Макал лакаптар
Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт,
эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт.
Дубана таарынса, куржунуна зыян.
Ата энеңди урматтасаң,
өз балаңдан сый көрөсүң.
Адам көркү адеп.
Семиз арыктаганча арыктын жаны чыгат.
Жарды болсоң кооз бол,
бай жанынан түңүлсүн.
Жалгыз болсон чогоол бол,
көп жанынан түңүлсүн.
Көпкөн жигит көп сүйлөйт,
чечен жигит эп сүйлөйт.
"Эрте аттанган кеч калбайт,
элдүү түлкү ач калбайт"
Койчуман көп болсо, кой арам өлөт.
Жакшы деген бир ат бар, кууса жеткис.
Жаман деген бир ат бар жууса кеткис.
Кара кылды как жарган, калыс болсун элиңде,
Калпты кошпой сүйлөгөн, башчы болсун элиңде.
Адамдын кийимине караба, сөзүнө кара.
Жаман кийимдин ичинде жалындаган жүрөк бар.
Адамдын ойлогону миң, аткарганы бир.
Адилет сөз - ачуу сөз.
Айтсаң - тилиң күйөт,
айтпасаң - дилиң күйөт.
Акын болбойт талантсыз,
молдо болбойт сабатсыз.
Атадан каргыш алган оңбойт.
Базары жакын байыбайт,
калп айткан киши жарыбайт.
Атадан алтоо болсо да,
Ар башта бар жалгыздык.
Эне жүрөгү

Жигит бир мерез кызды сүйүп калып, аны менен үйлөнүүнү каалайт. Бирок кыз коркунучтуу шарт койуп: - Сенин сүйүүңдү текшергим келет, ошондуктан менин итиме жедириш үчүн мага сенин энеңдин жүрөгүн алып келесиң дейт.
Бул сунушка төбө чачы тик турган жигит эмне дээрин биле албай, көп убакыт ойлонгон соң, сезимдерине жеңилип энесин өлтүрүүнү чечет. Энеси болсо эси жок уулуна каршылык көрсөтпөйт. Жигит аны өлтүргөндөн кийин жүрөгүн алып бир жүз аарчыга ороп коёт. Кыздын сунушун аткаргандыгына толкунданып жигит чуркап баратып бир ташка мүдүрүлүп түшөт. Өзү бир жакка, колундагы жүз аарчынын ичиндеги жүрөк бир жакка ыргып кетет. Ошондо, жерге жыгылып буту колу ооруксунганынан оозунан "Энеке!" сөзү чыгып кетет, ошол убакта боз ала чаң болгон, эмгидигиче муздабаган энесинин жүрөгүнөн бир үн чыгат;
"- Айланайын уулум, бир жериңди ооруткан жоксуңбу? "
Түркчөдөн которулду
Помощь в решении вопросов задолженности по зарплате

Для получения помощи в решении вопросов выплаты гражданам Кыргызской Республики задолженности по заработной плате российскими работодателями Вы можете обратиться Министерство миграции, труда и занятности в Российской Федерации по адресу:

- г. Москва, ул. Б. Ордынка 62/2
(каб. 22,25,26)
тел. (499) 230-11-17.
8 (495) 236 42 20
8 (964) 520 10 00
E-mail: migtrud@mail.ru.

Анекдоттор

Аялы күйөөсүнө:
- Сен менин туугандарымды жакшы көрбөйсүң, - деп жатат.
- Жок, мен сенин туугандарыңды аябай жакшы көрөм, сыйлайм. Мына, мисалы, сенин кайненеңди өзүмдүн кайненемден миң эсе көбүрөөк жакшы көрөм...
***
Бир кишинин үйүнө конок келип, көп убакытка чейин калып кетиптир... Бир күнү үй ээси андан:
- Балдарыңызды сагынбадыңызбы? - деп сураптыр. Ал болсо:
- Аябай сагындым. Бирок кечээ телеграмма жибердим, эртең келип калышса керек, - дейт имиш.
***
Улуу ата мекендик согушта: эки орус анан кыкең немистерден качып баратат дейт.
Немистер кууп жетээрде алар жашынышат экен, орустар камыштын арасына кире качышат, кыкең сууга түшүп кетет, анда орустар Киргиз сюда, сюда деп чакырышат. Аңгыча немистер келип калышат, Кыкең орустар мени сууда деп айтып коюшту деп, ал тура калып "орустар камишта, камишта", - дептир.
***
Карга баласына насаат айтып жатат дейт:
- Балам. Тырмактуу, тумшуктуу, канаттуу куштан да, күчтүү, азуулуу айбандан да анча коркпо. Адамдан корк.
Баласы:
- Эмнеге коркмок элем, канаты, тиши, тырмагы, тумшугу жок эмне кылмак эле.
Апасы:
- Балам. Адам деген чычымыш болуп келип, таш менен жалпайта коёт - деген экен.
***
Хирургия бөлүмүндө:
Дарыгер медайымдан сурап жатат: бүгүн бизде эмне жаңылык:
- 3 оор жаракат алгандар келди: автокатастрофа, геморой, дагы бирөөсү үйдө идиш-аякты жуугандан баш тарткан эркек.
***
Кыргыз, Орус, Өзбек үчөө аралга түшүп калат. Орус бак кыйып, таш ташып, үй салып кирет.Өзбек болсо мөмө - жемиш жыйнап оокат кылып баштайт. А Кыргыз сууга түшөт, банан жейт, кокос жейт, жашоо керемет, жыргап жүрө берет. Кыш келет. Орустун үйү бар, өзбектин тамак ашы бар, экөө макулдашып чогуу жашап калат. Кыргызда эч нерсе жок, сыртта калат. Бир күнү орус, өзбек экөө тамак ичип, жылуу үйдө олтурса эшик тыкылдайт.
- Ким бул?
- Ачкыла эшикти тез арада. Райондук участковый миллиция Ташматов документтериңерди текшергени келди - дептир кыкең.