл элчиси (дипломаты) Кулматов Кеңеш Нурматович.
Кеңеш Нурматович 1934- жылы Кыргыз Республикасынын Чүй районунун, Ак - Бешим айлында колхозчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз илимдер академиясынын академиги, Кыргыз республикасынын тышкы иштер министирлигинин дипломатиялык академиясынын Ардактуу профессору, Эмгек Кызыл туу орденинин эки жолку кавалери, "Элдердин достугу", "Ардак белгиси" ордендеринин, 3-даражадагы Манас орденинин ээси. Дипломатиялык кызматтагы өзгөчө эмгегин бааланып, Россия федерациясынын А.Горчаков орденинин 1-даражадагы жана РФ тышкы иштер Министрлигинин ардактуу кызматкери наамын РФ президентинин указы менен тастыкталган.
2003 - жылдан "Илимдин келечеги", бүткүл Россиялык окумуштууларды колдоо фондунун вице - президенти. Бир нече илимий китептердин автору. Учурда РФ тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын "Эл аралык актуалдуу проблемалар" - иниститунун директорунун биринчи орун басары.


Кулматов Кеңеш Нурматович
Кыргыздын кызыл дипломаты (Эссе)

Кеңеш , агабыздай инсандын бейнесин жазуу, калемгерлердин чебери, ойчул, даанышман - жазуучунун жан-дүйнөсүнөн жараларын сезип турсам да, колума калем алып, кудай ыроологон дараметиме жараша жазууга дит койдум. Себеби, ушул китептин жаралышынын демилгечиси, консультанты болгондуктан түзүүчү - автор катары, менин түздөн-түз милдетим эле. Балалык жана жетилген курагымда, Кеңеш Нурматович, туурасында үзүл - кезил массалык-маалымат каражаттарында жарык көргөн макалаларды окуганым бар эле. Ошондой эле, улуу муундагы адамдардан жана эл аралаганда Кеңеш "Кыргыздын - кызыл элчиси" - деген сыймыктуу, нары ардактуу, эл берген баа, наам бар экендигинен улам билчүмүн. Тагдыр буйруп Москва шаарына келип, Кыргыз республикасынын элчилигинин имаратында тааныштым. Жетимишке таяп калган куракта болсо да, баскан, турганы тыкан, ар бир сөзүндө тактык, аярлык менен айкашкан даанышмандык байкалып, турпат-сынын бузбай жүрүшү, табиятынан элчилик үчүн гана туулуп калгандай, көргөн, баарлашкан адамдарга жогорудагыдай туюм тартуулайт экен. Кыргыздын улуу тарыхий романчысы, КР эл баатыры, КР эл жазуучусу Төлөгөн абам, "Баскын" аттуу тарыхий романындагы Шабдан баатырдын бейнесин, мага эмнегедир, Кеңеш агабыздын турпатынан алгандай сезилди …
Балалык курагы, адам баласынын кара мүртөздөгүнөн жаралган, улуу апаат согуш жылдарына туш келип, кайгы-муң, тукум - курутуучулук, бүлүнчүлүккө тушугат. Атасынын жытына кумары канбай, көз тойбой, айткан акылына муюбай, алты жашында, карындашы Шалимандын төрөлгөнүнө 19 гана күн болгондо атасынан айрылат. Нурмат, Сталинград шаарын фашисттик баскынчылардан коргоп жатып, эр жигитче курман болот. Чоң атасы Кулматтын сакалынан жашы куюлуп, Кеңешти кучактап буркураганда, чоң энесинин күйүттөн бүк түшүп калганында, апасы Сакандын, Шалиманды бооруна кысып боздоп жатканында, атасынан түбөлүк айрылганын сезет. Апасы, боз ат минген отуз жашка да, курагы жетпей кара кийип, жесир калат. Үй-бүлөнүн үмүт шамы, үзүлгөндө улаары, мураскору Кеңеш экендигин туйган даанышман карыялар, Сакандын турмушуна өбөлгө болушуп, неберелерине кам көрүшүп жардам берип, өлбөстүн күнүн көрүп, турмуш кечиришет. Бөкөнө сөөгү ката элек Кеңеш, үй тиричиликке, кызылча талаасындагы апасына жардамдашып жүрүп, мектеп партасына олтурат. Өмүрүн билимге гана арнаймын деген тилек - ой, максатка келет. Он эки жаш курагына келгенде, таянган тоосу, чоң атасы Кулмат карыя, дүйнө салат. Үй-бүлөнүн баардык түйшүгү Кеңешке түшөт. Чоң атасын арка тутуп жүргөн улан, турмушка каныгып, эрте жетилет, ак-караны ылгоого турмуш тарбиялап, зирек болуп бой тартат. Башка турмуш курбай, жесир өткөн Сакан өмүрүн Кеңеш менен Шалиманга арнап, элдин уулу, журттун кызы кылып тарбиялоого умтулат.
Үмүттүн алгачкы шооласы, 1951- жылы билинет, ошол жылы Кеңеш, Тоң районундагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебин алтын медаль менен аяктайт. Зирек жигит, Кыргыз мамлекеттик университеттинин филология факультетине тапшырып өтөт. Ата жытына канбаса да, эне мээримин алган, ата насаатын укпаса да, эл наасатын, журт нускасын алган Кеңеш, өз тагдырын өзү түптөп, идеологиялык иштерге катышып, тайпанын, курстун, факультеттин комсоругу жана университеттин комсомол комитетин жетектеп, флагман студент болуп, окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктайт.
Жалындаган, сымбаттуу келечектен көптү үмүттөндүргөн жигитти баамдаган, ошол кездеги Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы, кыргыз элинин көсөм, даанышман, кеменгер уулу, маркум Исхак Разакович Разаков, Кеңешти, Кыргызстан Комсомолдук Жаштар Союзунун Борбордук Комитеттинин агитатция жана пропоганда боюнча секретарлыгына сунуштайт. Бир жыл иштегенден кийин, 1960 - жылдын декабрында Ош облусунун комсомол жаштарын жетектөөгө конференцияга кандидатурасы сунушталып, көпчүлүк добуш менен Обком Комсомолдун биринчи катчылыгына шайланат.
1961- жылдын апрель айында мыкты уюштуруучулук жана күжүрмөн эмгегин баалаган Исхак Разакович, Коммунисттик Партиянын Борбордук Комитетинин бюро мүчөлөрү менен макулдашып, Кыргызстан Комсомол Жаштар Союзунун Борбордук Комитетинин биринчи катчылыгына кандидат катары, КПСС Борбордук Комитетинин Секретариятына сунуштайт. Кандидатура кабыл алынып, Кыргызстан Комсомол Жаштар Союзунун Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп шайланып, Кыргызстан Коммунистик Партиясынын Борбордук Комитетинин бюро мүчөлүгүнө кандидат болот.
1972 - жылга чейин Кыргызстан Комсомол Жаштар Союзунун Борбордук Комитетин жетектейт, андан кийин Фрунзе шааркомунун биринчи катчысы, Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин секретары болуп эмгектенет. Бир нече жолу Советтер Союзунун Жогорку Кеңешинин улуттар палатасына жана Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланат.
1983 - жылдан дипломатиялык кызматка которулуп, СССРдин, Россия Федерациясынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси катары бир нече мамлекеттерде кызмат өтөйт жана илимдин артынан түшөт. Тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз республикасынын тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын ардактуу профессору. Бир нече саясый китептердин, монографиялардын, илимий макалалардын, студенттер жана дипломаттар үчүн окуу китебинин автору.
Кеңеш Нурматовичтин жетекчилиги астында, тарых илимдеринин 3 доктору, 15 кандидаты илимий диссертацияларын коргогон.
1985 - жылы Советтер Союзунун, Кыргыз республикасы эгемендүүлүк алгандан кийин Россия Федерациясынан "Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи" - деген дипломатиялык рангага татыган, республикабыздын алгачкы карлыгачы. Совет мамлекетине, Россия Федерациясына жана Кыргыз республикасына жасаган эмгектери үчүн, бир нече медаль, ордендер менен сыйланган.
Мамлекеттин, элдин тагдырын калчаган чоң ордодо кызмат кылган мезгилдерин айтып олтуруп:
- Жашоомдо, Исхак Разаковичтей кеменгер, даанышман жетекчини биринчи жана акыркы жолу көргөндөй туюмда жүрөмүн. Андай инсандар кылымдарда бир жаралат, окшобойбу?
Эли-журтубуздун, мекенибиздин сыймыгы эле. Залкарыбыздын сөөгүн Москвадан алып барып, Мекенибиздин топурагына жашырганы, мени кубандырат. Мекен топурагы! - Исхак Разаковичтин акыркы керээзи тура! Улуу инсандын айткан акыл, насааты, кыргыз элине болгон камкордугу, ушул мезгилге чейин жадымдан кетпейт! - деп эскерип олтурганы, азыркы саясатчыларыбызга сабак болчудай…
Кеңеш Нурматовичтин, Мекенибизге болгон камкордугу; -акыл насааты, кыргыз дипломатиялык корпусуна мыкты жарандарыбызды тарбиялоо жана кыргыз интеллегенциясынын, интеллектуалдык потенциалын көтөрүү гана болуп саналбастан, Кыргыз республикасынын коомдук-саясый турмушуна да кайдыгер мамиледе эмес экендигин сездим.
Өмүрү, тагдыры өрнөк болор инсаныбыздын, тарыхтагы орду жөнүндө, жазылаар даректүү баян, тартылар тасмалар, адабий чыгармалар, дастандар али алдыда болсо керек...
Бирок, убакыт, мезгил улам өмүрдү жулуп, жалмап жатканы, жебедей учканы өкүндүрөт..

Станбеков Ооганбек Исабекович
Алтын казык Аксыдан.
Кыргыз Республикасынын жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү. Жазуучу драматург, бир нече адабий китептердин, тарыхый драмалардын автору.
Кыргыз республикасынын
"Акыйкат" коомдук - саясий
гезитинин Россия Федерациясындагы корреспонденти