Россиядан куш кабар

"Дордой-Динамо" Москвада ойнойт
Жыл башында эле Кыргызстандык футболчулар үчүн чоң сыноо алдыда турат. Футбол боюнча Кыргызстандын алты жолку чемпиону, Нарындын "Дордой-Динамо" командасы Москвада 16-24-январда өтө турган Шериктештер Кубогунда мөрөй талашат. "Дордой-Динамо" "А" тобунда Орусиянын "Рубин", Латвиянын "Металлург" жана Белорустун "Днепр" командалары менен беттешет. (AJ)
В. Путин квотаны кыскартты
Россияга жумушчу күчтөрүн тартуу жаатында ачылган квотага 2010-жылы кыскартуу киргизилет. Бул чечимди бүгүн өкмөт башчы Владимир Путин кабыл алды. Натыйжада, 2 миллиондук квота 1 миллион 300 миңге кыскартылды. Идеяны көтөрүп чыккан Көзкарандысыз Профсоюздар Федерациясы квотаны 2 эсе азайтууну сунуштаган эле. Бирок, премьер-министр бул кыскартуу деле оңой эмес кыскаруу экенин белгилей кетти.
Владимир Путиндин айтуусу боюнча бул жерде дагы 2 татаал маселе бар. Биринчиси: КМШ өлкөлөрү үчүн Россияда визасыз режим жүргүзүлүүдө жана бул сырттан келгендердин кими эмне максатта келгенин тактоого кыйынчылык туудуруп жатат. Бирок, кыйынчылыктарга карабай система жолго коюлган. Экинчи маселе, жумуш берүүчүлөрдүн айтуусу боюнча, орус жарандары жумушсуз калган күндө да мигранттар иштеп жаткан жумушка иштешпейт. Себеби сунушталган акынын аздыгы.
Ушул эле күнү президент Дмитрий Медведев эмгек мигранттары Орус экономикасы үчүн керек экенин белгилеп өттү. Бирок алар сөзсүз түрдө биздин өлкөнүн мыйзамдарын сакташы керек деди ал сөз ичинде.
[KGinfo]

Кыргызстандык өспүрүмдөр Ногинскде тапичке тигишкен
Россиянын Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө кызматкерлери Подмосковьедеги Ногинск шаарчасында тапичке тиккен жашыруун цехти табышкан. Имарат дыкаттык менен кайтарылгандыктан, аны милицияларга штрум менен алууга туура келген. "Жарым жер төлө имаратта өспүрүмдөрдү нан жана майенез менен гана тамактандырышып, күнү-түнү иштетишкен",- деп жазат бүгүн "Комсомольская правда" булагы.
Бул фабрика тууралуу кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлерине жашы жете элек эки өспүрүмдүн ата - энелери кабарлашкан. 11 жаштан 17 жашка чейинки аз камсыз болгон жакыр үй-бүлөнүн балдарын Кыргызстанда туулган, Москва областына катталган адам туугандары аркылуу таап пайдаланып турган. "Балдарга убада кылган 5 миң рублди ата-энесине бербей койгон соң алар нааразы болушуп милицияга кайрылышкан. Балдарды алар иштетүү максатында өздөрү жумушка берген",- деп жазат газета.
Медициналык кароодон өткөндөн кийин кыргызстандык өспүрүмдөр Федералдык миграция кызматына өткөрүлүп берилет. ФМК балдарды ата-энеси менен бирге мекенине депортацияламакчы.

(Zpress.kg)
41 269 жердешибиз орус жарандыгын алды
41 миң 269 Кыргызстандык 2009-жылдын 11 айында орус жарандыгына өткөн. Россия Федерациясынын маалыматы боюнча өткөн жылы 42 миң 809 адам орус жарандыгын алган эле. Мындай маалыматты РФ ФМСинин маалымат кызматынын начальнигинин орун басары Елизавета Панкратова "Эхо Москва" радио түйүнүндө билдирди.
Анын айтуусу боюнча, айтылган мөөнөттө 333 миң 474 чет өлкөлүктөр орус жарандыгын алган. Бул өткөн жылдагыга караганда 5 миң 351 адамга көп дейт ал сөзүндө.
Буга кошумчалай ал, кээ бир өлкөнүн жарандары орус жарандыгына азыраак өтө баштады дейт. Мисалы, Белорусиялыктардан өткөн жылы 46 миң өтсө, бул жылы 44 миң өттү, Казахстандыктардан бул жылы 32 469 адам болсо, өткөн жылы 39 739 болгон. Ошондой эле Кыргызстандыктар да былтыркыдан азыраак болду дейт.
(Zpress.kg)
Москвада 2 жаш аял өлтүрүлдү
Москвада кыргызстандык эки аял өлтүрүлгөн. Азиялык эки аялдын өлтүрүлгөндүгү жөнүндөгү маалымат Кыргызстан элчилигине 28-декабрда түшкөн.
Москва шаарынын Рязань району боюнча криминалдык милициясынын начальниги О. Давыдов Р. Аттакуровго 28-декабрда түнкү саат экиде Окск көчөсүндөгү гараждардын арасынан азиялык түстөгү, чамасында Кыргызстандын жарандары болгон эки аялдын сөөгү табылгандыгын билдирген.
"Кылмыш жасалган жерден 1973-жылы Баткен облусунун Лейлек районунда туулган Рано Ниязбаевна Ташполотованын жалпы жарандык паспортунун айрыктары табылган. Ошондой эле ал жерден арактын ачылган бөтөлкөсү жана ысылык табылган. Каза болгон аялдар кылмышкер менен тааныш болушкан деген божомолду берет. Өлтүрүү тиричилик чатагынан болгондугу иштелип чыгууда. Өлтүрүү фактысы боюнча жазык иши козголду", - деген ал. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттиги кабарлады.
(Zpress.kg)
Жаңы жыл түнү жаңылган Аяз Ата
Волгоград шаарынын милиция кызматкерлери шериги менен дарыкана тоногондугу үчүн, мурун соттолуп чыккан шектүү адамды кармашты деп билдирет РИА Новости.
"Жаңы жыл түнү аяз ата костюмун кийген жаш жигит өзүнүн жөкөрү менен күнү - түнү иштеген дарыканага кирип, тапанчага окшош нерсе менен сатуучуну коркутуп, байлап туруп кассадан 50 миңдин тегерегиндеги акчасын, уюлдук телефонун алып кеткен" - дейт окуяны иликтөөчү.
Анын айтуусу боюнча, жасалма Аяз Атанын изин суутпай кармашкан. Кылмышкер мурун соттолгон шаар тургуну болуп чыкты. Шеригин болсо милиция кызматкерлери 2 күндөн кийин кармашты. Натыйжада, УК РФнын 162-статьясынын 2 бөлүгү (талап-тоноо) менен күнөө коюлуп, кылмышкер 10 жылга эркинен ажыратылмакчы.
Москвада Кыргыз элитасы жаңы жылды тосушту
30-декабрда Москва ВВЦ Кыргызстан соода үйүндө, "Гүлчөтай" ресторанында Кыргыз элитасы жаңы жылды тосушту. Кечеге Москвада жашаган аксакал кишилерибиз, Кыргыз өкүлчүлүгү, Кыргыз диаспоралары жана коноктор катышып, жаңы жылдык улуттук кийимдери менен ортону көркүнө чыгарды. "Гүлчөтай" кыргыз ресторанынын жасаган жаңы жылдык улуттук дасторкону элди тамшандырды. Жаңы жылдык программаны Москвадагы координация кеңешинин маданият бөлүмүнүн мүчөлөрү алып барышты. Келген конокторго сөз берүүнүн алдында, Кыргызстан соода үйүнүн башкы директору, Обозкан Сардарбеков мындай деди:
"Мына, кыргызстандыктардын Москвада өзүнүн чогула турган үйү бар, бул жерде алгачкы жаңы жылды тосуп жатабыз. Кыргызстандын жарандары үчүн күнүгө эшик ачык. Бул жерде буюрса көп жакшы нерселер болот ", - деди.
Андан кийин Кыргызстандын Россиядагы соода өкүлү Кубанычбек Кожоев, бардык кыргыздарды жаңы жылы менен куттуктап, жаңы жылда жаңы ийгиликтерди каалап кетти. Кыргызстандын Москвадагы Координация кенешинин төрагасы Алишер Маданбеков да өзүнүн куттуктоо сөздөрүн айтып, жаңы жылдык кечени ачып берди. Ачылышында атактуу врач-хирург, төкмө акыныбыз Сталбек Абдыгазиев кыргыздын атадан калган салтын колдонуп, комуз чертип, төкмө ырлары менен конокторду куттуктап кетти. Башка жаш ырчылырыбыз да шайыр - шаңдуу кыргыз ырларын ырдашып, бий бийлеп, көңүлдөрүн ачышты. Өзгөчө Бишкектен келген коногубуз, Кыргызстандын Повороттиси Тимурлан Дайрабаев Италиянча ырларын созуп ырдап, чоң алкышка ээ болду.
Жаңы жылды тоскондор бири-бирин куттукташып, чер жазышып, жаңы маанай - тилектер менен үйлөрүнө кеч кайтышты.
Сөз аягында, кечени даярдаган Москвадагы ОО "Кыргызстандыктар союзунун" жетекчиси Алишер Маданбеков менен ушул эле уюмдун маданият бөлүмүнүн башчысы Бурулча Төрөбековага, жалпы коллективге ыраазычылык билдирмекчибиз.
НУР кабар